Шамиль Дыйканбаев, Кыргыз улуттук академиялык театрдын башкы режиссёру: «Ачыгын айтканда, кыргыз режиссёрлору жалкообуз»

– Шамиль мырза, Улуттук театрга башкы режиссёр болгонуңузга да 3 айдын жүзү болуп калыптыр. Сиз келгенден бери кандай иштер аткарылып, кандай иш пландардын үстүндө иштөөдөсүз?

– Албетте, аз убакыттын ичинде тигил же бул жумушту жасап салуу мүмкүн эмес. Биринчи кезекте өзүмдүн бир жылдык иш планымды иштеп чыгып коллективге сунуштадым. Буйруса, кабыл алынды. Тактап айта кетсем, ушул сезондо 3 чоң жаңы спектакль чыгарышыбыз зарыл. Сентябрдан баштап көптөн бери коюла элек «Алдар көсөө» спектакли Марат Козукеевдин режиссёрлугу астында коюла баштады. Өзүм болсо швейцариялык драматург Фридрих Дюрренматт «Картаң айымдын визити» аттуу пьесасынын үстүндө иштөөдөмүн. Декабрь айында көрүүчүлөргө тартуулоонун алдында турабыз. Жаңы спектаклдер да жок эмес, жаңы жылдан кийин жаш көрүүчүлөргө арналган жомок койгону турабыз.

– Репертуар жөнүндө сөз козгоп калдыңыз, менин байкоомдо Улуттук академиялык статусту алган театрда улутка тиешелүү болгон тарыхый, эпикалык спектаклдерге караганда котормолор көп коюлат. Мунун себеби эмнеде?

– Мен антип айткандан алысмын. Себеби, биздин репертуардык тизмени алып карасак котормолорго караганда «Манастын уулу Семетейден» тартып, «Курманжан Датка», «Чыңгызхандын ак булуту» ж.б.у.с. улуттук драматургия көп коюлат. Биз репертуарды түзөөрдө ушуга абдан көңүл бурабыз. Улуттук театр болгондон кийин улуттук драмалар, андан кийин котормолор, анан заманбап пьесалар коюлушу абзел.

– Жогоруда балдарга арналган жомок койгону жатабыз деп айта кеттиңиз. Жаш көрүүчүлөр үчүн куурчак, жаштар театрлары бар эмеспи. Улуттук театрдын жомокторду коюшунун эмне зарылчылыгы бар?

– Улут деген бул жалаң эле чоң кишилер эмес. Ар бир театрдын өзүнүн көрүүчүсү болушу абзел. Театрдын репертуардык саясаты ушундай. Биз өзүбүздүн көрүүчүбүздү тээ бала бакчадан баштап тарбиялап келишибиз керек. Анткени, бала бакчадагы баланы Манастын уулу Семетейге алып келе албайбыз да.

– Ошол көрүүчүлөрүңүздөрдү куурчак, жаштар театрлары даярдап берет да. Сөзсүз түрдө ар бир театр өз көрүүчүсүн даярдашы шартпы? Улуттук театрдын милдеттери, багыты башка эмеспи дегеним.

– Албетте, алар да даярдаш керек. Жомокторду бир гана Жаштар театры же Куурчак театры эмес, ошол эле орус театры, Учур, Чүй театрлары да коюшу керек. Биз мындан зыян тартпайбыз. Ар бир өзүнү сыйлаган театрда кичинекей көрүүчүлөргө арналган спектакль болушу абзел. Бул жалгыз эле менин пикирим эмес. Европанын, Россиянын театрлары да ушундай саясат менен иштешет.

– Ошол эле мезгилде бизде режиссёрлордун жетишсиздиги айтылып келет. Негизи эле режиссёрлор жетишсизби же профессионал режиссёрлорубузбу?

– Туура, учурда Кыргызстанда режиссёр жетишсиз. Бүгүнкү күндөгү режиссёр таланттуу болгондон сырткары профессионал болушу керек. Анткени, азыркы мезгил билимди талап кылган заман. Режиссёрдо биринчи кезекте талант, композициялык сезим болушу зарыл. Ал ар кандай трупа менен иштейт. Профессионал актёрлор менен профессионалдуу тилде сүйлөшүшүң керек. Албетте, режиссёрлук кесипти аркалабаса да профессионал актёрлордон чыккан мыкты режиссёрлор тарыхта бар. Кээ бир режиссёрлор, өзгөчө кинодо эч кандай билим албай эле практикадан үйрөнүп алгандар көп. Мисалы, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаровдордун режиссёрлук билими жок. Булар кино тартканга чейин канча жолу киносъёмкада жүрүшкөн. Сөзсүз эле окуп диплом алып эмес, практика жүзүндө үйрөнүшкөн. Театрда деле ошондой, актёр болуп иштеп, театрды ичинен аралашып түшүнүп чоң режиссёрлордон кем калбагандар бар.

– Режиссёрлорду бир гана искусство институтунда даярдайт. Институттан мыкты режиссёрлор чыгып жатабы, же сөзсүз четтен бүтүп келиши керекпи? Сурайын дегеним, мыкты режиссёрлорду даярдаганга бизде мүмкүнчүлүктөр барбы?

– Мен деле ошол жактан бүтүрүп анан Москвадан окуп келдим. Баары бир бул жак менен Москванын айырмасы чоң. Ал жакта театрлар көп мыкты мен-мен деген режиссёрлор менен сүйлөшөсүң. Бизде болсо 2-3 театр менен эле чектелип калабыз. Анан дагы ачыгын айтканда, кыргыз режиссёрлору, студенттери жалкообуз. Эртең бүтүрүп коём да, окуп коём да деп жүрүп 5 жыл өтүп кеткенин байкабай калат.

– Ошондо бизде мыкты режиссёрлорду даярдоого шартыбыз жокпу?

– Искусство институтунан мага чейин бүткөн мыкты режиссёрлор Назым Мендебаиров, Казакстандын Жамбыл театрында иштеген Камат Касенов, Нарын театрында иштеген Шамбет Мендебаировдор бар. Бирок андан кийин акыркы 3-4 жылдын ичинде кыйын чыккан режиссёрду көрөлекмин. Менин бүткөнүмө да 8 жылдын жүзү болду, андан бери театр режиссёру чыгалек. Негизи драмалык режиссёрлукка караганда кинорежиссёрлукка кызыккандар көп. Себеби, кино театрга караганда модалуураак болгондуктан эл көп барат. Ошон үчүн жаштар батыраак таанылып кеткиси келип, киного көп кызыгышат.

– Кино тармагы да акыркы 6-7 жылдан бери жанданды. Канчалык тартылган кинолордун саны көбөйгөн сайын, сын-пикирлер да көп айтылып жатат. Сиздин оюңузча элдин талабына жооп берген тасмалар жаралып жатабы?

– Менин оюмча искусствонун башка милдети бар. Искусство бул көркөм образ аркылуу өзүнүн көрүүчүсү, угуучусу, окурманы менен канчалык бир деңгээлде диалог түзүп турушу зарыл. Анан чыгып алып ай муну мындай кыл, тигини минт деген искусствону мен жаман көрөм. Аны пропагандалык искусство дейт. Бүгүнкү күндө кино да массалык жана автордук болуп экиге бөлүндү. Албетте, массалык кино дайыма алдыда болот. Мисалы, азыр «Курманжан Датка» тасмасы боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Менин оюмча ал тасма жакшы, сапаттуу, профессионалдык деңгээлде тартылган массалык кино. Элдин патриоттук сезимин ойготуучу, үндөөчү функциясы бар. Ошол эле Актан Арым Кубаттын «Свет аке» тасмасы таза чынчыл кино деп ойлойм. Ал массалык аудиторияга арналып тартылган эмес. Бирок, режиссёр өзүнүн ойлорун көрүүчү менен сүйлөшүү үчүн ортого салган. Темир Бирназаров, театрдан чыккан Нурлан Абдыкадыров, Марат Сарулулар да ушул багытта иштейт. Алар биринчиден өздөрүн алдап тигиге же буга жаксын деп тартпайт.

– Айтсаңыз, тартылган тасмалардын ичинен эң мыкты дегени барбы же бири-бирине салыштырмалуу гана мыкты болуп калып жатабы? Сиз өзүңүз кандай тасмаларды көрөсүз?

– Негизи кинону баш менен түшүнүш эмес, жүрөк менен кабыл алыш керек. Менин оюмча элдин эстетикалык табитин да өстүрүш зарыл. Албетте элдин табитин мыкты кинолор менен гана өстүрө алабыз. Чынын айтканда, кино театрларда коюлуп жаткан «Бирдеме салкын», «Күйөөгө чыгам» анан «Үйлөнөм», «Арманым» деген сыяктуу тасмаларды көрбөйм. Андан көрө аларга убактымды, акчамды короткончо интернеттен дүйнөлүк шедеврлерди көргөнүм жакшы.

– Коммерциялык багыттагы кинолор элдин табитин бузуп жаткан жокпу. Аларга кандайдыр бир чектөө койсок болбойбу?

– Аларды биз тартпа десек эле тартпай койбойт. Мисалы, совет мезгилинде «Бакайдын жайыты», «Караш-караш» сыяктуу жүздөгөн кинолор тартылган. Ошону бүгүн дагы кайра-кайра көргүн келет, тажабайсың. Башкача айтканда, таза, мыкты, профессионал искусство өзүнүн көрүүчүсүн табат. Ал театр, кино болобу, сүрөтчүлүк, адабият болобу табат. Азыркылар акчасы барбы тарта берсин, убакыт өзү электен өткөрүп коёт.

Парахат Шукурова, «Де-факто», 04.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий