Таланттар жашаган тарыхый үй таанылбай калдыбы?

Кыргыз улуттук жазма адабиятынын көч башыларынын бири, кара сөздүн каймагын калпыган чебер жазуучу Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык мааракеси ушул жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленишине Кыргыз Өкмөтүнүн токтому чыгып, уюштуруу комитети бекитилген. Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы театрда жазуучунун “Курманбек” драмасы коюлуп, республиканын окуу жайларында илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, китеп көргөзмөлөрүн ачуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу ж.б. алгылыктуу иш-чаралар белгиленген. Кубанарлык жаңылык – К.Жантөшевдин чыгармаларынын тандалган 5 томдугунун жарык көрүп жатышы. Кыргыз окурмандарына чейрек кылымдан ашык убакыттан бери жазуучунун чыгармалары кайталанып басылып чыгарыла элек болчу. Учурда кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн болуп жаткан кыйын кырдаалда мындай чыгаан жазуучунун чыгармалары окурмандардын кайсы катмары болсо да зарыл экендиги анык.

Улуттук адабиятыбыздын өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон чыгаан жазуучу, драматург Касымалы Жантөшев Ысык-Көлдүн Түп районундагы Тепке айылынын кулуну. Кыргыз интеллигенциясынын ыйык очогу болгон борборубуздагы педтехникумдун 1930-жылдагы алгачкы карлыгачтарынан болуп уядан учкандан кийин, агартуу тармагында жооптуу кызматтарда иштеп жүрдү. 1934-жылдан баштап биротоло чыгармачылыкка баш койгон. Кыргыз драма театрында актер, режиссер, “Кыргызмамбаста” редактор, Кыргыз ССРинин Эл комиссариатында жетекчи, Маданият министрлигинде репертуардык-редакциялык коллегиянын башкы редактору болуп эмгектенген.

Жеке чыгармачылыгы студенттик жылдарда эле башталып, бир актылуу пьесаларды жазган. 1938-жылы “Эки жаш”, андан үч жылдан соң атактуу “Каныбек” романы жарыкка чыккан. Согуш жылдарында “Курманбек”, “Өч” драмалары, кийин Токтогул Сатылгановдун өмүрүнө арналган “Элдик ырчы” пьесасы жаралган.

Кара сөздө катуу узанып “Хан-Теңирлик чабан” романы, “Тилек”, “Жалындуу жаштар” повесттери, балдарга арналган чыгармалары окурмандарга жеткен.

Касымалы Жантөшев “Тянь-Шандын кызы” деген алгачкы көркөм тасманын сценарийин жазган. Ошол алгачкы кыргыз киносундагы башкы ролдордо Муратбек Рыскулов менен Жамал Сейдакматова ойногон. Москвалык режиссерлор, операторлор Жантөшевдин үйүндө жүрүп иштешкен.

Жазуучунун отуздан ашык китептери жарык көргөн. Анын чыгармачылыгында орчунду сөз болуп, окурмандарга атын тааныткан “Каныбек” романы болду. Көркөм сөздүн мыкты үлгүсүн ушул чыгармасында көрсөтө алган жазуучунун бул чыгармасы “Кыргызфильм” студиясынан экрандаштырылган.

Көптөгөн чыгармалары орус тилине которулуп китеп болуп чыккан. Алсак “Каныбек” романы бир нече жолку басылышы менен жарык көргөн. Ал эми М.Лермонтов, Н.Островский, Е.Смирнов, Г.Андерсен, И.Будогорскаянын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Касымалы Жантөшевдин үй-бүлөсү чыгармачылыктын династиясын алып жүргөн. Анын өмүрлүк жубайы – белгилүү акын Нуркамал Жетикашкаева. Нуркамал эже катуу оорудан 31 жашында ааламдан көзү өттү. Жаш калган уулу, болочок киносценарист, жазуучу Кадыркул Өмүркулов он алты жашка чейин Жантөшев деп аталып жүрдү. Анткени ал Нуркамал Жетикашкаеванын согуштан кайтпай калган мурдагы жубайы Өмүркул Жетикашкаевдин уулу эле. Кенедейинен аны өз уулундай жылуу мээримге бөлөп чоңойткон. Канткен менен К.Жантөшев таланттуу жазуучу катары да, адам катары да таза, бийик инсан болгону ушундан эле көрүнөт эмеспи. Бул тууралуу Кадыркул Өмүркулов биз менен бир маектешүүсүндө мындайча эскергени бар: “Ортобуздагы адамдардын айынан, мен эс тартканда Касымалы атам экөөбүздө психологиялык татаал мамиле түзүлүп калды.

– Менин атам башка киши беле? – деп сурадым.

– Уккан турбайсыңбы? – деп койду. Кимден уктуң, ал эмне үчүн айтты, дагы эмне деди деп бир сураган да жок. Мен Касымалы атамды жакшы көрчүмүн, ошо «ата» деген бойдон калдым. Атам эртеси документимди жаздырып алып келип берген. Кыйын абалда калганын сездим, ошондо дагы жаман сөз айткан жок. Ал абдан таза пейил адам болчу. Замандаштары ушул кезге чейин Касыкемдей таза пейил адам чанда болот деп калышат. Түз сүйлөгөн, түз жүргөн, калыс, жазуучулардын арасындагы болуп келген интригаларга кошулбаган, болбогон иштерге аралашпаган адам экен. Кай жерде болбосун оюн ачык айтып, кең пейил болгон. Бир факт.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун илгери “Жамийла” повести Лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп жатканда бир топ жазуучулар өздөрүнчө каршы иш уюштуруп, бул чыгарма андай сыйлыкка татыктуу эмес деп кат даярдашып, ар кимге кол койдурушуптур. Ошондо атама да келишкенде, кол койбой койгон экен. “Мындай болбойт, койгула”, – деп, макул болбой басып кеткен экен. Кийин-кийин Чыкем да кези келгенде мага: “Атаңдай калыс, түз сүйлөгөн киши чанда болот”, – деп көп айтып жүрдү.

Чыкеме ошондо атам батасын бергендей болуптур. Чыкем ошол учурда жаш эле да. Атам улуу муундагы жазуучулардан эмеспи”, – деген Кадыркул Өмүркулов.

Бишкек шаарындагы “Россия” кинотеатрынын бет-маңдайкы каршысындагы жолдун аркы өйүзүндө эки кабат чакан үй турат. Бул эски үйдүн улуттук маданиятыбыз менен искусствобузда өзүнчө тарыхый орду бар. Кыркынчы жылдары эки кабат үй деген бул шаарда укмуш көрүнчү дешет. Экинчи жагынан алып караганда, ал үй ыйык сезилет. Анткени анда маданият менен искусствонун залкарлары Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Осмонкул Бөлөбалаев, Касымалы Эшимбеков, Шаршен Термечиков, Мукаш Абдраев, Асылбек Эшмамбетов деген улут рухунун залкарлары жашачу тура. Атай Огонбаев, Райкан, Мидин ж.б. чыгаан таланттар замандаштары менен жолугушуп, чер жазышканга бул үйгө ат тезегин кургатпай келчү экен. Ошондон бул үй көркөм өнөрдүн куттуу ордосу болгон.

Бирок, ошол үйдүн тарыхый орду унутулуп, замандын капшабынан колдон-колго өтүп, таланттар жашаган тарыхый үй таанылбай калды. Базар экономикасынын шартынын шылтоосу менен башка максаттарга колдонулуп калган. Мына ушул үйдө жазуучулардын катарында Касымалы Жантөшев, быйыл мааракеси белгиленип жаткан ыр ааламынын алпы, дүйнөнү таң калтырган даңазалуу манасчы Саякбай Каралаев да жашаган экен. Жогоруда аты аталган инсандар кыргыз улутунун жүзүн дүйнө элдерине тааныткан кайталангыс бийик таланттар, алар экинчи туулбайт, кайталанган күндө да дагы башкалар туулат эмеспи.

Бишкек шаарындагы “Россия” кинотеатрынын бет маңдайкы каршысындагы жолдун аркы өйүзүндө эки кабат чакан үй турат. Бул үйдүн тарыхый маанисин эске алган тиешелүү жетекчиликтерден, айталы, Маданият министрлигинин, Бишкек мэриясынын мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар аркылуу кийлигишкен намыстуу атуулдары болсо, өзүнчө бир маданий музей кылып койсо кийинки муундарга бир жакшы таберик болмок.

Бул үйдөгү ар бир бөлмөдө кыргыздын адабиятынын, искусствосунун залкарларынын изи бар, касиеттүү жай. Бул, ачыгын айтканда, мамлекеттик деңгээлде коргоого алына турган тарыхый үй. Өнүккөн мамлекеттерди алып караганда, мындай тарыхый үйлөр музейге айланып, узун элдин учунан башкалар таңсык менен келип таазим кылып кетишет. Бир мисал, биз чыгармачылык сапарда Россия мамлекетинин Тоолуу Алтайындагы В.Шукшиндин үй-музейин көргөндө, өзүбүздүн жазуучулардын жашаган үйлөрү унутулуп калганын кейиштүү эстегенибиз эсимде. Касымалы Жантөшевдин орус жазуучусу Василий Шукшинден таланты ашык болсо ашык, кем эмес го. Улуу жазуучунун 110 жылдыгын белгилеп жаткан күндөрдө ушул маселени да уюштуруу комитети келечек иш-чараларга кошуп, эске алса деген ой. Анткени залкарлардын эмгеги мааракелерин белгилөө менен гана чектелбей, түбөлүктүү жагы кылым карытып кете берет эмеспи. Мекен менен элди сүйүү оозеки кыйкырыктар менен эмес, ушундай баалуулуктарды иш жүзүндө аздектеп алуудан көбүрөөк билинсе керек.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 28.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий