Жыламыштын жылдыздуу кызы

Боору кенен Сары-Өзөн нечендеген кылымдардан бери кулпунуп келген… Мына ушул атактуу Сары-Өзөн Чүйдүн Сокулук районунун Жыламыш айылында 1918-жылы жарык дүйнөгө келген Нуркамал бой тартып калган кезде ошол кездерде жаңы уюшулган мектептен 4 класстык билим алат. 1935-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институттун кыргыз студиясына кирет. Ошол жылы кыргыз искусствосунун тунгуч кадрларынын бири Өмүркул Жетикашкаев менен баш кошот. 1937-жылы ал алгачкы ырын жазган. Аттиң, 34 эле жашында бу дүйнө менен эртелеп кош айтышкан калемгер өзүнүн канчалаган эмгектерин кыргыз поэзиясынын казынасына таштап кетти.

Нуркамал Жетикашкаева кыргыз көркөм адабият майданында кыз-келиндердин арасынан биринчи болуп калем кармап, акындык профессионалдык деңгээлге көтөрүлгөндүн бирден бири эле.

КАЛАМДАШ ДОСУМА
(Кыскартылып басылды)

Аттиңай өмүр! Неге мынча кыскасың! Жаркыраган жарык дүйнө — неге адамдарды жарык нуруңа тойгуса, узак өмүр сүрдүрө кармабадың! Кайда менин жан шериктеш курбум Нуркамалым! Ал сенин жарык нуруңа тойбой, коош…коош — жарык дүйнө,- деп аргасыздан көз жумуп бизден бөлүнүп кайтпас сапарга кете берди.

Жан курбум Нуркамалым, жаштык өмүрүң жалындап турган убакта шум ажал сени бизден тартып алып кетпедиби. Кыргыз кыздары үчүн биринчи жол ачып ыр жазган сен эмес белең. Сенин жолуңа түшүп экинчи ыр жазган мен элем. Ошентип, экөөбүз ээрчише ыр жазып, жаңы эле канатыбызды күүлөп талант деңизине учуп жетерде сенден биротоло айрылып кала бердим. Нуркамалым, сен тири болгондо, эгиз козудай эрчише өмүр жолун бирге баспайт белек. Жалын жаш менен бирге коштошуп, байсалдуу өмүр жолун бирге басып муңдаша-сырдаша салмактуу жүрбөйт белек. Дүйнөнүн жарык нуруна тойгонго тете болгондой балдарга өмүр тилеп, бакыт-таалай, ынтымак-ырысын тилеп, балдарыбыздын балдарын ойнотуп- аларды кумарлана сүйбөйт белек.

Нуркамалым, сен экөөбүздүн жолубузду жолдоп далай-далай кыздар таңшытып таңшытып ыр жазды. Мына эми акын сиңдилердин саны өсүү жолунда. Алтыным Нуркамалым, сен ушуларды көрбөй кеттиң. Акын сиңдилериң ар убак, ар дайым сени эстешет, эскеришет.

Нуркамалым, биздин тилегибиз ушул эмес беле. Сен ушул акын сиңдилериң менен дайым шапар тээп бирге ыр жазып жүрөсүң. Анткени азда болсо сенин жол ачып кеткен ырларыңдын бир сүйлөмү акын сиңдилериң үчүн бир китептей. Сенин ырларың аларга эң бийик.

Нуркамалым, сенден айрылганда менин канатым сөгүлүп түшкөндөй оор абалда калгам. Күн оюмдан, түн түшүмдөн кетпей жүрүп ооругада чалдыккам. Айла канча — адам бардыгына көнө берет экен. Сенин тирүү чагыңда Фрунзеге келгенде күлүп келип, күлүп кайтчу элем. Сенин жумшак-жөнөкөй мүнөсүңдү ойлой берип, качан Фрунзеге келип сени көргөнчө сагынычым ашынып араң жетчү элем.

Нуркамалым, сенсиз бир жолуда Фрунзени аралаган эмес элем. Адам баласы кандай жүрсө ошого көнөт тура. Сенден айрылгандан кийин Фрунзеге келгенде жалгызсыраганымды айтууга алым да келбейт. Кыскасы сени менен баскан-турган жерлер көз алдыма элестей берер эле. Анан көз жашымды төгүү менен аяктоочу эле. Бул күндөр дагы эле көз алдымда элестейт.

Эх чиркинай! Дүйнөдө адамдан назик, ойчул, аяр, чыдамдуу эч нерсе жок окшойт. Агымга ылайык көнөда бересиң, жүрөда бересиң. Дүйнөгө жаралган жан жаныбарлардан адамдан бийик, адамдан асыл, адамдан акыл эстүү эмине бар? Жок дейбизда. Ошол асыл адамдын бири сенда. Сенин эл үчүн берип кеткен эмгегиң аз эмес. Демек, сен жол баштап, кыргыздан канча сендей жазуучу акын кыздар чыкты. Бул сенин кыздар үчүн ачып кеткен жаркыраган жолуң. Сен өлгөн жоксуң, биз менен бирге жүрүп жатасың.

…Нуркамалым, менда качандыр артыңан кетип өмүрүм өчкөнчө таланттуу сиңдилериңе кошулуп эскере берем. Сен эл менен, жарык нурда жашаган таланттар менен дайым биргесиң.

Сатин АБДЫКЕРИМОВА, 1978-жыл,
“Айкын саясат” («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.06.2011

Соц тармактар:

Жыламыштын жылдыздуу кызы: 1 комментарий

Добавить комментарий