Максат Жангазиев

1992-жылы 2-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында жарык дүйнөгө келге.

«Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. «Калемгердин пегасы» адабий конкурсунун баш байге ээси,

Алгачкы «Жүрөк үнү» аттуу ыр жыйнагы 2014-жылы жарык көргөн.

 

Максат Жангазиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Максат Жангазиев: “Өзүм ыраазы боло тургандай ыр жаза элекмин”

 

Ырлар

ТАТТЫБҮБҮ

(Кыргыздын кымбат адамы Таттыбүбү Турсунбаева
эжекебиздин жаркын элесине арнаймын)

Ак куу дешет далай жандар көркүңдү,
Ай ким билет куулар сүзгөн көлсүңбү..?
Көрөр менен кыйын алгач сүрөттөш,
Көзүңдөгү күйүп турган өртүңдү…

Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
«Ал Күн!» дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
«Ак куу, Күндөн артык Ай!» дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет..?

Сыйкыр бардай арбап алып гүл өңү,
Сен сыяктуу Ай да, Күн да күлөбү..?
Сулуу деген сендей болот чынында,
Сулуу болгон жүзү дагы жүрөгү…

Кең дүйнөнүн көкүрөгүн жаралап,
Кеттиң эрте «ак булутту аралап».
Сезимдерге өчпөс жалын тутанткан,
Сендей жандар элде сейрек жаралат…

Аттиң мейли келбес күнгө аттанба,
Айландың ээ айтып бүткүс дастанга.
Сулуулуктун символусуң талашкыс,
Суктандырган нурдан артык ак таңда…

Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
«Ал Күн!» дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
«Ак куу, Күндөн артык Ай!» дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет..?

 

МАКСАТЫМ…

Бала кезде: «Кубат топтоп билимден,
Барктуу акын болом — дегем — кийин мен!»
«Ак сүйүүңө жетпе анда — дейт сынчы,
Акын болгуң келсе чындап дилиңден!»

Ооба анда жакшы ой дилге түнөткөм,
Ой деп, ыр деп канча уйкусуз түн өткөн.
«Мыкты саптар консун десең багыңа,
Махабатың учур — дейт ал жүрөктөн…»

Эми минтип тапкан кезде ашыгым,
Эх сынчы дос, шулбу айткан ачыгың?
Арзуумдан мен айрылаарым эстесем,
Акын болгум келбей кетти катыгүн…

Ах кыялдар… үбөлөндү күкүмдөй…
«Акын болом» депмин көптү түшүнбөй…
Дүкүлдөгөн жүрөгүн таап жердин да,
Дүйнө сырын билгим келген бүтүндөй…

Мейли ар ким каалагандай какшасын,
Мен сүйүүгө жетүү — бийик максатым!
«Акын болбой калдым эх» деп кейибейм,
Алган жарым төрөп берсе жакшы акын…

Аткарылды деп билээрмин максатым,
Арзыганым «белек кылса» жакшы акын….

 

ѲПСҮН МЕЙЛИ ЭНЕКЕҢ…

Бүт эркимди сага байлап койгондой,
Бир мүнѳт да коё албаймын ойлонбой…
Азабымды билдиң бекен бул түндѳ,
Же уйкуда жатасыңбы ойгонбой…?

Мээрим чачкан элесиңден күчтѳнүп,
Мен ыр жазсам, түн уйкумду үч бѳлүп…
Жаздыгыңа тѳгүп а сен нуруңду,
Жаттың экен кайсы жанды түшкѳрүп…?

Аябаса мээримин тѳккѳн күлкүсүн,
Анан кимдер сүйгѳн жандан чүнчүсүн…?
А мен сени Айдан дагы кызганам,
Сугу түшүп калабы деп түнкүсүн…

Ошол гана мендик кѳңүл чѳккѳнү,
Кызганычтын сырын билбейт кѳптѳрү…
Ѳзѳгүмдү ѳрттѳп кетет чын айтсам,
Менден мурда Күн жүзүңдү ѳпкѳнү

Ѳзгѳлѳргѳ «кадамыңды ченесем »,
«Ѳздүк кылган бул кандай жан?!» дебе сен!
Ѳргѳ барчу бириккенче жолубуз,
Ѳпсүн мейли сени тууган энекең…!

Ак жоолукту салгычакты башыңа,
Атаң менен ѳпсүн жалгыз энекең…!

 

БИЛДИРҮҮ ЖАЗЫП ТУРЧУ…

Карап күндө көз тойбос сүрөтүңдү,
Ой-санаага жеңдирем мүнөтүмдү…
Анан жазам билдирүү адатымча:
“Кандай эркем? Жакшы эле жүрөсүңбү?!”

Дабалап көп жүрөктү данек кебиң,
Дарак болду сезимге дан эккениң…
Билем азыр окуду билдирүүмдү,
Күлмүңдөгөн, супсулуу каректериң…

Бакты болуп жаралсаң мага атайын,
Башкаларга ээ кылбай, талашайын…
Деп ойлонуп болгончо жообуң келет:
“Мен жакшымын! Сиз кандай агатайым?!”

Секелегим, сезимтал, асыл жаным,
Сезим жактан сөз болсо жашырбагын…
Билдиңби сен жөнөкөй билдирүүдө,
Бийик тоодой сүйүүмдүн катылганын…

Жолдор жакын болгуча, ардактаарым,
Бөлөк жанга колуңду карматпагын!
А көрөкчө билдирүү жазып турсун,
Апапакай, быйтыйган бармактарың…

Күндө мага билдирүү жазып турсун,
Көөнүм сүйгөн, апакай бармактарың…

 

ЧӨНТӨГҮМӨ БАКЫТ САЛЫП БАРАТАМ…

Сени көздөй жолго чыктым бүгүн мен,
Сезимдердин баарын алып кучактап…
Кыя жолдор көз алдымда кыскарып,
Кыялдар оов ал-ансайын учат бат…

Кучак толо сезимдердин ичинде,
Кубат болор жылуу мээрим көрүнөт…
Эх жана да жашырбастан айтайын,
Эңсөө менен сагынычым көбүрөөк…

Арасында сезимдердин үлбүрөп,
Аруу үмүт бар сүйүү отун жандырар…
Билинбестен, түйшүк болуп анан да,
Бир аз куса, бир аз, бир аз кайгы бар…

Дегдеп көңүл а сен күтсөң керек ээ,
Деги кандай белек бар деп татыктуу…
Чөкпөй турсун көөнүң, эркем… башкысы,
Чөнтөгүмө салгам сендик бакытты…

Чаң жугузуп албайын деп, кастарлап,
Чөнтөгүмө салып алгам бакытты…

 

ЖҮРӨГҮМ ЭКӨӨ БОЛГОНДО…

(азил-чыны аралаш)

Бир болгон үчүн жүрөгүм,
Бирөөнү жандап жүрөмүн.
Билдирип ага арзуумду,
Бирөөнү гана сүйөмүн.

Ээси бар демек санаамдын,
Эх сүйүү жактан сараӊмын.
Мунумдун баарын билсеӊ да,
Мени не сүйдүӊ каралдым?

Салсам да суроо эсиӊе,
Сүрдөйсүӊ айтпай бетиме.
Көздөрүӊ гана үн катат,
«Арзуумда менин не күнөө?»

Бир сезим катып, мага бат,
Билдируу жазсаӊ «агалап»,
Азапты тартам сенден да,
Ар тамгаӊ көнүл жаралап.

Жолдобойм жооп да, жемемди,
Жолугар жигит мен өӊдүү.
Тартылып алтын сөзүӊө,
Таарынткым келбейт жеӊеӊди.

Алалбай үзүп үмүтүӊ,
Азапты тарттыӊ күнү-түн.
Ажарлуу, ачык карындаш,
Азайып барат күлүшүӊ.

Бар санаам менин толгондо,
Батамын мындай ойлорго:
Жашатып алмак экемин,
Жан дүйнөм экөө болгондо…
Жүгүртпөй сүйүп алмакмын,
Жүрөгүм экөө болгондо…

 

КҮЛЧҮ, АПАКЕ!

Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды,
Ырасында билбейм пайда табамбы.
Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи,
Доктур болбой, «акын» болгон балаңды.

Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң,
Турмушумда баарын сизден үйрөндүм.
Бирок сиздей асыл адам боло албай,
Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн!

Мен кыйналсам, көздөн сыгып ачуу жаш,
Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас.
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын,
Менин кылар миң мээнетим татыбас.

Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң,
Башка сиздей данакерлик кылат ким?
Сиз бар үчүн Жер огунда айланып,
Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн.

Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп,
Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп,
Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке,
Аалам өзү кетет мага жок болуп!

Күлчү, апаке, ошол бакыт, керемет!
Күлкүңүздөн жазга айланат төгөрөк!
Азабыңдын актабасам бир күнүн,
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп!
Мээримиңдин актабасам ирмемин,
Мен алдыңда өтөйүнчү чөгөлөп!

 

* * *

Толукталып биздин дүйнө кемиген,
Ыраактадык бойдоктуктун чегинен,
Жаратканга шүгүр айтып миң ирет,
Жалгыз сезбейм өзүмдү өзүм эми мен…

Кайыл болуп, тиги, буга, ага да,
Карапайым экениме караба.
Биз экөөбүз сапар тарттык алыска,
Бир дөңгөлөк сүйрөй албайт араба…

Тоодой кутка маарып ыйык төрүбүз,
Толукталсын бардык боштук кемибиз.
Бирдей согуп бакыт күткөн кош жүрөк,
Бир денеге айланабыз эми биз.

Жашоо сыноо, ал алтургай саналуу,
Бирибизди барктап сыйлап алалы.
Тарбиялап сендей жакшы кыздарды,
Тапсак экен менден артык баланы!

 

УШАК

Ушак сөздү карга жазгын эрисин,
эрип кетсин аралабай эл ичин.
Эрдемсинип оозду ачпай койгон оң,
элдештирбей душман кылаар кеп үчүн.

Укса бирөө көңүлүнө тийүүчү,
ушак сөздү отунга жаз күйүүчү.
Жан үшүткөн суук сөздү отко жак,
жок дегенде жылып калсын үй ичи.

Ким… бирөөнү жамандаган убакта,
кыт куюлуп калса эмне кулакка.
«Арт жагымдан сүйлөгөндөр артым да»,
деген сөздү угуш деген уят да!

Ошол үчүн ойлонолу келгиле?

 

ДАГЫ БАКЫТ ЖӨНҮНДӨ

Мен бакыттын көргөн жокмун келбетин…
Чындап анын кандайлыгын билбедим…
Билгеним бул: бирок анын дайыма,
Туям жазбай, мени жандап жүргөнүн!

Мен бакыттын өңүн деле көрбөдүм…
Балким шумдук, түркүн түскө кубулат…
Бирок анын сезем демин жаңылбай,
Жүрөк соксо, бирге коштоп, угулат…

Баасы төмөн…Чакчелей заманам…
Бактысыздар сынай карап жашашат…
Басмырланып өчөт дешкен күндөрдө,
Ошол бактым сүйөп, таяп жашатат…!

Укпайт алар сыбызгыган бакты үнүн…
Кереметти туйбайт алар кенебес.
Башкаларга мындай чакта сөз болуп,
Бактысыздай көрүнгөнүм кеп эмес!

 

* * *

Болот учур жеңген дагы, жеңилген,
Үзүлбөсө үмүт бир күн акталат…
Бир жыгылып, кайра турган жериңден,
Жаңы жаңы ийгиликтер башталат…

 

* * *

Мейли менин кандай болсун кечээгим,
Мезгил күтпөйт, алга гана кетемин…
Аман болсом далай жазам сүрөттөп,
Анык бакыт кандай нерсе экенин…

Соц тармактар:

Добавить комментарий