Сейит Жетимишев, жазуучу: “ Токомбаев көзү жеткен чындыгынан тайган эмес”

Жакында Аалы Токомбаевдин 110 жылдык юбилейи өткөнү турат. Мааракени утурлай “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев менен Аалыкебиз тууралуу маек курдук:

-Сейит агай, “Күлүктөн күлүк чыгарда төрт аягы тыбырайт” дегендей, юбилейлердин төрт аягы тыбырап жарыша өтүп жатат… Жакында Аалы Токомбаевдин 110 жылдыгы өткөнү турат. Ушуга пикириңиз кандай?

Seyit-Табиятта Жан деген бар, ошондой эле табиятта Дан деген бар. Жан менен Дан экөө барабар. Эгерде Дан жок болсо, Жан жок. Ошондуктан, адам өзүнүн жан дүйнө жолу менен акыры келип, Данга – жей турган Нанга байланат. Токомбаев да ошондой. Бул эмне деген сөз? Бул Токомбаев өзүнүн жазган ырларына ак мамиле кылган, ошол ырларынын калем акысы менен нанын ак жеген деген сөз. Бул нанды арам жол менен таап жегендерге жан аябай каршы күрөшкөн деген сөз. Мисал келтирейин, 1925-26-жылдарда Рахманкул Кудайкулов деген адам “Кошчу” деген кедейлер Союзунун жетекчиси болуп иштеген экен. Бул кызмат ошол мезгилде эң жогорку бийлик тепкичтеринин бири болгон экен. Ал киши өзү батырактан чыккан кедейчил болсо да, коммунист болсо да, ошол кездеги бай-манаптарды: Ордолуу бай, кордолуу бай, сасык бай, салпаяк бай деп ыргап, таптык көз караштан тайып, ордолуу байларга Жан тартып пара алган экен. Айрым адамдарды урдуруп-соктурган экен. Ушундан улам, Кудайкулов “Уртокмок” уюштуруп жатат деген кептер тарайт. Ошондо жыйырма жаштардагы Токомбаев азыркы “Кыргыз Туусу” мурдагы “Эркин Тоо” гезитине “Чалкар” деген ат менен сын-кабар жазат. Ошондо: “Чалкар” деген ким? – деп Кудайкулов издетип жатат. Билсем, тапсам өлтүртөм!-деп жатат деген күбүр-шыбырлар эл арасында күчөйт. Ал учурда Токомбаевди Кудайкуловдун өлтүртүп коюуга да мүмкүнчүлүгү бар эле. Ошондо, жаш Токомбаев ичинен чочулап корксо да, коркунучту жеңип:

Айланайын жан жолдошум Сулайман,
Рахманкул чоң болуптур Кудайдан.
Кескен майдай мени жутмак болуптур.
Тойбой калып байлар берген субайдан.

Жутса жутсун бүрсүгүнү барайын,
Буурулду бер минген болуп алайын.
Же жутулуп, же болбосо оозуна,
Төңкөрүштүн кызыл чогун салайын, — деп ачык, бетме-бет чыгат (Сулайман 1925-26-жылдарда азыркы Москва районундагы Ак-Сууда иштеген Токомбаевдин тилектеши). Мына, ушул ырда чагылдырылган чындык, бүгүн өтө актуалдуу. Эмне үчүн? Мына бул үчүн. Бүгүн “коррупция” деген мурда биз укпаган түшүнүк пайда болду. Пайда болмок түгүл, өзүнчө алдуу-күчтүү, амалдуу катмарга айланып кетти. Булар ак нанды “Арам эмгек” менен жеп жатышат. Эгер мурда жандары ак болсо “Арам эмгек” аркылуу жандарын кара кылып жатышат. Мындай “Кара жандардан” мурда кулак угуп, көз көрбөгөн ар кандай жосун, жоруктарды күтүүгө болот. Буга мурдагы президенттин администрациясынын башчысы Медет Чоконовдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү типтүү мисал.

Демек, “Кара жандар” – коррупционерлер менен күрөшүү үчүн жогоруда биз эскерткен дух, чындык актуалдуу. Демек, бүгүнкү коррпуционерлер – “Кара жандар” менен күрөшүү үчүн, жакшы көрсөк да, жаман көрсөк да бүгүн жаңы Аалы Токомбаев керек. Мына ошондуктан, Токомбаевдин 110 жылдык юбилейи көрдө жаткан Токомбаев үчүн, же анын туугандары үчүн, же аны урматтаган адамдар үчүн эмес, мамлекеттик чоң Идеология үчүн керек.

-Аалынын ырлары ураан катары жазылып калган деген пикирлер бар. Буга кандай карайсыз?

-Мындай пикирлердин сыртынан караганда туура жактары бар. Аалы адамзат тарыхында олуттуу окуя болгон Октябрь революциясын ак жаны, жан оту менен ырдады. Анткени, Октябрь Аалыны 1916-жылкы геноцид мезгилинде, ачкадан өлөрдө өлүмдөн сактап калды. Өстүрдү, жетилтти, курчутту. Табиятта ак жан менен кылынган иш, адамдын эркинен тыш элге ак кызмат өтөйт. Аалынын публицистикалык ырлары өз заманы үчүн ак кызмат өтөдү. Бул да чоң, ыйык иш. Ал ырлар бүгүн таасирин жоготсо, ал ырларда чагылдырылган Аалынын адамдык духу, граждандык критерийи, турмуштук чындыгы тарыхый факт катары жашай берет. Бул – поэзиядагы башка көрүнүштөргө окшобогон бир өзгөчөлүк.

-Аалы кыргыз тилинин мамлекеттик тил болушун каалаган эмес деген имиштерди угуп калабыз. Бул кандай?

-Аалы кыргыз тилинин мамлекеттик тил болушуна каршы чыккан эмес. Бирок, өмүр бою орус тилин окугула, үйрөнгүлө деп келгени чын. Ал түгүл, орус тилин жакшы билбей калдым деп арман кылганы бар. Кеп мына мында. 1937-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясы талкууланган комиссиянын отурумунда Аалы кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили революциялык тил болгондуктан жалпы элдик тил катары калсын деп сунуш кийирет. Жээнбаев, Лайт деген адамдар Токомбаевди контрреволюционер дешип, саясий жактан күнөөлөшөт. Ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Белоцский да Жээнбаев менен Лайттын сөздөрүн кубаттайт. Аалы Грузияда грузин тили мамлекеттик тил, а бизде эмне үчүн андай болбосун деп өжөрлөнөт. Кыргызстан Компартиясынын биринчи съездинде өзүнүн өжөрлүгүн саясий ката деп мойнума албайм деп көжүлөт. Ошол 1937-жылы мындай принципиалдуу болуш үчүн, эмне деген жүрөк керек эле. Өзүнүн тазалыгына, чындыгына ишенген Токомбаев коркпой-үркпөй, кошомат кылбай көзү жеткен ишенимин, чындыгын айткандан кайткан жок. Мына анын эне тили – кыргыз тилине арнаган ыры.

Апакемдин сүтү менен оозанган,
Кагылайын эне тилим сайрасын.

Кудай, куран жок кезинде жаралган,
Кандай ыйык түгөнбөгөн дайрасың.

Сен жоголсоң, мен да жокмун дүйнөдө,
Мен сен үчүн болгум келет садага.
Сенин шыңгыр агымыңды кайталап,
Айткым келет даңазалай балага.

Макул ыр – ыр менен болсун дейли. Ал эми Кыргыз тилинин тагдыры Токомбаевдин ошол 1937-жылдагы көк жалдыгын азыр да сактоону, сактамак түгүл күчөтүүнү талап кылып турат.

-Токомбаев Касым Тыныстановду каматкан деген пикирлерди угабыз. Бул кандайча болгон?

-Мындай пикирлер тууралуу көп айтылды. Көп жазылды. Токомбаев да, Тыныстанов да чыгармачыл таланттуу адамдар алар талашат, тартышат. Сындын эркиндигисиз, пикирлердин эркин “күрөшүүсүз” адабият бир орунда көпкө туруп калат, “борсуп” кетет, бышып жетилбей калат. Сындашуу, талашып-тартышуу жалаң адабият эмес, илимде – жалпы эле чыгармачылыкта боло турган табигый көрүнүш. Токомбаев менен Тыныстановдун “тиреши” негизинен ошондой. Тыныстанов Аалынын “Ленин тууралуу” деген ырларын адегенде кол жазма кезинде, кийин китеп болуп чыкканда китебине саясий айып коюп катуу сындайт. Кези келгенде Токомбаев Касымдын “Академиялык кечелери” деген чыгармасына саясий айып тагып катуу сындайт. Экөө тең улутчул катарында түрмөгө камалат. Касым атылып кетет. Аалы Борбордук Өкмөт – Москва ак жерден камалып жаткандардын бардыгын билип, атайын комиссия текшергенден кийин акталып чыгат. Бул жерде маселе Тыныстанов менен Токомбаевде эмес. 1937-жылдагы “репрессия” деп аталган мүшкүлдүн тамыры өтө терең, бул дүйнөлүк өлчөмдө өлчөнө, изилдене турган татаалдын-татаалы. Чындыгында, ушул убакка чейин илимий өңүттөн так изилденип бүтө элек. Мындай дегеним, жакында “Асаба” гезитинин редактору Эрнис Асек уулу Америка Кошмо штатында жашаган, айтымына караганда, эң мыкты жазуучу деген бирөөнүн: Сталинди оңду-солду сөгө беребиз. Бирок, Сталинге эки миллиондон ашык “донос” – шекшинүүлөр түшкөнүн эмне үчүн эске албайбыз деген сөзүн которуп бериптир (Гезит колумда жок болгондуктан жазуучунун атын туура атай албай сөздүн сомолуу маңызын айтып жатам). Ошол “доностордун” канчасы чын, канчасы жарым чын, канчасы калп? Аларды кандай деңгээлдеги, кандай ниеттеги, кандай мүнөздөгү адамдар текшерди. Текшерсе, кандай текшерди? Ошол эки миллион “доностун” ар бири кандай максатты көздөгөн? Бул суроолорго так, илимий жооп ушул убакытка чейин жок. Жооп бериш да өтө кыйын. Ушундай табышмактуу чатышкан мезгилге садага чабылып, Тыныстанов атылды, Токомбаев “Ур таяктын” уусу өтүп, жарым жан болуп абактан чыкты. Кайталайм Токомбаев Тыныстановду каматкан жок. Тыныстанов Токомбаевди каматкан жок. Жогортодо айтылгандай. Ар кандай бийлик “Ак нанды” арам амал, арам жол менен жеп, “Жанын карартканда” ушундай адам күтпөгөн жоруктар болот. Бул – закон.

Аалынын “Манаска” каршы чыкканы кандайча?

-Аалы өмүрүндө “Манаска” каршы чыккан эмес. 1952-жылы “Манастын” элдүүлүгү боюнча, “Манас” эпосу мындан ары жашайбы, же жокпу деген суроо өтө курч коюлганда, Аалы ары кылтылдап – бери кылтылдап мөлтүлдөбөй “Манасты” элдик чыгарма – эпос катарында жашайт, мындан ары да жашай берет деп биринчи жазып чыккан. Мурдагы “Кызыл Кыргызстан” – азыркы – “Кыргыз Туусу” гезитине. Ушундай жалаа – ушакка ишендирүүгө аракет кылгандарга айласыздан: “Ой тобо, адамдардан ар кыл сорттор чыга берет турбайы”-деп аргасыздан күлөбүз.

-Аалы Чыңгыз Айтматовго ичи тарлык кылган турбайбы?

-Токомбаев ичи тардык кылганын – кылбаганын билбейм. Билгеним, манасчы Сагынбай Орозбаковдун варианты Чыңгыз Айтматовдун башкы редакторлугу менен чыга баштады. Ошондо биринчи тому жарыкка чыкканда, анда Оролго – Урал тоосуна чейинки аймакты биздин жер болуучу деп кытайлар талашат го деген саптар бар экен. Ошого Аалы караманча каршы чыкты. Эмне үчүн жакшы редакциялап, тазалап чыгарбайсыңар деген маселени принципиалдуу койду. Мына ушундан улам Аалы “Манаска” каршы чыкты деген чуу башталды.

Айтматов: Эпостогу кейипкерлердин бирөөсүнүн оозу менен Кытай тиги бу жер чектерин талаш кылып жүрбөсүн деп чала болжол менен айтылган жылт эткен сөздү дароо илип алып, трибуналардан элди коркутасыз. Кокуй эле, кокуй! Кытай жерибизди тартып алмай болду!- деп Аалы менен макул болгон жок (Чыңгыздын сөзүн “Улуулуктун татаал жолу” деген 2004-жылы “Бийиктик” басмасынан чыккан китептеги Шүкүрбек Бейшеналиевдин “Аалы жана Чыңгыз” деген макаласынан окугам). Ушул жерде бир деталды айта кетейин. Ошол “Манас” китеби көп нуска менен чыккан. Кийин Чыңгыз Аалыны туура тапса да, таппаса да Аалы айткан саптарды алып ташташып, кайра ошончо нуска менен басып чыгарышты. Буга оңбогондой каражат кетти да. Дагы жакшы, заман жумшарган кези эле. Кокус бул иш 1930 же 1070-жылдарда болгондо далайлар керт баштары менен катуу жооп беришмек. Дагы айтарым, Кытай кийин ар кандай дипломатиялык жолдор менен нака кыргыздын жерин – Үзөңгү-Куушту талашты го. Чындыгында Үзөңгү-Куушту талаша турган Кытайдын негизи жок эле. Падышалык Россия менен Кытайдын ортосундагы чийилген карта тигил кыр менен кетиш керек эле, бул кыр менен кетиш керек эле деп отуруп, ары карап ыйлап- бери карап күлүп отуруп, Үзөңгү-Куушту Кытайга берип тындык. Чек ара маселесин дурус түшүнгөн инсан Саламат Аламанов менен мен жеке аңгемелешкенде бербеске аргасыз экендигибизди айтып ишендирди. Эгер тарыхтын – чындыктын көзү менен карасак, азыркы Кытай өкмөтү эмес, мурдагы Кытай империясы да, мурдагы падышалык Россия да, кыргыздын жерин басып алышкан да, бөлүшкөн да… Бул биздин бир түгөнбөс арманыбыз го…

Кыраакы Аалы Токомбаев Үзөңгү-Кууш маселесин бир канча жыл алдын ала сезгендей, көргөндөй болуп жатпайбы. Анан ушу кишини “Манаска” каршы чыкты, ичи тардык кылды деп айтканга Чыкеме миң кошомат кылсак да, кандай ооз барат билбейм.

-Токомбаев Чыңгыз Айтматовду жазуучу эмес, “журналист” дечү дешет го. Бул ичи тардык эмеспи?

-Токомбаевдин: “Чыңгыз жазуучу эмес, Илья Эрембург сыяктуу дүйнөлүк журналист” дегенин өз кулагым менен уккам. Билбейм, бул Токомбаевдин пенделик ичи тардыгы экенин, же акындын, акындык жеке пикири экенин так айта албайм.

Сиз Токомбаевдин кайсы чыгармасын баалайсыз?

-Аалыкени, Аалыке кылып кызыл аскадай зыңкайтып кармап турган чыгармасы – ыр менен жазылган роман “Кандуу жылдар”. Бул роман гонорар алам деп – сыйлык, наам алам деп жазылган чыгарма эмес. Өмүрдө бир айтылып, бир жазылып калчу жандын табышмактуу күүсү.

Түшүмдөй бир мунуң күндү элестетем,
Ал элес жаш жүрөккө баткан бекем.

Жүрөктүн ошол баткан тагын алып,
Ар кимдин жүрөгүнө сүртүп кетем, — дейт акын.

Кыргыздардын 1916-жылкы эркиндик үчүн көтөрүлүшүнүн, андагы кыргындын, азап-тозоктордун чындыгын Токомбаев канын сыя кылып сүрөттөдү. Ушул эмгеги үчүн Токомбаев “Адам уккус” сындарды укту. Көкүрөгүнөн далай көк түтүн булады. Кантсе да, мезгил чыгармачылыкты жазган китептердин саны менен эмес, “Кандуу жылдардай” чыгармалардын жаралышы менен баалайт тура.

Токомбаевдин адам катарында кайсы өзгөчөлүгүн байкадыңыз?

-Биз көп таңазар албай жүрүптүрбүз. Аалыке үйүнөн көп алыстабай Эркиндик бульвары менен Чуйков көчөсүнүн кесилишиндеги скамейкада отурчу. Бир күнү айтып калды: “Силер театрдан эки саат трагедия көрөсүңөр. Мен он эки саат трагедия көрөм”,-деп. Көрсө, Аалыкенин байбичеси Аалыкенин тарткан азаптарын кошо тартышып жүрүп, узак убакыттан бери “Унутчаак” оору менен ооруп калган тура. Аалыке улам барып карап, кайтарат окшойт. Ооба трагедия! Жараткан пендем десе адамды, өзгөчө Аалыдай акынды мындай шартка туш кылбасын. Аалыкенин он эки саат трагедия көрүп чөгүп кетпей, чыгармаларын жазып, коомдук түйүндүү маселелерге жоокердей түз катышып, чындык издеп, чындыктын кара тузун былк этпей көтөргөн эркине, нервине таң калам. Ушуну байкадым. Деги дүйнөдө эрки күчтүү, нерви бекем башка адамдар да болгондур. Азыр да бардыр. Бирок, мен өзүм көргөндөрдөн Аалы Токомбаевди, өзүм көрбөй сөөгүн Москвадагы мавзолейден көргөн Иосиф Сталинди дилимден урматтайм.

Маектешкен Бактыгүл Кулатаева, «Эркин-Тоо», 31.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий