Редаксийанын жумушчу күнүнүн бири

Жооптуу катчы кабинетине кирген кезде редаксийанын үй шыпыруучусу үстөлдөрдүн үстүндөгү чаңдарды сүртүп, жаңыдан гана басылып чыккан газеттерди ар бир үстөлдүн үстүнө койуп жүргөн болучу. Катчы ордуна отуруп, бүгүнкү газеттерди барактап, бир сыйра карап чыгып, анан кийин алардын ичиндеги материалдарды, газеттердин техникасын бир-бири менен салыштырат. Корректор көзгө көрүнгөн каталардын астын сызып, бир четке алып койот. Газет окуу үчүн жарым саат кетет. Мындан кийин бүгүн кетчү материалдарды алып, бир четке койот да, иштелбеген материалдарды баштайт. Материалдар каралып бүттү. Кабинетке арык чырай киши кирет. Анын көзүнөн уйкусу канбай калгандыгы көрүнүп турат. Өңүнө карап абдан чарчагандыгын көрүүгө болот. Ал туурадан туура келип катчынын үстөлүнүн үстүндөгү газетке колун сунат.

– Кандай каталар бар бекен бүгүн?

Катчы жооп берүүнүн ордуна, мурун белгилеп жана четке койуп койгон газетти берет. Ал газетти бир сыйра карап чыгатта, өзүнүн кабинетине кирип кетет. Бул – редактор.

Катчы бүгүн кете турган материалдарды, сүрөттөрдү алып кирет. Ал өзүнүн ойун айтат.

– Мага корректорларды, метрампаштарды, чыгаруучуну чакыр – дейт. Ал кишилер келгенден кийин ар кимиси өздөрүнүн иштерин жана кантип ката кетиргендиктерин айтышып, акырында бирөөнүн мойнуна койулат. Ал болсо редактор тарабынан берилүүчү чарага тартылып, ал жөнүндөгү приказ ар бир үйгө илинет.

Бир кезде редаксийанын үй шыпыруучусу: сени редактор чакырып жатат – деп редаксийанын айыл чарба бөлүмүнүн башчысына кирет. Ал редактордун алдында.

– Бүгүн пахтанын сводкасы емне үчүн бизде жок?

– Билесизби, мен такыр жетише албадым, анын үстүнө билбей да калыпмын. Кантейин, бир буга чуркайм, бир ага чуркайм. Такыр еле жетише албаймын. Катчынын кабинетине партийа бөлүмүнүн башчысы чуркап кирет.

– Мага машина керек, мен тезинен барып саат үчкө чейин партийа документтерин алмаштыруу жөнүндө ең зарыл материал алып келем.

– Редактор менен сүйлөштүң беле?

– Сүйлөшкөнмүн. 250 жол бермек болгонмун.

Партийа бөлүмүнүн башчысы машинага отурат да кетет.

Катчынын оң колтугундагы еки телефон тең шыңгырай баштады. Кайсынысын мурун алып угарын билбей, бир аз туруп калды. Астыңкы телефонду бурады да емине? – деди.

– Иш башталды, материал барбы? – деп төмөн жактан сехтин начальниги кыйкырды. Демек саат бир. Басмага материал берүү убагы келип калган.

Катчынын кабинетине мал чарба бөлүмүнүн башчысы менен өндүрүш бөлүмүнүн башчысы кирет.

– Бул емине деген кеп! Бүгүн мага машине тийеби жокбу? Мен материалды азыр берүүгө тийишмин – деп мал чарба бөлүмүнүн башчысы арыздана кетти.

Бул екөөнүн жаңжалы да бүттү. Машина мал чарба бөлүмүнө тийди.

Ешик акырын ачылат. Көз айнекчен узун бойлуу киши кирет. Ал туура катчыга келип:

– Ең зарыл токтом келди. Машинанын бардыгы бош емес. Бүгүн беребизби – жокпу? Кол менен жазып үлгүрө ала турган емесмин – деп таарынган кишидей алып келген токтомун катчынын алдына койуп, өзү бир четке чыгып отурат.

– Балдар бүгүнкү газетта чыккан кабарлардын еелерин толук жазып беришкен жок, еми дагы чатак болот, – деп жооптуу катчынын жардамчысы гонорар койулуучу газетти алып келип үстөлдүн үстүнө койду.

Аңгыча болбой телефон шыңгырайт.

– Емине?

– Материал.

Редаксийанын материал ташуучусу дагы төмөн түшөт.

Ешик акырын ачылат. Еч ким көрүнбөйт. Бирок кандайдыр бир сары жыгач көрүнөт. Аңгыча болбой сакалы алынбаган, арык чырай киши бир нерсени колтуктап кирип келет. Бул – редаксийанын сүрөтчүсү. Ал кирер кирбестен еле:

– Жолдош жооптуу катчы, албетте сиз тилдерсиз. Бирок мен айыптуу емесмин. Билесизби, мен кечетен бери үйүмү көчүрүп, колум такыр тийген жок. Бир аз кечигип калдым. Кечирип койуңуз. Анын үстүнө бүгүн менин материалдарым жаман, спирт жетишбейт.

– Емне үчүн андай? Кече еле жарым литр спирт албадың беле?

Сүрөтчү унчукпайт! Бир аздан кийин:

– Анда мен азыр барып, бир сааттан кийин ең сонун сүрөттөр тартып келейин, – деди да чыгып кетет.

Катчынын артындагы коңгуроо шыңгырайт. Бул редактордун чакырып жатканы. Катчы кирет.

– Материалдар берилип бүттүбү?

– Жалгыз гана партийа бөлүмүнүн материалы калды. Алар али келише елек. Саат үчтө бермек болгон.

Редактор өзүнүн жазган баш макаласынын ең акыркы жолун жазып бүттү да:

– Еми болду го. Баш макала болсо бар, башка бөлүмдөрдүн бардыгы толук. Партийа бөлүмүнүн материалы линатипте терилет. Еми барып тамак ичип келиш керек, – дейт да ордунан турат.

* * *

Саат алты. Катчынын кабинетине кашка баш, сакалы өскөн чоң киши кирет. Анын колунда бүгүнкү терилген материалдар, бир жак колунда материалдардын жолун өлчөй турган сызгыч. Колтугундагы папкеде шагыраган клише.

– Макет түзөбүзбү жолдош катчы дейт да орундукка отурат.

Макет түзүлө баштайт. Чыгаруучу түзгөн макеттерди жыйнап алат да басмаканага түшөт.

Редактор кабинетинде. Ал бүткөн биринчи бетти карап чыгат. Аңгыча болбой телефон шыңгырайт.

– Шашылыш материал бар екен. Ертеңки номурга кандай да болсо чыгууга тийиш. Котормочулар барбы?

Болбосо азыр чакыртыш керек.

Редаксийанын кечки үй коргоочусу чоң кепичин сүйрөп, котормочуларды чакырууга кетет. Катчы басмаканага телефон берет.

– Жаңы материал келет, екинчи бетти кайрадан бузуу керек.

Аңгыча болбой чыгаруучу акактап катчыга чуркап чыгат.

– Канча жол болот екен? Деги бир күн тынч иштебей турган болдук го. Азырак бер десеңерчи, деп башын кашый-кашый кайра чыгат.

Беттердин бардыгы бүттү. Еми ертеңки номурдун материалдары жөнүндө сөз башталды. Дагы телефон шыңгырайт.

— Пахтанын сводкасы келиптир. Менин ойумча ертеңки номурга чыгышы зарыл, — дейт да, редактор катчыга карайт. Катчы болсо башын ийкеп, макул болот. Бир кезде:

— Емине кылабыз, тергизели, деп кайра басмаканага телефон берет.

Түнкү саат онеки. Редактор ең акыркы бетти төмөн жиберип, бир аз керилип бой жазат.

Саат бир. Ертеңки номурдун материалдарынан анча-мынчасы иштелди. Линатипке 700 жол материал да берилди. Еми үйгө кетүүгө болот.

Телефон дагы шыңгырады.

– Шашылыш телеграм бар екен.

Ертеңки газетке чыкпаса болбойт.

Кайтадан отурууга туура келди. Басмаканага дагы телефон берилди. Бүткөн иш кайта созулду. Телеграм которулуп, тийиштүү бетке койулуп бүткөнчө саат үчкө жакындап калды. Ең акырында редактор жана катчы басмаканага түшөт. Беттер бүткөн. Стеротип сехинде куйулуп бүтүп, рататсийага берилди. Еми газет басыла баштайт. Ертең миңдеген кишилер бүгүнкү жана кечки жаңылыктарды окушат.

Карим РАХМАТУЛЛИН, “Кызыл Кыргызстан”, 1936-жыл, 5-май

“Кыргыз туусу”, 31.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий