Каякка баратабыз, кыргыздар?!

kayakka

Башка улуттун кийимин эрөөн-төрөн көрбөй кийип алган cакалчан жигиттерди, бети-башын жоолукка орогон, ал турсун паранжыга чүмкөнгөн кыз-келиндерди көчөдөн жолуктурасың. Алардын жүзү кыргыз болгон менен кийимдери пакистан менен арабдыкы. Оогандардын улуттук баш кийимин сыймык менен кийип алгандары да бар. Улутту улут катары таанытып турган тили, дили, каада-салты, улуттук кийими. Арабдардын кийимин кийсе эле мусулман болуп, кыргыз кийимин кийсе эле каапыр болуп калчудай бөтөн кийим кийүүнүн акыр түбү эмнеге алып барышы мүмкүн? Президент Коргоо кеңешинин жыйынында: “Ашкере исламдаштыруунун түпкүрүндө кыргыздардын улуттук өзгөчөлүктөрүн унуткарып, маңкуртташтыруу – улуттук касиетти жоготуу амалы турат. Андыктан диний фанатизм менен күрөшүү үчүн кескин кадамдар керек”, – деп ташка тамга баскандай айтты.

Асыл сапаттар – дененин жана рухтун тазалыгы

№2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жыргал КАСЫМАЛИЕВА:

– Биз светтик мамлекетпиз да. Мусулманчылыкты мурдагы ата-бабаларыбыздай карманганыбыз туура деп эсептейм. Жаш балдар, кыздар бирөөлөрдүн тилине кирип ушундай кийинип жатышат. Узун дамбал, тырмактары оркойгон, кир буттарына резина тапичке кийген жаш жигиттерге, дин эмне экенин билбей баштарын тири укмуш чүмкөп алган жаш кыздарга боорум ооруйт. Алардын түшүнүктөрү чектелүү экени көрүнүп турат. Алардын ата-энелери каякта? Тазалык, руханий баалуулук – бул адамдын эң асыл сапаттары. Ал адамга ден соолук алып келет. Чубалган кийим адамга өмүр тартуулабайт.

Дегеле мусулманчылык кийим менен өлчөнөбү?

Буга жоопту Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы ТОКТОМУШЕВден уксак:

– Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Коргоо кеңешинин жыйынындагы “Ички дүйнөсү таза болмоюнча, сакал-мурут өстүрүп, дамбал кийүү менен мусулман болуп калбайт”, – дегени туура сөз. Анткени, Пайгамбарыбыз жана андан мурунку бардык Пайгамбарлар, бул дүйнөгө келгенде Алла Тааланын өкүмүн жеткирүүдө эң биринчи жүрөктү тазалоо, ички дүйнөнү агартуу мээнетин кылышкан. Адамдын жүрөгү таза болсун, ою, пикири, ниети тунук болсун. Жүрөгүндө текеберчилик, көрө албастык, бирөөгө жамандык каалоо жок болсун, зулумдук кылууга ниети болбосун. Ошондуктан ички дүйнөнүн таза болуусу, сырткы дүйнөнүн таза болуусунан дагы маанилүүрөк. Албетте, сакалдын, кийим­дин жарашыктуу болуусу динибизде бар нерсе. Кыргыздын каада-салтындагы руханий баалуулуктарыбыз, мырзалардын жана айымдардын кийими исламдын талаптарына каршы келбейт. Пайгамбарыбыз алып келген шариятында ички дүйнөнүн тазалыгы жана сырткы дүйнөнүн тазалыгы дагы бар.

Алла Таала Курани Каримде айтат: «Эй, адамдар, биз силерди, баарыңарды бир эркек, бир аялдан жараттык жана ар кандай улут, уруу кылып койдук. Бири-бириңерди таанышыңар үчүн. Албетте, силердин эң урматтууңа, Алланын алдында эң такыбаңар (күнөөлөрдөн сактанганыңар) акыйкатта Алла Таала билүүчү барардар”. Демек, бул аятта Алла Таала улуттарды бири-бирин тааныш үчүн жаратты. Мындайча айтканда, ар бир улут, эл өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанылары бизге маалым болду.

Ошондуктан биз кыргыз элине таандык болгон улуттук баалуулуктарыбызды сакташыбыз керек жана анын жоголуп кетүүсүнө жол бербешибиз керек. «Биз бардыгыбыз мусулманбыз. Ата-бабаларыбыз карманып келишкен Ханафи мазхабын жакшы билелик. Ошол эле учурда кыргыз элине тиешелүү руханий, улуттук өзгөчөлүктөр болгон тилибиз, кийимибизге маани беришибиз керек”, – деп Президентибиз айтып кетти. Ислам дини жашоону туура өткөргөндүн жолу деп айтсак туура болот. Ислам дининде ички, сырткы дүйнөгө, кийим-кечеге, адеп-ахлакка, жакшы мамилеге тиешелүү көптөгөн өкүмдөр бар.

Чыныгы мусулман качан болобуз? Аалымдарыбыз айтышат, мусулмандардын мусулмандарга болгон укуктары өтө көп. Бирок төмөндөгү үч укук алардын баарын өзүнө камтып алат.

Биринчиси: Мусулмандарга пайда жеткиргин, пайда жеткире албасаң зыян жеткирбегин. Экинчиси: Мусулмандын көңүлүн көтөргүн, көңүлүн көтөрө албасаң кыжалат кылбагын. Үчүнчүсү: Мактагын, мактай албасаң артынан жамандабагын. Демек, биз ушул жогорудагыларды ишке ашырсак, ички дүйнөбүз дагы таза болуп, ынтымагыбыз бекем болот. Келечекте кыргыз эли Алла Тааланын алдында мусулман болуп, мамлекетибиз өнүккөн, өскөн, берекелүү мамлекеттен болору шексиз.

Башка мусулман өлкөлөрүндө кандай жана Курманжан датка не деген?

Кыргыз Билим берүү академиясынын уюштуруу, илимий методикалык бөлүмүнүн башчысы Сейит ЖААНБАЕВ:

– Президент бул маселени туура көтөрүп, убагында баа берип жатат. Кайсы гана дин болбосун адамзаттын асыл наркына кирет. Бирок, маселе аны пайдалана билиште. Мисалы, пакистандыктардын узун көйнөк, дамбалын кийип, сакал коюп, кыздарыбыз бети-башынан бери чүмкөнсө мусулман болдук деп жатабыз. Мухаммед пайгамбар чөлдө төрөлүп, ушундай кийим кийип калыптыр. Эгер ал Африкада төрөлсө, жылаңач жүрөт белек. Өзүбүздүн нарк-насилибизди, каада-салтыбызды, кудай берген кыргызчылыгыбызды биринчи орунга коюп, анан динди көкүрөккө сакташыбыз зарыл.

Мектепте хиджаб кийсең мусулман болосуң деп жатпайбы. Мен мусулман мамлекети Индонезияда болдум. Суматра деген аралда жашагандар шариат мыйзамы менен жашайт, Конституциясы жок. Ошол жерде ушундай салбырап кийингендер жок экен. “Куранда же шариаттын хадисинде бир да жеринде чүмкөнүп кийин деп жазылган эмес. Биздин аба-ырайыбыз оор, ысык. Сакал коюп, чүмкөнүп жүрүү кыйын. Чөлдө шамал, кум учкандыктан, шамал, ысык кум тийбесин деп бетти жаап, ороп жүрүшөт”, – дешти.

Хиджаб боюнча дагы мындай тарыхый сөз бар. Даткалык чинди Бухаранын эмири Музафар эфенди Курманжанга деп алып келген эмес экен. Алымбек датканын эркек бир туугандарына берем, Алайды алам деп ойлоп келиптир. Алайга келсе, Курманжандын таасири зор экен. Музафар эфенди сөзгө сындырып, даткалык чинди Алымбектин бир туугандарына бериш үчүн минтип айтат экен:

– Айым, диниңиз ким?

– Иншалла, диним мусулман.

Анда Музафар эфенди “диниңиз мусулман болсо, мусулмандын салтында аял киши жүзүн көрсөтүп жүрбөйт, эл башкарганыңыз кыйын болуп калат го”, – дептир. Ошондо Курманжан: “Эфендим, Куранды үч кайталатып, үч молдого котортуп окутуп көрдүм. Шариаттын хадистерин карадым. Бир да жерде бети-башыңды чүмкөнүп жүр деген жок экен. Аял болобу, эркек болобу уяттуу жериңди жаап жүр деген жери бар экен. Сиздин энеңиздин жүзү уяттуу жерге киреби? – дейт. Ошондо Музафар эфенди сөзгө сынып, Курманжанга даткалык чинди берүүгө аргасыз болот. “Алайга тийишпегиле, ал жерде керемет аял бар”, – деп айтыптыр. Бул тарыхта жазылып калган. Татынакай кыздарыбыз жүзүн жаап жатат. Ал уяттуу жер эмес да. Бул кыздарыбыздын түшүнбөстүгү.

Теледе “жаштар сүйлөсүн” деп Өзбек ажынын айткандарын берип жатпайбы. Бирок буга бир да мамлекетттик уюм көңүл бурган жок. Бардык жерде алар аялзатын төмөн коюп, адам катары санабай жатат. Аны теледе берип, окуу жайларга барып айтып жатышат. Коом кандай маргиналдашып калганын ушундан түшүнсөк болот. Кийим-кечени гана айтпастан, дин боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты да көзөмөлгө алышыбыз керек. Бизде мусулманчылыкка эмес, арабдаштыруу саясаты жүрүп жатат. Эмираттарга, Шаржага барып келип жатабыз. Арабдардын өзүндө сойкуканаларды ачып алган. Анан арабдар бизге мусулманчылыкты үйрөткүсү келет. Адегенде ошолорду өздөрүндө токтотушсунчу. Түркияда мамлекеттин эсебинде кармалган сойкуканалар бар. Демек, бул жерде мусулманчылыктын таза, нукура нерсесин алышыбыз керек.

Дин жаатына келгенде Президенттин көтөрүп жаткан маселеси эң орчундуу. Эртең дин боюнча бөлүнүп, жаңжалдашыбыз мүмкүн. Ошондуктан Президенттин айткандарын колдойм. Тийиштүү министрликтер, уюмдар, жарандык коом муну андан ары өркүндөтүп, атайын иш-чараларды жүргүзбөсө, диний баш аламандык жакшылыкка алып келбейт.

Бермет МАТКЕРИМОВА, «Кыргыз Туусу», 18.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий