Кыяз Молдокасымов: «Мусулманкул миңбашы айла-амал менен бийлик сересине жеткен»

kiyas– Кокон хандыгынын тарыхында Мусулманкул миңбашы көрүнүктүү аскер башы, мамлекеттик ишмер катары белгилүү. Жазма булактарда анын ишмердиги карама-каршылыктуу баяндалат. Бийлик сересине ал Бухара эмиринин баскынчыл жортуулу кыргыздар Кокон хандыгын сактап калган мезгилде келген. Анын да сыры бар.

ХIХ кылымда Кокон хандыгы тууралуу жазган авторлордун бири В.В. Вельяминов-Зернов Мусулманкулдун апасы кыргыз экенин жазса, экинчи бир булактардагы маалымат боюнча, ал кетмен-төбөлүк ири манаптардын бирине күйөө бала экени белгилүү. Өзүнүн насили кыпчактын кулан деген уруусунан. Бир жак бутуна сылтып баскандыктан жазма даректерде Мусулманкул чолок деп аталат. Кыргыздын белгилүү тарыхчысы, Кокон ордосунда Кудаяр хандын тапшырмасы менен хандыктын тарыхын жазган (анын «Фаргана хандарынын тарыхы» аттуу 1666 беттен турган кол жазмасы 1888-жылдан 1994-жылга чейин Стамбул университетинде белгисиз абалда сакталып келген) Зиябидин Максым өз эмгегинде Мусулманкул кандайча Шералы хандын ишенимдүү адамына айланганын мындайча баяндайт:

«Мухаммат Алихандын (Мадали хандын – К.М.) заманында бир Мусулманкул деген кыпчак бар эле, акылы даана Афлатундай (Платондой – К.М.), баатырдыгы Исфандийардай. Ал кыпчак Саид Мухаммат Али хандын уулу Мухаммат Аминбектин баатыр башчысы эле. Мухаммат Али хан Бухара менен согушканда көптөгөн айкаштарга катышкан. Бухар эмири жеңишке жеткен соң Мусулманкулдун баатырдыгын баалап, ордого кызматка (Бухара эмирлигинин ордосуна – К.М.) алды. Аны сый-урмат менен өз кишилеринин катарына кошту. Мусулманкул Шах-и Бухаранын кызматында жүрүп, баары менен тил табышып, Бухар эмирине сөз айта турган (тили өтө турган – К.М.) болуп алды. Бир убакта Мусулманкул Бухар эмиринин алдына кирип, кол куушуруп туруп мындай деди: «Эгер кабыл алсаңыз, бир сөзүм бар»,- дегенде Амири Бухара: «Канча сөзүң болсо да айта бер, угамын»,- деди. (Бул учурда Бухара эмири 100 миңдеген колу менен Кокон шаарын Шералы хан, Нүзүп миңбашы башында турган кыргыз-кыпчактардан кайрадан тартып алуу үчүн согушуп жаткан – К.М.). Ошондо Мусулманкул: «Падышам, эгер шаарга элчи жиберсеңиз, мени кошуп жибериңиз да, анан мага көп алтын бериң, себеби бул хандын кол алдындагылардын баары менин уругум. Мүмкүн болушунча аларга жардамдашып, анан козголоң баштасам, алар өзүнөн-өзү колдоп чыгышат»,- деп турду. Бул сөз Амир Бухарага жакты. Мусулманкулга сарпай кийгизип, кырк миң тилла берди. Андан соң бир канча эшендер менен Коконго элчи кылып жиберди».

Кокон шаарына келген Мусулманкул туура Шералы хандын алдына келип, Бухара эмиринен алган 40 миң тилланы берип: «Ээ, таксыр, падышам, мен өзүңүздүн кадырдан кулдарыңыздан элем. Мени Бухара падышасы алып кетип калды. Бул алтындар Мухаммат Али хан амакиңиздан сизге калган байлык, айла-амалдар менен апкелдим сизге. Мен кол алдыңызда кызмат кылсам деген ниеттемин»,- деп турду. Падыша Авлийа хан (Шералы хан – К.М.) сүйүнүп, сарпай кийгизип, шахзаадага баатыр башчы кылып берди. Ушул жердеги кыргыз-кыпчактын баары кучактап, максат-мураттарына жеткендей болду»,- деп жазат Мусулманкулдун замандашы, ордо тарыхчысы Зиябидин Максым. Кыргыз тарыхчысы андан ары Бухара эмирлиги менен согушта Мусулманкулдун эрдигин, эмирдин алданганын билип, каарданганын кызыктуу сүрөттөп берет. Дагы бир тарыхый даректерде Мусулманкул жасалма кат даярдатып, Бухарадан келе жаткандай кылып чабарман чаптырып, Бухара ордосун Хива ханы басып алуу үчүн жортуулга аттанып, шаарды курчоого алды деген мазмундагы катты амалкөйлүк менен Бухара эмирине жеткиртип, ал көп аскери менен түн ката курчоого алган Кокон шаарын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мына ушундай амалкөйлүгү, көрсөткөн эрдиктери аркылуу Мусулманкул тез эле Шералы хандын ишенимдүү адамдарынын бирине айланган. Сырткы душмандардан арылып, толук кандуу бийликке ээ болгон соң Шералы хан эң жакын адамдарын хандыктагы бийлик орундарына койгон. Ошондо Нүзүп ордодогу эң жогорку кызмат миңбашылык орунга отурса, Мусулманкулду баатыр башы кылып Анжыян шаарына аким дайындаганын Зиябидин Максым өз эмгегинде жазат. Ошентип тарыхый оор кырдаалды амалкөйлүк менен пайдаланган Мусулманкул хандыктагы таасирдүү бийлик сересине көтөрүлүп, бара-бара атаандаштарынан алдыга озуп, хандыкты башкарууга жетишет. Ал тууралуу да кеңири сөз кылабыз.

Кыяз Молдокасымов, “Супер-инфо”, №621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий