Жыпар Исабаева, акын: «Көрүстөндөн мени көргөндөр акылынан азганбы дешсе керек»

Жыпар Исабаеванын жазган ырлары окулуп, көптөрүнө обон чыгарылып, ырдалып жүрөт. Анын ырлары бал тилдүү баланыкындай таттуу, турмушка жакын. Жорго тилде жазылып, бир нукта аккан булактай тунук, гүлдөй жагымдуу.

Аты-жөнү – Жыпар Исабаева
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы
Туулган жылы, күнү – 1967-жыл, 20-март
Жарык көргөн китептери – «Жыландын сүйүүсү», «Махабат мазары», «Канат менен Зарина», «Алыкулду сүйгөн кыз», «Бир үзүм от» жана башка
Билими – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультети
Обондуу ырлары – «Арзуу», (Гүлбү Орозкул кызы), «Баарын кайрадан баштайлычы», (Азиза), «Сени издейм», (Гүлнара Кахарова), «Издеп жүрөм», (Мая)

«АЛЫКУЛ ОСМОНОВ АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮМ БОЛГОН»

– Мен төрөлүп-өскөн, алгачкы ырларымды угуп, акын болууга даремет, шык берген Нарын районунун Миң-Булак айылы. Чоң энем кеп баккан, сөз кадырын түшүнгөн, ар бир сөзүн макал-лакап менен сүйлөгөн киши болчу. Радиодон көңүлүнө жакпаган сөздү угуп калса, «ка-ап, ушул сөздү бекер эле айтты, сөз кадырын билбейт окшобойбу»  деп кейип калчу. Чоң энемден алган көркөм сөз казынам түгөнгүс кенчиме айланды.  Энемден таасирленип 3-классымда ыр жаза баштадым. Алгач ырым «Кыргызстан пионери» деген гезитке чыккан. Гезит бетинен ырымды окуп алып кубанганымды айтпа. Өзүмдү коёрго жер таппай, тез эле таң атса, мектепке барып мактансам дейм. Бир маалда ойгонсом бөлмө да, эшик да жарык болуп турат. Таң аткан го деп инимди ойготуп, «али таң ата элек, апам ойготот» дегенине болбой кийинтип алып мектепке жөнөдүм. Мектепке барсак эшиги бек. Көрсө, таңга маал айдын жарыгында эле барып алган экенбиз.
Ырларым гезит бетине жарыялана баштагандан кийин атам ыр жазган дептерин мага берип, өзү жазууну токтоткон. Кээ бир учурда ал тапшырган жоопкерчиликти аткара албай каламбы деп коркуп кетем.

Бой жеткенде жигиттерден каттар келер эле. Дээрлик бардыгы жоопсуз калды, ал учурда гезитке ырларым чыгып, айылдын жылдызы болуп жүрчүмүн да (күлүп). Анын үстүнө Алыкул Осмонов менен «ооруп», аны сүйүп жүргөм. Ошондуктан жигиттерден кат келгенде эмнеге жазышат деп ыйлап, каттарын тыткан күндөрүм көп болгон. «Эгер мен Алыкулдун замандашы болсом, ага турмушка чыкмакмын» деп  кыялданчумун.

«КҮЙӨӨМДҮ АЛДАП АЛЫКУЛДУН АЙКЕЛИНЕ КЕЛГЕМ»

– Студент кезимде турмушка чыктым, айылда жашап калдык. Негедир Алыкулдун күмбөзүнө баргым келди. Акыры жолдошума «окуу жайдан чалып жатат, экзамендеримди бүтүрүш керек экен» деп шаарга жөнөдүм. Ал учурда Нарындан автобус Бишкекке 6-7 саатта келчү. Автобекеттен түштүм да, акын жаткан «Ала-Арча» көрүстөнүн көздөй бет алдым. Курсагым ачка, автобуста урулуп-согулуп чарчагам. Бирок ага караган жокмун. Көрүстөнгө кирип бейитин издей баштадым. Көрүстөнүн тапкандан кийин ырларымды барактап алып аны менен сүйлөшө бердим. Көргөндөр акылынан азган аял го деп ойлосо керек. Күүгүм киргенде таанышымдын үйүнө барып жаттым. Көкүрөгүмдөгү көксөө басылгандай болду.

Кайра айылга бардым. Анда медициналык окуу жайда лаборант болуп иштечү элем. Жумушка жеткиче оозума ыр салгандай келе баштады, машинкага отурдум да жаза баштадым. Кечки 4кө чейин «Атамдын жомогу» деген поэманы жазып бүттүм. Эч жерин оңдобостон, кандай жазылса ошол бойдон окурмандарга сунуштадым.

Жолдошумду сүйүп-күйүп, толукшуп турган учурларда ага арнап ырларды жазгам. Дайыма эле антип тура бербейсиң да. Балдарды багып, тирилик да кылыш керек эмеспи. Айрым учурларда ырлар капысынан жазылып калат.

Менин ырларым жан дүйнөсү ооруп тургандарга даба болсо дейм. Көпкө чейин ыр жазбай калганымда көңүлүм эч нерсе сүйбөй калат. Мен күткөн ырларымдын тээ алыстан дүбүртү келе жатканын сезгенимде көкүрөктө жандануу башталат. Жолдошума да ыр жазып жатып көңүл бурбай, укпай, суроосуна жооп бербей калган кездер болот. Кайра жүрөгүн оорутуп албадымбы деп коркуп кетем. Ыр жазып жатканда мени эч нерсеге алаксытпаганга аракет кылышат. Бир жолу айылдан мени көрөйүн деп тааныш апа келиптир. Өзү дагы буту ооруйт экен, даректи издеп жатып араң тааптыр. Ал кезде кызым 2-класста окучу, эшикти ачып, «апамдын эргүүсү келип жатат» деп кайра жаап алган экен. Ал киши  да тоскоол болбоюн деп эжемдикине кетип калыптыр. Аны кийин уктум.

Үйдө эң улуу келин болсом дагы ата-энебиз бизди колунан чыгарбай жүрүштү. Менин көксөгөнүм шаар. Бул жакка келсем, ыр жазсам деп кыялданчумун. Кийин шаарга келдик. Жолдошум менин чыгармачылыгымды менден да жакшы түшүнөт. Эки кыз, эки уулдуу болдук. Улуу кызым турмушка чыгып, эки неберелүү болдук. Жакында келин алдым, колум узарып кайнене болдум.

«АРЗУУ» ДЕГЕН ЫРЫМ ТАҢКЫ ТӨРТТӨ ЖАЗЫЛГАН»

– Түндө уктап жатсам телефон шыңгырайт. Алсам ырчы  Бакыт Мамаев экен. «Обон жаздым, угуп көрүп текст жазып берчи» деди. Угуп көрсөм жакшы обон экен. «Эртең менен жазып берейин» десем болбойт. Акыры жазууга туура келди:

«Көңүлгө көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көөдөндө калды а бирок,

Көксөткөн санаа, кусалык»,
— деген саптар келе калды. Жазып берип жаңы эле жаткам. Кайра телефон чалып «угуп көрсөң»деди. Угуп көрсөм сонун ыр болуптур. Бакыт мага «көрдүңбү, эзилип уктап жатканыңда мындай ыр жаралбайт болчу» деп тамашалап, сүйүнгөн боюнча телефонун өчүрдү. Негизи эле көп ырларыма обон чыгарылды. Айрымдарын  укканда мыкты болуптур деп сыймыктанып калам.

СҮЙҮП КАЛЫП БАШКАНЫ…

«Ойлуу тартып кеттиң го?»-
дейт алганым,
«Апа, неге күлбөйсүң?»-

дейт балдарым.
Кыйпычыктап,
жооп таба албай калп эле,
Кайсалактап карайм ар жак,

бер жагым.
Кечиргиле, бырчаланып жүрөгүм,
Эки ортодо өзүм дагы жүдөдүм.
Сүйүп калып силерден да башканы,

Ырды сүйүп, азабым жеп жүрөмүн.
Жүрөгүмдө жашайт ырдын үйү бар,
Жан дүйнөмдө сагыныч бар,

сүйүү бар.
Таппай калып жакшы ырымды

жоготтум,
Таарынды экен,

билбейм кайсы күнү ал.
Кечире алсаң кечир мени түгөйүм,
Бүгүн дагы ыр дүйнөмдө түнөймүн.
Таппасам да жолун тосуп ырлардын,
Таң атканча дербиш болуп жүрөйүн.
Кечир, кызым, боло албасам

жакшы эне,
Апам мени жомок айтып

бакты эле.
Куудураган колдор менен жапкан нан,
Куурма чайы ушунчалык жакшы эле.
Эртең сөзсүз ошентемин мен дагы,
Бирок акын болом дебе сен дагы,
Бүгүн болсо кечиргиле балдарым.
Жакшы ыр жазып алайынчы, ээ, жаңы?

Султан Төрөбеков, “Супер-инфо”, №620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий