Мусакун Сатыбалдиев, жазуучу: «Жашоо кумары менде күчтүү»

satybaldiev

Алты саны аман болсо да жашоосуна нааразы болгон адамдар бар. Биздин каарманыбыз мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабай, жашоо менен алпурушуп келет. Каракол шаарынын тургуну, он чакты китептин автору, элүүдөн ашуун китептин редактору Мусакун Сатыбалдиев менен баарлаштык.

«5 ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ БОЛДУМ, БИРОК…»

– 1950-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулгам. Тубаса полиомиелит (шал) дарты менен ооруйм. Ооруканага 12 жашымда кайрылгандыктан, оору өтүшүп кетип, үйдүн ичинде жөргөлөп жүрчүмүн. 5 жолу операция болуп, бирок бутума тура алган жокмун. Терезеден басып жүргөндөргө суктанып, «короого өзүм басып чыга алсам, эч арманым болбос эле» дечүмүн. Кийин ал тилегим орундалып, балдактын жардамы менен басып калдым. Оорунун кесепетинен мектепке бара албай калгам. Менден башка бир туугандарым күнүгө мектепке окууга кетип жатышса, аябай жаман болуп, «мен эмне үчүн булардай болуп окуй албайм?» деп ыйлай берчүмүн. Ал кезде мен 14 жашта элем. Эжем 10-класста окучу. Бир күнү эжеме «мага китеп окуганды үйрөтчү» десем, эжемдин «сен китеп окуганды эмне кыласың?» деген сөзүнөн улам «бечел болгонум аз келгенсип, сабатсыз болсун дейсиңби?» деп ыйлап жибердим. Эжем мени аяп, экөөбүз кучакташып алып бир топко ыйлаганбыз. Эртеси күнү дароо эле эжем эски Алиппе китебин таап келди. Сезимтал болсом керек, бир жуманын ичинде бардык тамгаларды кошуп окуп калдым. Ошол кезден баштап ушуга чейин колумдан китеп түшкөн жок. Кандай гана китеп болбосун тырышып окуй берүү адатка айланды.

«ГЕЗИТКЕ ЧЫККАН КАБАР МЕНИ ТУҢГУЮКТАН АЛЫП ЧЫКТЫ»

– Бир күнү биздин айылдык бир мугалим мен жөнүндө угуп, үйгө келиптир. Мени китеп окутуп көрүп, «гезитке кабар жазып көрчү» деди. Дароо эле айылдагы «Ардак белгиси» орденин алган чабан жөнүндө кыска кабар жазып, ал агайга берип жибердим. Ошол кабар гезит бетине чыккандагы кубанганым, ай! Кичинекей кабар мени туңгуюктан алып чыккансып, менин деле колумдан бир нерсе келет турбайбы деп эрдемсип калдым. Ошентип, 18 жашымда чыгармачылыктын башаты башталды.

Убакыттын өтүшү менен гезитке кыска кабардан ыр жазууга өттүм. Эң биринчи ырым «Тоого келем» деген аталышта эле. Ырларым, кабарларым гезит бетинен орун алганы чыгармачылыкка болгон эргүүмдү ого бетер бийикке жетеледи. Кийинчерээк аңгеме, повесть жазып, анан чыгармаларымды китеп кылып чыгарууну көздөп баштадым.

1988-жылы аракетим ишке ашып, «Өрүк гүлү» деген китебим басылып чыкты. Экинчи китебим 1993-жылы «Бар бол, Нооруз» деген аталышта ырлар жыйнагым чыгып, ошол эле китеп 1995-жылы Ирландия өлкөсүнүн Дублин шаарында англис тилине которулуп чыгарылды.

Кийин теле, радионун жардамы менен орус тилин үйрөнүүгө жетиштим. Сөздүктөрдү колдонуп, айрым чыгармаларымды орус тилинде жазып жүрдүм. Анын ичинен 2000-жылы «Арбак куугунтуктаган адам» деген аталышта мистикалык жанрдагы повесттер жыйнагын чыгаргам. Жакында ошол чыгармам боюнча тасма тартайын деп бир белгилүү режиссёр уруксат сурап келди. Учурда аракет кылып жүрөт.

kitepter«ОН КИТЕБИМ ЖАРЫККА ЧЫКТЫ»

– Тагдырга моюн сунуп, ушундай экенмин деп бекер жаткым келбейт. 1989-жылы айылдан Каракол шаарына келип, иштейин деп чечтим. Жергиликтүү гезиттерге кабарчы, котормочу болуп иштедим. Каракол шаарында жайгашкан медициналык окуу жайынын окуу китептерин орус тилинен кыргыз тилине которуп 1 жылдан ашык иштеп, айлык аз болгондуктан, ал жумуштан чыгууга туура келди. Өзүмө дагы бир жумуш таап, башка авторлордун китептерин терип, алымча-кошумча киргизем. Башкача айтканда, редактор болуп иштедим. Күнү-түнү уктабай чыгармаларды колдорум жооруганча басчумун.

Жалпысынан 64 китепке редактор болдум. Бирок айрым авторлор ал эмгегимди баалашпаганына ичим ачышат. Мисалы, бир китеп менен бир жарым, эки ай алектенесиң, ага айрымдар 1000 сом берип коюшат. Ичимден сызып отуруп калам. Бирок мен оңдоп чыккан китептерди көрүп, канааттанам. Өзүмдүн 10 китебим жарыкка чыкты, 5өө поэзия жанрында, 3өө аңгеме, 1өө повесть, 1өө роман. Жарыкка чыга элек дагы 4 китебим турат.

Үй-бүлөдө 7 балам, 1 неберем бар. Кудайга шүгүр, жашоого нааразы эмесмин. Кезинде мындан жаман турмушта жашаганбыз. Жашоону күрөшө билген адам гана жеңип чыгарына ишенип калдым. Жашоо кумары менде дале болсо күчтүү…

Айзат Анарбекова, «Супер-инфо», №527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж.

Соц тармактар:

Мусакун Сатыбалдиев, жазуучу: «Жашоо кумары менде күчтүү»: 1 комментарий

Добавить комментарий