Нуркамал Жетикашкаева

1918-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган.

1941-жылы Москвадагы А.Луначарский атындагы театр искусствосу институтунун кыргыз студиясын Насыр Кытаев, Урумкан Исмаилва, Касымалы Бектенов, Өмүркул Жетикашкаев, Исмаилбек Абдубачаев, Мурадил Ибраев, Махмут Токтоналиев, Какен Урмамбетова, Рая Айдаралиева, Жамийла Калчаева, Бейшен Рысмендеев, Калийча Рысмендеева, Нафиса Курманалиева, Асан Саргалдаев, ж.б. менен бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист, кийинчерээк кыргыз тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштейт.

Нуркамалдын ырлары 1937-жылдан тартып басмасөздө жарыялана баштайт.

Нуркамал Жетикашкаева адегенде кыргыздын алгачкы театр режиссеролорунун бири Өмүркул Жетикашкаевдин жубайы болгон. Андан бир уулу бар — кинодраматург, жазуучу, Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Өмүркулов.

Ө.Жетикашкаев 1941-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка кетип каза болот. Андан соң Н.Жетикашкаева драматург, актер, режиссер, жазуучу Касымалы Жантөшевге турмушка чыккан.

1949-жылы анын «Жанган жалын» поэмасы китеп болуп чыгат.

1953-жылы ал дүйнөдөн кайткандан кийин ырлар жана поэмаларынын толук жыйнагы,

1958-жылы орус тилинде «Я дочь Октября» деген ырлар жыйнагы чыккан.

1946-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Н.Жетикашкаева «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

 

Нуркамал Жетикашкаева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Нуркамал Жетикашкаеванын акындык изденүүлөрү

Жыламыштын Жылдыздуу кызы

Нуркамал Жетикашкаева аялдар поэзиясынын көч баштоочусу

 

Ырлар

БАЛАЛЫК

Көңүл камгак, мен эселек кезимде,
Көк шибердүү жемиш-дарак ичинде.
Гүлкайырдан идиш жасап, той берип,
Куурчак ойноп жүргөн күнүм эсимде.

Ошондогу дал өзүмдөй балапан,
Балдар ээрчийт эми артыма карасам.
Ошол оюн, ошол кыял, ошол жаш,
Оолак алыс калыптырсың капкачан.

Айлар, күндөр арбын-арбын саналып,
Алыстадың келбес болуп балалык.
Алтын өмүр кайра көрөр болсочу,
Балалыкты кайра баштан жаралып.

 

САГЫНАМ

Сагынамын, сагынамын, сагынам,
Сагынарым сапар кеттиң жаныман.
Сагынганда, сагынганга баш кошуу —
Сагынгандын таалайдагы багынан.

Багынан да, багыңан да, багыман,
Балапан деп сүйгөнүңдү сагынам.
Каракчылар каршы келди, болбосо,
Карыш алыс калат белем жаныңан.

Жүрөк жалын, каным ысык, денем чок,
Алган жарым бардыгына тең орток.
Ойноп күлүп көрүшөрбүз дечү элем,
Тилек келип, эсен болсок, соо болсок.

Эстейм, эстейм, эчен шаттык күндөрдү,
Бирге өткөргөн айлуу жарык түндөрдү.
Элестетем, эч убакта унутпайм,
Эркелетип эрип жүрөк сүйгөндү.

Эчен басып салкын желге таңдагы,
Эркелеттиң, эркелеттим мен дагы,
Элиң үчүн курман болдуң эрлерче,
Эсимдесиң жүрөгүмдүн ардагы.

 

ПОРТРЕТ

Секунд кагат, жүрөгүм да ошондой,
Желдей сызып алда кайда күлүк ой.
Мен олтурам, маңдайымда портрет,
Мени карайт үнсүз, сөзсүз козголбой.
Айнек турат бет алдында каланып,
Айтар сөзүн менден аяп тоскондой.
Ашыккансып алга умтулган денеси,
Алыс жерден мага колун созгондой.

Калтаарыбас кайраты бар жүрөктө,
Ар намыстуу, убадалуу мүнөздө.
Көзү өткүр, өмүрү жаш, ою көп,
Качан, кайда түшкөн ушул сүрөткө?..
Төшүнө орден, жакасында үч кубик,
Күндөрдөнбү, жүргөндөгү күрөштө.
Мүмкүн мени эсине алып тургандыр,
Мына ушул көрүнүштүү мүнөттө…

 

ЭСИМДЕ

Жашыл шибер, алма, өрүктүн ичинде,
Гүл өмүрдүн жаш балапан кезинде.
Далай-далай куурчагымды сындырган,
Сенин тентек кыялдарың эсимде.

Он жетинин, он сегиздин ичинде,
Институтта окуп жүргөн кезимде.
Селким секет, сени жалгыз күтөм деп,
Сен кат жазып мен алганым эсимде.

Жыйырма экинчи июнь күнү кечинде,
Эмгек эли эркин жаткан кезинде.
Канкор душман капысынан кол салып,
Калк чайпалып, жер күйгөнү эсимде.

Желдей учкан автобустун ичинде,
Сен кол булгап жөнөп кеткен кезиңде.
Жеңиш менен жериңе тез келгин деп,
Кошо басып калган күнүм эсимде.

Сен фронтто душман менен кармашып,
Садагасы, барсыңбы деп кат жазып.
Төрт жыл удаа жүргөн күндөр эсимде,
Санаганда сагынышкан өң азып.

Жеңиш бизде, жароокерим, сүйүн деп,
Сүйгөнүңдү тосуп чыккын бүгүн деп.
Тең шаттыкка баткан күнүм эсимде,
Сен өзүмдү пейли туура гүлүм деп.

Мына бүгүн жыргалдарга бөлөнүп,
Өзүбүздүн жемиш бакча көгөрүп.
Сулуу турмуш кемесинде барабыз,
Айкалышып айрылбаска түбөлүк.

Мына бүгүн экөөбүз тең кызматта,
Тилесе жаш жетпей койбойт максатка
Бирок, курбум, бүйрө болгун бул жерде,
Кызмат — кызмат, үйдө турмуш бир башка.

 

СЕН ЭСИМДЕ ТУРГАНДА

Сен эсимде турганда,
Иш менен күн батырсам
Чарчаганым билинбейт.
Сен эсимде турганда,
Уктабай таңды аттырсам
Үргүлөп көзүм илинбейт.

Сен эсимде турганда,
Зор тилектин күчүнөн
Бүркөлбөйт асты кабагым.
Сен эсимде турганда,
От жүрөктүн өзүнөн
Ыр менен толот барагым.

 

ЖЕҢИШ ЖЫЛЫ

Быйылкы жыл эсимде жеңиш жылы,
Толкундап тойдо ырдалып акын ыры.
Жоо жеңилди, биз жеңдик, багындырдык,
Дүйнөлүк тынчтык болду жыйынтыгы!

Кубанып жеңген элим жагалданды,
Каарман кызыл эрлер мөөрөй алды.
Куттуктап кубанычтуу ушул күндү,
Комузчу, ырчы, күүчү обон салды.

Күн жетти, мына эми жеңиш бизде,
Согуштун оор күнү калды эсте.
Эл үчүн жанын курман кылгандарды,
Эстейбиз жеңиш менен күлгөн кезде.

 

ТЫНЧТЫК

Тынчтык деген,
Жайдын күнү жаркырап
таң аткандай,
Күн мемиреп алтын
нурун чачкандай.
Чымын учпас касиеттүү
үйүңдө,
Балтыр бешик балаң
уктап жаткандай.

Тынчтык деген,
Мемиреткен жайкы булбул
үнүндөй,
Кастарлаган миң-сан
чөптүн гүлүндөй.
Эмгек менен эчен
түркүн кештелип,
Өзүң өскөн алтын
мекен түрүндөй.
Тынчтык деген,
Сайран куруп бак
аралап жүргөндөй,
Кайгы билбей миң жыл
өмүр сүргөндөй.
Тай-тайлаган, кас-кас
баскан балаңдын,
Кыт-кыт этип мээрим
төгүп күлгөндөй.

Соц тармактар:

Нуркамал Жетикашкаева: 1 комментарий

Добавить комментарий