Самара Токтакунова: Комузум жарым жылга чейин добуш чыгарган жок

Кыргыз СССРинин эмгек сиңирген артисти, СССРдин Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси залкар комузчу Самара Токтакунованын буга чейинки басып өткөн жолу көп кызыктуу окуяларга бай.

— Сиздин чыгармачылыктын чыйыр жолунда жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

— Быйыл комузду колума кармап, чыгармачылыкта жүргөнүмө элүү жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта беш континенттин төртөөнү кыдырдык окшойт. Эң биринчи сапарым 1965-жылы Франциядан башталган. Азыр шакирттерим бар, уучум кур эмес. Быйыл алтымыш жашка чыктым, бирок бапырап той өткөргөн жокмун. Элдин абалын көрүп туруп концерт берип деле чамынгым келген жок. Жараткан жетимиш жашка жеткирсе уулдарымдын, шакирттеримдин башын бириктирип күү майрамын уюштурсамбы деген тилегим бар. Кудайга шүгүр, элүү жылдын аралыгында артыман жаман сөз ээрчиген жок. Элиме, өкмөткө татыктуу эле кызмат өтөдүм окшойт. Мындай даражага жетирип, багымды ачкан жолдошум Чалагыздын эмгеги зор. Азыр абышкам жанымда жок болгону менен анын жолун жолдогон Аслан менен Актан бар. Чыгармачылыгыма көбүнчө Актан көп чуркайт. Жакында эле чет жакты кыдырып, көп жерлерге концерт коюп гастролдоп келдик. Бир кем дүнүйө деген ушул экен. Менин бактылуу күндөрүмө абышкам эле жетишпей турат.

— Багыңызды ачкан адамга оркестрде иштеп жүрөгөндө жолуктуңузбу?

— Мен окуу жайды жаңы бүтүп ишке орношкондо Чалагыз оркестрде иштегенине төрт беш жыл болуп калыптыр. Жаңы жумушка киргенде чет жакты да, колхоз-совхозунан бери кыдырдык. Ошондо тажап, ушундай кантип жумуш болсун, андан көрө мектепте мугалим болуш иштегеним артык десем Гулмайрам деген эжебиз «Дарак бир жерден көгөрөт. Чыдап ушул жерде эле иште» деп бир топ кеп кеңешин айткан эле. Дегеле жашоо тууралуу жакшы ойлорун бөлүшүп, тарбиялуу сөздөрүн мага көп айтчу. Ошентип, көнүп иштеп калдым. Анан гастролдо жүргөндө кыздардын башы бириксе эле «Чалагыз агай жакшы адам, деги кандай бактылуу кыз туш болот болду экен» деп эле сөз кыла беришчү. Угуп койгонум менен маани берген эмес элем. Анан бир күнү чогуу иштеген байке күрүч басып жатаканада жашаган төрт кызды конокко чакырды. Пловду жакшы көргөн жаным кыздарды өзүм ээрчитип бардым. Барсак, күрүч басылбай эле казанда эт кайнап дасторкон дүйүм тамакка жайнап турат. Саат он экиден өткөндөн кийин үйдүн ээсинин апасы чоң ак жоолукту алып келип башыма салды. Тамаша катары кабыл алып күлүп жолукту башыман алып койдум. Жанымдагылар «Жоолукту башыңан алба, мына Чалагыз экөөңдү үйлөнтүп жатпайбызбы. Эртең оркестрдын алдына чыгып экөөңдү үйлөндү деп жар салабыз» дешти. Чалагыз жанымда отурган, аны карап «Ай, агай экөөбүз качан турмуш тууралуу сөз кылдык эле. Мен сизге качан турмушка чыгам дедим эле. Деги экөөбүз качан жолугуп суйлоштук ?» десем башын жерге салып унчукпайт. Экинчи жоолукту алып салышты эле аны да алып салдым. Үчүнчүсүн салаарда баягы кемпир «Балам башыңан жоолукту алсаң алып сал, бирок кийинки жолуң катуу болуп калат» деген сөзү эсиме келтирди. Ошондо кыздардын кандай бактылуу жубай туш болот экен деген сөзү мээме тык этип ыйлап-ыйлап отуруп калгам.

— Дароо эле жоолукту кайын-журтуңузга алып барып салган жокпу?

s_noktakunova2— Чалагыз өзү томолой жетим өскөн, алыскы туугандардын колунда чоңоюптур. Кайын-журтка алып барды. Никебизди кыяр түнү көшөгөнүн ичинде отурам. Аксакалдарды, туугандарды, жеңелерибизди чогултуп алып: «Аталар, апалар, бул келиниңер элден башкача. Оор окат кылып, суу көтөргөнгө болбойт. Ийинин оорутуп алса комуз черте албай калат. Үй жумуштарды көп кылса колу жарабай калат. Мен силерге азыртадан айтып коеюн, келиниңерди аягыла» десе, кемпир-кесектер: «Ийи жергергир, эмне алдың анда муну» дешкен болчу. Барганыма эки жума болгондо алысыраак кайнатам тегеректеги болгон абышканы чогултуп келиптир. «Самара, комуз чертип берип аталарыңдын батасын ал деди. Итирейип жоолук салынып алгам, же аным жарашсачы. Толтура абышкаларды айландыра отургузуп алып комуз чертип жатам. Баары алкап батасын беришти. Кайнатам аны менен эле чектелбей, бүгүн силерди чогутканымдын себеби, келиниме жоолук такыр жарашпайт. Силердин уруксаатыңыр менен жоолук салынбай жүргөнгө жол берели дебеспи. Уялганымды сураба. Баары жаалап жоолугуң жок эле жүрө бер, мындан кийин бизге келгенде жылаң баш эле кел дешти. Ичимен сүйүнүп жатам, анткени жоолук салынган эзели жарашчу эмес. Кайын журтум мага эркиндик берип жакшы шарт түзүп беришкенине азыр да ыраазы болом.

— Жаңы үйлөнгөн жубайлар башында баары эле кыйналышат эмеспи? Сиздер кандай жашоо баштадыңыздар?

— Чалагыз өзү жетим өскөндүктөн аябай чыйрак, оокатка тың болчу. Жатаканадан бир бөлмө беришкен. Жаңы үйлөнгөндө сегиз ай тырышып ашыкча басып турбай, ичпей жебей сенин астыңа барам деп сегиз жүз рубль чогулткан. Аракзаводдо иштеген бир досу кошумча деп бир ящик арак берди. Ветеренар досу бар эле, ал чоң ирик берген. Ошентип сегиз жүз рублди алып, иригибизди союп алып ата-энемдин алдына экөөбүз эле бардык. Кетээрде атамдар кыйылганыбызга, таарынып албайбыз дегенибизге болбой сегиз жүз сомду кайра салып беришти. Ал кезде чоң акча эле үй ичине жакшы кымбат эмеректерди алдык. Чалагыз аябай сарамжалдуу, акчаны орду менен жумшаганды билчү. Анын үнөмдүүлүгүнөн улам көп деле жокчулуктун кесепетин көргөн жокпуз. Жеңелерим башында чычалатып, дүйнө жүзүн кыдырып чачы жок күйөөгө туш болдуңбу дей беришчү. Шапагыла-а, кийин ушул чачы жок чекесинен өбөсүңөр дечүмүн. Чын эле, кийин уялышып күйөө балабыз соонун киши турбайбы деп күлүп жүрүштү.

— Сизди гастролдорго узатып, тосуп алганын узун жомок кылып айтып жүрүшөт го?

— Мен келин болуп барганда үч ай жолдошумдун жанынан чыкпай тамак жасаганды үйрөндүм. Лагманды сонун чоюп, камырды тегерек кылып жайганга эптүү болчу. Салаттын түрүн жасап, экөөбүз чет жакка чыкканда өзгөчө салаттын рецебин көрүп калса курамында эмне бар экенин жазып алып үйгө келгенде сөзсүз жасап берчү. Мен гастролдон келээрде этти салып, дасторконду дүйүм тамакка жайнатып, машинесине тамак-аш, рюмкадан бери салып алып аэропорттон тосуп алчу. Жолдо көк чөптүн үстүнө төшөктөрдү салып отуруп, ээринбей дасторкон жайып жакшы тилектерин айтып анан үйгө келээр элек. Ушул нерсени салт кылып алганбыз. Уйгө келгенде таптаза кылып шейшептерди жууп, крахмалдап койчу. «Кемпир, үйдү сени келет деп тилибиз менен жалап чыктык» деп күлүп калар эле. Мени үй оокаттарына жолотчу эмес, тырмагың сыйрылат, колуң ооруйт. Сени ким чакырды бул жака деп ашканага барсам урушчу. Дегеле оор жумуш кылдыртпай алаканына салып бакты. Айтып жатпайымбы, тамак жасаганды жолдошуман үйрөнгөм деп.

— Кыз кезиңизде үй оокатынан качып эркектин ролун аткарчу белеңиз?

s_noktakunova3— Мен беш кыз бир эркектин арасында чоңойдум. Эжелерим үй оокатын кылып мен эркин өстүм. Эмнегедир атам мага көп болушуп, «Ушул арык кара кызыма тийишпегилечи, жумшабай эле койгулачы. Башкаңар жаныңарды жакшы багып кетесиңер, ушул кара кызым жанын багып кете алат болду бекен» деп эле көзүмдү карап турчу. Ошо, үйдө кылган кызматым эртең менен уйду бадага кошом, кечинде тосуп алам. Калган убакта эркек балдарга кошулуп ляңги тээп ойнойм же эшиктин алдынгда өскөн чоң тал бар эле ошонун башына чыгып алып ырдайм. Андай учурда айылдагылар Токтакундун артист кызы ырдап жатат дешчү. Үйгө коноктор келгенде безилдеп качып чыгып жүгөрүнүн арасына жашынып калаар элем. Себеби ким келбесин атам мени ырдата берчү. Эл кеткенден кийин кечинде баягы жашынып жаткан жеримен чыгып үйгө келсем атам ушинтип уялып жүрсөң кантип артист болмок элең деп нааразы болуп калмай адаты бар болчу. Бирок, баары бир сенден артист эле көрөм, башка кесипте иштей албайсың деп жатып апама дайындап окууга тапшыртты. Атам мага «Сынган бугуну» черткенди үйрөнсөң эле чоң комузчу болосуң деп көп айтчу. Анын тилегин турмушка чыккандан кийин аткардым. Чалагыз экөөбүз бир ай дегенде күүнү иинине жеткире ойногонду үйрөндүк. Атама барып чертип берсем сүйүнгөнүнөн сакал-мурутун жаш жууп, батасын берип ыраазы болгону дагы деле көз алдымда тартылуу.

— Чалагыз агай келиндерин, неберелерин көргөнгө жетиштиби?

— Келиндерин көрдү. Асландын келинчеги Сажида өзүнүн окуучусу болчу. Жүнү тирүү, чыйрак кыз деп өзү кеп-кеңешин көп айтчу. Аслан өзү кыздар менен сүйлөшкөнгө эби жок, жоош да. Бир күнү абышкам өзү гүл сатып берип жолукканда бер, бул акчага киного киргиз деп дайындаптыр. Аны кийин келиним айтып жатпайбы. Аслан эки колун артына алып жатканага келди дейт. Бир убакта гүлдү чөп сунгансып «ме» деди дейт, бул эмне десе атам сага берди деген тура. Угуп алып күлүп жатабыз. Үйгө алып келип тааныштырды, аңдай жарык жакшы кыз экенине көзүбүз жетип куда түшүп колдон алып келгенбиз. Аслан үйлөнгөндөн кийин сегиз айдан соң Актан үйлөнөм деп чыкты. Кой десең моюн сунбайт. Анда да Чалагыз кийин бир нерсе болсо дооматын бизге артпасын, жаштарды кууратпайлы деп үйлөнтүп койгонбуз. Тилекке каршы, небересин көргөн жок. Асландын кызы Элес чоң атасы каза болгон күнү төрөлдү. Байкушум, экөөбүз неберебизди коляскага салып алып сейил бака барабыз деп кыялданып калчу эле. Кырсык болоордо келиним ай-күнүнө жетип турган, Чалагыз авария болду деп угузганда көз жарып атпайбы.

— Кырсык болоордо кандайдыр бир аян берилдиби? Же эч нерседен шек алган жоксузбу?

s_noktakunova4— Эч кандай аян берген жок. Бирок бир байкаганым, мен Чалагызды жумушка узатаарда бет арчысын, көз айнегин алдыбы жокпу деп бир сыйра түгөлдөп, эшиктен чыгарып балконго барчумун. Ал жерден кол булгалап, артын кылчайып карап «ии сен кыйынсың, мен кыйынмын» деп күлүп алып анан кетээр эле. Ошол күнү эшиктен узатаарым менен балконго чыгып кол булгалап үн чыгарсам артын карабайт. Кыйкырсам да кылчайып койгон жок. Ичимден дүпөйүл болуп, жүрөгүм өйкөп кызыктай болуп калдым. Ошол күнү кечке бир орунда тура албай жаман болуп жатсам курбум чакырып калды. Алаксыйын деп аныкына бардым. Баары бир бир жерге отура албай чыгайын деп жатсам курбума чалып, Самара тез келсин сөз бар деп үйгө чакыртышты. Үйдүн кире беришинде Насырдин Давлесов, Калый Молдобасановдор турат. Жүрөгүм жамандыкты сезди, эшиктин баары ачык. Көзгө ушундай суук көрүнөт экен. Кырсыкка кабылганын укканда эле эсимди жоготуп алып-уча бердим. Бирок үзүлүп кеткенин айтпай реанимацияда дешкенинен үмүтүмдү үзгүм келген жок. Көрсө, кырсык болгондо эле каза болгон экен. Тигилген боз үйгө кирип, көшөгөнү ачсам созулуп уктап жатат. Ийнинен белине чейин темир менен ар кайсы жеринен бекитип коюшуптур ага деле маани бербей жулкудатып ойготом дей бериптирмин. Качан гана жанымдагы аялдар кара көзүң кашайды айрылдык Чалагыздан дегенде эсимен таныптырмын. Ошол бойдон бетиме суу чачып, нашатыр спиртин жыттатып жаткандарын бир билем. Жетилигин берип келгенден кийин келинимди төрөт үйүнөн чыгарып келдик. Аным кулундай чыңырып үйгө кирбейм атам жок деп баарыбызды бир сыйра боздотту. Неберелүү болдум деп кубана албай койдум, Элеске көңүл бурулбай калган. Айла жок, топурак суутат экен боздоп кала бердик. Баарына да комузум беш ай күүгө келбей койгону зээнимди кейитти. Комузумду өзү күүлөп, кылдарын тагып баладай бапестеп карачу. Азыр абышкам жок көп жерге деле конокко баргым келбейт. Жалгызсырап жаман болом. Ошентсе да элден чыга албайсың да.

— Уулдарыңыздын кимиси жолдошуңузга көбүрөөк окшош?

— Актандын тамак жасаганы, көңүлүңдң караганы атасына окшошуп кетет. Майрамдарда келинчегине гүл берип, тамактын түрүн жасап калганын көрүп ичим жылыйт. Чалагыз да туулган күн сайын таң эрте туруп тюльпан гүлүн башыма алып келип коюп өөп, турагй деп ойготчу. Келиним андайда, апа мени туура түшүнүңүз, бүгүн менин туулган күнүм Актан мага майрам тартуулап жатат деп калат. Андайда, Актан азамат, ошентиш керек. Атасы да аял затына өзгөчө мамиле жасаганды билчү дейм. Экөөбүз үйлөнгөндөн баштап мени кемпирим деп атыман айтпай, менин алканыма кут конду дечү. Балдарына апабызды сыйлап, баркына жетишибиз керек. Анткени, ал биздин үйдүн куту деген сөздү көп айтаар эле.

Анара Дүйшөналиева, “Кабар Ордо”,  30.10.14-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий