“Устатты көргөн бактылуу, көрбөгөндөргө боор ооруйт”

Балалыктын көркөм дүйнөсү

Кампанын төркү бөлмөсүн айланта казылган ороолордо буудай, таруу же жүгөрү дан азыктары сакталчу. Мезгил жазды ортолоп, ороолор бошой баштаганда ичинен күнү-түнү чычкандын чыйпылдаган үндөрү угулуп турчу. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Назаралы элүүдөн ашып калган чагы экен. Ал абдан чарбакер дыйкан болуп, бала-чакасы согуштун каатчылыгын анча көрбөгөн. Ал жылдары кенжеси Медербек ойноок тестиер бала болчу. Бала ба­я­­гы бошогон ороолордогу чычкандардын «тойлорун» күнү кечке карап отургандан тажачу эмес. Чыйпылдаган макулуктар ороолордун түбүндө бери жагы жыйырма беш-отуздан толуп алышчу. Эки катарга тизилишип, балдардын кадимки «Ак терек, көк терек» оюнундай тең бөлүнүшөт. Эки арткы бутуна чокчоюшуп туруп алышып, алдыңкы эки аягы менен кол кармашкандай жабышып алып чыйылдашат. Чычкандардын «ырдап-бийлегендери» кудум адамдарга окшош. Анан алардын бир тарабынан бир чычкан «күйөө болчу жигитти» жонуна көтөрүп чыгат. Тиги тизилген каршы тараптан дагы бир чычкан «келин болчу кызды» аркасына көтөрүп алып ортого түшөт. Аларды айлана чуркап чый-чый этишип, тиги тизилгендери бир чай кайнатым убакка чейин “бийлеп-ырдап» той шаанисин өткөрүшөт! Баарынан кызыгы, «жигит» менен «колукту» тараптан алмак-салмак кезектеше чыгышып, кышы бою сактап жүргөн «кошумчаларын» бөрсөйгөн кекиртегинен алиги ороонун бир тарабына барып, ооздорунан чыгарып таштап кете беришет. Чычкандардын бул жосуну кудуму үйлөнүү тоюна алып келген белектин дал өзүндөй ишарат кылынат. Кээде андай «кошумчалардан» кичирээк чөйчөк толчудай дан чогулат дешчү. Анан «жаш жубайларды» жанаша отургузушуп, нике кыйган сыяк­туу дагы бир нечеси азыраак убакыт тигилердин маңдайында адамдардай кужулдап, күйпөлөктөшүп турушуп, четинен тарай башташат. Айтор, кызыгың түшкүр жаратылыштын мыйзамынын чеги жок тура. Чычкандардын тоюнун кызыгына батып алган баласын андайда тамакка чакыра албай Сайранын аргасы кетчү. «Ой Медербек, көжөң муздап калбадыбы ыя? Азыр ичип албасаң балдарды чакырып берип коём», – деген үндү укканда курсагынын ачканы ошондо сезилип, дароо мештин үстүндөгү сыр табакка жөнөчү. Көбүрөөк сыланып-сыйпанган адамга карата «Чычкандын тоюна барасыңбы?» – деп айтылып калышы ушундан улам чыккан дешет. Бала кичине кезинен эле табияттын ушундай түрдүү кубулуштарынан тартып, адам баласынын өзгөрүлмөлүү, татаал дүйнөсүнө чейин сезе, көрө билүү жөндөмүнө ээ болуптур. Ошол тестиер баланын кабыргасы катып, эр жеткенде кыргыздын театр искусствосунун гүлдөгөн доорго жетишине айныксыз салым кошорун анда эч ким билген эмес…

Ташкентке качып, паровозду туурап…

Ата-энесинин көкүрөк күчүгү Медербек артист болом дегенде ак эткенден так этет. Ошол заманда айылдык мектепте драма кружоктор өткөрүлчү. Оюн-зоок иштерине таңды-кечке катышып, каш карайганда үйүнө кайткан баласына атасы: “Артист болбойсуң, чарба күтүп айылда каласың” , – деп талап коёт. Бирок ал катаал тыюуга карабай, Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институтка экзамен тапшырып шыр өтүп кетет. “Карды ачып кыйналганда кайра келет”, –- деп атасы акча салбай коёт. Студенттик ачка-ток жүргөн күндөр башталат. Каникулга келип, Ташкентке кайра кайткан учурда бирде вагондорго жашырынып, андан куулса тамбурларга качып сапар тартчу. Ошол жылдардагы паровоздун күш-быш этип ордунан козголгону, рельстин шака-шук үндөрү жүрөгүнө тийип, өмүрү кеткис болуп кулагына сиңип калган. Кийин ал атагы таш жарган режиссер болгондо деле тойлордо, шаан-шөкөттүү банкеттерде паровозду катыра туурап калчу.

Театралдык институттун төртүнчү курсун бүткөндө мугалимдери ага: “Медербек, сенин боюң кичинекей. Өмүр бою олуттуу роль алалбай, балдарды ойноп жүрүп өтөсүң. Андан көрө режиссер болушуң керек”, – деп кеңеш беришет. Ошентип, ал институтта дагы бир жыл калып окуп, режиссерлук кесипке ээ болуп келген.

“Нарындан жазган салам кат”

Өлкөбүздүн театр картасына көз чаптырсак, азыркы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театры 1937-39-жылдары түптөлгөн. Эки капчыгайдын ортосундагы чакан өрөөндө уюшулган тоолук элдин театрында эң алгачкы спектаклдер коюлган. Европа үлгүсүндөгү театр өнөрүн калыптандырууга алгачкы аракеттер көрүлө баштаган болчу. Анда кыргыз авторлорунун чыгармалары негизинен фольклордук нукка басым жасалганы байкалат. Бирок, бул театр 1949-жылы жабылып калат. Анткени Москвадан келген советтик абройлуу театр сынчыларынын бири: «Тоо койнунда жайгашкан аз элге театрдын эмне кереги бар. Анын үстүнө классикалык театр искусствосу булар үчүн эрте», – деген пикирин билдирип кетиптир. Бирок, таланттардын түгөнгүс кенчи мына ушул тоолук элдин өзөгүнөн өнүп чыгарына болгону он чакты гана жыл калган болчу…

1958-жылы Нарын театры Тянь-Шань облустук драма театры деген макам алып кайрадан ачылган. Ага институтту жаңы бүтүрүп келген жаш режиссер Медербек Назаралиев башкы режиссер болуп дайындалат. Нарын театрына Жалал-Абад, Ысык-Көл театрлары келип кошулган. Айтор ырчысы, актеру, музыканты болуп, элдин арасынан нукура таланттар тандалып алына баштайт. “Долонду” жарган сейрек үндүү Сагыйпа Чечейбаева, табигый таланттар Тамара Жумакаева, Сейитказы Андабеков, Дүйшө Сариев ж.б. көптөгөн таланттар театрга алынган. Ал жылдары “Театр ачып жатканда, Нарындан жазган салам кат”, – деп атактуу ырын чыгарып, Чүйдөн ак таңдай акын Ашыралы Айталиев да барган. “Кулаалы жыйып куш кылды, курама жыйып журт кылды” деп “Манаста” айтылгандай, башкы режиссер Назаралиев эл арасынан идиректүү таланттарды чогултат. Элеттик артисттерге бий, ритмика, сахналык речь, грим, атүгүл сахна маданиятына чейин сабак өтүп, лекцияларды уюштурат. Ал актердук искусствонун бүтүндөй системасын түзгөн советтик улуу режиссер жана актер Константин Станиславскийдин ыкмасын киргизүүгө күч үрөгөн. Классикалык спектаклдер актерлорду профессионализмге тарбия­лоонун каражаты экенин жакшы түшүнгөн Медербек Назаралиев адегенде эле Н.Гоголдун “Үйлөнүү” чыгармасын сахналаштырган. Андан кийин италия драматургу К.Гальдонинин “Эки мырзанын малайы” комедиясын Жүкүн Иманкулов деген режиссер коюп, театр бара-бара кесиптик такшалуу жолуна түшө баштаган. Муну менен театр келечекте олуттуу спектаклдерди чыгара ала тургандыгына ишенич жаралып, жол ачылат.

Эргиген доор, этаптуу спектаклдер

1963-жылы Маданият министрлиги Медербек Назаралиевди Фрунзеге кыргыз драма театрына которот. Ушул жылдары кыргыздын улуттук театр өнөрүн тарыхка түбөлүк калтыра турган жаш режиссерлордун, актерлордун жаңы мууну өсүп чыккан. Ал жылдардагы С.Жумадылов, С.Далбаев, Г.Дулатова, М.Далбаева, Ж.Сейдакматова, Б.Шалтаев ж.б. жаштарды оргуштаган тоо суусуна салыштырсак, Медербек Назаралиев, Бообек Ибраев, Жалил Абдыкадыров сыяктуу таланттуу режиссерлордун театр дүйнөсүнө келип кошулушу ал сууну улуу дайрага айлантып акты. Отуз жаштагы Медербек Назаралиев 1964-жылы Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестин, Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын удаа сахналаштырган. Бул эки спектакль режиссерго гана атак алып келбестен, жалпы эле улуттук театр искусствосунун жаңы этабын ачып, алтын фондуга жазылып калган.

Ушул эки спектакль 1965-жылы Москвада өткөн Бүткүл союздук театрлар фестивалына катышып, эң жогорку баага татыган. “Саманчынын жолу” экинчи орунду алып кайткан. Адамзат тарыхындагы эң кыргындуу согушту алып келген фашисттик гитлерчилерге наалат айтып, оюн жүрүп жатканда өпкөсүн баса албай шолоктоп ыйлагандар көп болгон. Залдан эси оогон кээ бир көрүүчүгө “тез жардам” чакыртышчу экен. Бул спектакль кыргыз драма театрынын репертуарынан чейрек кылымга жакын түшкөн эмес. Толгонайдын ролун аткарган Даркүл Күйүковага ушул ролу үчүн “СССРдин эл артисти” наамы берилген. Чыңгыз Айтматов ошол жылдары Назара-лиевге: “Мына эми кыргызда чыныгы режиссер төрөлдү” деген баасын бергендиги жарым кылымдан ашык мезгил өтсө да театралдар тарабынан айтылып келет. Анткени, улуу режиссердун кыргыз авторлору гана эмес, орустун жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын сахналаштырып түшүмдүү эмгектенген.

Отеллого наам берип, Ягону таш менен уруп…

Медербек Назаралиев жетимишинчи жылдардын башында кайрадан Нарын теат­рына башкы режиссерлукка которулган. Мына ушул жылдары койгон спектаклдеринин ичинен В.Шекспирдин “Отеллосун” алып көрөлү. 1973-жылы Фрунзеде аталган театрдын декадасы өткөндө режиссерго “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы берилип, анда ойногон актерлор да мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан. Ошол жылдары “Теңир тоону аралап Отелло жүрөт”, – деген сыймыктуу сөз айтылчу. “Отеллону” үч-төрт жолу келип көргөндөр болгон. Андагы бузуку, куйту, жалганчы Ягого ачуусу келгендер аны жеткире ойногон Деңизбек Чалапидиновду таш менен урган окуялар кездешиптир. Отелло – Капар Медетбеков “Кыргыз ССРинин эл артисти” наамын алып кайткан. Нарын театры “дөңгөлөктүн үстүндөгү театр” деп аталып, кышкы аязга, жайкы саратанга карабай жылдын көпчүлүк бөлүгүн гастролдоп өткөрүшкөн. Залкар режиссердун ушул чакан өрөөндөгү театрда калтырган эмгеги узун элдин учуна, кыйла элдин кыйырына аңыз болуп айтылып калды…

М.Назаралиев 1985-жылы Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы театрына түрк драматургу А.Несиндин “Жүрү бери” трагедиялык драмасын коюуга жиберилип, ошол бойдон аталган театрда он жыл бою башкы режиссер болуп иштеп калат. Ушул спектакль театрлардын республикалык сынагында биринчи орунга ээ болгон. КРнын эл артисти Медербек Назаралиев жалпысынан 60тан ашык драмалык чыгармаларга экинчи өмүр берип кетти. Ал өзүнүн чыгармачыл балдарына айланган КРнын эл артисттери З.Сооронбаев, К.Осмонов, Д.Баратбаева, КРнын эмгек сиңирген артисттери Т.Сманбеков, О.Айдаров ж.б. ондогон шакирттеринин жүрөгүндө түбөлүк калды. Алар бир ооздон: “Назаралиев, Ибраев, Абдыкадыров – улуттук режиссуранын үчилтигин түзгөн залкарлар. Алардан сабак алганыбызга бактылуубуз. Үчилтикти көрбөй, сабагын албай калган кийинки муундун жаш актерлоруна боорубуз ооруйт”, – дешет. Залкар режиссердун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. 16-октябрда анын элесине арналган “Абийир кечирбейт” спектакли Т.Абдумомунов атындагы академиялык кыргыз драма театрында көрсөтүлдү.

Назира АЛИЕВА, «Кыргыз туусу», 21.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий