Акылгөй жетекчи, таланттуу уюштуруучу

Быйыл республикабызда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын биринчи Тышкы иштер министри Казы Дикамбаевдин 100 жылдыгы бир катар иш-чаралар менен белгиленмекчи. Төмөндө мамлекеттик жетекчинин эң оор жылдардагы ишмердиги назарыңыздарда.

ХХ кылым кыргыз эли үчүн пассионардуулук мезгили болуп калды. 1916-жылдагы көтөрүлүштө, кийин 30-жылдарда өзүнүн чыгаан уулдарынан айрылуу кайгысын тарткан эл Улуу Ата Мекендик согуштун бүткүл мүшкүлүн чыдамдуулук менен көтөрдү. Согуштан кийинки өнөр жай курулушунун, инфратүзүмдүн, агрардык сектордун дүркүрөп өсүшү; билим берүү жана саламаттыкты сактоонун өнүгүшү; илим жана билимдин гүлдөшү байыркы чөлкөмдүн келбетин таанылгыстай өзгөрттү. Илимий мекемелер жана жогорку окуу жайлары ачылып, улуттук интеллигенция калыптанды. Кыргыз маданиятынын жана искусствосунун бир нече декадасы өткөрүлдү. Респуб­ликанын эл аралык байланышы чыңдала баштады.

Байыркы кыргыз аймагын анын жарандары үчүн бирдей мүмкүнчүлүк менен социалисттик мамлекетке кайра түзүүдө күч-кубатын, билимин аябагандардын арасында кыргыз кесипкөй экономисттеринин алгачкыларынын бири – Казы Дикамбаев болгон. Табияттан ыроолонгон бөтөнчө эс тутуму, билимге умтулуусу, таланттуу уюштуруучулугу, чыйрактыгы жана акылгөй жетекчилиги, карапайым адамдар, ошондой эле ар кыл баскычтагы жетекчилер менен тил табыша билүүсү, бийик кесипкөйлүгү жана ички интеллигенттиги, өзүнүн ишине жана өлкөсүнө кызмат кылууга абдан берилгендиги – совет доорундагы бул көрүнүктүү ишмердин ысымын Кыргызстандын ХХ кылымдагы даңктуу тарыхына жаздырды.

Жаратылышынан уюштуруучулук талантка ээ жетекчи экени Улуу Ата Мекендик согуштун татаал, оор жылдарында Кыргыз ССРинин эл комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары кызматында ачык көрүндү. Согушка жакын, 1940-жылдын 6-сентябрында СССР Жогорку Советинин Президиуму СССР Мамлекеттик контролунун Эл комиссариатын жана союздук республикаларда тийиштүү наркомдорду түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Республиканын Мамлекетттик контролунун Биринчи наркому К.Дикамбаев болуп калат, анда ал болгону 27 жашта эле.

Согуш башталганда бардык союздук рес­публикалардын Мамконтролу И.В.Сталин түздөн түз башкарган Мамлекеттик коргоо Советине тике баш ийген. Алардын кызматына аскерлерди, курал-жарактарды, азык-түлүктөрдү фронтко үзгүлтүксүз жиберүү; согуштук аракеттердеги райондордон эвакуацияланган, өзгөчө фронтко иштеген завод, фабрикаларды кыска мөөнөттө ишке киргизүү милдети жүктөлгөн. Эл комиссариаты күн-түн дебей СССРдин батыш жана борбордук райондорунан эвакуацияланган калкты жана мекемелерди жайгаштыруу менен талбай иштеген. Өтө кыска мөөнөттүн ичинде наркомат кеңири укуктар жана зор милдеттер менен кубаттуу уюмга айланат.

Республикадагы болгон жана курулуп жаткан, өзгөчө стратегиялык аскердик продукцияны чыгарган – Кадамжайдагы металлургиялык комбинат, Хайдаркен сымап комбинаты, Ак-Түз коргошун-цинк комбинаты мөнөтүнөн мурда ишке киргизилип, фронт үчүн иштеген. Элдин жана республиканын жетекчилигинин болуп көрбөгөндөй күч-аракети менен 1942-жылдын ортосунда өнөр жайды, айыл чарбасын кошуп алганда, өлкөнүн бардык эл чарбасы аскердик ыкка келтирилген.

Кыргызстанга өнөр жай ишканалары менен катар эле Москвадан, камоодо калган Ленинграддан, Литва, Украина, Түндүк Кавказдан калк көчүрүлөт. Республикага 200 миңден ашык адам келет. Аларды жайгаштыруу, үстүлөрүнө үй берүү, азык-түлүк жана эң зарыл буюмдар менен камсыз кылуу керек эле. Облустук жана райондук аткаруу комитеттеринде аскер-фронтчулардын үй-бүлөлөрүн мамлекеттик камсыздоо жана турмуш-тиричилик жактан жайгаштыруу боюнча жаңы бөлүмдөр, эвакуацияланган калкты жана согуш майыптарын жайгаштыруу боюнча комиссия түзүлгөн. Мунун бардыгы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик контролунун эл комиссарынын иш-милдетине кирген.

Согуштун башталышында Кыргызстанга 12 жогорку жана орто атайын окуу жайлары көчүрүлгөн. Тарыхтын ташпиши ушундай болсо керек, дал ушул материалдык-техникалык база жана башкысы бул окуу жайлардын илимий жана педагогикалык кадрлары Кыргызстанда андан ары өнүгүүгө ээ болуп, өлкөнүн ЖОЖдорунда кесипкөй кадрларды даярдоонун сапаты көтөрүлгөн. Алсак, Ростов мамлекеттик университети жана мугалимдер институту Ош шаарына жайгаштырылган, ал Ош педагогикалык институтунун өнүгүшү үчүн база түздү, кийин Ош мамлекеттик университети аталды. Лесгафт атындагы Ленинград дене тарбия институту, ошондой эле Харьковдогу коммуналдык чарба инженерлер институту Фрунзеге жайгаштырылат. Харьков ветеринар институту Кыргыз айыл чарба институту менен, Харьков медицина институту Кыргыз медициналык институту менен кошулган. Мына ушул институттар улуттук кадр­ларды сапаттуу даярдоодо маанилүү роль ойноду.

Мамлекеттик контролдун жана Кыргызстандын Өкмөтүнүн ишинин дагы бир башка жагын айткым келет. Бул республиканын антигитлердик коалициянын өлкөлөрүнүн алдында чоң интернационалдык милдетти аткаргандык. 1942-жылы генерал М.Борута-Сапеховичтин командалыгы астында Польша армиясынын 5-жөө дивизиясынын бөлүгү Жалал-Абад облусуна убактылуу орношурулат. Польшалык коллегалар менен архивдик материалдарды изилдөөдө “Бул биологиялык жок кылуу алдында турган жүз миңдеген польшалык жарандарды куткарып алууга Кыргызстан чоң салым кошкон турбайбы” деген тыянакка келдик. Баса, 2002-жылдын аягында Польшанын Президенти расмий сапар менен биздин өлкөгө келгенде, анда мурдагы Билим берүү жана маданият минис­три катары мага Жалал-Абад облусуна 5-жөө дивизиянын жайгашышы боюнча тийиштүү архивдик материалдарды Польшанын делегациясына берүүгө даярдоо урматы жана жоопкерчилиги туура келген эле. Документтерде жергиликтүү жана республиканын бийлик органдарынын Польшанын жөө полкун жайгаштыруу үчүн жай табуу, жайгаштыруу өтө татаал жана кыйын болгону чагылдырылган, анткени поляктардын арасында майыптар, кары-картаңдар, балдар жана аялдар болгон, алардын тамак-аш, турак жай жана маданий муктаждыктарын камсыз кылуу керек болчу. Ушундай оор кырдаалга карабай Кыргызстан фашизм менен күрөшүү боюнча биздин союз­дашыбыз Польшанын жарандарын жана аскерлерин убактылуу баш калкалатууга жетишкен.

Күн-түн дебей суткалап каруусун казык кылып иштөө, Кыргызстандын чар тарабына сапарлар, эвакуацияланып келген аскердик продукция чыгарган ишканаларды, жергиликтүү комбинаттарды жана заводдорду монтаждоо жана ишке берүүгө жеке көзөмөл кылуу, фронтко аскердик жана айыл чарба продукцияларынын үзгүлтүксүз жөнөтүлүшүнө көз салуу, согуш жүрүп жаткан аймактан эвакуацияланган мекемелерди жана калкты жайгаштыруу – мунун баары Кыргызстандын Мамлекеттик контролунун ишмердиги болгон. Жаш, жоопкерчиликтүү, билимдүү Эл комиссарын Москвада байкап калышса керек деп боолголойм. Биринчи кезекте 1942-жылдан 1957-жылга чейин СНКнын орун басары, кийин СССР Министрлер Советинин, Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон Вячеслав Михайлович Молотов СССР куралдандыруу эл комиссары Дмитрий Федорович Устинов менен бирдикте Советтик Армияны куралдандырууга жана өнөр жайды эвакуациялоого жооп беришкен. Мындан сырткары, В.Молотов 1939-жылдан 1949-жылга чейин эл комиссары, андан соң Советтер Союзунун Тышкы иштер министри болот.

Ал эми 1958-жылы чарбалык, партиялык, советтик ишмердиктин жана эл аралык мамилелердин бардык деңгээлдеринде иш тажрыйбага ээ мамлекеттик жетекчи Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болуп дайындалат.

Баса, 1956-жылы ал И.Раззаков менен бирге тарыхка Сталиндин “культ личности” катары кирген КПССтин тарыхый ХХ съездине катышкан. Анда өлкөнү административдик-командалык ыкма менен башкарууну сындыруу аракети жасалып, союздук республикалардын укуктарын кеңейтүү маселелери, коомдук мамилелерди гумандаштыруу каралган. ХХ съезддин чечимдери жер-жерлерде көп кызматкерлерди шыктандырган. Ушул ишеним жана союздук республикалардагы абалдын өзгөрүшү, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүүгө үмүт бергени Кыргызстандын партиялык, советтик уюмдарынын бир катар чараларды кабыл алуусуна алып келген, алар Кыргызстандын тарыхында маанилүү болуп калды. 1957-жылдын сентябрында Кыргызстан КП БКсы жана Кыргыз ССР Министрлер Совети “Республиканын мектеп окуучулары үчүн ысык тамак уюштуруу жөнүндө” токтом кабыл алат. 1957-жылдын октябрынан тарта 1-4-класстын окуучулары үчүн акысыз ысык тамак уюштурууга тийиштүү министрликтер, ведомстволор, экономикасы күчтүү колхоздор, совхоздор милдеттендирилет. Ал эми 1958-жылдан жыл сайын акысыз тамак алган окуучулардын контингентин көбөйтүү менен республиканын шаарларындагы жана жумушчу айылдарындагы башталгыч, жети жылдык, орто мектептердин 1-7-классынын окуучуларын тартуу каралган.

1958-жылы августта “Республиканын орус мектептеринде кыргыз тилин окутууну киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алынат. Ал боюнча 1958-1959-окуу жылдарында орус мектептердин III-X класстарында кыргыз тилин окутуу киргизилет, буга мектептин окуу планын көбөйтүүнүн эсебинен жумасына 2 саат бөлүнөт. (Эске сала кетейин, Улуу Ата Мекендик согушка чейин орус мектептеринде кыргыз тили окутулган). 1958-жылдын августунда Кыргызстан КП БКнын бюросу өзүнүн токтому менен республиканын ЖОЖдорунун жана атайын орто окуу жайларынын жетекчилерин 60-70 пайызга чейин кыргыз улутундагы студенттерди кабыл алууну камсыз кылууга милдеттендирген. Мурда И.Раззаков жетектеген КП БКнын бюросу республиканын мектептеринде Кыргызстандын тарыхын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган. Азыр биз мындай чечим кабыл алуу эмне үчүн зарыл болгонун эң сонун түшүнүп турабыз. Анткени ал кезде улуттук кадрларды  даярдоо кыйын абалда болгон. Токтом кабыл алынардан бир нече жыл мурун Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары И.Раззаков Мединститутту бүтүргөн 1776 врачтын ичинен 46сы, Айыл чарба институтунун 1122 бүтүрүүчүсүнүн 131и, Пединституттун 2129 бүтүрүүчүсүнүн 500ү гана кыргыз экенин мисал келтирген. Ушундай кырдаал менен келишиш керек беле? Эгерде башка улуттан адистер кыргыз тилин билбесе, ал эми калктын 65 пайызы, өзгөчө айылдык калк кыргыздар болгон.  Бирок республикадагы мындай аракет борбордо найза учуна алынды.

Бул Пленумда Исхак Раззакович өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө минтип мойнуна алат: “Биз алешем мамиле жасасак, өзүбүздүн укугубузду ашырып ийсек керек…” Өзүнүн республикасынын, өзүнүн элинин өнүгүшү үчүн бардык зарыл нерселерди жасоого аракет кылышкан жана СССР сис­темасында административдик-командалык (тагыраагы – буйрукчул) мүнөзгө ээ авторитардык борбордоштурулган башкарууга кабылышкан көрүнүктүү адамдардын трагедиясы мына ушунда.

ХХ кылымдын аягында Казы Дикамбаевич республика көз карандысыз өнүгүүнүн жолуна кантип түшкөнүн көрдү. Жетишкендиктерге сүйүнүп, Кыргызстандын өнөр жайы жана агрардык сектору кантип талкаланып жатканына кейиди. Өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн өмүрүн, талантын жана билимин арнаган көз карандысыз өлкөсүнүн өнүгөрүнө терең ишенген.

Кремлдин чечүүчү ролун эске алганда, согуштун оор жылдарында өзүн мыкты жагынан көрсөткөн Кыргызстандын Мамконтролунун эл комиссары Казы Дикамбаевдин 1944-жылы республиканын тышкы иштеринин биринчи наркому кызматына көрсөтүлүшү Союздун бул көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлеринин колдоосу жана сунушу болсо керек. Бул иште К. Дикамбаев 1949-жылга чейин иштеген.

КПСС БКнын Пленуму болот. Катуу чаралар кабыл алынып, союздук республикалардын көптөгөн жогорку партиялык кызматкерлери иштен четтетилет. Ал Кыргызстандын жетекчилигин да кыйгап өтпөйт. Аларды “жеңил кадыр-барк”, “коммунизмге Союздун алдында жүгүргөндөр”, волюнтаризм жана улутчулдук деп күнөөлөшкөн.

Кадрларды даярдоо, кыргыз тилин окутуу, мектеп окуучулары үчүн ысык тамак боюнча кабыл алынган чечимдердин баары жокко чыгарылат. Ал аз келгенсип, Кыргызстан КП БКнын Пленумунда Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары И.Р.Раззаков жана Министрлер Советинин төрагасы К.Д.Дикамбаев кызматынан алынат. Аларды актанганга мажбурлашкан…

Ишенгүл БОЛЖУРОВА, профессор, педагогика илимдеринин доктору,
тарых илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз туусу», 24.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий