Ырлар

Салижан Жигитов. ЭЛЕГИЯ

Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Тоо койнунда кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Каргадайдан бирге өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

 

Ж. Касаболотов. КЕРЭЭЗ

Учурдун таттуулугун көзгө илбеген 
Ууртунан аз жылмайып, көп күлбөгөн, 
Бул турмуш зор дайра экен, калкылдаган, 
Бул жашоо бир тамчы экен, мөлтүлдөгөн. 

Таң атса кыйын болуп түн кирмеги, 
Таптырбай келет, жолдор бул күндөгү. 
Жүрөктүн эрте жанган учкундары 
Жүрүшөт шамга айланып күүгүмдөгү. 

Жарыктан издеп жүрүп элес күндү, 
Жанчылдым, жаңырта албай мен эскимди. 
Баарына Күн нурундай бирдей карап, 
Баратам сагына албай мен эч кимди. 

Сагыныч зоого айланып шамал конгон, 
Сабында жакшы болгон, жаман болгон. 
Чырактай жанып жүрүп калаасында 
Чым басып энем калган заман болгон. 

Саргайып жалбырактай күздөгү арман, 
Сагыныч барса келбес күндө калган. 
Артында жылдыз учкан элес таштап, 
Алтынбек досум кеткен дүйнө жалган. 

Нан бышып кадимкидей эпкининде, 
Намыстын туусун сайган чеп түбүндө, 
Кайратман кайран баатыр Адыл жездем 
Калдайып кала берген жер түбүндө. 

Азыр да алар мени бүлөп келет. 
Ай-жылдап көөдөнүмдө түнөп келет. 
Арбактар Тайторуну коштогондой, 
Ар дайым айгай салып сүрөп келет. 

Жалгыздап түштөрүмө келип түндө, 
Жатышат жалгызсырап көрүстөндө. 
Мезгилдин куйругунан жетип-жетпей 
Мен жүрөм, тирүү басып жер үстүндө. 

Көрк берип, аз олтурган тактыбызга, 
Көрөрбүз, эмне жазса бактыбызга. 
Өмүргө түркүк болуп эч ким калбайт, 
Өзгөрбөс дүйнө калат артыбызда. 

Андыктан айткым келет көксөп жарык, 
Адамдар! Мен жок болсом, өксөп барып, 
Сөзүмдү сыйласаңар, узаткыла, 
Сөөгүмдү күл калтырбай өрттөп салып. 

Жаралган жаран болуп эл бетинде, 
Жалганды кармап калбай келбетимде, 
Ааламдан таза бойдон кетким келет, 
Артыкбаш из калтырбай жер бетинде. 

Учурдун таттуулугун көзгө илбеген 
Ууртунан аз жылмайып, көп күлбөгөн, 
Бул турмуш зор дайра экен, калкылдаган, 
Бул жашоо бир тамчы экен, мөлтүлдөгөн.

Соц тармактар:

Добавить комментарий