Ш.Дүйшеев. Агындылар

(Башы өткөн сандарда)

Урматтуу окурмандар! Сиздер, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебиндеги Кыргыз ССРинин, бөрк ал десе баш алган Борбордук Комитетинин аткаминерлеринин жүзү катары айтылып келген айтылуу Матен Сыдыков тууралуу жазылган «Матен» деген бөлүктү окуп жатасыздар.

Ошентип Матенди тособуз деп бир жума бою азан-казан, аңтар-теңтер болуп, жайлоодон семиз кой, кымыз алдыртып, чай куйганга деп Ак-Талааны түрө кыдыртып чачы жерге чубалган келин таап келип, жедеп ушундай канды майрам иштердин катыгын берип, кандим болуп бүткөн майда активдер өздөрүнө өздөрү той түшүп, жыргап-куунап жатып калды. Аларга ушул эле керек болчу.

* * *

Биз да эчтеке ооз тийбей, «кечигип калабыз, Матенди жазабыз» деп кыйратып койгонсуп ал кеткен жолдун артынан чаңып жөнөп берип, Матенге жетмек тургай маанек кылар жайга жетпей, жолдон машинебиз бузулуп, тамак тургай тамтыгыбыз чыгып олтуруп, эптеп Нарынга келдик.

* * *

84-жылдары Молдобай Ат-Башы райондук Керек-жарак, Райпо коомунун төрагасынын орунбасары, Малдыбай колхоздун башкармасы болуп иштеп турган жаш жигиттер эле. Агезде заман азыркыдай «баланын үйү, бапанын алачыгы» эмес, каякты карабагын, темирдей тартип, каякка барбагын кайнаган иш кызып турган маал. Өкмөт агезде иштебеген киши көрүп калса: «эмне үчүн иштебей жүрөсүң?» деп көк желкеден алып, түз эле түрмөгө түртүп барып тыкчу. Обкомдун көчмө бюросу кайсыл райондо өтсө Матен баштаган «член бюро» ошол райондун бир көзүнөн кан, бир көзүнөн жаш агызып, квартал сайын чоңдорунун жүрөгүнүн сары суусун алып, сөөгүнө тамга басып турган маал.

МОЛДОБАЙДЫН АҢГЕМЕЛЕРИ

Болгон аракетибиз эле биз тейлеген участоктон чуу чыкпаса экен деп жан-алакетке түшүп, сөөгүбүздөн тер чыкканча иштейбиз. Анда жазгы кой төлдөтүүгө, тоют топтоого, мал кыштатууга карата ар бир райондун даярдыгын көрүп чыгуу максатында обкомдун көчмө пленумдары байма-бай өтөр эле. Ошондо райондун ар бир чарбасынын, ар бир мекеме-ишканасынын тигил же бул өнөктүк үчүн жасаган иштери каралчу. Азыр ойлосок андагы бийлик малчыларга болобу, дыйкандарга болобу, а дегенде шарттын баарын түзүп туруп, анан анын аткарылып жатканын сурачу экен.

УШУНДАН КӨРӨ СЕН ӨЛСӨҢЧҮ?

Февралдын аягы, марттын башы болсо керек эле. Кой төлдөтүү өнөктүгүнө карата райондун даярдыгын көрүп чыгуу боюнча өткөрүлгөн көчмө бюро эстен кетпей калды. Ар бир жетекчи ичибизден кыпылдап, ушундан башыбыз бүтүн, боорубуз эсен чыккай элек деп быгып олтурабыз. Ат-Башынын клубу башкармаларды мындай кой, бригадир, ферма башчылардан тартып, райондук мекемелердин жетекчилерине дейре жык толгон. Чымындын үнүн угузбай дымыйбыз. Нарын облисполкомунун төрагасы агезде Халимов Рим Сабирович деген киши болчу. Ал өз «агенттери» менен биздин районго бир ай мурда келип баса жатып, жазгы төлгө көрүлүп жаткан кам-кашегибиздин баарын бюрого даярдап, «иче-кардыбыздан бери артып» кеткен. Ар бир жетекчинин сарсанаасы өз тармагы, өз чарбасы. Башкарма өзү башкарган колхоздун ал-абалын справкага кандай жазды болду экен деп санаа тартса, почтонун чоңу чабандарга гезит-журнал жетип атыптыр деп жазды бекен деп, медиктер дары-дармегин ойлоп, маданият бөлүмүнүн башчысы өткөндө чабандардын бири чоңдорго «эмне үчүн бизге Эстебес келбейт?» деп арызданган экен, ошол итибай бул ирет оозун жыя турду бекен деп, мен болсо малчылардын радиосун батарейлери түгөйлек болду бекен деп жаныбыз чыгып олтурабыз.

Бир маалда Матен Сыдыкович кирип келди обком мүчөлөрүн, райкомдун секретарларын шатырата ээрчитип. Келбети келишкен, буурул чачы өңүнө да, өзүнө да жарашкан, тунук көз айнекчен бу кишини төрт чөнтөгүндө төрт бетаарчысы болор эле. Эмне балаа болуп кетээр экен деп солкулдап олтурабыз, калчылдап олтурабыз. Артынан шоопурубу же дагы кимиси экенин ким билсин, экөө кошо кирип, көтөрө келген эки мүшөктү дубалга жөлөп коюп чыгып кетти. Соодада иштеген жаным, мүшөктү көрөрүм менен эле дагы баягы биздин ириген-чириген товарларыбызды сала келген окшойт, эми өлкөбүздү талга илет деп тынчым кете баштады.

Бюро башталды. Президиумда 1-секретарыбыз Саринжи Жумагазиев, секретарыбыз Жүрсүн Маликова, залдын алдыңкы катарында облустун мекеме жетекчилери, облсот, облпрокурор, облмилийсанын начальниги олтурат. Трибунага облисполкомдун төрагасы Рим Сабирович Халимов чыгып райондун жазгы кой төлдөтүүгө карата даярдыгынын ал-абалын баяндай баштады. Кириш сөзүнөн кийин эле начар даярдыктагы чарбанын аты аталды. Бул деген Матен Сыдыковдун колуна ыргытылган кыл чылбырдын учу эле. Матен шак эле «атына ыргып минди да, кылычын кындан сууруп»:

— Ленин колхозунун башкармасы кайда? -деди.

Башкармасы ооруканага жата калган экен, жок болуп чыкты. Колхоздун башкармасы райондун 1-секретары Саринжи Жумагазиевдин досу болучу, «справкада жүрөсүң, бюро бүткөнчө ооруп жата тур» деп күн мурунтан кабарлап койсо керек. Ошондой бюролордо «ооруп» жата калмай» деген Матендин жанды сууруп алып кайра салчу өкүм-зордугунан кутулуунун жападан жалгыз классикалык жолу болучу.

— Парторгу барбы? -деди.

Парторг кебетеси жонулбаган дөңгөчтөй болгон оройсуз жигит эле.

— Мен мындамын, -деди.

— Күйүп баратканда машинадан сууга кулап түшүп өчүп калган дүмүрдөй болбой чык быякка! -деди.

Элдин алдына чыгып келди.

— Эй, булардын ополдомочундары кайда? -деди.

Агезде райондук мекемелердин жетекчилери чарбаларга ополдомоч болуп бекитилип, чарбанын ишине түздөн-түз жооп бербесе да кыйыр түрдө жооптуу деп эсептелген заман эмес беле. Райгосбанктын начальниги Ибраев, анан Өмүралиев деген райондун соту жакшы киши эле, ошол экөө орундарынан турду.

— Тээ-тиги мүшөктүн ичиндегилерди биякка бирден көтөрүп чыккыла! -деди Матен. Баарыбыз эле «эмнени көтөрүп чыгар экен?» деп нес болуп турабыз. Баягы үчөө мүшөктүн оозун кармалап барып эле туруп калышат, улам ыкыс берет деле, кармалап барып туруп калышат. Матен кайра буйрук берди:

— Эй, алып чыккыла, деп атам! Алып чыкпасаңар, алдыгы мүшөктөрдү жонуңарга байлатып туруп азыр каматам!-деди.

Баягылар мүшөккө колдорун салып жиберип бирден алып чыкты. Эмнени алып чыкты дебейсиңерби? Козулардын өлүгү экен. Текшере келгенде бардык эле чарбадан өлүк чыкпай койчу эмес, мен мыкты деген чарбалардан да өлүк чыкчу. Көп өлгөндө 100гө чейин козу өлүп чыкчу. Бирок төл баштала электе өлүк чыкканы   билинип калды деген чоң «ЧП». Мындай чарба зоотехникалык эрежелерди сактабай, койлорду эртерээк куудуруп, туура эмес маалда төлдөткөн чарба катары катуу жазаланчу. Матендин «кишилери» жолдо келатып Ленин колхозунун мына ушундай төлдөн өлгөн козуларынын «сөөгүн» каткан жеринен таап чыгып, машиналарына сала келген экен.

— Көтөргүлө, деп атам! -деди.

Баягы үчөө колдоруна бирден өлүк көтөрүп элдин алдына чыгып келишти.  Матен райондун соту Өмүралиевди карап туруп:

— Ушул козу өлгөндөн көрө сен өлсөңчү! -деди.

Көрсө Өмүралиев илгери Матен Сыдыков Токтогулда райкомдун 1-секретары болуп турган кезинде ошол райондун соту болуп иштеп жүрүп тилин албай койгон экен.

— Ошол Токтогулдагы Өмүралиев деген сот сен эмес белең, э? -деп сурап коёт Соттун төрагасы болсо колуна козунун өлүгүн көтөргөн бойдон унчукпай турат.

— Жолдош Жумагазиев, буларды немедленно бюродон карап, партиядан чыгарыш керек! -деди.

ТУМАК

Рим Сабирович баяндамасын андан ары баягы токтоп калган жеринен кайра улады. Бул жолу малчыларды тейлөө маселесин айтып келатып эле:

— Матен Сыдыкович, ак кар, көк муз баскан Ат-Башынын кырк градус суугунда коомдук малды асырап жаткан малчылардын балдарынын тумагы жок деген эмне шумдук!  Тумагы жоктугуна байланыштуу айрым балдар канча күндөн бери сабактарына баралбай, айрымдары сыртка чыгалбай калды, -дегенде эле Матен:

— Кана, Бытырап союздан ким бар? -деди.

А киши биздин Керек-жарак коомун дайыма ушинтип «Бытырап союз» деп атачу. Эл да бизди соодагерлер деп жаман көрчү. Башкармабыз Алмаз Үсөнов деген киши эле. Дароо ордунан турду.

— Туурабы, тумак жок дегени? -деди.

«Жок» десең эле тирүүлөй өлгөнүң ошол.

— Тумак бар, Матен Сыдыкович, болушунча жеткирип жатабыз, -деди башкарма. Башкармабыз бар дегенде эле трибунадан Халимов чырылдап жиберди.

— Калп айтат  Матен Сыдыкович, буларда бир да тумак жок-деп.

Чынында эле тумак жок болучу. Мен орунбасар болгондуктан Фрунзеге чейин келип тумак таппай, Сокулукта бар деп угуп, аяктан да эчтеке табалбай койгондо баягы Чапаевдин баш кийимине окшогон кулакчыны бар бирдемелерди алып баргам. «Бар» дегенде эле:

— Барбы складда, анда азыр барып быякка алып келип көрсөтөсүң! -деди. Башкарма эми кайсы дүкөндө эмне барын майда-чүйдөсүнө чейин биле бербейт да, чыгып баратып мага шыбырап: «Молдобай, батыраак айта кал, кимде тумак бар?» деп ийди. Мен «Сатыбалдиевде болуш керек, ошонун автоловкасын каратыңыз» дедим. Ал чыгып кетти. Матен Сыдыкович андан кийин Быткомбинаттын маселесине өттү.

— Жанагы норка жакачан, бул дүйнөнүн жападан жалгыз сулуусу менмин деп жалтылдаган Буткомбинаттын гөзөлү каякта олтурат, көрсөк болобу?- деди. Матен бардык мекемелердин аттарын атайлагансып бузуп айтар эле.

Менин ой-санаамдын баары эле тышта-тумакта жүрөт. Сатыбалдиевге болсо 3 тумак, болбосо, андан ашык жок эле. Башкармабыз колуна үч тумак көтөрүп келсе Матен даана абийирин аштай төгөт го деп кыпылдап олтурам. Аңгыча Быткомбинаттан башка маселелерге, анан жолго өтүп кетти. Кудай жалгап унутуп калды окшойт деп ойлодум. Долон ашуусун сөз кылып баратып эле:

— Ай, жанагы Бытырап союзуңар Долонду ашып кеткен жокпу, тумак издеген бойдон? -деди. Көрсө биздин башкармабыз эшиктин сыртына туруп алып тыңшап турган экен. «Долонду ашып кеткен жокпу?» дегенде эле, кудай бетин салбасын, быяк колуна 4 коробка, тыяк колуна 4 коробка көтөрүп эле кирип келди. «Жок эмес беле, мынча тумакты каяктан таап келе калды» деп оозум ачылып отурам.

— Мына тумак, Матен Сыдыкович! -дегенде эле:

— Бар, отур, -деди.

Жаныма келип көчүк басып баратканда: «Алмаз Үсөнович, мынча тумакты каяктан таптыңыз?» десем: «Үстү тумак, асты кагаз» деп шыбырап, терин аарчыды.

Матен бир маалда кемчиликтерин санап келип эле Ак-Моюндун башкармасына атырылып:

— Сендей башкарманы алыш керек! -деди.

Кудай уу-уур! Сеңиралиев эми эмне дээр экен, эми аны айдап жоготпогой деп эле дымып калдык. Бирок Сеңиралиев да кыйын киши эле. Баштапкы кесиби журналист болучу. Матенди тике карап туруп:

— Атыш керек Матен Сыдыкович, мендей башкармаларды атыш керек! -деди.

— Келжиребей олтур! -деди.

Шайлообек Дүйшеев

(Уландысы бар)

“Де-факто”, 24.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Ш.Дүйшеев. Агындылар: 1 комментарий

Добавить комментарий