Академик В.В.Бартольд жана кыргыз тарыхы

Василий Владимирович Бартольд Санкт-Петербургдагы орусташкан немец үй-бүлөсүндө 1869-жылдын 3-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Бартольддун ата теги Прибалтикада жашаган. Энесинин чоң атасы лютеран пастору катары Гамбургдан Россияга келип отурукташып калган. Болочок академиктин атасы биржа маклери болуп иштеп, үй-бүлөсүн жетиштүү деңгээлде камсыз кылган. Бардар турмуш В.В.Бартольдго гуманитардык билимдин көп тармактуу багыттарын, анын ичинде классикалык жана негизги батышевропалык тилдерди үйрөнүүгө жол ачып, андан ары сүйүктүү тарых адистигин тандап алууга багыт берген.

Ал тарых сабагына мектеп партасынан кызыгып, балалык дилгирлик үй-бүлө өкүлдөрү тарабынан колдоого алынган. В.В.Бартольддун эскерүүсүндө атасы анчалык терең билими менен айырмаланбаганы менен ал илимге айрыкча маани берген. Менин тарыхчылык дилгирлигимди баамдаган атам, мага «окумуштуу эмгегинин материалдык акыбети аз көрүнгөн менен анын нравалык алып келген үзүрү, материалдык пайданы толугу менен алмаштырат» деген насаатын айткан.

Василий Бартольд 1887-жылы Санкт-Петербургдагы № 8 гимназияны алтын медаль менен аяктаган. Ал ушул эле жылы Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар тилдери боюнча чыгыш тилдер факультетине тапшырган. Университетте Н.И.Веселовский, В.А.Жуковский, К.П.Патканов, В.Р.Розен сыяктуу көрүнүктүү чыгыштаануучулар эмгектенген. В.В.Бартольд илимий таланты жана изденүү энергиясына жараша тюрколог П.М.Мелиоранский (1868-1906) жана академик В.В.Радлов (1837-1918) менен жакын таанышып, алардын изилдөө ыкмаларын өздөштүргөн.

Студенттик куракта эле ал илимий изилдөө иштерин баштап, 1889-жылы жазылган «О христианстве в Средней Азии» аттуу эмгеги факультет тарабынан күмүш медаль менен сыйланган. В. В. Бартольд студент курагынан тарта илимий изилдөө багытын белгилеп, аны ар тараптуу келиштиргенге аракет жасаган. Академикке байланышкан архивдик материалдар көрсөткөндөй, ал перс, түрк, семит, армян тилдери, араб тексттери, эл аралык мамилелер, саясый экономика, Чыгыштын тарыхы боюнча адабияттарды конспектилеп иштеген. Студент кезинде эле ал араб жана перс тилдериндеги тексттерди орус тилине, орусчадан түрк тилине которуу ишин практикалаган. Болочок академиктин илимий изденүүсүн, студенттик мезгилде окулган китептеринен билсек болот. Сократ, Страбон, Сюань Цзянь, Марко Полонун эмгектери, сасаниддер, монголдор, ильхандар, ислам тарыхы сыяктуу илимий изилдөөлөр В. В. Бартольд тарабынан дилгирлик менен конспектиленген.

В.В.Бартольд университетти 1891-ж. ийгиликтүү аяктагандан кийин, илимий жетекчиси В.Р.Розендин кеңеши менен өз эсебинен Финляндия, Германия, Швейцария, Италия, Австрия, Венгрия жана Краковду кыдырган. Галле университетинде ислам таануу­чу Август Мюллердин лекцияларын уккан. Страсбург университетинде айтылуу арабист Теодор Нёльдекенин лекцияларына катышкан. Кайра мекенине 1892-ж. кайтып келип, Санкт-Петербург университетиндеги Чыгыш тарыхы кафедрасына профессордук наам алуу­га даярдык көрүү кызматына алынган. Ал 1893-жылы магистрдик ишин ийгиликтүү жактап, 1896-жылы приват-доцент наамына көтөрүлгөн. Андан кийин барып В.В.Бартольд университетте лекция окууга киришет. Окумуштуу үчүн XIX к. токсонунчу жылдары жемиштүү убакыт катары саналган. Ал «Туркестан в эпоху монгольского нашествия» аталган фундаменталдык ишин соңуна чыгарган. Бул эмгек 1900-жылдын күз айында магистр даражасын алыш үчүн диссертация түрүндө чыгыш тилдери факультетинде корголгон. Диссертациянын сапатын баалаган университет, В.В.Бартольдго магистрдик эмес, андан жогорку – Чыгыш тарыхынын доктордук наамын ыйгарган.

В.В.Бартольд 1901-ж. Санкт-Петербург университетинин экстраординардык профессору, 1906-жылдан кийин ординардык профессор болуп эмгектенген. Ал, 1910-ж. Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине, 1913-жылы академик болуп шайланган. Ал 1905-жылдан 1912-жылга чейин Орус археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүндө секретарлык, 1908-жылдан 1912-жылга дейре «Записки Восточного отделения Русского археологического общества» (ЗВАРАО) редакторлук кызматты аркалаган.

В.В.Бартольд коомдук иштер менен бирге илимий изилдөө багытын бирдей алып жүргөн сейрек кездешчү окумуштуулардын алдыңкы катарында турат. Ал, Орто Азия тарыхы жана маданиятына болгон изденүүсүн тереңдетүү максатында, аталган аймакка бир канча ирет экспедицияга келген. В.В.Бартольд Санкт-Петербург университетинин атынан 1893-1894-жж. Жети-Суу өрөөнүн кыдырган. Экспедиция жыйынтыгында илимге белгисиз тарыхый булактар топтому табылып, алар кийин изилдөө айлампасына киргизилген. Академиктин өмүр баянында тарыхый булак менен иштөө мындайча белгиленет: «Чыгыш тарыхында эч ким али изилдөө тармагына тарта элек материалдын көптүгүнөн, кол жазманы окуганда археологдор эски шаардын ордун казып, жаңы дүйнө ачкан сымак өзүңдү пионер катары элестетесиң».

Активдүү окутуучулук ишкердүүлүккө карабастан, В.В.Бартольд өзүн толугу менен илимге арнаган илимпоз болгон. Айрыкча, окумуштуунун жигердүү салымынын натыйжасында Туркестан археологиясынын күйөрмандары аталган ийримдин иши жанданган. Ал «Туркестанские ведомости», «Окраина», «Русский Туркестан» басылмалары менен активдүү кызматташып, алардын илимий изилдөө багытын келиштиргенге көмөк кошкон. Талыкпас изденүү натыйжасында илимпоз тарабынан 1913-жылга чейин 150 илимий эмгек жарыяланган.

Улуу Октябрь социалисттик революция­сынан кийин В.В.Бартольддун илимий – изилдөө ишкердүүлүгүнүн сапаты өскөндүгү байкалат. Ал Илимдер академиясынын чыгыштаануу Коллегиясынын төрагасы болуп эмгектенип, Орто Азия мамлекеттик университетин (САГУ) негиздөөгө түздөн-түз салым кошкон. Ташкенттеги В.В.Радлов атындагы ийримди жетектеген (1918-ж. тарта). Кийин Түркологиялык кабинетти башкарган (1928-1930). Материалдык маданият мамлекеттик тарых Академиясынын (ГАИМК) тең төрагасы, «Иран» илимий журналдын редактору болуп жана башка илимий басылмалар менен кызматташып турган.

В.В.Бартольд Чыгыш тарыхы кафедрасын, илимий китепканаларды, кол жазмалар фондун жана музейлерди уюштуруу боюнча Совет өкмөтүнүн тапшырмаларын натыйжалуу жүзөгө ашырган. Совет мезгилинде ал кайра ачылган Ленинград жандуу чыгыш тилдери институтунда (ЛИЖВЯ) жана башка окуу жайларында эмгектенген.

В.В.Бартольд жогорку окуу жайдагы педагогикалык иш менен эле чектелип калбас­тан, илимий изилдөө ишин активдүү уланта берген. Ал, Орто Азияга 1920, 1927 жана 1928-жж. экспедицияга келип кеткен. Окумуштуу 1924-жылы Москва жана Бакудагы, 1925, 1927-жж. Ташкенттеги университеттердин чакыруусу боюнча келип лекция окуган. В.В.Бартольд 1925-жылы Ташкент, Бухара жана Хивага келип, 1926-жылдын март айында Бакуда өткөн I Бүткүлсоюздук түркологдордун съездине катышкан. Ташкент шаарында 1926-жылы «В.В.Бартольддун докторлук диссертациясын жакташынын 25 жылдыгы, педагогдук ишкердиктин 30 жылдыгы» салтанаттуу белгиленген.

В.В.Бартольд революциядан кийин чет өлкөлөргө чыгып, илимий ийримдерге катышып жана топтогон бай тажрыйбасы менен бөлүшүп келген. Ал 1917-ж. Финляндияга, 1922-1923-жж. Финляндия, Оксфорд, Лондон, Бельгия, Голландия, Германияга барган. В.В.Бартольд 1923-жылы Россия илимдер Академиясынын курамында Брюсселде өткөн тарыхчылардын эл аралык конгрессине катышкан. Лондондогу Королдук колледж­де түрк жана монголдордун тарыхы боюнча лекция окуган. Түркия өкмөтүнүн чакыруусу менен ал 1926-ж. Стамбул университетинде лекция берген. В.В.Бартольд 1029-ж. Германиянын Берлин, Гамбург жана Геттинген илим борборлорунда илимий иликтөө иштерин жүргүзгөн.

В.В.Бартольддун көөнөргүс илимий эмгектери Совет мезгилинде уланган: «Улугбек и его время», «Ислам», «Культура мусульманства» (1918), «История Туркестана» (1922), «История таджиков» (1925), «История культурной жизни Туркестана», «История кыргызов» (1927), «История туркмен» (1929) сыяктуу фундаменталдык илимий эмгектери жарык көргөн. В.В.Бартольд тарабынан 1892-1930-жж. 400 илимий изилдөө иштери жарыяланган. Ал өзү жалгыз «Энциклопедия исламага» 246 макала жазган.

Академик И.Ю.Крачковский В.В.Бартольд жасаган илимий-популярдуу ишке төмөн­күдөй баа берген: «Багыты боюнча популярдуу эсептелгени менен алар адис үчүн айрыкча баалуу. Анткени, анда илимде жетишилген жоболор эле жыйынтыкталбастан, автордун өзүнүн изилдөөлөрүндө жетишилген маанилүү тыянактар менен тааныштырат».

Таанымал археолог М.Е.Массондун эскерүүсүндө окумуштуунун илимге жасаган мамилеси мындайча чагылдырылат: Орто Азияга илимий экспедицияга келген В.В.Бартольд чыгыштаануучу В. Л.Вяткиндин үйүнө келип, жайкы кечтин көркүн чыгарган илимий темадагы маектешүү башталат. Бир убакта өзүн ыңгайсыз сезген В.В.Бартольд, Вяткинден кайсыдыр бир шейхтин өмүр жолун тактап сурай баштайт. Маек соңунда ал, шейх туурасында маалыматы жаңылыш экендигин жана айрым илимий эмгектеринде туура эмес жоромол жасап келгендигин мойнуна алып, аны кийинки иликтөөлөрүндө оңдой тургандыгын билдирген.

Россия илимдер академиясынын архивдик фондунда академик В.В.Бартольддун чыгармачылык бейнесине кошумча баа бере тургандай уникалдуу материал топтолгон. Архив документтери көрсөткөндөй, В.В.Бартольд илимий материалдарды студент кезинде эле топтой баштаган. Ал улам толукталып жана такталып, тематикалык изилдөө багыты боюнча өркүндөтүлүп турган. Мындай изилдөө методу анын өрнөктүү ишкердигинин негизги белгиси болуп эсептелет.

М.КОЖОБЕКОВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент,
“Кыргыз туусу”, 11.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий