Жеке беттеште Мусулманкул Алымбек датканы жеңген

kiyas– Кокон хандыгын кыргыздар сактап калганы менен бийликтеги таасирин көпкө сактап калышкан эмес. Ордодогу бузукулук аракеттерден, Шералы хандын бийлик кумарына азгырылышынан улам Нүзүп баштаган кыргыздар ордодон четтетилет. Бийлик талашуу, ордодогу кытмырлык кайсы учурда болбосун табияты бир экенин тарых тастыктап келет. Мейли ал Кокон хандыгынын доорунда болсун же совет учурунда болобу, же эгемендүүлүк жылдарындабы, ар бир мезгилдин Шералысы, Мусулманкулу, Шады миңбашысы же Нүзүбү болоруна күбө болуп, ынанып келебиз.

Бузуку иштердин зор устаты, ферганалык тажик Шады миң башы кызматына дайындалып, Нүзүптүн ордун ээлегенден баштап ордодо чагымчылдык күч алат. Шералы хандын абалга көзөмөл кылууга, бузукулук иштерге бөгөт коюуга эрки да, акылы да жеткен эмес. Мусулманкул түзүлгөн кырдаалды кылдат баамдап, Шадыга каршы чечкиндүү күрөшкө аттанат. Ошол учурдагы Мусулманкулдун сырткы келбетин сүрөттөп жазган кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максым «Фаргана хандарынын тарыхы» аттуу эмгегинде минтет:

«Бул Мусулманкул канчалык адам? Өзү кичине болсо, чолок болсо, көзү кысык (жымшык) болсо, мунун кудурети канчалык жерге жетет эле?» Андан ары автор Мусулманкулдун эрдиктерин кеңири баяндап өткөн. Ортодогу кан төгүлгөн катуу таймаштарда Мусулманкул жеңип чыгып, Шералы ханды кайрадан хан көтөрүп, миң башылык орунду ээлеген. Бардык шаарларга, вилаеттерге өз уруулаштарынан жетекчи дайындатып, чексиз бийликке ээ болот. Кыргыздардын көпчүлүгү бийликтен кол жууп, Мусулманкулдун зордук-зомбулугуна каршы көтөрүлөт. Оштун жака белиндеги Мады кыштагына Алымбек датка, кесек уруусунан Сейидбек датка, Төөлөс уруусунан Полот датка баштаган кыргыздар чогулуп, «биз качанкыга чейин кыпчактардын зомбулугун көрүп жүрө беребиз, андан көрө хандын тегерегине өзүбүз келип таасирибизди күчөтөлү» дешип көтөрүлүшөт. Аларды жазалоо үчүн Мусулманкул күчтүү кол курап Ошко келет. 40 күнгө созулган согушта кыргыздар жеңилүүгө дуушар болот. Бул окуяны жандуу баяндаган кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максым жогоруда айтылган эмгегинде Алымбек датка менен Мусулманкулдун ортого чыгып жекеме-жеке беттешүүсүн, жыйынтыгында кыргыздардын жеңилүүсүн кызыктуу маалыматтар менен жазган.

Ал учурда аваат уруусу басымдуулук кылган кыргыздар дагы бир мураскор Мурадды хан көтөрүшүп, Шералы ханды өлтүрүп, түнү менен сөөгүн жашырышат. Мусулманкул да бул окуяны өз пайдасы үчүн пайдаланып, ордону кайрадан ээлеп, жашы жете элек Кудаярды хан көтөрүп, өзү миңбашылык, аталык орунду ээлейт. Кудаяр ханды өтө катуу тартипте кармап, хандыкты башкарууга аралаштырган эмес. Жетекчилик бардык иштерди хандын атынан өзү жүргүзгөн. Атаандаштарын таасирдүү кызмат орундарынан четтетип, алардын ордуна өз адамдарын алып келген. Хандын гаремин улам сулуу кыздар менен толуктап, Кудаяр хандын көңүлүн башка жакка бурууну көздөгөн. Өзүнө жакындатыш үчүн бир тууган эжесинин өңдүү-түстүү кызына үйлөндүрүп, туугандык байланышын арттырган. Кыскасы, Кудаяр хандын учурунда Мусулманкул ордодон үч жолу четтетилгени менен, кайрадан эле ханга таасирдүү адам болуп чыга келчү. Кудаяр хан акырында Мусулманкулга жек көрүүсү күчөп, Мусулманкулду баш кылып, 30 миңден ашуун кыпчакты кыргынга алган.

Шералынын кайын журту турган айыл. Аксы, Топ-Жаңгак айылы. Нүзүп аталык аны Таластан ушул жакка көчүрүп келген.
Шералынын кайын журту турган айыл. Аксы, Топ-Жаңгак айылы. Нүзүп аталык аны Таластан ушул жакка көчүрүп келген.

Кыяс Молдокасымов, “Супер-инфо”, №623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий