Асанкалый Керимбаев – ааламдан өчкөн жылдыздар

Asankalyiy

Жан эргиткен обондору, ырлары, ыргактары менен кыргыз элинин кан тамырына сүңгүп кирген обончу Асанкалый Керимбаевдин өзүнүн көзү тирүү кезинде 1992-жылы ушул интервьюну алган элем. Бул маек «Обондорум – аталардын арманы» деген темада жарык көргөн. Асан аганын каза болгонуна быйыл 9 жыл болуптур. Бирок токсон канаттуу куштардай обондору кыргыз асманында учуп жүргөнүнө эл күбө. Ал бардык параметрлер боюнча алганда да кайталангыс талант эле. Обончулар көп, бирок Асанкалый өзгөчө элдик обончу экенин мезгил менен мейкиндик аныктай бермекчи.

— Чоң атаңыз болуш болгон экен, сиз ырчы болуудан намыстанбайсызбы? Дегеле, илгерки бий-болуш, манаптар ырчылык өнөрдү дубаначылык катары баалашчу тура. Буга кандай дейсиз?

-Менин чоң аталарым эл башкарып бийликте жүргөн адамдар экен, эгер ошол заман өзгөрбөй турса, балким мен ырчы болмок эмесмин. Бирок ыр жандуу адам болмокмун. Карыялардан угушума караганда, аталарымдан ырга шыктуу, чоорчу, кыякчылар чыкпаптыр. Бирок өзүмдүн атам теңтуш, жоро-жолдошторунун арасында аябай эле жакшы ырдачу дешет. Мен алгач музага ашык болуп, аккордеон көтөрүп жүргөнүмдө бир топ туугандарым каршы чыгышты. Чогулуп алып ортого салып, тилдеген күндөрү да болду. Мындай окуя Осмонкулдун да башынан өтүптүр. Менимче, илгери бий-болуштарга ырчылардын ар кимди мактап ырдап тиричилик өткөргөнү жакпаса керек. Канткен менен обончу болуп калышымдын себеби жазмыштын буйругу го.

-Обончу болуп калганыңызга сүйүнүп да, өкүнүп да жүрөт дешет го.

-Өкүнгөндүгүм да, сүйүнгөндүгүм да чын. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле ырдай баштадым. Балалык курак кызыл-тазыл кыялдарга, романтикага бай учур болот экен. Анын үстүнө ошол кочкул боекторго табият тартуулаган анча-мынча көрөңгө кошулса, ырдабай коюуга мүмкүн эмес окшойт. 8-9 класста окуп, кыздардын алдында бой түзөп басып калган учур. Алардын карегине илинип калуу үчүн, бардык жолдорду издейсиң. Бир туруп жомоктогу баатыр болуп көрүнгүң келет, эмне кылаар айламды таппай, Рыспайдын махабат ырларын безеленип ырдап кирем. Рамис: “Кыздар реактивдүү самолеттун көрүнбөгөн авторлору”-дегендей, алар мени дагы өрттөп күйгүзүп жүрүп, акыры түбү муңканган обондордун автору кылып чыгарышты. Андан кийин үч-төрт обонум чыгып, эл арасына тааныла баштаганда ашып-ташкан кубанычымды эч кимге билдирбесем да, өз ичимден купуя сыймыктанаар элем. Бирок, бүгүн минтип кырк жаштын кырынан ооп батирге жетпей жүргөнүм үчүн өкүнгөнүм да анык.

-Обончулардан жетекчи кызматкерлер чыгабы?

-Обончу деле киши. Айрымдар обончуну аккордеон көтөрүп, той-тамашада ырдагандан башкага жарабаган бир байкуш катары ойлошот. Мына, Түгөлбай (Казаков) иштеп жатпайбы.

-Менимче, бул обончу аттууга берилген алгачкы ишеним болсо керек…

-Ооба, ошондой.

-Эгер Сиз обончу болбой калганда ким болот элеңиз?

-Мидиндин тамсилиндегидей кызыл же жашыл столду кучактап бир кабинетти ээлеп отурмакпыз.

-Артисттик кесип биздин кыргыздарда кандайча бааланат?

-Кыргыздар артист десе, моралдык жактан туруксуз, аялы менен ажырашкан, эч жерге батпаган, жеңил ойлуу, аракеч бирөөнү элестетишет. Ал эми башка улуттагылар же орустар тескерисинче артистти маданияттуу, билимдүү адам деп түшүнүшөт. Кыргыз элинде алардын кадыр-баркынын өтө эле төмөндөп кетишинин жөндүү себептери да бар. Менимче, бизден мурунку артисттердин туура эмес жүрүш-турушунун күзгүдөн кайрадан чагылышы. Же болбосо башка бир мисал келтирсек, 50-60-жылдары айылга концерт коюп келген артисттерди эл шумдуктуудай сыйлаар эле. Барган жерде кой союлуп, арак-шарап деген суудай акчу…Ошентип, элде артист тууралуу тескери түшүнүк калыптанып калган болуу керек.

-Биздин бүгүнкү катаал мезгилде жалаң обончулук кесип менен тиричилик кылууга болобу?

-Ай ким билет, болбойт го. Алсак, Рыспай Абдыкадыров – Ош пединститутунда мугалим, Калыйбек Тагаев – эл чыгармачылыгы үйүндө эмгектенет. Дегеле, обончулардын бардыгы тең эле кызматтан баш тартпаса керек деп ойлойм. Анткени, жалаң обончулук менен үй-бүлө багуу кыйын. Анын үстүнө бүгүнкүдөй катаал заман ийинден басып турган учурда. Мына мен өзүм беш жыл келишим менен иштеп жүрдүм. Батирге төлөгөнгө акча жок болуп калган учурлар болду. Шартым начар экенине карабай, жардам берген эч ким болгон жок. Анын үстүнө кимдир бирөөлөр жетекчилерге “ойда, ичет” деп ушактап барышканбы, тигилер да ишенчээк немелерби, мага кыйшык көз менен карап калышты.

-“Муңдашым Мунар кайдасың?” аттуу ырга обон чыгарганда анын автору А. Токомбаев колундагы саатын чечип бериптир деп угуп жүрөбүз. Чын-төгүнүн айтып бербейсизби?

-Калп. Бирок, мындай окуя болгон: бир күнү А.Токомбаевге жардамчы болуп иштеген Акун Ашуров деген кишиге жолугуп калдым. Ал Аалыкемдин мени издеп таппай жүргөнүн айтып: “үйүнө барбайсыңарбы” деп калды. Күн чакчайып тийип турган июнь айы эле. Аккордеонду көтөрүп алып үйүнө кирип бардым. Аалыкем таякчан короодо ары бери басып жүргөн экен. Акун Ашуров мени тааныштырды. Анан бир пияладан муздак жарма ичтик. Бир аз сүйлөшүп магнитофонду коюп, “Муңдашым Мунар, кайдасың?” аттуу ырды ырдап берүүмдү өтүндү. Кайра-кайра ырдатып, магнитофонго төрт жолу жаздырды анан аксакалдык нуска кептерин айтып, каалоо жазылган “Белегим” аттуу китебин тартуулады.

-Жакшы шарт түзүлбөсө, жакшы чыгарма жаралбайбы?

-Буга мен Кубатбек Жусубалиевдин сөзү менен жооп берейин. Талант өзүн куштай таптоо керек. Тапка келген куш карышкырды да, кулжаны да алат. Ал эми тапталбаган курсагы ток бүркүттү түлкүгө салсаң, тигиндейрээк учуп барып таштын үстүнө конот. Анткени ал эч нерсеге даяр эмес. Табият тартуулаган учууну да унута баштаган. Демек, чыныгы чыгармачыл инсан шарт түзүлгөн-түзүлбөгөн күндө да тапталган куш сыңары болуу керек. Бирок, шарт түзүлбөсө жакшы иштейт деген ойдон алыс болгон дурус.

-Обондоруңуздун баары эле сулууларга арналат. Эмне, сулуулардын бардыгына эле таасирлене бересизби?

-Сулууларды көргөндө бардык эле чыгармачыл адамдардын жүрөгү бир козголуп алса керек. Алар чыныгы чыгарма жаратууга чакырган азгырмалуу жандар. Жаштыкты, сулуулукту көргөндө өзүңдүн карып бара жатканыңды, дүйнөнүн утурумдук экенин ойлоп, бир топ заманаң куурулат. Бүгүнкү күндөрү мен негедир денсоолуктун начарлыгынан чарчагансып жүрөм. Эгерде кайра жашарып, эл үчүн “Сулууга”, “Мунарым”, “Кусалык” аттуу ырдын обонунун деңгээлиндегидей он обон жаратсам, арманым болбойт эле.

-Өмүрүңүздөгү, турмушуңуздагы оор учурлар тууралуу айтып берсеңиз?

-Турмуш ый-күлкүсү аралаш. Башымдан өтө оор кыйынчылыктарды көп өткөрүп, көп жолу жаңылдым. Адегенде эле жаңылганым, бул-алгачкы никемдин бактысыз болуп калышы. Кыргызда “Атка мингенде эле ээрге кыйшык отурган” деп коюшат. Ошол жаңылыштыгым мени турмуштагы жолума өтө тоскоол болду. Анын баарын саймедиреп айтып отуруу кажетсиз. Жоро-жолдош, теңтуштарга ырахмат. Элчибек аттуу жолдош баламдын үйүндө толук бир жыл жашадым. Кээде эч кимге көрүнбөй жашынып иш кабинетинде түнөгөн учурларым да алигиче эсимде. Ошентип, жалгыздыктын азабын аябай эле тарттым. Бирок, жалгыздыктын жеке чыгармачылыгыма оң таасирин тийгизгенин жашыра албайм. Менин өзүм күчтүү деп эсептеген обондорумдун баары удаама-удаасы менен дал ошол учурда чыккан. Жалгыздык коштогон жан дүйнөмдүн үшкүрүгүн аккордеон муңканган ыр кайрыгына айландырчу.

-Демек, жалгыздык Сизге “Болдино күзү” болгон экен да?

-Ооба, ошого жакын.

-Түш көрөсүзбү?

-Түштү көп көрөм. Эки нерсе түшүмө көп кирет. Армияда кызмат өтөп жүргөн болом. Анан үйгө качан кетем деп кыйналып ойгоном.

-Армия көкөйүңүзгө көк таштай тийген экен?

-Армия-маданияттуу түрмө. “Дедовщина” дегенди өзүң жакшы билесиң. Менимче, ал тууралуу жазбаган кыргыз гезити калган жок. Кайталап отурбайлы. Экинчиси, эски Токтогул шаарчасынын борбору. Кудая тобо, түшүмө баягы сулуулугу ашып-ташкан жерлер эмес, чалдыбары чыгып ураган үйлөр кирет. Бала кезде жүгүргөн жалгыз аяк жолдорду,саргыч талааларды көрөмүн.

-Чыгармачыл адам үчүн 30 жаш менен 40 жаштын кандай айырмачылыгы бар?

-Эгер мүмкүнчүлүк болсо, чыгармачыл адам жаш кезинде иштеп калуу керек. Отуз жашта чыгарган обонум менен кырк жашта чыгарган обонумдун айырмасы бар. Ачык айтсам, кырктан оогондон кийинки чыгармаларым мурункулардын жанында шоона эшпейт. Себеби, жаш кезде сезимтал, кыялкеч, эмоцияга бай учуруң болот экен. Ага кошул-ташыл чыгармага бүткүл жан дүйнөңдү берип иштейсиң. Куулук-шумдукту да анча үйрөнө элек мезгил.

-Азыр куулук-шумдукту үйрөнүп алдыңызбы?

-Гоголдун сөзү менен айтканда, улгайган карылар көшөгөнүн ичине отуруп алып сырттагыларды даана көрүп турган адамды элестетет. Ал эми көшөгөнүн сыртындагылар анын ичинде эмне барын көрө алышпайт. Ошол сыңары мен улгайып калдым дебейм, бирок көшөгөнүн ары жагында эмне барын билбеген жаш улан да эмесмин. Ошондуктан өзүмдү куулук–шумдук илимин үйрөнгөн адам катары эсептебейм.

-Кандай кемчиликтериңиз бар?

-Кыргызга тиешелүү жалкоолук бар. Анан-жалтактык. Ушул кемчиликтеримдин айынан көп учурда оюмдагы нерсени ачык айталбай, иштеримди өз убагында бүткөрө албай калам.

-Чоң атаңыз Керимбай болушту жетимиш жылдан бери жаманатты кылып келатышат. Сиз жакшы иликтеп көрдүңүзбү?

-Чоң атам Кетмен-Төбө өрөөнүндө жашаган элге аябай эле жакшылык жасаган экен. Баарын айтып отурбай, айрымдарын айта кетейин. 1920-жылдары кар оор түшүп, Кетмен-Төбөдө катуу жут болуптур. Ошондо болуш карга батып кетпес үчүн буттарына чаңгак кийгизип, жүзгө жакын адамды Таласка жөнөтөт. Алар Таластан аштык эгин алып келип, элди ачарчылыктан сактап калышыптыр. Жетим-жесир, бечараларга көңүл бөлүп, баарына тегиз карачу дешет. Малы жогуна мал бөлүп берип турчу экен.

Чоң атамдын алдынан кумганга сүт көтөргөн бир бала чыгып, салам айтам деп сүтүн төгүп алат. Анан ал бала ыйлап кирет. Жөн-жайын сураса, апасы катуу ооруп төшөктө жаткан экен. Сүттү апасына алып баратыптыр. Болуш балага бир уйду музоосу менен жетелетип, ушуну биротоло уй кылып, саап иче бергиле дептир.

1927-жылы Суусамырда Турсунбек, Жусупбек деген эки баласына чоң той берет. Той тарагандан кийинки түнү өкмөт адамдары келип айдап кетишет. Аксакалдардын айтымына караганда, Чүйдө, Казакстанда үч жыл сүргүндө жүрүптүр, Шиберге айдалбагандыгынын себеби, бир жагынан элди коргоп, басмачыларга каршы күрөшкөндүгүнөн болуу керек. Ошол үч жылдын ичинде бир үйгө эки жолу түнөгөн учуру болбоптур. Аны тааныган эл күнүгө чакырып, үйүнө мейман кылышчу экен.

Андан сырткары, кандайдыр бир касиетке эгедер экенин айта кетсем, ашыкча болбостур. Сүргүндөн кайтып келе жатып түнөө үчүн таластык таанышынын үйүнө барып калат. Үйдүн ээси кабыл албай коюптур. Ошондо чоң атам тескери бата берип, каргап кеткен экен. Тигил киши эртеси каза болгон дешет.

-Керимбай болуштун сөөгү кайсы жерге коюлган?

-Ал сүргүндөгү мөөнөтүн өтөп бүтүп кайра Кетмен-Төбө өрөөнүнө келет экен. Баса, ал сүргүндө кокус каза таап калбайын деген ой менен алты кез матаны куржунга салып жүрчү дешет. Келсе Таанкөз деген өзүнүн мурдагы жигити Кеңеш өкмөтүнүн кызматкери болуп калыптыр. Болушка бул жерде жашоого мүмкүн болбой тургандыгын түшүндүргөн соң, Үчкоргонго ооп кетет. Керимбай болуш ошол Үчкоргондо 1933-жылы айбашы күнү каза болуп айт күнү коюлуптур, Жаназасына беш жүздөн ашык киши келиптир.

— Керимбайдын Токтогулду сүргүнгө айдатканы чынбы?

-Биздин ооданда Чапырашты деген киши бар эле. Раматылык, жүз жаштан ашып барып каза болду. ошол кишинин, анан Түмөнбай, Үйөзбай аттуу карыялардын айтымына караганда Токтогулду чоң атам эмес эле Эсенбай деген Каракыр болушу айдатыптыр. Камала турган 62 кишинин тизмесин да Эсенбай болуш түзгөн экен. Токтогул тизмеге илинген Төрө деген жакын адамын Анжиянга чейин узатам деп ээрчип барып, Анжиян козголоңуна катышкан деген себептер менен камалып кетиптир.

-Канткен менен болуштун баласы эмессизби, кокус президент болуп калсаңыз ишти эмнеден баштайт элеңиз?

-Эми мен президент боло албайм, ошентсе да жооп берип коеюн. Кыргыз эмес калктын баарысы менен тилмеч аркылуу жалаң кыргыз тилинде сүйлөшмөкмүн.

-Кайрадан чыгармачылыгыңызга кайрылсак. Сиздин мага текстти тандай билгениңиз жагат. Бала кезде ыр жазган эмес белеңиз?

-Ыр жазып да көргөнмүн. Менден жакшы акын чыкпасына түшүнүп, токтотуп койгонмун. Бирок, ыр жазганымдын сөздү тандай билүүгө пайдасы тийгенин белгилей кетким келет.

-Классташтарыңыздын арасынан музыканттар барбы?

-Шаршен Кадыралиев деген эргежээлдей классташым бар эле. Мектепти бүткөндөн кийин бою өсүп, (тамаша) мени менен тең болуп калыптыр. Азыр оркестрде музыкант болуп иштейт. Классташтарымдын ичинен искусство дүйнөсүнө аралашкандардан ушул экөөбүзбүз.

-Обондоруңуздун көпчүлүгүндө муңканган, оор үшкүрүк байкалат. Муңканган ырлардын мунарасын курайын деп жүрөсүзбү?

-Бул тууралуу көп ой жүгүрттүм. Анын үстүндө угармандар дагы ушул маанидеги суроолорду көп берип жүрүшөт. Обондордун муңдуу жаралышы, менимче, чоң атамдын жана өз атамдын кайгылуу тагдырынын жыйынтыгы го деп ойлойм. Кеңеш өкмөтү Керимбайдын колундагы мал-келин бүт тартып алып, өзүн сүргүнгө айдады. Өз атам болуштун баласы болуп калганы үчүн эч кандай күнөөсү жок туруп Шиберде он жыл түрмөдө отурду. Акыры жүрүп, ошол түрмөдөн тапкан кеселден каза болду. Анда мен эки айлык ымыркай экенмин. Аталарыбыздын тагдыры тигиндей трагедия болгон соң, турмуштун оорчулугу бизге да келип түштү. Канчалык кыйынчылык болгону менен энелүү жетим – эрке жетим дегендей, курсагыбыз ач болгон жок. Антсе да, аталарымдын армандарынын баары биригип келип менин көкүрөгүм аркылуу үшкүрүк болуп чыгып жаткандай туюлат. Тексттерди тандаганда кайгылуу ырларга жантыгыман жата калып, жабышып калмайым ошондон болсо керек.

-Учурда жаңы обон жаратуунун үстүндө түйшөлүп жүрөсүзбү?

-Жараланган жүрөк жай жаткырбайт го…

К.Бакиров, 1992-жыл

«Эркин тоо», 14.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий