Нүзүп миңбашы

Адатта кыргыздарды кыйраткыч, мамлекет курууга жараксыз калк катары сыпаттап, атүгүл Кыргызстанды кокусунан пайда болгон, жасалма мамлекет деп да жазып чыккандар болду. Ал эми тарыхка кылчая караганда кыргыздар кыйраган мамлекетти сактап, душмандар ээлеп алган аймакты эчен жолу тазалап, мамлекетти калыбына келтирген жаратман калк экенине ынанасың. Биз бүгүн «Сынган кылычты» улап сөз кылчу маселе, баш каарман Нүзүп тууралуу баяныбыз да анын ачык далили.

Малабек Токтоболотов: «НҮЗҮП КАТАРДАГЫ ЖООКЕРДЕН АСКЕР БАШЫЛЫККА ЧЕЙИНКИ ЖОЛДУ БАСЫП ӨТКӨН»

MalabekКоомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Малабек Токтоболотовдун айтымында, Шералынын жубайы Жаркын айым Нүзүп аталык өлтүрүлгөндөн кийин артында калган 3 уулуна кам көрүп, калкалап жүргөн. «Менин тегим да Нүзүп миңбашыга барып такалат. Илгери Аксыда Кожомкул аттуу баатыр өткөн. Ал өзү кыштаган жерге айлантып коргон салдырып, ары-бери каттагандар ошол Кожомкулдун коргонуна түнөшчү экен. Ошентип Коргон аталып калган ал айыл азыр да бар. Ошол Кожомкул баатырдын 6 уулу болуптур. Алардын бири Эшбото Нүзүптүн чоң атасы. Ал эми Садык аттуу уулунун тукумдары биз. Ал менин 7-атам».

«Нүзүп миңбашы» коомдук фондунун жетекчиси Малабек Токтоболотов учурда атактуу аскер башы тууралуу китепти басууга даярдап жатканын айтып, айрым маалыматтар менен бөлүштү.

– «Сынган кылычта» Нүзүп Шералыны сурап Таласка, Ажыбай даткага барат эмеспи. Тарыхта калган маалыматтар бир аз башкача. Нүзүп ошо кездеги Омор хан, кийинки Мадали хандын тушунда Кокон аскерлеринин катарында болуп, он башы, жүз башы, паңсаттыкка жеткен. 1841-жылы Мадали хан өлтүрүлүп, Кокон хандыгы эмирликтин бир бөлүгү катары жарыяланат. Кыргыздар үчүн бийликке жетүүнүн тарыхый мезгили келет. Ордодогу саясий иштерге түздөн-түз аралашып, бийликти алуунун ыкмаларын билген Нүзүп Аксыга кыргыздын ак сөөк билермандарын чогултуп, Таласта жашап турган миң династиясынын урпагы Шералыны хан көтөрүүгө токтолушат. 1842-жылы жай айында Нүзүп баштаган топ Таластан Шералыны үй-бүлөсү менен Аксыдагы азыркы Кара-Суунун боюна, Жаркын айымдын атасы Токтоназардын айылына көчүрүп келет. Нүзүп Жаркын айымдын таякеси болгон.

Алим хан тактыны талашат деп шекшип атасы Нарботонун бир тууганы Ажы бийдин башын алдырганда өлүм коркунучуна анын балдары да калып, 14 жаштагы Шералыны Эсенбай бийдин кайниси Назарбек өлүмдөн ала качып Кокондон Аксыга алып келет. Аксыда тактынын мураскорун багып жүрүү кооптуу болгонунан аны Таласка, Эсенбай бийдин туугандарына жөнөтүшкөн. Өспүрүм курактагы Шералы Таластын Коён-Токой деген жеринде Жанболот бийдин үйүндө, кийин Базар аттуу баатырдын үйүндө жашап калат. Ошентип Шералы тууралуу жаш кезинен бери билген Нүзүп аны 1842-жылы азыркы Ала-Буканын Сафид-Булан мазарында ак кийизге салдырып хан көтөртүп, эки жылдан соң анын буйругу менен өлтүрүлгөн.

Кыяс Молдокасымов: «КЫЙРАГАН ХАНДЫКТЫ НҮЗҮП БАШТАГАН КЫРГЫЗДАР САКТАП КАЛГАН»

kiyas– Бухара эмири 1842-жылы жайында Коконго басып кирип, катынпоз, бүлдүргүч Мадали ханды, ордодогу мураскорлорду тукум курут кылып, хандыкты талап-тоноп, байлыгын артынып, өз ээлигинин бир бөлүгү деп жарыялап, мекенине кайтат. Борбор Азияда 133 жыл өкүм сүргөн, бир башы Чыгыш Түркстан, Батышы Арал деңизине чейинки аймакты ээлеп, зор күч-кубатка ээ болгон Кокон хандыгы биротоло кыйраган. Ошентип мамлекеттин тагдыры чечилип калган учурда кыргыздар хандыкты сактап, жашоосун дагы 34 жылга узартышты. Анын башында кыргыздын чыгаан инсаны Нүзүп турган. Нүзүптүн акыл аракети менен тоо койнундагы кыргыздарга качып барып жан сактаган хан урпагы Шералы кайрадан хан көтөрүлгөн. 14 жашынан тага журтун караан тутуп, жарым кылымдык өмүрүн мал менен өткөргөн Шералыны хан болууга Нүзүп баштаган кыргыздар зорго көндүргөн. Таласта жүргөн жеринен таап: «Коконго барып хан тактысын ээлең»,- деген Нүзүптүн сунушуна коркуп алаңдаган Шералы: «Мен кантип элди башкармак элем, башым жетпесе, түшүнүгүм да болбосо»,- деп жаа бою качкан делет. Нүзүптүн: «Сиз макул боло бериң, хандыкты башкарууну мага коюң»,- дегени азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келет. Ошентип Нүзүп Шералыны көндүрүп, Таластан Аксы жергесине көчүрүп келет. Туш тарапка кат жөнөтүп, кол курап, курал-жарактарды белендеп, азыркы Ала-Бука районундагы Сафид-Булан мазарында ак боз бээни курмандыкка чалып, Шералыны ак кийизге салып хан көтөрүп, дүңгүрөгөн колу менен Коконду көздөй аттанган.

Кыйраган хандыкты кайрадан калыбына келтирем деп аттанган Нүзүп кокусунан эле пайда боло калган адабий каарман эмес. Ал Кокон хандыгында катардагы сарбаздан миң башыга чейин көтөрүлгөн, баатырдыгы, чечкиндүүлүгү, даанышмандыгы менен таанылган өтө таасирдүү инсандардын бири болгон. «Тарыхый кыйчалыш шарт улуу жетекчини жаратат» дегендей, Кокон хандыгынын кыйроосу Нүзүптөй улуу инсандардын чечкиндүү аракетине муктаж эле. Ошол кездеги тарыхый шарт, муктаждык Нүзүптүн жолун андан ары ачты, хандыкты сактап калуу милдети ага жүктөлдү. Элүүнүн кырына келип, акыл-эси, күч-кубаты толуп турган Нүзүптүн баатырдыгына күбө болгон Зиябиддин Максым аттуу кыргыз тарыхчысы анын эрдигин, акылмандыгын өзгөчө даңазалаган. Тоолуктардын селдей каптаган күч-кубаты хандыктагы отурукташкан калкты ойготту, намыска келтирди. Нүзүптүн акылы, жетекчилиги менен катуу каршылыктарга карабай хан ордосу душмандардан тазаланып, хандык калыбына келтирилди. Бухара эмиринин мыкты куралданган, зор даярдыктан өткөн түмөндөгөн колу 2 айдан ашуун хандыкты кайрадан басып алууга аракеттенди. Кан суудай акты. «Жапайы тоолуктардан хандыкты бат эле тазалай коём» деген Бухара эмиринин тилеги таш каап, жеңилүүгө дуушар болуп, артка кайтты. Хандыктын аймагы баскынчылардан тазаланып, бийлик калыбына келтирилди.

Тоолуктар өз вазийпасын аткарган соң акырындап үйлөрүнө кайтышты. Шералы эки жылга жетпей байлык менен бийликке азгырылып, дубалдагы «чокоюн» унутуп, эсире баштады. Хандыкты сактап, калыбына келтирген кыргыздардан оолактап, жаш кезинен асырап баккан, хан тактысына отургузган тага журту менен кайын журтун жектеп, тегерегин кошоматчы-кутумдар ээледи. Алардын ширин сөздөрүнө, күнү-түнү айткан мактоолоруна мас болуп, Нүзүптү миңбашылыктан четтетип, Маргалаңга аким кылды. Акыры ордо кутумдарынын бал тилине кирип, Нүзүптү өлүм жазасына буйруган жарлыгына мөөрүн басты. Эң жакын, болгондо да кыйроого кабылган бүтүндөй мамлекетти сактап калган, өзүн мал арасынан алып келип хан көтөргөн кыргыздын чыгаан инсанын тындым кылды. Нүзүптүн өлүмүнөн кийин өзүнүн да өмүрү кыйыларына кылча акылы жетпеди. Көп өтпөй өзүнүн да көзү тазаланды.

Шаиста Шатманова, “Супер-инфо”, №619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий