«Бийлик, байлык талаштан кыпчак кыргынга кабылган»

kiyas– Тарыхта «кыпчактар кыргыны» аталган окуя «Сынган кылычта» өтө көркөмдүк менен берилген. Тарыхый роман менен даректүү жазмаларды салыштыра келгенде да тарыхый чындыктын тегерегинде ажырым байкалбайт. Бул кандуу окуянын келип чыгыш себеби тереңде жатат. Биз өткөн макалабызда баяндагандай, кыпчактардын зомбулугунан кутулуу үчүн алгачкылардан болуп Алымбек датка менен Сеидбек датка баштаган кыргыздар Оштун тегерегинде көтөрүлүп, бирок Мусулманкулдан жеңилип калган. Ордодогу, жалпы эле хандыктагы тирешүү, бийлик талашуу Шералы хан, Нүзүп сыяктуу чыгаандардын өлүмү менен эле токтоп калган жок. Жашы жете элек Кудаяр хан көтөрүлгөндөн тарта бардык бийлик Мусулманкулдун колунда болду. Анын ар бир кыймыл-аракети такай көзөмөлдөнүп, аша кеткен учурда жазаланып да турду. Негизги бийлик орундарына ээ болгон кыпчактар талоончулук иштерин күчөтүшүп, отурукташкан элге тиешелүү сугат арыктарын, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерин, базарларын тартып алышып, өздөрүнө зордук-зомбулуктарды жасаган үчүн байлары жакырланган. Ошол кездеги авторлордун жазганы боюнча, кыпчактар өздөрүн өзгөчөлөнтүш үчүн алтын саптуу кылыч тагынышып, алтын жалатылгандай чапан, жалтырак чалма кийишип, эң кымбат баадагы тандалма аттарды минишкен. Көңүлүнө жаккан үйлөрдөн каалаган учурда ээсин айдап чыгып ээлеп алышкан. Жазма даректерде короодо жетиле элек талдарга чейин кыйышканы белгиленет. Кыпчак кыргынынын эң башкы себептеринин бири ушулар болгону жашыруун эмес. Андан кийинки себептеринин бири бийлик үчүн тынымсыз согуш болуп, элге тынчтык бербегени айтылат. Кыпчактар кыргыздарды, отурукташкан элдин өкүлдөрүн бийликтен четтеткен соң кыпчак урууларынын арасында өз ара бийлик талашуу башталат. Тынчы жок элдин жосунсуз аракеттери хандыктагы башка элдерди тажатып бүткөнүн жазма даректерден окуйбуз. Ошондой эле дин өкүлдөрүнө каршы аракеттери, вакф жерлерин тартып алуулары, медреселерден мугалимдер менен окуучуларды кууп чыгып, өтө таасирдүү адамдарды өлүм жазасына тарттырганы да элди кыжырланткан.

Албетте, мындан сырткары Шералы хандын өлүмүн да Жаркын айым Мусулманкулдан көргөн. Кудаяр хандын бир тууганы Абдыракманбекти (Сарымсакты) да Ташкенттен алдап чакыртып, Балыкчыга аким кылып, аны акыры тындым кылышкан. Бул тууралуу «Фаргана хандарынын тарыхы» аттуу эмгегинде кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максым: «Кыпчактар күнү-түнү аны өлтүрүштүн камын жешти. Абдыракманбек 3 ай Балыкчыда аким болду. «Бирдемке кылып шахзааданы өлтүргүлө!» деп Мусулманкулдан үстү-үстүнө кат келди. Алар эмне кыларын билишпей, күнү-түнү шахзааданын артында болушту» деп жазат. Акыры бир күн Абдыракманбекти алдап аңчылыкка чакырып, оңтоюн таап мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Мына ушул окуя Кудаяр ханга, энеси Жаркын айымга катуу таасир этет. Окуяны алардын өздөрүнөн угуп жазган Зиябидин Максым да: «Шахзаада Кудаяр хан агасы Абдыракманбектин өлүмүнөн кийин күйгөнүнөн улам алардан кек алмай болду. Колуна кылыч алып, «Бүт кыпчакты кырам!»,- деди. Баарын өлтүрүп, өзүм бийлик жүргүзсөм!»,- деп ойлоду. Бирок бийликтин көпчүлүгү кыпчактарда эле. Бул хандын аркасы менен кыпчактар көп жыл доор сүрүп кутуруп кетишти, өздөрүн унутушту. Кудаяр хан ага да сабыр кылды. Күнү-түнү Кудайга жалбарып турду»,- деп жазган.

Акыры Кудаяр хандын тилеги орундалып, кыпчактардын ортосунда бийлик талашуу күчөп, ич ара жаңжал күчөп, ал кан төгүлгөн кыргындуу согушка айланды. Кыпчактардын ич ара согушун Кудаяр хан аяр пайдаланып, агасы үчүн кеги күчөп, «Жер үстүнөн бүтүндөй кыпчакты кырам!» деген максатын ишке ашырууга өттү. Орус жазмаларында кыпчактарды жер үстүнөн кыруу тууралуу хандын жарлыгы чыкканы да айтылат. Бул окуяга кыпчактардан кордук көргөн өзбек-тажиктер да аралашып, жер-жерлерде кыргын башталат. Башында бийликке аралашкан кыпчактар өлүм жазасына тартылып турса, кийинчерээк жаш балдар менен аялдар, карыялар менен кемпирлер кыргынга алынат. «Сынган кылычта» келтирилгендей, «буудайды» «бийдай» дегендердин бардыгынын башы алынат. Өзгөчө Балыкчынын акими Абдылкахар датканын мыкаачылыгы тууралуу, анын бир түндүн ичинде 1500 кыпчактын башын алганын ошол кездеги авторлор жазышат. 3 ай бою кыргын уланат. Айыл-кыштактар аңгырап бош калат. Аман калгандары тоо таяна качышып, үңкүрлөрдө, аска-зоолуу алыскы аймактарда жан сактоого аракет кылышкан. Кыргынды токтотуу үчүн Мусулманкулду акыры кыпчактар өздөрү туткундап беришкен. Окуянын жандуу күбөсү болгон Зиябидин Максым Мусулманкулдун акыркы күндөрүн мындайча жазат:

«Ошол мезгилде Кокон шаарында Каримкул Мактар деген бар эле, Мусулманкул анын алдына алынып келинди. Колунда чынжыр, бутунда кишен. Каримкул Мактар бийик жыгач орноттуруп, үстүнө аны отургузуп койду. Эл тамаша кылып турду. Ар бир айыл-кыштак, тоо, чөлдөрдө качып жүргөн кыпчактарды кармап келип, ошол Мусулманкул отурган жыгачтын астына апкелип, баштарын кесе берди. Ошентип он күнгө чейин Мусулманкул тактанын үстүнө отурду, кыпчактарды тынбай мууздай беришти. Анын ошончо көргөн дөөлөтү бир күнчөлүк көрүнбөй калды. Мусулманкулдун кыпчактарына боору ачыды, Хан Азиретти бир көрсөм деп самады. Анын өмүрү бүтүп, ыкыбалы кайткан кези эле.

Мусулманкулду он күн тактага отургузуп, он биринчи күнү жерге түшүрүп, Каримкул Мактар анын башын алдырды. Бул кабар Хан Азиретке жетти, буга өкүнүп калды. «Мусулманкул мага кадырдан эле, кандай болсо да мага кабарласаңар болмок!» деди».

Ал эми орус тилиндеги жазма даректерде Мусулманкулду аянтка отургузуп коюп, бир-эки саат сайын 15тен кыпчактын башын алдыртып турганы, акырында аны даргага астырып, үч күн бою денеси алынбай асылып турганы жазылат. Мусулманкулду мен өлтүрткөн жокмун деп Кудаяр хан актанып, анын баласы Абдырахман аптабаачыны кийин миңбашы кылып жанында алып жүргөнү белгилүү. Мына ушул кыргындан кийин кыпчактар алсызданып, өзүнчө күч катары баш көтөрө алышкан жок. Кийинчерээк орустардын учурундагы эл каттоолордо да Фергана өрөөнүндө кыпчактар өзүнчө эл катары катталбаган. Көп кылымдар бою ат үстүнөн түшпөй, зор таасирге ээ болуп келген элдин тагдыры өтө аянычтуу аяктаган.

Кыяс Молдокасымов, “Супер-инфо”, №625 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий