“Берен” кыргыз сөзү эмеспи?

Академик К.К.Юдахиндин сөздүгү мезгилинде СССРде гана эмес бүткүл дүйнөдө белгилүү болуп, кийинки чыккан башка түрк тилдеринин орусча сөздүктөрүн түзүүдө негиз, уңгу катары пайдаланылган фундаменталдуу ири эмгек. Албетте, мындай зор мааниге ээ болбосо ал 1967-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына арзымак эмес. Сөздүктү окуп отуруп агишинин котормочулук шыгы менен көркөм табитинин бийиктигине таң калбай койбойсуң: кыргыз макал-лакаптарын адегенде сөзмө-сөз чечмелеп, анан ошол макалдардын орусча укмуш таамай эквиваленттерин (жосомолдорун?) таап берген . Ошол макалдардын кээлерин орусча азыркы килейген фразеологиялык атайын колдонмо сөздүктөрдөн издеп таппайсың. Бул — аны башка сөздүктөрдүн ичинен көкөлөтө жогору көтөрүп турган касиеттеринин бирөөсү гана… Дегиңкиси анын артында эмне деген чымыркануулар, эмне деген изденүүлөр тургандыгы тулкусунан эле дайын — сөздүктүн тулкусу тирүү организм сыңары кадимкидей дем алып турат, энтигип турат…

Бул сөздүк — кыргыз тилинин ыйык кенчи, асыл казынасы. Бул сөздүктү адамзат генийинин жүз жылдарда бир жаралчу теңдешсиз шедеври деп айтса да аша чапкандык болбосо керек…

Кузьмичтин түрк лексикографиясынын чыгааны катары кыргызча кыргыздай, өзбекче өзбектей, татарча татардай… таза сүйлөгөнү — азырга чейин аңыз кеп. Бирок сөздүгүндө көп шилтеме жасалган араб, фарси (иран) тилдерин мыкты билгени тууралуу маалыматты учурата албадым. Бул кокусунан эмес болсо керек. Антпесе, тиги “берен” сөзүнүн жанында “ир.” (иранские языки) шилтемеси эмне кылып жүрөт? Кылымдар бою кыргызга ирегелеш — канатташ келаткан ирантилдүү тажик элинде буга окшош айтылчу ушул маанидеги дегеле сөз жок. (Муну четке какчулар болсо далил келтиришсин!) Тажикчедеги “паранда” (куш, канаттуу) сөзү кыргыз тыбыштарына ыңгайлашып “беренде” делип бир замандарда активдүү колдонулган болуусу ыктымал, бирок кыргыздагы алгыр кушка карата айтылчу “беренди” буга байланыштыруу — жасалмалуулук.

“Берен” – нукура кыргыз сөзү. Түпкүлүгүндө –“берээн”. Мындай эки муундук зататоочтун созулма үндүүлөр менен аякташы (чыгаан, кыраан, көгөөн, чабуул, кайгуул, кароол, чыңоор, салмоор ж.б.у.с …) кыргыздын нукура, уңгу сөздөрүнө гана мүнөздүү жана энетилди башка түрк тилдерден айырмалап турган жагдайлардын бири болуп саналат. “Берүү” этишинин туундусу “берээн” адегенде “берүүчү” (ырыс-кешик таап БЕРҮҮЧҮ) б.а. орусчадагы “кормилец” маанисин туюнткан. Бара-бара басымчыл муундагы созулма “ээ” кыскарып “берен” түрүндө , “кыйын”, ”өткүр” маанисинде иштетиле баштаган. Мындай мисалдар энетилде аз эмес; алсак, “чечээн” сөзү мурда (өзү эле “айтып” тургандай) “ чече билүүчү” (б.а. көйгөйлүү маселелерди чече билген акылы тунук, даанышман) маанисин ташыган. Кийин кыскарып “чечен” түрүндө, “сөзмөр” маанисинде колдонула баштаган. Ал эми сөз менен акылдын канчалык тыгыз байланышта экени айтпаса да түшүнүктүү.

Сөздүктө “аңызчече” (южн. “до сих пор, всё-ещё”) деген сөз учурайт, “ир.” шилтемеси мына ушунда коюлса ырас болмок; Тажик тилиндеги “ҳанӯз” (“hанөз” дегенге окшошураак угулат) сөзү кыргызчадагы “дале, дагы эле…” дегенге дал келет, ал эми түштүк говорлорунда ушул мааниде (“эмГИЧЕ” дегендин үлгүсүндө) “аңызГЕЧЕ” же “әнизГЕЧЕ” ( “аңызгәчә” эмес!) деп колдонушат. Бирок сөздүктө “аңызЧече” (“аңызчәчә”??) деп ката берилип калган; Константин Кузьмичтин кол жазмасын машинкада терген учурларда “г” тамгасынын ордуна “ч” деп басылып калса керек… Бул — албетте, олуттуу каталык, ал келечекки басылмаларда сөзсүз оңдолууга тийиш.

Акыркы мезгилдерде кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурулуп, үгүт-насаат иштери жер-жерлерде ургаалдуу жүрүп жаткандыктанбы, “аңызгече” деген сыяктуу сөздөрдү түштүктө жаштар эми дээрлик колдонбой калышканын адилеттүүлүк үчүн айта кетүүбүз кажет…

Шаамерчем, “Азаттык”

Соц тармактар:

Добавить комментарий