Профессор Качкынбай Артыкбаев: Токтогул жана Калыктын бааланбай калган эмгеги

Бүгүнкү күндө тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси түрк тилдүү элдер арасында – эл аралык деңгээлде, Кыргызстандын булуң-бурчунда – республикалык алкакта шумдуктуудай белгиленип жатат. Иш чаранын жүрүшүндө ыр майрамдардан сырткары бир нече китептер, анын ичинде бүтпөй калган романдар дагы жарык көрө баштады. Булардын жарык көрүшү албетте жакшы нерсе, бирок алардын редколлегиядан өткөрүлбөй чыгып жатышы, такталбаган, ушак-айың деңгээлиндеги окуялардын дагы кирип кетиши мени өкүндүрбөй койбойт. Мисалга ала турган болсок, Аалы Токомбаевдин жазган китебинин айрым жерлери такыр чындыкка кошпойт. Кыргыз эли жаман нерсени айтса дагы сылык-сыпаа айтып көнгөн эле. Биз азыр «тактайм деп жатып – тантып, оңдойм деп баратып оңкобуздан кеткени жатабыз». Ушинтип жазып коюптур деп эле чыгара берген болбойт го деп ойлойм. Максат эле китеп чыгарышта эмес. Китептин тарбиялык, адеп-ахлактык мааниси терең болуп, улуттун, элдин, уруунун кадырына шек келтирилбеши керек.

Мына ушундай оңдоп-түзөөлөрдү жасайбыз, китептин үстүнө китеп чыгарабыз деп жатып, көптөгөн өнөр адамдарынын, окумуштуулардын көзү тирүүсүндө эмгектери уурдалып (башкача кантип атоого болот) келгендиги кашкайган чындык. Далил катары 1989-жылы жарыкка чыккан филология илимдеринин доктору, профессор Качкынбай Артыкбаевдин Токтогул Сатыгановго жана Калык Акиевге байланышкан макаланы сунуш этким келет (эскертүү: макалада Токтогул жана Калыкка байланышкан жерлер гана берилди – К.О.):

– «1989-жылы Токтогулдун туулган күнүнө 125 жыл толгондугуна байланыштуу чет мамлекеттерден, союздук республикадардан меймандар чакырылып, акындын юбилейи белгиленди. Кетмен-Төбө өрөөнүндө – Токтогулдун туулуп өскөн жеринде – акындын музейи ачылды. Мүрзөсү, турак үйү жаңыртылды. Салтанаттуу чогулуштар Фрунзеде, Москвада өткөрүлдү. Эң негизгиси – Токтогулдун чыгармаларынын 1964-жылы даярдалып басылган эки томдугу кайрадан жарыяланды.

Бирок ушул эки томдукту кайрадан жарыялоодо кеткен эң орчундуу бир олдоксондукту бул жерде атайы эскерте кетүүгө туура келет. Бар болгону – мурдагы (1964-жылкы) эки томдукка кирген айрым ырлар алынып ташталып, мурдагы эки томдуктагы ырларга берилген «түшүнүктөр» бул саам «комментария» деген сөз менен алмаштырылыптыр. Ошентип, эч кандай иш жүргүзбөгөндүктөрүнө карабастан 1989-жылы чыккан эки томдуктагы редколлегияга жаңы адамдар киргизилип, мурдагы 1964-жылкы эки томдукту мээнет менен чыгарышкан редколлегия мүчөлөрү Т.Сыдыкбеков, С.Закиров, К.Артыкбаев бул жолку эки томдуктагы тизмеден сызылып ташталыптыр. Албетте, эгерде 1964-жылкы эки томдукту чыгарууда тиешелүү эмгек жумшалбаса, анда аларды сызып таштаса боло бермек. Ал эми тиешелүү эмгек жумшалса, алардын бакырайтып туруп эле, бирөөлөрдүн эмгегин өзүнө ыйгарып алууга болобу? Тилекке каршы, бул эки томдук ушундай этибарсыздык менен жарыяланып кеткен.

Сөз кургак болбос үчүн, 1964-жылкы эки томдукту чыгарууда канчалык чоң текстологиялык иш жүргүзүлгөнүн элестетүү максатында эми айтылган пикирди фактылар менен бекемдөөгө өтөйүн. Албетте, алардын баарын айтып олтуруу мүмкүн бобогондуктан жана антип олтуруунун зарылдыгы деле жоктуктан, бул жерде кээ бир урунтуу фактыларга гана токтолуп өтүүнүн өзү деле канча мээнет жумшалдыгын элестетүү үчүн толук жетиштүү үчүн толук жетиштүү болот го деп ойлойм…

…Токтогулдун чыгармаларын жарыялоодогу мурда (1950-1956-жылдары) кеткен кемчиликтердин эң башкысы деп акындын мурастарына жазып берген анын шакирттеринин жана кайсы бир адамдардын эбегейсиз зор эмгектерине болгон адилетсиз мамилени көрсөтүүгө болот. Чынын айтуу керек, Токтогулдун өзү менен жүрүп анын көп чыгармаларын үйрөнүп калган шакирттери болбогондо, балким анын мурастары бизге бүгүнкүдөй эбегейсиз зор улуулугу менен жетет беле, ким билет?…

Токтогулдун чыгармаларын жазып берген шакирттери жана замандаштары көп. Биз алардын баарын санап олтурбайбыз. Бир гана орчунду мисалды – атактуу акын Калык Акыевдин эмгегине карата болгон адилетсиз мамилени байкап көрөлү.

Токтогулдун мурастарын жазып берген шакирттеринин арасында атактуу акынг Калык Акыев өзгөчө орунда турат, анткени ал эс тартканы Токтогул менен бирге жүрүп, таалимин алып, ырларын үйрөнүп, анын идеалык, көркөмдүк жагынан турган негизги чыгармаларын бүт бойдон жатка айткан адам катары бизге жеткирген… 1940-жылы чыккан Токтогулдун эки томдук жыйнагынын экинчи тому да негизинен Калык жазып берген материалдардан түзүлгөн. Ошондуктан ал жыйнак «Токтогулдун ырлары жана Калыктын эстеликтери» деп аталып, ага бүт бойдон Токтогулдун мурда жарык көрбөгөн жаңы чыгармалары киргизилген. Ал эми жыйнактын биринчи томуна болсо, негизинен Калыктын 1938-жылы жыйнап жарыкка чыгарган материалдары топтоштурулган. Ошентип, Токтогулдун негизги чыгармалары 1940-жылы чыккан эки томдугуна жарыяланган. Мындан тышкары Калык Токтогулдун «Кедейкан» поэмасын жазып берип, жарыкка чыгарган. Ал бүгүнкү күнгө чейин Токтогулдун жыйнактарында басылып келе жатат. Кыскасы, Токтогулдун негизги мурастарын жыйнап берүүдө Калыктын эбегейсиз зор күч жумшагандыгын эч качан жашырып-жабылбай турган чындык.

Бирок, ошол эле 1940-жылкы Калыктан жазылып алынган жыйнагы толук киргизилгендигине карабастан, эч бир жерде Калыктан жазылып алында деп (ошондой эле жазып бергендер да) эскертилбеген. Анткени бул томдо комментарийлер берилбеген. Ал эми кириш сөздө Токтогулдун чыгармаларын жыйноо жөнүндө бир ооз сөз да айтылбайт. Буга кошумча – бул биринчи томдо 1938-жылы жарык көргөн Токтогулдун ырларын туш келди темаларга бөлүү жана хронологиялык чар-жайыттыкка ыйгаруу кемчиликтери орун алган. Алсак, 1938-жылкы жыйнакка чыккан «Токтогулдун Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен ырдашкан» деген көлөмдүү бир ырдын ичинен келки-келки строфалар бөлүнүп алынып, 1940-жылкы биринчи томго «Буурул болуп карыдым» (1938-жылкы жыйнакта 42-44-бетте, 1940-жылкы жыйнакта 124-126-бетте), «Эзилдим шумдук заманда» (1938, 45-49; 1940, 129-132), «Балам жок» (1938, 54-56; 1940, 127-128), «Экинчи айдаларда» (1938, 57-58; 1940, 188-189) деген ат менен өзүнчө ырга айландырылып басылган. Ушул эле ырдан жыйырма эки сап алынып (1938, 56-57) 1940-жылдагы басылышта жарыяланган, «Жерди көргөндө» деген ырдын аягына кошулган…

…мына ушул жагынан алганда 1938-жылы жарыкка чыккан Токтогулдун жыйнагындагы «Токтогул менен Эшмамбеттин ырдашканын» жана акындын «Терме ырларын» биз жогору көрсткөндөй бөлүп-жарбастан, бир бүтүн чыгармалар катары жазып берип, ыраматлык Калык Акыев жакшы иш кылган. Бирок, ал жакшы башталма кийинки жыйнактарда улам такталуунун ордуна, кайра тескеринче, ого бетер бузулуп кеткен. Эмне үчүн Калыктын тирүү кезинде ал өзү 1938-жылы жазып берген Токтогулдун бир бүтүн чыгармалары 1940-жылкы басылышта бөлүндү-жарынды болуп кетти? – деген суроого азыр жооп табуу кыйын (Ал гана суроо эмес, 1940-жылы Калык Акыев өзү тирүү турган, күч-кубаты деле жетиштүү мезгил экен. Эмне себептен өзү унчуккан эмес? Эмне үчүн бул суроолорду ал өзү берген эмес? Же ошол кездеги идеологиянын күчү буларга себеп болгондур? Айтор суроолор өтө көп. – К.О.). Бирок ал кемчиликтер 1950-жылкы жыйнакта, же эң кур дегенде 1956-жылкы Тил, адабият институту тарабынан сунуш кылынган жыйнакта түзөтүлгөндө болмок. Тескеринче, ал жыйнактарда 1940-жылкы чыккан 2 томдугундагы Токтогулдун Калык тарабынан топтоштурулган чыгармалары туш келди бөлүндү-жарындыларга дуушар болуп, кайсы бир ырлардын Калык айтып берген чыгыш кырдаалдары окуучуларга түшүнүксүз бойдон жарыяланган.

Ошентип 1950-56-жылкы жыйнактарды жарыялоодо кеткен эң башкы кемчилик – Калыктын эстеликтерине тийиштүү 1940-жылкы чыккан эки томдогу «Токтогул менен Калык» деген бири-биринен ажырагыс бир бүтүн циклдин бузулуп, кыскартылып, хронологиялык ажыратууларга ой келди бөлүнүп, бири-биринен алыс турган башка-башка аттагы чыгармаларга айландырылгандыгында жана комментарийлерди түзүүдө Токтогулдун ырларынын кимден жазылып алынгандыгы, кандайча кырдаалда ырдалгандыгы сыяктуу көп суроолорго толук жооп берилбегендигинде.

Айрыкча, Калык Акыевдин жазып берген эмгегин баалоодо бул жыйнактарда илимий принципке карама-каршы туруучу ээн баштыктарга жол берилип, көпчүлүк ырлардын Калык тарабынан жазылып алынгандыгы көмүскөдө кала берген. Мисалы «Көчөдө өлчү күнүмбү?» деген ыр жөнүндөгү 1956-жылкы жыйнактагы комментарийде: «1940-жылдагы Токтогулдун жыйнагында… басылган» – деп жазылган. Ал эми чындыкта бул ыр 1938-жылкы жыйнакта «Түрмөдөн кайтып келе жатып айтканы» деген ат менен жарыяланган. Ырас, кийинки жыйнактарда бул ырга анча-мынча жаңы куплеттер киргизилип, аты «Көчөдө өлчү күнүмбү?» болуп өзгөртүлгөн. Комментарийге ишенсек, бул ыр 1938-жылы чыккан жыйнак жана ал жыйнакка киргизүүдөгү Калыктын эмгеги унутулган бойдон калмак.

Же болбосо, биз жогорудагы айткан «Балам жок» деген ырды алалы. 1956-жылкы жыйнактагы комментарийде бул ыр жөнүндө «Туткундан келгенде жалгыз баласы Топчубайды жоктоп ырдаган. 1940, 1950, 1954-жылдары чыккан жыйнактарга киргизилген» – деп жазылган. Буга ишенсек, кайрадан дагы 1938-жылкы жыйнакты жана андагы ошол «Балам жок» деген ырдын куплеттерин бүт бойдон ичине камтыган «Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен ырдашканы» деген ырды (55-56-беттерде), ошондон эле жазып берген Калыкты эстен чыгарган болор элек. Мындай туура эмес комментарийлер 1956-жылкы жыйнактагы «Эзилдим шумдук заманда», «Курдаштын көөнүн билип өт» сыяктуу бир катар ырларга жана «Кедейкан» поэмасына да (анын Калыктан жазылып алынгандыгы айтылбай көмүскөдө калган) берилген. Албетте, анын баарын санап отуруунун кажети жок. Иштин мындай абалда болуп келгендигин жогорку мисалдар да толук элестете алат.

Жогоруда биз «Токтогул менен Калык» деген айрым кемчиликтерине карабастан негизинен туура топтоштурулган циклдеги (1940, экинчи томдогу) Токтогулдун чыгармаларынын 1950, 1956-жылы чыккан жыйнактарда ээн баштык менен бузулуп, илимий принципке карама-каршы түрдө жарыяландыгын эскерттик. Эми ушул жөнүндө бир азыраак айтып көрөлү.

Биринчиден, бул мазмун жагынан бири-биринен ажырабай туруп турган цикл ырлар эмнегедир жыйнактын бөлөк-бөлөк жагынан орун алып, бөлүндү болгон. Экинчиден, бир эле окуяга байланыштуу ырдалган ырга эки бөлөк ат коюлуп, эки башка ыр болуп берилген. Натыйжада, бир цикл өзүнүн күчтүү маанисин басаңдатып, Токтогулдун устаттык ролу, гумандуулугу жана окуянын кырдаалына карата бетке айткан чынчылдыгы аябай эле бөксөрө түшкөн. Анткени окуялардын кырдаалдарын баяндаган Калыктын түшүндүрмө көркөм кара сөздөрү ырлардын арасынан бүт бойдон кыскартылып калган. Ошого жараша ал кырдаал комментарийлерде толук айтылбастан, көпчүлүгү түшүнүксүздүккө айланган.

Мисалга, «Тегирменчинин үйүндөгү ырдын» циклин алып көрөлү. 1940-жылкы басылышында (эки томдо) бул ыр айрым бир өзүнчө ырларга бөлүнүп жарыяланганы менен, алар бири-бири менен Калыктын түшүндүрмө көркөм кара сөздөрү аркылуу бириктирилип, окуучуга толук түшүнүктүү бойдон жеткен болуучу. Ал эми 1956-жылкы жыйнакта ырлар арасында түшүндүрмө сөздөр бир жерде биротоло кыскартылып, экинчи бир жерде чала-чарпыт кыскартылып, комментарийлер да толук берилбей түшүнүксүзүрөөк болуп калган. 1940-жылкы басылышында Калыктын так ушул тегирменчи Жанаалынын үйүндө Токтогул менен ырдашканы айтылат. Токтогул элге учурашып, Сибирдеги өзүнүн башынан өткөн күндөрү жана Жанаалынын тегирменчилигин, усталыгын даңазалап ырдайт. Андан кийин Калыкты Жанаалы баш болгон бир тобу «Ырда, ырда» – деп жаалап калышат. Калык Токтогулга саламдашып ырдайт. Калык саламдашкандан кийин Токтогул ага ыраазы болуп, «Эртең кел» – деп чакырат, эртеси келгенде ага бир чапан берет. Муну 1940-жылкы жыйнактагы Калыктын өзүнүн түшүндүрмө сөздөрүнөн жана анын «Баскан жол» аттуу мемуарынан билебиз. 1950, 1956-жылкы жыйнактарда эмнегедир ал түшүндүрмө сөздөр кыскартылып, а түгүл «Саламдашуу ыры» да кирбей калган.

Андан кийин Токтогулду Сатар дегендин үйүнөн жолуктурганын эскертет. Ошол үйдө олтурганда Токтогулга бүркүтчү Мамыр, андан соң Айчаке балбан келип учурашып көрүшөт жана алардын мүнүшкөрлүгүн, балбандыгын Токтогул даңазалап өтүп, бир аз эс алып отура калганда элдин өтүнүчү боюнча Калык «Жокчулук» деген ырын ырдайт.

Токтогул Калыктын «Жокчулук» деген ырын уккандан кийин ага ого бетер ыраазы болуп, «эми балам, тилимди алып, мага кошулгун» – дейт. Калык: – «Карыган ата-энем бар, кетип калсам оокаттары өтпөй калат го» – деп тарткынчыктайт. Мына, ошондо Токтогул ага турмушта бирде адам ток болорун, бирде адам ач болорун эскертип келип, анан өзүнө чейин кыргыз элинде өткөн ырчылардын кандай турмушта жашап келгендигин, кимиси канчалык даражада ырчы экендигин Калыктын көз алдына даана элестетип ырдайт. Аягында:

Ажал жетип өлбөсөң,
Аш менен тойдун гүлүсүң, – деп, анын ырчылыгына жогору баа берет.

Демек, 1940-жылкы жыйнактагы Калыктын жогорку түшүндүрмө сөздөрүнөн кийин, биз толук түшүнгөн бүркүтчү Мамыр, Айчаке балбан жөнүндөгү Токтогулдун ырларын жана Калыктын «Жокчулук» деген ырын, ага жооп иретинде айткан Токтогулдун устаттык сөзүн эч качан бири-биринен ажыратып бөлүүгө болбойт. 1940-жылкы жыйнакта бул цикл ушундай бойдон Калыктын түшүндүрмө сөздөрү менен толук түрдө жарыяланган.

Ал эми 1956-жылкы жыйнактачы? Мында Калыктын түшүндүрмө сөздөрү бүт бойдон кыскарып, бүркүтчү Мамыр, Айчаке балбан жөнүндөгү жана Калык ырчыга карата ырдалган ырлар эч кандай байланышсыз өзүнчө ырлар катары басылган. Албетте, 1940-жылкы жыйнакты окубаган адам бөлөк-бөлөк жарыяланган ырлардан жыйынтыктуу түшүнүк ала албайт. Баарыдан да Калыктын «Жокчулук» деген ырынын 1950, 1956-жылкы жыйнактардан кыскарып калышын кечиримдүү деп эсептөөгө болбос эле. Эгерде Калык ошол сай-сөөктү сыздаткан «Жокчулугун» ырдабаса, Токтогул ага бир чети боор ооруп, бир чети кайрат берип шердентип, ырчылык өтө татаал жана ардактуу кесип экендигин, ал кесипти ырчылардын бардыгы тең эле таза сактай бербегендигин, жаш Калыктын көз алдында келтирип ырдамак да эмес. Мына ушул жагынан алганда Токтогулдун жооп ыры (ал ыр 1950, 1956-жылкы жыйнактарда «Калык ырчыга» деген ат менен бөлөк жарыяланган) менен Калыктын «Жокчулук» деген ыры ажыралгыс биримдиктеги чыгармалар.

Мында дагы бир нерсени айта кетүүбүз керек. «Тегирменчинин үйүндөгү ырда» Калык саламдашып ырдаганда Токтогул ага чапан берген болсо, эми Сатардын үйүндө ал Калыктын жокчулук жөнүндөгү ырын уккандан кийин ага аябай ыраазы болуп: «мени менен жүргүн…» – деп аны жолдош болууга чакырып олтурат. Мына ушундан Токтогулдун окутуучусу, устат экендиги, анын адамгерчилиги, гумандуулугу, кымбаттыгы, сезгичтиги дагы бир жолу окуучунун көз алдына кашкайып көрүнө калып жатпайбы? Ал эми ушул бир үйдөгү бир гана кырдаалга байланыштуу айтылган ырларды 1950, 1956-жылдагы жыйнактардагыдай ээн баштык менен башка-башка ат коюлган өзүнчө ырлар катары бөлөк-бөлөк бөлүп (мазмуну жагынан ажыралгыс «Жокчулук» сыяктуу ырды алып таштап) жарыяланганда Токтогулдун жогоруда биз санаган мыкты касиеттеринин ажары толук ачыла алабы?

Ушуга байланыштуу дагы бир мисалга кайрылалы. 1940-жылкы жыйнакта «Карымшак дегендикинде» деген ат менен дагы бир цикл ырлар жарыяланган. Анда Токтогул Калык экөөнүн бирге келатып, Карымшак деген бозочунун үйүнө түшүп калышканы, анда Карымшактын дыйканчылыгын даңазалап ырдашканы айтылат. Карымшактын үйүнө киргенден кийин, Токтогул чогулган элге карап, эрте жарыкта мал-салыңарды көздөп алып, анан кечинде келип тамаша уккула, Карымшак да, мен коногумду күтөйүн, анан келгиле деп ал сөздү кубаттайт. Эл кеткенден кийин Карымшак Токтогулдарга союп берүүгө козу сурап, Чакырбай деген байдынкына барат.

Ал: – «Томаяктар, ырчыны силер ырдаткыла да, союшун мен берейинби» – деп бербей коет. Карымшак башка бирөөдөн сурап, козу алып келип, эт тартып жатканда, сөздөн сөз чыгып кетип, Чакырбайдын жогору кылыгы Токтогулга угулуп калат. Токтогул мына ошону угары менен комузун күүлөп, Чакырбайдын сүткордугун, залимдигин, эзгичтигин эл алдында ашкерелеп ырдайт. Мына бул эпизод 1940-жылкы жыйнакта Карымшактын үйүндөгү окуянын уландысы катары бөлүнбөй жарыяланган. 1956-жылкы жыйнакта болсо бул өзүнчө бөлүнүп «Чакырбай сүткор» деген ат менен басылган. Ошентип окуучулар үчүн бул ыр өзүнчө бөлөк жаңы ыр сыяктанып көрүнүүгө мажбур болгон. Ырас, комментарийде окуянын өнүгүш кырдаалы жөнүндө бир аз түшүндүрмө бар. Бирок аны жетиштүү деп эсептөөгө болбойт.

Буга кошумча – 1956-жылкы жыйнакта мындай дагы бир олдоксондук кеткен. Ошол «Чакырбай сүткор» деген сатиралык ырдын аягына тематикасы жагынан терме ырларга үндөщкөн (акыл-насаат) 40 сап ыр жаңы кошулган. Биздин оюбузча бул кошунду жогорку сатиралык текстке айкашпайт. Экинчиден Чакырбай сүткорду ашкерелегенден кийин Токтогул (1940-жылкы жыйнакта) ал элге кайрылып Калыкты тааныштырып ырдачу. Анда Токтогул чыныгы устат-окутуучу катары Калыкты жабагы тай кезинен таптап алыска чуркоочу асыйдын деңгээлине чейин кантип жеткиргендигин айтып келип, эми күчүң толгон кезиң, «ырда десе тартынба…

Алмак –салмак жарышып,
Кубанталык айылды.
Көпчүлүккө жараткан,
Балам, биз өңдөнгөн шайырды»
– деп, ага чоң ырчылык милдет жүктөйт. Андан соң, Калык элдин суроосу боюнча өзүнүн «Зилзала» деген ырын ырдайт.

Токтогул муну угуп бүткөндөн кийин эл алдында Калыкка эң акыркы баасын берип ырдайт:

Өлбөй тирүү бар болсо,
Үлгүмдү алат бул балам.
Өзүмдү тартат деп ойлоп,
Өнөрүнө кубанам.

Ушул өңдүү ыр кызык ж.б.у.с. 1940-жылкы жыйнакта ырдагы жогорку кырдаалдарды баяндаган Калыктын түшүндүрмө сөздөрү толугу менен сакталып, анын «Зилзаласы» да жарыяланган. Бирок, 1950, 1956-жылкы жыйнактарда «Зилзала» кыскарылып калган. Экинчиден, Токтогулдун Чакырбайды ашкерелеп ырдаганынан кийин, Калыкты элге тааныштырып ырдаган ыры эмнегедир жогорудагы эки жыйнакта тең «тааныштыруу» деген ат мененөзүнчө бөлөк берилген. Бул келки ырларды бириктирип, түйүндөштүрүп турган Калыктын түшүндүрмө сөздөрү биротоло кыскарылып калган. Иштин жыйынтыгында Токтогулдун Калыкты такшалтуудагы устаттык ролун көрсөтүүчү бул цикл бири-биринен ажырап, окуучунун түшүнүүсүнө кыйындык туудуруучу абалга жеткен. Тилекке каршы, комментарийлер да жетишсиз болуп жазылган. Ошентип, 1950-жылкы Т.Үмөталиев басмага даярдаган жыйнакта кетирилген олуттуу кемчилдиктер 1956-жылкы жыйнакта кайталанган.

1964-жылкы жарыяланган эки томдукка «Токтогул менен Калык» деген ат менен берилген цикл жогорку сыяктуу кемчиликтерден тазартылып, тексттер түшүндүрмө сөздөр кыскартылбай, иретке келтирилип, «Токтогул менен Калык» аттуу бөлүк катарында берилген. Биздин бул аракетибизден окуучулар Токтогул менен Калыктын чыгармачылык байланышта жүрүшкөндүгүнөн, алардын өмүрүнүн эң урунттуу учурларынан кадыресе кабардар боло алышат.

Экинчиден, Токтогул менен Калыктын бир жүрүп, бирге өткөргөн көп жылдык өмүр жолдору бүдөмүктөнбөй, окуучуларга баалуу фактылар катары таасын бойдон жетмек. Эмне үчүн Калык Токтогулдун мурастарын сактаган түгөнгүс кенч катары биздин көз алдыбызга тартылып отурат? Эмне үчүн анын жазып берген материалдары көркөмдүк жактан да, идеялык жактан да жогорку деңгээлде? Анткени, Калык Токтогул менен бир жашаган, кайгы-муңун бир бөлүшүп, кубанычын тең бөлгөн, бий-болуштарга, байларга каршы бир ырдап, эмгекчил элдин таламын бирге жактаган жана Токтогулдун тарбиясы астында кичинекей жоро-бозонун ырчысынан жалпы элге таанымал, оозунан сөзү төгүлгөн чебер ырчынын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Ошол себептүү Токтогулдун жана Калыктын өмүрүн, чыгармачылык жолун баяндамак болгондо ал экөөнү бөлүп, бирисиз бирин жекече алып жазууга болбойт. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин жазылган Токтогул менен Калык жөнүндөгү макалалардын, илимий изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндө бул маселелерге көңүл бурулбай келе жатат.

Ушуга байланыштуу Калык өзү «Баскан жол» мемуарында көрсөткөн дагы бир кызык окуяга кайрылып, ошол кырдаалга карата ырдалган Токтогул менен Калыктын ырынын жыйнактарда бузулуп жарыяланып жүргөндүгү жөнүндө кыскача айта кетүүбүз керек. Токтогул Сибирден келгенден кийин манаптардын кесепети менен экинчи жолу кармалат (Бул жөнүндө Калыктын мемуарында бир кыйла кеңири айтылат). Ошондо Калык айыл-айылга кыдырып ырдап, Токтогулдун кармалганын угузуп, аны бошотуп алуу үчүн элди бириктирүүгө чакырып жүрөт. Ушул учурда Калык Токтогулдун камактан жаздырып жиберген катын алып окуп, элдин жардамын кандайча уюштуруу жөнүндө анын өз пикирин толук түшүнөт. Ошондон кийин ал үч болуш элден каражат чогултууга мурдагыдан да активдүү катышат жана сүйүктүү акынды бошотууну талап кылган элдин чечкиндүү аракеттеринин авангардында жүрөт. Токтогул үчүн уюшулган элдик кыймылды көргөн түрмөнүн кожоюндары көпчүлүк элдин жана жергиликтүү бийликтердин колдоосун көрсөтүүчү мөөрү басылган өтүнүч кагаздын берилишин элден талап кылат. Эл болуштарга кайрылат. Болуштар бул иштен баш тартышып, мөөрлөрүн баспоо үчүн жанталашышат. Бирок, эл «мөөрүңөрдү баспасаңар кардыңарды жарып салабыз…» деп бирдиктүү туруп, аябай кысымчылык көрсөткөндөн кийин гана алар мөөрлөрүн басып берүүгө аргасыздан мажбур болушат. Ошол өтүнүч кагаз жиберилгенден жарым жылга жакын убакыт өткөндөн кийин Токтогул камактан бошонуп чыгат. Калыктын мемуарында Токтогулдун экинчи жолу камалышы жана андан бошолушу ушундай көрсөтүлөт.

Мына ушул кырдаал жөнүндө Токтогул камактан келгенден кийин толук угуп, Калык менен жолугушканда ага аябай ыраазы болуп ырдайт. Бул ыр 1938-жылкы жыйнакта «Токтогул менен Калык ырчынын ырдашканы» деген ат менен жарыяланган. 1940-жылкы жыйнакта ал ыр «Куулуп жүрдүм көп жылы» деген ат менен басылып, Токтогулдун камактан бошонушуна себеп болгон жогорку кырдаалды баяндаган бир катар куплеттери (50 сап ыр) өзүнчө бөлүнүп алынып, «Күлүк элем талбаган» деген ат менен жарыяланган. 1956-жылкы жыйнакта бул кемчилик ошол бойдон кайталанган. Ал эми Токтогулдун ошол ырындагы биротоло кыскартылып калган строфаларынын арасында мындай саптар бар болучу:

Бий, ыстарын, он башы,
Элүү башы болуштун,
Энчилүү мөөрүн басты деп…

Сыягы, бул саптардан кайсы бир жолдоштор: «бий, ыстарчын, болуштар Токтогул бошосун» деп мөөрүн кайдан басып бере коюшсун?..» – деген «чочулатуучу» маанини «көрө» коюп, анан кыскартып салууга шашылышса керек. Ал эми чындыгында Токтогулду бошотуу үчүн жазылган өтүнүч кагазга бий, болуштардын мөөрдү басып бериши элдик кысымдан кийин болгондугун биз жогору айтып өткөн Калыктын мемуарындагы фактылар дагы бир жолу ырастап олтурат. Албетте, бир караганда адамга бул анчейин эле бирдеме болуп сезилиши мүмкүн. Бирок тереңирээк ой жүгүртө келгенде ушунун өзүндө канчалык чоң маани жатат! Токтогулдун чыныгы элдик акын экендиги, анын эркиндик, теңдикти көксөгөн идеяларынын элге жеткен күчтүү таасири, ага шыктанган элдин бирдиктүү кыймылга баш кошуп, бий болуштарга каршы жапырт турушу сыяктуу эң сонун материалдар жогоку фактынын өзүнөн табылып отурбайбы! Элдин жапырт туруп, бий, болуштарды кысымга алып, мөөрдү бастырышы – бул эмне деген сонун факт.

Токтогулдун ырларындагы саптарга, сөздөргө киригизилген кайсы бир туура эмес өзгөртүүлөр, кошумчалар жөнүндө 1950, 1956-жылкы жыйнактарда мисалдарды дагы да көп-көп келтире берүүгө болор эле. Бирок аларды бирден терип санап олтуруунун зарылдыгы болбогондуктан, дагы бир фактыны келтирүү менен чектелели. Токтогул Сатардын үйүндө олтуруп Калыкка карата ырдаган ырында, биз жогоруда көрсөткөндөй, өзүнөн мурда өткөн ырчыларга, жомокчуларга баа берип келип, айрыкча Солтобай деген ырчыга токтолгондо, анын уруучул ырчы экендигин айтат да, андан кийин атактуу Тыныбек жомокчу жөнүндө мындайча баяндайт:

Жомокчудан Тыныбек
Уругун угам бугу деп.

Токтогул Тыныбек жөнүндө ушул эки саптан башка пикир айткан эмес. 1940-жылкы Калык жазып берген эки томдо ушундай болучу. 1950-жылкы жыйнакта жогорудагы «Жомокчудан Тыныбек» деген биринчи саптан кийин:

Кыялы жакпай алардын,
Аларга мен карардым (261 -бет), – деген ыр саптары жаңы кошулган. Натыйжада атактуу жомокчу, манасчы Тыныбек Токтогулга «кыялы жакпаган» жомокчу болуп чыга келген. Мүмкүн Токтогул Тыныбекти эмне себептен жаман көргөндүгүн сөзсүз айтып, «кылыгы жакпайт» деген үстүртөн айтылган пикир чектелип калмак эмес. Ошондуктан жогорку эки сап негизги текстте коошпогон артыкбаш кошунду болуп эсептелет. Ал эми мындай олдоксондук, 1956-жылкы жыйнакта кайрадан кайталанып тим болгон.

Албетте, Токтогулдун чыгармаларын жарыялоодо кетирилген жогорку сыяктуу кемчиликтер улуу акындын ырларын орус тилине которууда, өмүр баянын жазууда жана анын чыгармаларын илимий жактан изилдөөдө өзүнүн начар залакаларын тийгизбей койгон жок. Мисалы, ушул убакка чейин Токтогулдун өмүр баяны илимий жактан толук изилденип жазыла элек. Токтогул басып өткөн өмүр жолун өз чыгармачылыгында айткан. Ошондой болсо да, анын өмүрүн изилдөөдө өзүнчө илимий далилдөөлөрдү күтүп турат» – деп аяктаган.

Мына урматтуу окурман, ошентип профессор К.Артыкбаевдин ачуу чындыгына өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Кыргыз эли «эр эмгегин жер жебейт» дейт. Бирок акын Коргол Досу уулу айткандай «ыктуулар менен шыктуулар» көп эмгектерди өздөрүнө ыйгарып келишкендиктери жогорудагы далилдерден таасын көрө алдык. Буларды угуп коюу, же окуп коюу эле эмес, чара көрүү мезгили дагы келип жетип отурат. Ошондуктан ар кимдин эмгегин өздөрүнө кайтарып берүү керек деген ойду айткыбыз келет. Тагыраак айтканда, Качкынбай агай какшап кеткен Калыктын эмгектери, Калыктын эскерүүлөрү мурунку калыбына келтирилиши керек. Ошондой эле 1938-жылы чыккан эмгектин биринчи басылышы кайрадан каралып, редколлегиялык жамааттын аты менен жарыкка чыгарууну КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту колуна алышы бүгүнкү мезгилдин талабы жана милдети.

Акырында айтаарыбыз, эл эркелери кыргыз элине көөнөргүс маданий-мурастарды калтырып кетишти. Алардын калтырган табериктүү мурастарын аздектеп сактап алуу, өнөрлөрүн өстүрүү, «көзү өтүп кеткен» залкарларды, бүгүнкү замандын залкарларын дагы сыйлап-урматтап алуу келечектин, келечектин ээсимин деп «көкүрөгүн добулбас кылып кагып» жүргөндөрдүн милдети дегим келет.

Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, “Мурас”, 01-03.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий