Степ-чечетканы катырган Бергали жана Аскар аксакал

Чач агарган жашта чапчаң жигиттердей тарсылдата чечетка бийлеген каармандарыбыз жөн адамдар эмес. 73 жаштагы Аскар Жумагулов жооптуу кызматтарда иштеп олуттуу мүнөз күткөн менен, комузда кол ойнотот, укмуш пейзаждарды тарткан фотосүрөтчү, жогорку билимди Москвада тээ советтик коомдук илимдер академиясынан, кийин Кыргыз улуттук университетинен алган экономист. Учурда Чүй облусунун согуш жана эмгек ардагерлери кеңешинин төрагасы. Ал эми 76 жаштагы шайыр, шамдагай Бергали Сарбасов агабыз болсо, айтылуу «Ак Маралды» Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабеков алгач түптөгөндө топтогон бийчилерден. Экөөн табыштырган мына ушул бий, болгондо да Кыргызстанда бийленбеген чечетка бийи. Азыр экөөнүн тең шакирттери бар. Алтүгүл Бергали Сарбасовдун зээндүү бир окуучусу — Аскар Жумагуловдун 7 жаштагы небереси Сулейман. Айтмакчы, экөө тең эски спортчулардан: Аскар ага волейбол боюнча спорт чебери, ал эми Бергали Сарбасов учурунда фехтование боюнча өлкө курамасында ойногон. А биздин баарлашуубуз негизинен бий боюнча болду, ортодо тарсылдатып бийлеп да беришти…

Бий тандемиңиздердин жаралышы кызык. Жаш кезде эмес, чачты ак аралаганда жолугуптурсуздар. Анан да өз алдынча бийлеп жүрүп табыштыңыздар окшойт ээ?

askarАскар Жумагулов: — Бергали экөөбүздүн жолукканыбыз кызык болгон. Анда ушул Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга келип, төрт дипломду жыйыштырып коюп, күндүр-түндүр бий деп жүрүп калган кезим. «Ушундай бир аксакал бар, төрт-беш баласы менен степ бийлейт» деген сөздөрдү кулагым чалып калып жүрдү. Жолуксам деп дегдейм, бирок же дарегин, же телефонун билбейм. Кудай берди болуп бир күнү бир досум диск карматты «кечээ тойго барсак, сага окшогон чачы ак аксакал аябай бийледи» деп. Коюп көрсөм, «Зимний вечер в Гаграх» деген фильм бар го, Бергали ошондогудай бийди, мексика бийин, вальсты бийлейт экен. Телефону да жазылуу экен, чалып байланыштым. «Мен баланчамын, мен сизди билем, жолугайын» десем, бул дагы «Ой, мен дагы сизди билем, телевизордон көрүп жүрөм» дебеспи. Анда физкультурныйдын залында сабак берчү экен, акыры бир күнү жолугуштук. Боюбуз да бир чыгып, оюбуз да бир чыгып бир өнөрдү эриш-аркак аркалаган эски тааныштардай эле мамиле түзүлүп калды. А негизи бул Бергали, «Ак Марал» бий ансамбли бар эмеспи, ошонун ардагери, жаш кезинен бийлеп баштаган. Ансамбль да биздин жаштык жылдарыбызда жаралды да. Башында Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабеков деген бий чеберлери турду.

bergaliБергали Сарбасов: — О-ой, анда Фрунзе заводу, Ленин заводу деген сонун заводдор иштечү, ал жерлерде өздүк көркөм чыгармачылык деген укмуш эле. Жер-жерден, мен иштеген Фрунзе заводунан да бий ансамблине жөндөмдүүлөр тандалганда мен да кеткем кошулуп. Ансамблде биз менен Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабековдор иштеди. Анда азыркы филармония жок, эскиси кичинекей имарат эле. Ал бийлегенге тар болуп, опера жана балет театрында канча машыктык… Баш-аягы ансамблде 7-8 жылдай иштедим. Анан ошол убакта алгачкы кыргыз эстрадасы да жаралып, жетекчиси Чоро Кожомжаров болчу. Алар бий ансамблинен мени, анан бир кызды алып кетишти. Биз эки бийди — кыргыз бийин, анан испан бийин бийлечүбүз.

Аскар ага, бийлегениңиз сизде моряк болгонуңуздан башталса керек да?

Ал кезде сөзсүз түрдө аскерге барчубуз, солдаттар үч жыл, деңиз флотундагылар 4-5 жыл жүрчү. Мен 1961-1965-жылдары Балтика аскер-деңиз флотунда болдум, Ленинград, Калининград, Лиепая шаарларында суу үстүндөгү, суу астындагы кемелерде жүрдүм. Өзүмдүн адистигим торпедист болчу да. Аскерге барганча бул жакта волейбол боюнча жаштар курама командасында ойночумун, барганда 4 жыл катар флоттун курамасында ойнодум. Өздүк көркөм чыгармачылыкка да катышып, 20-22 моряк матрос бийи «Яблочкону» бийлеп жүрдүк.

Демек, бириңиз аскерде, бириңиз Фрунзеде бийди союзга тааныткан турбайсыздарбы?

Аскар Жумагулов: — Балтика деңиз-аскер флотунда көп эле ийгиликтер, жаңылыктар болду. Советтер союзунун ал кездеги жетекчиси Никита Хрущев, СССРдин коргоо министри маршал Малиновский, маршал Андрей Гречко, деңиз флотунун адмиралы Сергей Горшков бизге келгенде концерт бергенбиз. Аскерден кайтар 1965-жылы Москвада Улуу Жеңиштин 20 жылдыгында бийледик. Кайтып келгенимде студент болуп окуп жүрдүк, үйлөндүк-жайландык, бала-бакыралуу болдук, советтик- партиялык ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүк. Ысык-Көлгө барып иштеп кеттим, кайра Москвага окууга кеттим. Ал жактан келип да ар кандай иштер менен жүрүп отуруп, 2009-жылы гана бийге оодум. Ага чейин бий не экенин 40-45 жыл унутуп койгом.

Бергали Сарбасов: — Чоро Кожомжаровдун эмгеги менен сонун ыр-бий ансамбли жаралды эле… Союзду жакшы эле кыдырганбыз… эки-үч жылдай иштеп, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу мен да бийди таштагам. Көңүл кушум ойгонуп, чач агарганда эргип бийлеп баштаганыма 5-6 эле жыл болду.

Ошол чач агарганда бийлеткен күч узак жылдан кийин кайдан табылды?

Бергали Сарбасов: — Кайдан-жайдандыр табылды. Жашыбызга ылайык десем, карылыкты дегеле сезбейбиз. Мына бу бут кийимимди карачы (нары жактан алып келип), репетиция кылам бул менен, такасында, тамандын буттун учу жагында темирден кабат набойка кагылган, ушуну менен такылдатып бийлейсиң. Бул бир өзүнчө эргүү, аны бийлеген адам гана түшүнөт…

Аскар Жумагулов: — Кайра бийлейм деген оюмда да жок болчу. Ирландиянын «Ривер данс» деген чоң ансамбли бар, бир курдай телевизордон алар тууралуу жумалап берип калды. Анан, дүйнөгө дүң болгон СССРдин элдик бий ансамбли, анын жетекчиси Сергей Моисеев жөнүндөгү берүү болду, матрос бийи «Яблочка» дегенди бийлешти, аны көрдүм. Карап отурсам, ирландиялык ансамблдин бийи да, Моисеевдин жигиттеринин «Яблочкосу» тээ 60-жылдары Калининградда бийлегендериме окшош экен. Ошондо кошул-ташыл болуп баары эске түштү, буттарым да бий кыймылдарын унутпаптыр. Бүт дитим менен 1-2 жыл издендим, кыргыз степ бий тобун түзөлү деп канча жерге кайрылдым, ушул Күрөңкеев музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз эл артисти, профессор Тенти Мураталиевден гана колдоо таптым. Дароо өз студенттеринен беш кыз,беш баланы бөлүп берди, ишибиз жакшы жүрүшүп кетти. Биринчи бийди «Саринжи-Бөкөй» деген элдик күүгө койдук, анан «Яблочко» матрос бийин, Шекербек Шеркуловдун «Эргиме» деген күүсүнө, Сейталы Медетовдун «Пахтачы кыздын бийи» расподиясына бийледик, кийин казактын Курмангазы оркестринин коштоосунда казак бийин койдук, анан алтынчысы өзүндөй кылып окшоштуруп Ирландия бийин жараттык — алтоо тең оюмдагыдай мыкты чыкты.

Бий элементтерин өзүңүздөр ойлоп чыгарасыздарбы?

Бергали Сарбасов: — Ооба, өзүбүз. Аларды бекер эч ким бербейт да бизге. Жакшы бийлеш үчүн музыканы да тандай билиш керек. Музыка туура келдиби, 2 чейрек, 3 чейрек, 4 чейрек деп санап, «раз, два, три» деп музыканын алдында базалык кыймылдарды келтиребиз, анан эле кошумча кыймылдар жандуу айкалышып өзү эле кетет…

Аскар Жумагулов: — Манас айтарда аян алыптыр дегенге ишенип калдым. Мени бүтүн бий ээлеп калганда, көзүмө Калининград көрүнүп, түшүмө аскер флоту, бий кыймылдары кирип атты. Төрт дипломум бар, бирок музыкалык билимим жок, нота билбейм. Жаңы бий коюп жатсак, эрте жатамбы, кеч жатамбы, таңкы 4-5те ойгонуп алам да, үйдөгүлөр баары уктап атышат, а мен килем үстүндө жыңалайлак бийлеп элементтерин издейм… Кудайга шүгүр, акыбети кайтып жатат, президент, депутаттар катышкан чоң-чоң маараке-майрамдарда бийлеп калабыз. Былтыр Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп, Бергали экөөбүз Астанага барып бийледик. Эмдиги жылы июнь айында Чолпон-Атада дүйнөлүк бий олимпиадасы өтөт экен, бизди таап алышып, азыр даярдап атышат аябай. Анан жаштарга жакшы үлгү, мисал болуп жатабыз. Өзүбүз бийлеп, өзүбүз үчүн айтып жатканыбыз жок. Чындыгында 76-73 жаш оңой жаш эмес, 18-19 жаштагы балдар менен чогуу бийлейбиз. Бий менен да жеке мүнөз, жеке маданият да тарбияланат. Баса, кечээ жакында «Кыргыз бий сынагы» жакшы өттү, барып көрдүм. Ошондон бир ой жаралды, биздин бийди Ирландия бийи дебей эле, жаңы кыргыз бийи «Тай туяк» деп атайын деп жатам. Анан эмне, бул бийди бир Ирландияга жазып койгон жок да?! Анын элементтерин элестеткен канча бий бийленип жүрөт, бири биздики болот…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы, «Асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий