Поэзия берметтери

ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА

Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.
Сүйүнбай Эралиев

 

АК КУУ

Ак куу! Ак Куу!
Апакай куу!
Аппак куу!
Ак канаттуу,
жаш канаттуу,
жапжаш куу!
Табигаттын көркүн ачып жанданткан
Таза кушсуң жаркын мүнөз, жакшы аттуу.
Сени көрсөм — көл да сулуу көрүнөт,
Сени көрсөм — боло калам максаттуу.
Сургулт иңир таң көрүнөт көзүмө,
Сууну ууртасам бал көрүнөт таптаттуу.

Ак куу! Ак куу!
аппак акак канаттуу!
Асмандагы, көл дагы өзүңө талаптуу.
Көктө учсаң да, көлдө эркелеп сүзсөң да
Көркөм кушсуң баары сага жарашчу.
Колум таза —
канатыңдан сылайын
Корунбастан сүзүп келчи мага, ак куу!..
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду
Апакемдин кандай жумшак муштуму.
Сооронбай Жусуев

 

АБЫШКАЛАР

Кайгырсам же бир жүрсөм ойноп-күлүп
Ар дайым мени менен болот алар:
Көчөдөн кармап алып жибиттирип
Чачымды алып берген абышкалар.

Кез келсем учкаштырып же өңөрүп,
Мейли алар келатпасын кайда барып
Эч качан тил айтпады жаман көрүп
Аттарын көп үркүттүм жата калып.

Мүнөзү чимирилген балалыктын
Бар туруп жок болушту өчүргөндөй.
Мен билген ошол кызык абышкалар
Түгөнүп же баратат көзү көрбөй.

Турмушту кайдан гана барып көрбө
Көз ирмем токтолбогон айлампалар.
Басышты өткөндөрдүн ордун элде
Башкача каадасы бар абышкалар.
Омор Султанов

 

* * *

Баягычы, сууга барганы,
тентек улан эс-эс эсинде…
Өткөндөрдү ойлойт жаш келин
төрөт үйдүн терезесинде.

Көз алдында аппак бантиги,
эселектин ойлуу кареги,
мотурайган манжаларында
«А»ны чиет мултук калеми.

Беш көкүлүн шамал сылаган,
батинкеси кызыл, татына,
көрөөр эле көлдү суктанып,
чыгып алып жыгач шатыга.

Баягычы, сууга барганы,
тентек улан эс-эс эсинде…
Өткөндөрдү эңсейт жаш келин
төрөт үйдүн терезесинде.
Акбар Рыскулов

 

АК ТИЛЕК

Ушул күнү акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул күнү кыздар бозой катын ачсын.
Ушул күнү баласыздар бала көрүп,
Базар болуп коргону бакылдашсын.

Ар-ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар-ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул күнү
Сакайышып арабызга аралашсын.

Өлгөндөр да көрүн тээп чыкса деймин,
Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин,
Ылайым гүлдөр чыгып, чөптөр чыгып,
Ырыс күн ырын ырдап турса деймин.

Алсыздар алдуу болуп күчкө толсун,
Жаштын жары жаркылдаган аккуу болсун.
Куюлган ушул кызыл виного окшоп
Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.
Анатай Өмүрканов

 

САГЫНДЫМ, САРГЫН ТАЛАА

Булаңгыр баскан тоодон
Буурул таң тоздоп келет.
Булуттар булактарга
Бурулуп токтоп келет.
Буулуккан сезимдерди
Бул дүйнө коштоп келет.
Караган, чийди аралап,
Кара мал оттоп келет.
Калкылдап, кайран жерлер,
Канымды козгоп келет.
Алыста жүргөн атчан
Атама окшоп келет.
Арманым аласалып,
Ал күндү жоктоп келет…

Жашыл дөң, жалбыз, адыр,
Жайлоолор төрү кенен.
«Жарк» этет жалгыз айыл,
Жазыксыз өңү менен.
Сүзүлүп түтүн булайт,
Сүт жыттуу көңү менен.
Шыбырайт шыраалжындар,
Шыбактар дөңү менен.
Адашкан жамгыр жылат,
Арзуунун чөлү менен.
Коштошуп келе жатам,
Өмүрдүн көбү менен…

Сагындым, саргын талаа,
Сагындым аптабыңды,
Чалгыңды чөбү менен!
Шайлообек Дүйшеев

 

САГА

Мен сени көрбөйүн деп көзүм жумсам,
Элесиң көз алдыма тартылгансыйт.
Мен сени укпайын деп кулак жапсам,
Добушуң комуз болуп жаңыргансыйт.

Аккуудай айдың көлдө эрке сүзгөн,
Маңдайда жылдыз болуп жагылсаңчы
Жашоонун оомал-төкмөл сапарыңда,
Сен мага тумар болуп тагылсаңчы.

Дестелеп гүлдөр терип жайда күтөм,
Санааркап күздө күтөм, кышта күтөм.
Шурудай тизип сөздүн берметтерин,
Мен сени сүйүү чачкан жазда күтөм.

Комузум муңканбачы жүрөктү эзип,
Анда мен көз жашымды тыя албасмын.
Ойлонтуп алда-нени досторума,
Кубаныч отун жагып көрө албастын.
Өксүтүп сезимдерге бүлүк салган,
Ой жетип кол жетпеген махабатым.
Шамшыбек Өтөбаев

 

ТУРА ТУРЧУ

Көктөм келсе жатып алып чалкаман,
Көп караймын булуттардын көчкөнүн.
Кээ бирине окшоштурсам өзүмдү,
Көзгө элестейт торпок минген кездерим.

Ана, тигил буурул булут төбөдө,
Окшоп кетти буурул чачтуу энеме.
Бир топ жылдар бир көрүшпөй жүрсөк да,
Мурункудай чыйрак экен дегеле.

Ал түрүнөн булут кайра өзгөрүп,
Ак сакалдуу атакемдей кейиптенип,
Минип алып мен сугарган тору атын
Бара жатат көрпө тонун бөктөрүп.

Бирок муну ук, мага күйбөй коштошуп,
Кете бербей сапарыңды токтотуп,
Тараганча далай жылкы сагынчым,
Тура турчу, ата-энеме окшошуп.
Байдылда Сарногоев

 

ЖАШТЫК ПОЕЗД

Өтүп барат жаштык поезди
Бир күнү мен калам секирип.
Мына, менин тоскон өзөнүм —
Бала күнүм койгом кечирип.

Мен турмушка али жетпедим,
Сүйгөнүмдүн бетин өппөдүм.
Бир максаттын жүрүп соңунан,
Билбептирмин мезгил өткөнүн.

Деги канча аян бергенсиң
Сен күткөнсүп, көзүң жалжылдап.
Алыс жакка оттор жагасың
Жетпей келем жүрүп ай-жылдап.

Зуулдап барат жаштык поезди
Кетип барат кеткен жолунда…
Токто, менин элпек жаштыгым,
Каналекмин сенин ойнуңа!
Рамис Рыскулов

 

* * *

Коюлбасын эч эстелик, эч белги.
Билген билер, билбеске не кереги.
Таңы нурга, жылдызга жык кечтери,
Болсун боору бир калкайган дөбөнүн.

Сен түс берип, билген ойнун ойносун,
Жаз менен күз, кыш менен жай убактар.
Каптабаган караган-чер болбосун,
Калың бассын өзүм сүйгөн шыбак да.

Каалашынча эзсин жамгыр турпагын,
Кар астынан гүл башбаксын дирилдей.
Көргөн кезде урпагымдын урпагы,
Көр экени калсын такыр билинбей.
Сагын Акматбекова

 

МЕН СҮЙӨМ

Күз өтүп, кыш жакындап калган чакта,
Кетишип келгин куштар ысык жакка,
Көрүнбөйт зымга конгон чабалекей,
Көрүнбөйт чыйырчыктар конгон бакка.

Сайраган күкүк кайда? Булбул кайда?
Бүт кеткен алда качан ысык жайга.
Жадаса араң учкан сасык үпүп,
Жоголду келбечүдөй мында кайра.

Бийикте каркыралар бүл-бүл этип,
Жаага окшоп учуп барат сансыз чекит.
Бул жерде торгой калды, чымчык калды,
Жаздагы келгин куштун баары кетип.

Ошентип, келгин куштар кетти бүтүн,
Кыш катуу… Сезет алар кыштын күчүн.
Мен сүйөм торгой менен таранчыны,
Мекенин таштап кетпей жүргөн үчүн.
Жалил Садыков
ЭЛЕГИЯ

Бул турмушта биз экөөбүз бала чакта
жөнөкөй эмес беле ушунчалык.
Канчалык көз талдыра карасак да
элесте бир өчпөптүр ушул тарых.
Жаздарда көпөлөктү кууптурбуз
көрүнүп ал көрк үчүн жүргөн учуп.
Делдейип жомокторду угуптурбуз
кыялдын кемесинде калкып сүзүп.

Түндөрдү уктоо үчүн келет деппиз,
күндүздөр оюн менен өтүптүр тез.
Жашоону жеңил-желпи элестеппиз
агыптыр кайткыс нукка балалык кез.
Алдыда арбындаган сан машакат
байкабай жол таптадык, кийим кийдик.
Дүңгүрөп өз өмүрүн кылым жашап,
дүңгүрөп өтөөрлүгүн кайдан билдик…
Жолон Мамытов

 

ЭНЕ ЖАНА КОЛОМТО

Мейли, кышта, бурганактын шаңында.
Мейли күздө, мейли жаздын таңында
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы
Камданчубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн —
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган
От күчөөчү коломтого таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү
Апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеримде карсылдап тоо ышкыны
Атам мага мингизчү көк быштыны,
Турар Кожомбердиев

 

* * *

А сыртта асман бүркөк, агат жамгыр,
Жаз мүмкүн келе жатат каяктандыр
Шартылдап ишенимдүү кадам шилтеп,
Ким тосот жолун анын, дарактарбы?

А сыртта аба салкын, асфальттар ным,
Тунарып турат асман. Каяктандыр
Келаткан жаз дабышын тыңшайм дагы,
Тиктеймин бозоргон суу дарактарды

…Таңдай ак, таңдай таза, сүттөй делбе,
Тартуулайм жазга кошо. Мөлтүрөгөн
Көзжаштай ысык дагы, ачуу дагы,
Жүрөктү күйгүзүп бир күндөр келген.

Таңдай ак, таңдай таза, таңдай аруу —
Жарыгым, тартуулаймын жаздын табын,
Көгөр да көктөм сындуу, көрбө, билбе,
Көздөгү кургап калган жаштын тагын.
Шербет Келдибекова

 

* * *

Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жамандын жаман жагын жазып жатып,
жамандын жакшы жагын унутпайын.

Көз бергин таразадай,
акыл бер, көкөлөткөн колчырагын,
байлыктын жолун айтып каргашадай:
байларың, кедейлерден кор турарын,
жылкыдан жыгылганда аман калып,
эшектен жыгылганда кол сынаарын…

Айла бер, амал бергин,
айбат бер, айгайлатып.
Жылуунун баркын унтуп калган адам,
барышы керек экен карга кайтып,
чындыктын коргош үчүн адам анан,
аргасыз жашайт экен жалган айтып…

Оо, жараткан,
ыйман бер жазарымда,
бычактын мокогун бер чатагыңда,
ынсап бер ким-бирөөнү кууп калсам,
кубат бер качаарымда…
Кыз бергин барган жерин тыштабаган,
куш бергин өскөн жерин кыштабаган,
жүрөк бер досторума муздабаган,
санаа бер душманыма сыздабаган…
Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жакшынын жакшы жагын жазып жатып,
жакшынын жаман жагын унутпайын.
Нуралы Капаров

“Кыргызстан маданияты” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий