Өнөрү бар мышык

(жомок)

Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу кулак какпайт. Акыры бул чоңоюп жеткенден кийин, атасы атайлап чакырып, минтип айтты:

— Балам, мен карыдым, өлерүме аз калды. Сенин жалгыз жүргенүң болбойт. Өз көзүм керүп өтсүн: элжуртту аралап, жакшысын тандап жүрүп, бир колукту тап. Бирок жаштык кылып, жалаң гана өңүнө кызыкпай, акылэсине карап танда.

Баласы атасынын сөзүн укмаксан болду. Өзүнө киши теңебей, айткан сөздү кенебей, ат ойнотуп, чаң ызгытып, өз билгенин кылып жүрүп аны эстен чыгарды да, эрден чыккан, өзүнөн улуу, өңү сулуу жубайды алды.

Атасы буга аябай кайгырып, «сак бол» деди да, тим койду.

Бир күнү Сулайман бай ооруп калды. Өзүнүн өлерүн билип, келинин жанына чакырып алды:

— Сага айта турган аманат сөзүм бар: балам жаш калды, дүнүйөгө мас калды. Мен елгөндөн кийин жакшы менен да жүрөр, жаман менен да жүрер. Ошентип жүрүп, акыры оокатын түгетер. Өзүң эстеп кой: жер астында жети казнам жатат. Балам аркыберкини көрүп, кагылган кезде аны ачып оокат кылгыла, бирок азыр эч кимге айтпа, — деп казнанын ачкычтарын келинине берди. Келини эч кимге айтпоого убада кылды.

Арадан кеп күн өтпөй, Сулайман бай өлдү. Баласы жаман менен да, жакшы менен да жүрдү. Аны «кой… кой!» деп колтукка түрткен эч ким болгон жок. Арак ичти, кумар ойноду, ошентип бирэки жылдын ичинде атасынан калган мал менен мүлктү түгөтүп бүтүрдү.

Зайыбынын кеңүлү бузулуп, казна жөнүндө балага айткан жок, Малмүлк түгөнгөндөн кийин, эми казынаны жалгыз өзү ээлеп калууну ойлоп, күндө чырчатак чыгара берди. Бир күнү күйөөсүнө.

— Малмүлктү арак ичип, кумар ойноп бүт түгеттүң. Эми ачжылаңач кала турган болдук. Айла түгендү. Акылга көн да, үйжайды бирөөге саткын, антпесең мен сага бүлө боло албайм,— деди.

Күйеесү ары ойлоп, бери ойлоп туруп, акыры макул болду.

— Эмесе мындай кыл, — деди зайыбы, — эгер бөлөк кишиге сатсак арзан өтөт. Ошондуктан, өзүбүзге жакын байбичеге саталы. Анын акчасы көп. Сен барып аны конокко чакырып кел, мен тамак даярдап турайын, — деп күйөөсүн байбичеге жиберди.

Байбиче келди, булар аябай конок кылды. Зайыбы күйөөсүн мас кылып жыгуу үчүн аракты үстөккөбосток сунду. Кээде байбиче кашын серпип, жылмая күлүп коюп отурду. Күйөөсү мындан шек алды да, ырас эле м,ас болгон кишиче жатып калды.

Зайыбы аны керүп, байбачанын жанына жакын келди да:

— Биз үйжайды сатканы жатабыз. Эгер мени өз катынын кылып алсаң сага сатабыз. Бирок кымбат деп кыйылба. Бу жерде жети казна бар. Ачкычтары менде. Эрим аны билбейт, — деди.

Байбача казнаны ез көзү менен көрүп, анан гана макул болорун айтты. Тили катып колуна шам алып, казналарды бирден ачып, байбачага көрсете баштады. Эри акырын ордунан туруп, билдирбестен, алардын соңунан ээрчип жүрүп, атасы жыйнаган мүлктөрдү көрүп өзүнүн өткөндөгү жоругун эстеп, атам мага «сак бол» деп ушуну айткан экен деди да, кайрадан ордуна келип, тынч жатып калды.

Аңгыча байбиче менен зайыбы келди. Байбача катынга:

— Мен макулмун, эртеңден калбай сатып алайын. Анан күйөөңдөн чыгып, мага тийгин, — деди.

Экөө сездү бүтүрүп, байбача үйүнө кетти. Күйеөсү сыр билгизбей эртеси үйдү сатууга макул экенин айтты. Байбача келип, ооз ачпай он миң дилде акча берди.

— Кире турган короожай таап алып, анан бошотуп берейин, ага чейин бир ай мөөнөт бериңиз, — деди бала.

Байбача кьщк этпестен макул болуп, кеңүлү кубанычка толуп үйүнө жөнөдү.

Эки үч күн өткөндөн кийин, зайыбы дагы чатак чыгарды.

— Короожайдан да, малдан да бүт айрылдык. Эми кантип күн көрөбүз! Мен сени менен тура албайм, кетем! — деди.

Эри мейлиң деп, зайыбын жолго салды. Анан бала атасынын досуна барып, жүзтөөнү айдап келип, түн бою казнаны ташып бүтүп, ордуна көң, саман топонду толтуруп, анан байбичеге барды.

— Корожайыңыз бошоду, кечүп кирип алыңыз, — деген гана сөздү айтып, өзү аяш атасыныкына жүрүп кетти.

Тиги катын байбичеге тийип алды. Экөө үйгө кечүп келип, казнада байлык бар дешип, таңтамашага батып, ичипжеп кумар ойноп, колундагы акчаларын бүт түгөттү. Кумарга чачынан карыздар болду.

Бир күнү байбиче карызына берүүге алтын алыш үчүн казынага кирди. Казнада чирик самантопон, тезек менен кыктан бөлөк эч нерсе жок… Ал ачуусуна чыдабай, зайыбын елөрчө тепкиледи да, баланын үстүнөн арызданып бийге барды. Катын, бала, байбача үчөөнү чакырып алып, бий сурак кылды.

— Силер жалаң короожайды соодалашкан экенсиңер, бирок короонун ичиндеги казна жөнүндө сөз болбоптур. Ошондуктан казнаны кантип доолайсыңар,— деп бий байбиче менен катынды айдап чыкты. Байбача үйүнө келер замат.катынынын чачын кыркып, байталга мингизип, төркүнүнө кубалап жиберди.

Аяш атасы өзүнүн кызын балага берди. Бул зайыбы экөө акылкеңеш менен жакшы оокат кылышты. Арадан бир жыл өткөндөн кийин бала аяш атасынан шаарга барып соода кылып келүүнү сурады. Атасы жүз төөнүн жүгүн берип, кербенчилерге кошуп жөнөттү.

Кербенчилер күнүтүнү жүрүп отуруп, акыры ээн талаа эрме чөлдө баратышты. Ошондо кербен башы:

— Эми жарым күндүк жерден жалгыз ак ергөө кезигет. Андан бир кемпир чыгып, конуп кеткиле дейт. Ага эч кимиңер макул болбогула, — деди.

Кербен башынын айтканы чын экен: ак өргөөнүн жанына келгенде кемпир чыга калып:

— Алыска баратыпсыңар, кагылайындар, ушул үйгө конуп кеткиле! — деп эпилдей баштады.

Сулайман байдын баласынан башкасы конбой кетип калышты. «Кой» дегенге болбостон, бул бала кала берди. Кемпирдин бутуколу жерге тийбей, анданмындан бир секирип, баланын төөлөрүн чегерүп, жүгүн түшүрүп, коюнсоюп, колун куушуруп, чайын кайнатып, дасторконун жайнатып, аябай сыйлай баштады.

Күүгүм кирип, көз байланганда кемпир колуна шам кармап, колтугуна мышыгын кысып келип:

— Менин мышыгым ушул шамды түшүрбөй кармап, таң атканча сенин маңдайыңда турат, — деди.

Бала кемпирдин бул сезүнө ишенбей койду. Анда кемпир:

— Эгер ушул мышык таң атканча шамды кармап чыкса, жүз теөңдү жүгү менен бер: кармап чыга албаса, мен жүз төөнү пулу менен берейин, — деди.

Бала кемпирдин сөзүнө макул болуп, экөө кол кармашты. Кемпир мышыкка шамды карматып, бул экеө карап отурушту. Мышык көзүн жумбастан таң атканча шамды карман турду Баласы эртеси кемпирге төөсүн жүгү менен берип, атына минип, кербенчилердин артынан шаарга жетти. Кербенчилер соодасын бүтүрүп, айлына кайтканы жатышкан экен.

— Жүз төөнү жүгү менен уттуруп койдум, эми уялбай үйгө кантип барайын,— деп бала ошол шаарда калды.

Кербенчилер айылга келип, баланын аяш атасына болгон ишти төкпөйчачпай айтып өтүштү. Аяш атасы малга кайгырган жок, бирок баланын келбегени үчүн катуу кайгырды.

Бала шаарда жүрүп, киерине кийим, ичерине аш таппай, жедеп айласы кеткенде, ашпозчуга жалданып кирди. Күндөн кийин түн, андан кийин жыл алмашты. Сулайман байдын баласынан эч кабар болбоду. Акыры колуктусу атасынан:

— Мен шаарга барып, соода кылып келейин., күйөөмдү да издеп керөйүн,— деп суранды.

Атасы ары ойлонуп, бери ойлонуп:

— Барсаң баргын,— деди да, жүз төөнүн жүгүн берип, кызын шаарга жөнеттү.

Кыз эркекче кийинип, белине кылыч байланып, саадагын асынып, багып үйрөткөн чычканын койнуна катып, кербенчилер менен кошо шаарга жөнөп калды. Бир нече күн жол жүрдү. Кербенчилер баягы кемпирдин үйүнө жетишти. Бөлөктерү алга карай жүрө беришти. К.ыз өз жигиттери менен кемпирдин үйүнө түштү. Кемпир аябай кубанып, какаңдап басып, кабагын ачып, калп эле шашып, колуколуна, бутубутуна тийбей кызмат кылды. Нечен түркүн тамакашын берди. Тамак ичилип бүткөндөн кийин, шам менен мышыкты көтөрүп келди да:

— Бул мышык ушул шамды таң атканча кармап турат, — деди.

— Эгер кармай албай калса, эмне бересиң? — деп кыз айтканда, кемпир «оюмдагыны тапты» деп ойлоп:

— Эгер кармап чыга албаса, жүз төенү жүгү менен берейин, — деди.

Кемпир мышыкка шамды карматып койду. Кыз колундагы чычканды алып, кемпирге билдирбестен акырын коё берди. Мышык чычканды көргөндө көзү кызарып, тилин жаланып, шамды шак таштап жиберип, чычканды карай жүгүрдү. Чычкан жылт коюп эшикке чыга качты. Мышык босогого келип, аны аңдып отуруп калды.

Кыз кемпирди катуу түртүп:

— Эне, шамың кайда, мышыгың кана? — деди. Мышыкты улагада отурганын көргөндөн кийин, кемпир жүз төөнү жүгү менен ошол замат берди. Кыз шаарга келип, соодасын бүтүрүп, анан күйөөсүн издеди. Көчөдөнкөчө койбой кыдырып жүрүп, акыры бир ашпозго келип, күйөөсү от жагып отурганын көрдү. Анысы кийимден бүт ажырап, чачы алынбай, тырмагы өсүп кетиптир, колуктусун тааныган да жок. Ошондо бул ез жанына чакырып, беш сомдук алтын берип:

— Менин жаткан жерим көченүн башындагы чоң сарайда: кечинде ошол жерге манту жеткирип бер, — деди да, кетип калды.

Кечке жуук бала убадасы боюнча манту жеткирип, бирок үйгө кирбей, эшикти гана ачып, манту сунду эле, колуктусу: «Үйгө кирсин» деген буйрукту кылды. Күйөөсү үйгө кирип, чапанын кымтыланып отура кетти. Колуктусу аны жанына отургузуп, тамакты бирге жеп, анан сөзгө алганда, бала өз башынан өткөндөрдү бүт айтып өттү.

— Колуктуң бар беле?—деп сурады колукту күлүмсүрөп.

— Бар эле. Аяш атамдын кызы болчу.

— Аны жакшы көрчү белең?

— Абдан жакшы көрчүмүн. Бирок эми ага жетүүгө эч арга жок, — деп бала башын жерге салды.

Колуктусу чыдап тура албай, ичтеги сырын айтып жиберди. Анан күйөөсүн мончого түшүрүп, асыл кийим кийгизип, астына ат мингизип ашпозчуга акысын берип бошотуп алды да, айлын карай кайтты.

Кийин алар балалуу болушту. Баласы чоңойгондо, атасы ага ез башынан еткөндү сүйлөп:

— Карынын сөзүн капка сал, балам. Колуктуну өңүнө эмес, акылына карап ал, — деген осуятты көп айтчу экен.

Соц тармактар:

Өнөрү бар мышык: 1 комментарий

Добавить комментарий