Жилик устукандоо

Кыргыздардын эң негизги конок тамагы болуп эт эсептелинет. Урматтоонун белгиси катары келген конок үчүн атайын кой союп, устукан тартуунун салттары өткөн замандан ушул күнгө чейин бекем сакталып келе жатат. Устукан тартуу салты Кыргызстандын ар кайсы аймагында анча-мынча өзгөчөлүктөргө ээ. Ошондой болсо да негизги эреже төмөнкүчө:

bash

Баш – койдун башы. Ал коноктордун арасынан эң сыйлуусуна тартылат. Башка каржилик же дагы башка жилик кошумчаланат. Башкы устуканды алганына ыраазы болгон конок үйдүн кожоюндарына урмат көрсөтүүнүн белгиси катары бир кесип алып ооз тиет да, калганын эң жаш мейманга же кожоюндун уулуна өткөрүп берет. Ал башты бузат да, этин төмөндөгү эрежелерди сактоо менен отурган конокторго бөлүштүрүп берет: кулакты – атасынын сөзүн угуп жүрүү үчүн кожоюндун уулуна; көздү – тез-тезден көрүшүп тургусу келген кишисине; таңдай жана анын кесимдерин – чебердик менен сайма сая билүүлөрү үчүн кыздарга (таңдайдын үстү саймаланганга окшоп турат). Андан соң баштын этин майдалап кесип, шорпо куюлган идишке салат да, аны калган конокторго айлантып узатат.

Төмөнкү жаак устукан катары тартылбайт, аны майда кылып кесип, бардык конокторго ооз тийгизишет. Адатта тилди, өзгөчө тилдин учун тилдүү болуп калбасын деп жаш келиндерге, аялдарга беришпейт.

 

jambashЖамбаш – койдун жумшак, ширелүү эти жана жетиштүү майы бар жамбаш сөөгү. Бул сыйлуу устукан, аны башты алгандан кийинки эң урматтуу конокко тартышат. Бул эркек да, аял да болушу ыктымал.

 

 

kashkajilikКашка жилик – эти көп жилик. Бул да сыйлуу устукан, жото жиликтен кийин келет. Бул жиликти устукан катары эркекке да, аялга да тартышат. Мында эң даамдуу чучук бар.

 

 

jotojilikЖото жилик – чүкөлүү жилик. Бул устукан маанилүүлүгү боюнча жамбаштан кийин турат. Адатта эркекке тартылат. Бул устукандын негизги сөөгүнөн илгери кыргыздар бешиктин шимегин жасашкан.

 

karjilikКаржилик – кашка жиликтен кийин келген сыйлуу устукандардын бири. Өткөн замандарда жигиттер бул жиликти өзү менен кошо жортуулга ала кетишкен. Же болбосо тазаланган жана кургатылган каржиликти душмандардан, ою бузук адамдардан коргойт деген ишенимде боз үйдүн кире беришине илип коюшкан.

 

 

 

kunjilikКүң жилик – бул жиликтин эти өтө даамдуу болгону менен аталышынан улам көпчүлүк жерлерде устукан катары тартышпайт. Бул устуканды илгери үйдүн ээси экинчи аялына же сүйүктүү күңүнө берген.

 

 

 

dalyДалы – улуулугу боюнча каржиликтен кийин келип, эркекке да, аялга да тартыла берет. Мурдагы замандарда кыргыздар далы менен төлгө тартышып, кийинки жылдын аба-ырайын жана болчу түшүмдү алдын ала айтышкан.

 

 

omurtkaОмуртка – муну бөлүп-бөлүп, жаш конокторго устукан катары берсе болот.

 

 

toshТөш – кыздарга, жээн кыздарга арналган устукан. Ата-энелер төштү турмушка чыккан кызынын үйүнө чийки же бышкан түрүндө берип жибериши мүмкүн.

 

kabyrgaКабырга – омуртка сыяктуу эле кабыргаларды да өз-өзүнчө устукан катары берсе болот.

 

 

kuymulchakКуймулчак – койдун куйрук этинин майлуу бөлүгү. Муну эң урматтуу улгайган аялга – байбичеге же кудагыйга тартышат.

Гүлайым Калыбекова, “Леди.kg

Соц тармактар:

Добавить комментарий