Далбаевдердин даңазасы

Ушул жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз театрынын азыркы учурдагы бирден-бир корифейи Сатыбалды Далбаев 80 жашка, өмүрлүк жубайы – Кыргыз Республикасынын эл артисти Мираида Далбаева 75 жашка толду. Чыгармачылыкта жана үй-бүлөдө кош жылдыздай бул эки залкар 40 жыл бирге жашап, легендарлуу тагдырдын ээси болушту. Кыргыз искусствосунун өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошушту.

С.Далбаев кыргыз улуттук театрынын, маданиятынын жана элинин даңктуу инсандарынын бири. Анын чыгармачылык аброю тек гана Кыргызстанда эмес, чөйрөлөш жаткан республикаларга да белгилүү. 60 жылга чукул мезгилдин ичинде Кыргыз Улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрында эмгектенип келе жатат. Жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде С.Далбаев дүйнөлүк, орус жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган 100дөн ашуун спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

Ал эми Мираида Далбаева Кыргыз академиялык драма театрынын сахнасында дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандарын көрөрмандарга жеткирген тагдырдын ээси болду. “Жамийлада” – Жамийла, “Саманчынын жолунда” – Алиман болуп эстен кеткис образдарды жаратты. “Бетме-бет”, “Танабай Бакасов” спектаклдериндеги башкы образдарды апогейине жеткирип аткаруу менен көрөрман журтка таанылды.

Бакы Өмүралиевдин “Жаңырык” спектаклинде башкы каарман Аралбаева, Мар Байжиевдин “Байыркы жомогунда” – Зулайка, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетейинде” – Каныкей, “Шабдан баатырында” – Курманжан датка, А.П.Чеховдун “Алчалуу багында” – Раневская ж.б.жүздөгөн каармандарды өлбөстүккө айланткан. Белгилей кетүүчү нерсе, Шатман Садыбакасовдун “Акбоз ат” спектаклинин баш каарманы Эркайым-Мираида Далбаеванын сүйкүмдүү жүзү, өзүнө жарашкан эркелиги менен элде жашап калды. Элдин сый-урматына ээ болгон таланттуу жубайлар үй-бүлөдө дагы бактылуу. Учурда үч баланын ата-энеси.

Кыргыз адабияты менен искусствосунун дагы бир залкары Эрнис Турсунов 2004-жылы биздин гезитке Сатыбалды Далбаев тууралуу жылуу маанайда макала жазган эле. Замандаш курбулардын бирин-бири баалаган бийик мамилеси өчпөс оттой жүрөктө калган. С.Далбаев агабыздын өтүнүчү менен, төмөндө эки залкар талант тууралуу мындан он жыл мурун жазылган ошол макалага маараке алдында гезит бетинен орун бердик.

Редакциядан

 

Бийик жерде

“Сиздер театрды мен сүйгөндөй сүйөсүздөрбү?
Эгер мен сүйгөндөй сүйсөңүздөр, анда анын активдүү катышуучулары болгула!”

В.Г.Белинский.

Адамзат жараткан асыл нарктын ичиндеги баа жеткис байлык – театр. Качан болбосун мезгилдин рух дүйнөсү театр аркылуу көрүнөт. Ал адамдарга кут, шаарларга көрк берген эстетикалык каражат гана болбостон, жакынкы жана алыскы муундарга калуучу ыйык жай, маданий дөөлөт, эстелик-мурас. Кайсы гана өлкөдө болбосун, аң-сезимдүү, маданияттуу адамдар театрсыз, музыкасыз, живописсиз, поэзиясыз жашай албайт.

Театр башка өнөрдүн эч бир түрүндө кезикпеген касиетке ээ, мында көрүүчүлөр жандуу адамдар менен кездешет. Турмуштун ар мезгилдеги оош-кыйышын, адамдын ички жандүйнөсүн, тышкы сын-сыпатын көрүүчүлөрдүн көз алдына көрсөтүп жаткан ошол жандуу адамдар – актерлор. Сахнада алар кыймылдап, ыйлап, күрөшүп, азап чегип, кубанып, каткырып, жеңип, жеңдирип, өлүп-тирилип, көркөм чыгармачылыктын жаралып жаткан процессин бир күнкү кечте, так айтканда, бир же эки сааттык спектаклде ачып салышат. Сахнадагы турмуштун татаалдыгы башка адам болуп туруп, башка адамдын ролун аткарууда турат.

Кыргыздын улуттук театрында өздөрүнүн актёрдук чеберчилиги менен далай каармандардын жандүйнөсүн көрүүчүлөргө жеткирген, артисттик өмүрлөрү театр менен өтмө катар өтүшүп, аралашып, жуурулушуп келаткан, көп жылдардан бери кыргыз элине эстетикалык рахат тартуулаган, бүгүнкү сахна ишмерлеринин эң көрүнүктүүлөрү – жубайлар: Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаева.

Жубайлар демекчи, театрда же кинодо кол кармашып, бир катарда кадам шилтеп, чыгармачылык кырдаалдын ачуу-таттуу даамын бирге татып бараткандар дүйнөлүк тажрыйбада сейрек болсо да бар. Мисалы, кинорежиссер Александров менен актриса Орлова, Герасимов менен Макарова, Пырьев менен Ладынина, Бондарчук менен Скобцева ж.б. Бирок кыргыз театрында сейрек. Мен Кыргыз Республикасынын эл артисти деген наамга бирдей татыктуу болгон, мурда-кийин эрге тийбей, аял албай, ажырашпай, өмүрдүн татаал жолунда ысык-суукка бирдей чыдап, айныбай өмүр сүргөн жубайлар тууралуу айткым келет. Аргентинада Лолита Торрес деген кино-жылдыз болгон. Анын күйөөсү актер да, режиссер да, композитор да болгондуктан, экөөнүн эриш-аркак сүргөн чыгармачылык өмүрү кош жылдыз сыңары, алардын өнөрүн дүйнөлүк аренага алып чыккан.

Сатыбалды Далбаев өзүнүн чыгармачылык кадамын орус классикасынын өзөгү болгон Н.А.Островскийдин “Күнөөсүз күнөөлүүлөр” драмасында Гриша Незнамовдун ролун аткаруу менен баштаган. Бул анын Москвада А.В.Луначарский атындагы Жогорку театр окуу жайын бүтүп жаткандагы дип­ломдук иши болгон жана Кыргыз академиялык драма театрынын репертуарына кабыл алынып, 1957-жылы спектакль аншлаг менен жүргөн. Ал дээрлик 20 жыл бою театрдын репертуарынан түшкөн жок.

Чыгармачылык изденүү сапары оор болот, ошого жараша сыймыктуу да болот. Актер жаңы образ жараткан сайын кайрадан төрөлүп турат. 1967-жылы 22-апрелде И.Поповдун “Үй-бүлө” пьесасы боюнча спектакль ийгиликтүү коюлду. С.Далбаевдин чыгармачылык өмү­рүнүн дагы бир жаңы барагы жазылды.

Улуу адамдын жаш кездеги мүнөздүү белгилерин таба алгандыктан, чыгармачылык түйшүктүү чыйырларды басып, сахнага бийик деңгээлдеги образды жүзөгө ашыргандыктан, С.Далбаевдин бул ролдогу ийгилиги жогору бааланган. Республикалык кароодо Володя Ульяновдун ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Сатыбалды Далбаевге атайын сыйлык ыйгарылган жана анын энеси Мария Александровнанын образын ийгиликтүү чыгаргандыгы үчүн СССРдин эл артисткасы Бакен Кыдыкеевага Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы берилген.

С.Далбаев пролетариаттын улуу жолбашчысынын ролун башка да драмалык чыгармаларда ийгиликтүү аткарган. К.Маликовдун “Бийик жерде” драмасынын жаңы вариантында В.И.Лениндин образын С.Далбаев чыгармачылык менен кайрадан иштеп чыккан. Биз В.И.Лениндин ролун аткарды деп гана тим болсок, анда эң сонун ойногон аткаруучулук чеберчилигин айтпай калган болобуз, анткени ал кезде актер жетишкен ийгилик алда канча маанилүү, кыргыз театр өнөрүндө жаңы принципиалдуу көрүнүш болгон. Мос­квада жана Ленинградда В.И.Лениндин ролун аткарган атактуу артисттер Шукин, Штраус, Смирнов, Калягин, Лавров ж.б. бул багытта бирдиктүү, бирок ар кими өзүнчө жол салган. Кыргызстанда В.И.Лениндин ролун атайын уруксат менен 1-жолу жол салып аткаргандар: Кыргыз Республикасынын эл артисти А.Боталиев эстафета катары 1970-жылы С.Далбаевге – окуучусуна дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда өткөрүп берген.

Сатыбалды Далбаевдин чыгармачылык жолуна дүйнөлүк классиктерден тартып, кыргыз драматургиясына чейинки жүздөгөн спектаклдердеги орчундуу ролдор таандык: “Балдар бойго жеткенде” – Маке, “Эрөөл” – Азис Абдумомунов, “Бюро жүрүп жатат” – Аскар, “Абийир кечирбейт” – Омор, Ч.Айтматов “Танабай Бакасов” – Чоро, “Жамийла” – Сейит, Н.Гоголь “Өлүү жандар” – Манилов, В.Шекспир “Ромео менен Жульетта” – Лоренцо, А.Грибоедов “Акылдан азап” – Молчалин, А.Токомбаев “Өлбөстүн үрөнү” – Качы, Б.Жакиев “Алтын аяк” – Миңжашар, Ж.Садыков “Манастын уулу Семетей” – Жакып кан, К.Мамбетакунов “Омор Хаямдын махабаты” – Омор Хаям, Ч.Айтматов, М.Шаханов “Сократты эскерүү түнү” – жазуучу, Ж.Садыков “Шабдан баатыр” – Жантай баатыр сыяктуу 100дөн ашык ролдорду ойногон.

Театрдын репертуарын барактап карасак, С.Далбаев сахнада улуу артисттерибиз: М.Рыскулов, А.Боталиев, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Жаманов, А.Көбөгөнов, Н.Кытаев, Н.Чокубаев, С.Жумадылов сыяктуу актёрлор менен бирге өнөктөш болуп сахнада ойноп, улуу таланттардын жолун улантып келатканына күбө болобуз. Бир сөз менен айтканда, С.Далбаев ар түрдүү жанрдагы спектаклдерди бири-бирине окшобогон образдардын бүтүндөй бир галереясын түзгөн залкар актёр. С.Далбаевдин тагдырына кыргыз сахнасында улуу жол башчылардын образын жаратуу бактысы туш келди. Айта кетсек С.Далбаев 20 жылга жакын В.И.Лениндин образы жазылган бардык спектаклдерде башкы каарман В.И.Лениндин образын жаратып келди. Азыр ушул тапта театрда кадыр-барктуу бирден-бир аксакал корифейлерибиздин бири. С.Далбаевдин театр искусствосуна сиңирген эмгегин жогору баалап “Кыргыз Республикасынын эл артис­ти”, Ж.Садыковдун “Семетейде” хан Жакып үчүн Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайындагы” ролу үчүн М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жана Эмгек Кызыл Туу орденинин, “Даңк” медалынын ээси. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен бир нече жолу сыйланган. Ушул учурда үй-бүлө, неберелердин кубанычына бөлөнүп, сахнада “кош жылдыздай” болуп иштеп келген өмүрлүк жолдошу – Кыргыз Респуб­ликасынын эл артисти, Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты Мираида Далбаева экөө бактылуу өмүр сүрүп келишүүдө.

Сатыбалды Далбаевдин үй-бүлөлүк дагы бир кубанычы – 2000-жылы өзү туулуп-өскөн Ооган-Талаа айылындагы 1000ге жакын балдар окуган орто мектептин аты, жердештеринин каалоосу менен Сатыбалды Далбаев атындагы орто мектеп деп аталды. Актер жердештерине ыраазы. С.Далбаев 1000ге жакын китепти китепканасынан белек кылды, 10 чакты комуз, Германиядан чыккан аккордеонду, 40 балага “Кыялдан” улуттук кийим тиктирип берди. Волейбол, баскетбол топторун торлору менен тартуулады. 60 балага жылына жеке өзү стипендия берип турат. Токтогулдун ыр-күү чыгармалары толук жазылган пластинкаларын тартуу кылды.

2002-ж. Москвадан РТРдин режиссерлору келип эгемендүүлүктүн 10 жылдыгына арналган телефильмге Чыңгыз Айтматов менен кошо Сатыбалды Далбаев жөнүндө жана ал жараткан В.И.Лениндин образын тартып, РТР Москвадан өз учурунда көрсөткөн эле. Сатыбалды, Мираида Далбаевдер тууралуу “Дуэт” аттуу бир сааттык “Кыргызтелефильм” тарткан фильм да бар.

Сатыбалды Далбаев-улуттук профессионал театрынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон, ички темпераменти бай, масштабдуу ой-жорууга эгедер, баамчыл, интеллек-туалдуулугу менен элибизге белгилүү, өзүнүн адамдык касиети, бай тажрыйбасы, артисттик чеберчилиги менен кийинки жаштарга үлгү болгон чыгармачыл инсан. Эмесе, 70 жаш-кутман курагыңыз кут болсун, чыгармачылык ийгиликтериңиздер арта берсин. Жүзгө чыгыңыз!

Эрнис ТУРСУНОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз Туусу”, 5-октябрь, 2004-жыл

КЫРГЫЗ КЫЗЫ

(Кыргыз эл артисти Мираида Далбаевага)

Келбетинде кемтиги жок кенедей,
Кудай баарын берип койгон ченебей.
Кадыр күтүп араласаң калкымды
Кыргызымда кыз бар Умай энедей.

Тагдыр жолу түшсө кокус ачакей,
Түтөт чыдап, болуп кетпей Чачыкей.
Эр жигиттер боло албаспыз Манастай,
Ал аруу жан болуп коёт Каныкей.

Андай пенде чанда чыгар, ай түгөт,
Эгер жарың ак куу болсо – Айчүрөк.
Бакыт конор баш жагыңа Күн болуп,
Ырыс конор коюнуңа Ай түнөп.

Жарга дагы, элге дагы кадырман,
Эрке айым да, Ак Мөөр дагы, Алиман
Боло билсе… эгер болсоң Данияр,
Кандай бакыт, күлүп турса Жамилаң!

Бүт сулууну бириктирген бир аял,
Бүт тулкуну ийиктирген лирадай,
Уюткусу өнөрдүн да, сүйүүнүн
Кыргыз кызы болсо болсун Мирадай!

Жедигер СААЛАЙ

«Кыргыз туусу», 24.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий