Зыйфырым

(жомок)

Илгери, илгери бир кандын уулу өз вазиринин кызын алган экен. Күн өткөн сайын кандын уулуна: “Өзү кандын баласы болуп туруп вазиринин кызын алды. Башка падышанын балдары бүт кандын кызын алып жатат. Бул деле ошентсе болмок, бул кыз анын теңи эмес”,-деген сөздөр угулат. Бул өңдүү сөздөрдү уккан сайын кандын баласынын жини келип, аялын ура баштайт:

Күндөрдүн биринде кыздын жеңеси келип:

-Өзүң вазирдин кызы болсоң, күйөөң кандын баласы болсо, эмне көңүлүң пас, эмнеге жүдөйсүң?-деп сурады.

Кыз мурун айтпай коюп, үчүнчү жолу сураганда араң айтат. Жеңеси кыздын энесине айтат. Энеси:

-Сени антип жүрсө, Мисир падышасынын Зыйфырым деген атагы чыккан кызы бар, күйөөңдү ошого барып кел деп жумша,-дейт.

Вазирдин кызы күйөөсүнө айтат. Ал эртеси бир ат минип куржунга кымбат баалуу мүлктөрүн салып алып, жолго чыгат. Бир нече күндөн кийин суунун жээгине келип олтурса, суудан килем жамынган эки жигит, бир кыз болуп чатыраш ойной башташат. Муну көрүп турган кандын уулу келип:

— Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз,-дейт. Алар бир ооздон:

— Сен деле кел кыйын болсоң жекеме жеке ойноп, бизди утуп алгын. Эгер уттурсаң мал-мүлкүн биздики болот,-дешет.

Кандын уулу макул болуп, алар менен ойноп уттуруп жиберет.

Жөө сандалып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, араң Мисир шаарына келип Зыйфырымдын үч шартын угат. Көрсө, падышанын кызы: “Эгер кимде-ким мени бир түндө үч жолу сүйлөтө алса, мен алдынан кыя өтпөй, өмүр бою кызмат кылам. Эгер «сүйлөтө албаса, өлүмгө буйрулат”,-деп жар чакырткан экен. Кандын уулу Зыйфырымга келип, нечен түрлүү айла-амалын кылып сүйлөтө албай коюп, шарт боюнча дарга асылмак болот. Ошол мезгилде кыздын энеси келип:

-Кызым, көп эле кишини даргага астырдың, ушул жигиттин канын кечирип мага бер, мен малай кылып алайын,-дейт.

Кыз ага макул болот. Ошол мезгилде жигиттин өз жеринде калган аялына жеңеси келип:

— Өзүң вазирдин кызы болсоң, ура берүүчү күйөөң деги жок. Ээн-эркин, эми неге көңүлүн пас?-деп дагы сурайт. Анда кыз:

— Жаман да болсо баркырак төөнүн бары жакшы экен. Күйөөм үйдө эле жүрө берсечи, эми кайра аны сагынып, санам

тынбай кайгырып жүрөмүн. Ага барып келбесем болгудай эмес эми барууга даярданып жатамын,-дейт.

Ошентип кыз эркекче кийинип, ак калпакты баса кийип, мүлкүн алып, атка минип, камданып алып жолго чыгат.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп баягы күйөөсү келген сууга келет. Килемчен эки жигит менен колуна чатыраш кармаган кыз теректин түбүнө келип, эки жигит, бир кыз болуп ойной башташат. Аны көргөн кыз аларга карап:

— Ушул кантип калыстык болсун, силер экөө, кыз жалгыз,-дейт.

— Андай болсо кел, сен биз менен жекеме-жеке ойноп жеңип ал, кыйын болсоң, эгер женилсең мал-мүлкүн биздики,-дешет.

Вазирдин кызы ойноп аларды утуп алат. Утулгандан кийин алар:

-Биз үчөөбүз тең перинин уул-кыздары болобуз. Бир маал ушул теректин түбүнө келип эс алабыз. Себеби, бизди энебиз ушул теректин түбүндө төрөптүр,-деп сырларын айтышат. Анан алар тиги “жигиттин” кайда, эмне иш менен баратканын сурашат. “Жигит” өзүнүн бара турган жери менен максатын айтып берет. Ошондо баягы перинин уул-кыздары:

-Аңда сенин ишиң оор экен, ага биздин падышанын уулдары да барып, сүйлөтө алышпай өлүмгө дуушар болушкан. Сага биз жардам берели, балким жеңип кетерсиң, өлүмдөн калып.-дешет.

Биз үчөөбүз кыздын бөлмөсүнө кирип бирөөбүз керебет, бирибиз олтургуч, бирибиз сандык болуп кубулабыз. Сен кирип кызды сүйлөтө албаган соң:

-Зыйфырым, капкалуу шаарымды, туулган жерим менен өскөн элимди таштап, атайын бир өзүң үчүн келсем неге унчукпайсың, ушунчалык жүрөгүң таш беле, жок дегенде, Керебет, сен сүйлөсөң боло!-деп мени таягың менен бир чаап койгун. Ошондо мен сага сөз сүйлөйм. Аны тескери чеч. Ошентип калган экөөнүкүн дагы оң чечпей, тескери чечип жооп бер,-дешет.

Алар айткандай эле кызга келип сүйлөтө албаган соң, керебетти бир чаап перинин кызынын сөзүн кайталайт. Керебет сүйлөй баштайт:

-Мурун Мухарам деген падыша болгон экен. Анын үч уулу болуп, күндөрдүн биринде падыша үч уулун чакырып алып: “Силер мага кымбат баалуу бир нерсе сатып келгиле. Мен алардан силердин акылыңарды билгендей болоюн”,-дейт. Үч уулу Шам шаарына келип, улуусу жер үстүн заматта айланып чыга ала турган ат, ортончусу бүт аалам көрүнүп тургудай көзгө, кичүүсү жыттатып койсо, өлгөн адамды тирилтчү алма алып келишет. Алар:”Эми булардын касиетинин тууралыгын текшерип көрөлү”-дешип карашса, Куфа шаарынын падышасынын кызы өлүп, жаңыдан койгону даярдап жаткан экен. Кандын балдары кеңешип: “Алдыбызда ааламды айланып уча турган ат, өлгөндү тирилте турган алмабыз турса, биз падышанын кызын тирилтип алып келбейбизби”, дешет. Үчөө туура көрүшүп падышанын кызына барып тирилтип алышат.

Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет. Кызды ким алышы керек?-деп керебет суроо менен бүтүрөт.

— Андай болсо, кызды күзгүнүн ээси алышы керек, ал болбосо көрүшмөк эмес,-дейт бала. Ошондо Зыйфырым чыдай албай:

— Жок, кызды алманын ээси алышы керек, күзгүдөн көрүп ат менен келген менен алма болбосо ал тирилмек эмес -деп жиберди.

Ошол замат он эки капкасынан тең Зыйфырым дын бир жолу сүйлөгөндүгү жөнүндө кабар берилет.

Экинчи жолу бала отургучту чаап сөзүн кайталайт. Ал да сүйлөй баштайт:

-Бир кемпирдин балтыр бешик баласы болуптур. Күндөрдүн биринде уулунун сүтү түгөнүп калып, кемпир базарга барып, сүт алып чуркап келатса, бир айры куйрук жыланды илип алып, көтөрүп учуп бара жаткан болот. Жылан уусун кулгуп, бир тамчысы кемпирдин алып бара жаткан сүтүнө таамп калат. Муну кемпир билбейт.

Үйүнө келип баласына берер замат баласы өлөт. Күнөө кимде?-деп отургуч сөзүн суроо менен бүтөт. Бала дароо:

— Күнөө кемпирде. Себеби ал сүттүн үстүн жаап койгондо уу түшмөк эмес,-деди. Анда Зыйфырым:

— Жок, күнөө айры куйрукта. Ал жыланды асманга алып учпаса, сүткө уу таммак эмес,-деп жиберди.

Шаардын бардык тарабына Зыйфырымдын экинчи жолу сүйлөгөн жөнүндө кабар берилет. Бала үчүнчү жолу сандыкты чаап сөзүн кайталаганда, ал да сүйлөй баштайт.

— Бир токойду баш кесер каракчылар уюктаган. Ошол жердин каны менен вазиринин балдары бир күнү каракчылардын колуна түшүп калышат. Кандын баласы эч нерсе билбеген, вазирдин баласы кыйын айлакер болот. Алар ал жерден эптеп амалын таап бошонуп чыгышат. Ал жерден ким алып чыкты, кимисинин эмгеги көбүрөөк экен?-деп сандык сөзүн суроо менен бүтөрөт.

— Кантсе да кандын баласы эмеспи, аны өлтүрө да алышмак эмес, ошол үчүн кое беришти,-деди бала.

Анда Зыйфырым үчүнчү жолу:

-Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак,-деди.

Ошол замат кандын кызынын үч жолу тең сүйлөгөндүгү жөнүндө шаардын капкасына чейин кабар угулуп, Зыйфырым баягы убадасы боюнча жигитке тиймек болду. Ошондо вазирдин кызы элди жыйып:

-Тойго шаардын ичинен бир да адам калбай келсин,-деди.

Эл жыйналгаңда:

— Бир да адам калган жокпу?-дейт Зыйфырым.

-Баягы энем өлүмдөн алып калган кызматчы жигит калды,- деди.

Жигит аны да алдырып келип, өзүнүн күйөөсү экенин тааныды. Анын чачын алдырып, алган чачын жоолукка түйүп, сууга түшүртүп, самсаалап жыртылган кийимин чечиндирип, аны да куржунга салып, жаңы кийим кийгиздирди. Зыйфырымды жигитке бермек болду. Бирок вазирдин кызы кайрылып:

-Менин жеримде өзүмдүн зайыбым бар. Мен бул жерге Зыйфырымга келгендерди өлүмдөн куткарып калыш үчүн гана келгемин. Көп жигиттердин арасынан аман калган мына бул жигитке Зыйфырымды берели,-дейт.

Кан макул болот. Кыз күйөөсүнөн мурун келип, эркек кийимин чечип, өзүнүн кейпине келет. Кандын уулу Зыйфырым менен жашап калат. Кыз билмексен болуп жүрөт.

Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө.

-Кана, сен бул жерден кеткенде жалгыз ат, бир куржун оокат менен кеттиң эле, эми кандын кызын кантип алып келдиң?-деп күйөөсүнө суроо берет.

Анда күйөөсү:

-Кыздын шартын аткарып, бир түндө үч сапар сүйлөтүп алдым,-дейт.

Аялы:

-Кантип сүйлөттүң?-дегенде жооп бере албай калат. Ошондо туруп элге куржундагы баланын чачы менен кийимдерин көрсөтүп, болгон окуяны айтып берди. Зыйфырым муну угуп:

-Мен өз антым боюнча үч жолу сүйлөткөн кишинин айтканын аткарып, кызматын кылам, мындан ары буга аял болбойм, өмүр бою кызга жолдош болуп кызматын кылам,-деди.

Ошентип, алар өмүр бою эң жакшы жолдош катары өз өмүрүн өткөрүп жашап калышкан экен.

Соц тармактар:

Зыйфырым: 1 комментарий

Добавить комментарий