Түгөлбай КАЗАКОВ: “Шумдуктарын мурун билгенде Токтогулдан тогуз чакырым алыс жүрмөкмүн”

“Алтын балалык”, “Жамгыр төктү”, “Жыйырманчы жаз”, “Насыйкат”… Сиз туура баамдадыңыз, алдыда биз уникалдуу обончу, улуу талант Түгөлбай Казаков менен маек курабыз. Жарым кылымды ашкан жашоосунда ар нерсеге кыраакылык менен кылдат карап калган залкар замандашыбыз ар бир жообуна терең ой ороп берди.

– Ар убак чогулуш, форум, конференция, эч болбоду дегенде планёрка деп эч бошобойт экенсиз. Жыйындардан тажаган жоксузбу? Деги эле учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

– Жыйындын кандай болорун алдын ала билсем кана… Темалары ай чапчып турса кантип барбай коёсуң? Биринен сүйүнүп, биринен кейип чыгам. Чыксаң сыртта “Өмүрүң үшүнтүп өтүп жатабы?!” деген мезгилдин ийрейген чоң суроосу күтүп турган болот. Анан чындап эле “Деги мен эмне менен алек болуп жүрөм?” деген жообу жок, зылдай суроону жонго салып андан ары жөнөйм.

– Агай, акыркы кезде саламаттыгыңыз көпчүлүктү тынчсыздандыргандай болду, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Шүгүрчүлүк, алтымыштан ашкан киши эски машинедей болот экен. Каерден эмнеси иштебей каларын эч ким билбейт. Бул курактагылар өз буту менен басып, бу дүйнөнү өз көзү менен көрүп, өз колунан суу ичип турганына сүйүнүшү керек.

– Операция болгонуңуздан кабарыбыз бар. Эмнеге Түркияны тандадыңыз, биздин доктурларга ишене алган жоксузбу?

– Мен инфаркт болгондо биринчи операцияны биздин эле доктурлар жасаган. Жүрөгүмдүн эки жерине стент коюлган. Биздин доктурларга ырахматтан башка айтарым жок. Ал эми аларга керектүү жабдуулар келген кезде ангиография, аблация сыяктууларды биздин эле доктурлар жасап, эч ким эч жакка барбай ушу жерден эле дарыланып калат. Ага чейин айрым учурда чет өлкөгө чыгууга туура келет.

– Бул оору менен качантан бери алышып келесиз?

– Көп жыл болуп калды. Инфаркт болсо былтыр келди. Ошондон бери дарыны кочуштап иче берип унутчаак болуп кеттим.

– Каражат көп эле кетсе керек?

– Дүйшөн акын “Алайын десем көмүр кымбат/ Албайын десем өмүр кымбат…” дегендей, азыр куштардын сайраганы менен кишилердин чүчкүргөнү эле бекер болбосо, баары кымбат. Мага негизинен досторум жардам берди. Операциянын арзаны жок. Мага окшогон бизнестен Кудай айтпаган кишилерге кыйын эле.

– Чыгармачыл инсандар балалыгын өзгөчө аздектеп эскеришет эмеспи, сиз дагы балалыгыңыздын кызыктуу ирмемдерин дале сактап жүрөсүзбү?

– Балалык тууралуу кызык аңгеме курса болор эле. Бирок мен кийинки жылдарда өзүм жаза элек ойлорду айткандан жалкып калдым. Мурда сүйлөшүп отурганда, же ушундай интервьюларда байкоолорумду, табылгаларымды, айтор, калемге илине турган кызык ойлорумду айта берчү элем. Анан карасам эле алардын көбү ошондо жанымда угуп отурган же интервьюмду окуган айрым шүмшүктөрдүн заматта чыккан китептеринде жүргөнүн көрүп, балдарымды башка бирөө өзүнө жаздырып алгандай аябай иренжиген күндөрүм болгон. Ошондон улам эгер оригиналдуу ой айтпай жатсам, анын себеби бар деп билиңиз.

– Балалыкта кандай улуу инсандардын таасиринде чоңойдуңуз?

– Эгер балалыкты он жашка чейинки курак десек, анда 1957-жылы чыккан “Манас” үчилтигиндеги, кыргыз эл жомокторундагы каармандардын таасиринде, бир укмуш дүйнөдө жүрдүм.

– Алгачкы обонуңуз тууралуу айтып берсеңиз.

– Алгачкы обондун эки түрү бар: бири — өмүрүңдө биринчи жолу чыгарган обон. Андай обондун көбү элге тарабайт. Себеби начар болот. Экинчиси – атыңды элге тааныткан обон. Ал элдин эсинде алгачкы обон катары калат. Менин ошондой обонум – “Алтын балалык”. Ал эч жерде кабыл алыналекте, эл угалекте Москвада ырдалган. Ошондон башталган обончулук жолум акырындан уланып олтуруп өткөн кылымдын 80-жылдары менин чыгармачылыгымдын гүлдөгөн доору болду.

– Ырларыңызды аткарып жүргөн ырчылардын кимиси купулуңузга толот да, кимиси жакпайт?

– Ырчыга сынчы автор эмес, эл. Авторго миң жеринен жагып турса да, элге жакпаса, ал ырчы эмес жана тескерисинче.

– Балдар, неберелер, жээндерден жолуңузду жолдогону барбы?

– Менин жолум сыртынан сыдыргыга салгандай түз көрүнсө керек. Популярдуулук адамды жыргап эле жүргөндөй көргөзөт. Бул алдамчы көрүнүш. Анын артында далай маселе бар. Өнөрпоздун бир көргөнүн кул көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт. Ал жолго түшкөндүн баары эле бактылуу боло бербейт. Ошондуктан балдарымды өнөргө күчтөгөн жокмун. Болбосо бир топ жерге барчу шык баарында бар болчу. Деген менен келечекти болжош кыйын.

– Азыр да жаңы обон чыгарып жатасызбы?

– Обонду мурдагыдай артынан сая түшүп издебейм. Келсе, кет дебейм.

– Учурда чоң талкууга түшкөн “Токтогул” сыйлыгы тууралуу кандай пикирдесиз? Дегеле азыр сыйлыктын баркы кеткен заман болуп калбадыбы, сыйлык алуу сиз үчүн канчалык маанилүү?

– Ушу талкуу башталгандан кийин ошол эле комиссиянын айрым мүчөлөрүнөн, комиссиянын ишин жакшы билгендерден не бир шумдук маалыматтарды уктум. Чынымды айтайын, аябай иренжидим. Мындайын билгенде Токтогулдан тогуз чакырым алыс жүрмөкмүн.

– Кантсе да таарыныч болуп жатса керек?

– Бир сырымды ачайын: мен  кадырды билген гана  кишиге таарынам.

Гүлайым Калыбекова, “Леди.kg

Соц тармактар:

Добавить комментарий