Төкмө акын Рахматулла Козукеев: “Төкмө акын болушума Абдыжапар агай себепкер болгон”

kozukeev

Рахматулла Козукеев 1955-жылы Аксынын КызылЖар айылында туулган. Ал армиядан келгенден кийин өзү туулуп өскөн айылдын маданият үйүнүн жетекчиси болуп иштеп калат. Эстрада тобун, ыр, бий, комуз, драма ийримдерин түзүп, “Канга боелгон комсомолдук билет” спектаклин эл аралап коюп, областка чейин барышкан. Ошол мезгилде Кызыл-Жар айылынын Пушкин атындагы орто мектебинде Абдыжапар Айдаркулов деген агай физика-математикадан сабак берчү. Анын табияты чыгармачылыкка жакын болгондуктан, обон жаратып, комуз чертип, жамактап ырдап да жиберчү. Ошондон улам болсо керек, ал Р.Козукеевдин да жамакчылык өнөрү бар экендигин байкап, андан талантын өстүрүүсүн суранат. Бирок, Рахматулла агай андай өнөрдөн алыс экенин жана колдон келбесин айткан.

Р.Козукеев өзүнүн чыгармачыл жамааты менен жаз, жай, күз мезгилдеринде Кызыл-Жардын “талаастандарын” кыдырып, шыйпандарда ( талаада иштеген пахтачылардын тамактанып, эс алуусуна ыңгайлаштырылып курулган жайлар) концерттерди коюшчу. Ошондой күндөрдө А.Айдаркулов Рахматулла Козукеевге тиешелүү ыр жамактатып, аны жаттап алып, айтышабыз деп эле аны кыйнай берчү экен. Анын антип даярданып алганын Рахматулла агай такыр билген эмес. Бир убакта Абдыжапар агай комузун колго алып:

Рахматулла акынды чакырам,
Алдыма келип айтышсын,

Кыйын болсо тартышсын,– деп агайды айтышуу үчүн ортого чакырат.

Эл болсо дүркүрөп кол чаап, ышкырып коштоп жиберишет. Р.Козукеев андай күтүлбөгөн чакырыкка уялганынан да болсо чыгып, бирок жооп бере албай катуу уят болгон. Анын андай жосунсуз кылыгына ачуусу келип, четке чыга калышканда агайын катуу тилдеген экен. Бирок, Абдыжапар агай андай “артисттигин” токтотпой, эл чогулган жайларда улам эле аны айтышууга чакыра берген. Рахматулла агай дайыма эле ыңгайсыз абалда кала бербейин деп, агайына өчөшүп, айтышка ылайыктуу сөздөрдү жаттап, даярдана баштайт. Ошентип, жеңил-желпи кайым айтышып жүрүп, төкмөлүк өнөргө кадам таштаган. Көрсө, Абдыжапар агай Р.Козукеевдин жамактап сүйлөгөн чечендигин байкап, андан бирдеме чыгарына ишенип, атайын эле жанагыдай кылыктарын кылып жүргөн экен.

1977-жылы Кызыл-Жар айылына Тууганбай Абдиев келет. Рахматулла агай биринчи жолу сахнада аны менен айтышкан. Бирок, өзүнө өзү канааттанган эмес. Ошентсе да ал ар бир айтышуудан кийин чыйралып, жакшыбы-жаманбы акырындык менен эл оозуна алына баштаган.

Чыңгыз Айтматовдун батасын алган

Көп өтпөй айылга Чыңгыз Айтматов келет деген жакшы кабар угулат. Ал убакта аттуу-баштуу кишилердин келерине совхоз директору, сельсовет дегендер менен кошо маданият үйүнүн жетекчиси кошо кам көрүшчү. Р.Козукеев да толгон-токой жумуштары менен кошо, өзүнүн чыгармачыл тобун даярдаган. Ошол күнү Рахматулла агай коштогон жаш улан-кыздардан турган топ залкар жазуучуну тосууга даярданып турушкан. Чыңгыз Айтматовду жакындан көрөбүз деген эл көчөгө батпайт. Ал машинеден түшүп, эл менен учурашып бүтүп эле, улуттук кийимчен тургандарды карап колун сермеген. Тигилер биз жакпай калдык окшойт деп чочулашкан. Февраль айы болгондуктан, алардын жука кийимчен турганын байкап, Ч.Айтматов: “Тигил турган уул-кыздарым жеңил кийимчен экен үшүп, тумоолоп калышпасын. Концертиңер болсо, жылуу жерден көрөлү. Эртерээк буларды киргизсеңер”,– дептир. Канча ирет келген чоңдорду тосуп, бирок эч кимисинен мындай жылуу сөздү укпаган ырчы-бийчилер улуу жазуучунун сезимталдыгына, бооркердигине баа беришип, абдан ыраазы болушуптур.

Эл менен жолугушуу иш-чарасынан кийин Ч.Айтматовду совхоздун чоң багындагы мейманканада коноктошот. Рахматулла агайга ырдайсың деген тапшырма берилет. Ошондо суусар тебетей табылбай калса керек, арткы жагы түлөгөн түлкү тебетейди таап келишет да, эптеп көргөзбөй кийип ырдап, кайра көргөзбөстөн чыгып кетишин айтышкан.

Ал киргенде Кызыл-Жар совхозунун директору Николай Иосифович Мешков ордунан тура калып: – Чыңгыз Төрөкулович, алдыңызда турган бала биздин төкмө акыныбыз,– дей салат. Ал кыргыздын тилин суудай билген, дилин жакшы түшүнгөн адам эле. Ч.Айтматов да:– Кана эмесе, анда төкмө акынды угалы,– дей салат. Тердеп-тепчиген Рахматулла агай ошондо төгүп ырдады десек, казактар айткандай “өтүрүк”, кыргызча жалган болуп калмак. Чынында ал даярданып, жаттаган ырларын шатыратып төккөн. Эң акырында:

Урматтуу Чыңгыз жан ага
Биздин Кызыл-Жар деген айылга
Гүлсарат оозун буруңуз
Тез-тез келип туруңуз, деп ырдаган.

Айланайын келип турайын, балам деп ордунан туруптур улуу жазуучу. Р.Козукеев менен кол алышып, аны олтургузат да, астындагы куюлган ыстаканды кармап: “Эми төкмөлүк деген кыргыз өнөрүнүн туу чокусу, мындай өнөр миңдин биринде гана болот. Рахматулла иним, төкмөлүк өнөрдү аркалап калыпсың, келечекте Кызыл-Жар айылы эле эмес, бүтүндөй кыргызга белгилүү ак таңдай акын бол. Тилегим ошол айланайын. Келгиле эми ушул бала үчүн ичип коелу,– дептир. Сүйлөп бүтүп, ыстакандагы куюлган коньякты илебинен өткөрүп уурттап койгон. Өмүрүндө оозуна албаган Рахматулла агай ушундай улуу инсан мага карата ак тилегин айтып жатканда, азыр ичпегенде качан ичем, айткандары кабыл болсун деп астындагы куюлуп турган коньякты калтырбай жутуп жиберет. Ал буга чейин шараптын даамын татып көрбөптүр. Ошондо анын уялганын айтпа. Элдин баары аны карашкансыйт. Төкмө акын эмей эле, бир ичкич деп ойлоп калышты го деп өзүнчө кыжаалат болот. Катуу кысынган жаш акын жанында олтурган Социалисттик Эмгектин Баатыры Жоро Шералиевден тамак ичпей эле сыртка чыга берүү уруксатын сурайт. Жарыктык, бир топ жашка чыгып калган аксакал каңырыш угуп алса керек: – Ал жейгой, – деп астындагы тамагын жылдырыптыр. Ошончо элдин сүрүнөн уялып, кысынып үн катпай олтурган Рахматулла ырчыга “өлгөндүн үстүнө көмгөндөй” эле болот. Аны көрө калган Н.Мешков: –Ой, өзүңүз жей бериңиз. Рахматуллага өзүнчө салдырып келебиз,– деп өзү чуркап барып, табакка бешбармак салдырып, астына коюп кетет. Аңгыча Чыңгыз Айтматов да: – Мендей болуп жүр, улуу акын бол,– деп астындагы устуканын узаткан. Ошондогу элдин маанайы майрамдагыдай болуп, абдан көтөрүңкү эле. Рахматулла агай бир чети ичкенинен, бир чети жаман түлкү тебетейинен уялып, кыпкызыл болуп олтурган. Кийин ал Ч.Айтматовдун өзүнөн уруксат сурайт:” Чыңгыз ага, уруксат берсеңиз мен өзүмдүн жамаатым менен чыгып олтурайын,– дейт. Залкар жазуучу ак батасын айтып, уруксатын берген. Рахматулла аганын ошондо эси-дартынын баары тебетейинде болуп, жапондун солдатындай жүгүнүп, артына бурулбастан чыгып кеткен.

Сыртка чыгып эле тебетей менен комузун эки жакка ыргытып жибериптир. Эшикте сагалаган элдер: “Жакшы ырдадың, азаматсың!”– дешкенине карабай, ал ичип алганына катуу бушайман болот. Кийин улуу жазуучуга кол тамга койдурам деп аны жабалактап тургандардын жанына келген Н.Мешков: – Чыке, биздин акын баладан жакшы өнөр чыгабы?– деп сураптыр. Ч.Айтматов: – Буюрса, зор үмүт кылабыз,– деп жооп берген. Аңгыча алар менен чогуу турган Барпы Рысбаев деген обкомдун биринчи секретары мындай деп калат: – Николай Иосифович, эгерде силер бул баланы акын кылам десеңер, биринчи кийими менен тебетейин, анан комузун оңдобойсуңарбы. Түркмөнстандын чабандарындай кылып түлөгөн түлкү тебетей кийгизип коюпсуңар да. Өнөрүнө жарашкан колунда өрүк комузу, үстүндө манаттан чепкен жана башында суусар тебетейи болуш керек, сен аны билбейсиң,– деп Мешковго караптыр. Николай Иосифович да алардын баарын жакшы билерин жана жасай турганын айтыптыр. Р.Козукеев болсо, “кылган аракетимдин баары текке кетти” деп туруп калган экен.

Кызыл-Жар совхозу анда Ленин (азыркы Ноокен) районуна карачу. Ошол мезгилдеги район жетекчиси Мукаш Шамырканов “жаш өсө турган төкмө экен” деп Р.Козукеевге Ленин райондук маданият бөлүмүнүн башчысын жөнөтөт. Ага райондук маданият үйүнө директорлук кызматты сунушташат. Жаш акындын атасы уулунун ал жакка барышын каалаган жок. Бирок, ал кишинин кайра-кайра айттыра бергенинен улам, Рахматулла агайдын баруусуна туура келген.

Ашыралы Айталиев дасторкон камдап, батасын берген

Ошентип, буйрук экен ал жакта райондук маданият үйүнүн директору болуп 8 жыл иштейт. Ошол мезгил аралыгында Коммунисттик партияга өткөн. Чоң акындар менен аралашып, төкмөлүк өнөрдүн артынан сая түшөт. Өнөрү жуксун деген ниет менен ырым кылып, Ноокен жергесине Ашыралы Айталиевди чакырган. Ал кемпири Неля апаны кошо ала келет. Райкомдун секретары Р.Камчыбековдун тапшырмасы менен чабандарды аралап концерт беришкен. Кийин жанаша турган райондун биринчи секретары Айкөкүл Мырзакаримованын чакыруусу менен Ашыкелер Базар-Коргон жергесине барышкан. Жаш акынды чайналып калбасын деген ой менен А.Айталиев сахнага жеке өзү эле чыкмакчы болот. Бирок, Рахматулла агай болбой эле: “Мен дагы кошо чыгам”,- деп көшөрөт. Ошондо ал: “ Замирбек Үсөнбаев деген агаңды 17 жылда акын кылдык эле. Сен бала жүрөгүң тоодой жигит экенсиң, сенин айылыңа келгениме эми араң эки күн болсо, айтышам деп күүлөнүп алыпсың, ушунчалык далалаттанып калган экенсиң, мейли эми айтышса айтышалы,”-дептир. Жаштык жигер менен, эч кандай даярдыксыз эле Ашыкем менен кылкылдаган эл астына чыгат. Залдагы эл катуу кол чаап тосуп алышат. Улуу акын эл менен аябай жакшы саламдашкандан кийин Рахматулланы карап: – Атың ким эле,-дейт шыбырап. Атын сурагандан кийин:

-Бул балаңардын аты Рахматулла деп коюлган,
Мен ошондон чоочунам.
Аман болсо бул бала,
Ашпозчу болуп жүрсүн деп,
Атайылап койгон аты окшойт.
Чоңойгондо бул бала,
Чайканачы болсун деп,
Чактап койгон аты окшойт.
Атыңды койгон жеңелер, балам,
Арбак урган сарт окшойт,- деп ырдап жиберет.

Залдын ичи дуулдап, элдин күлкүсү тыйылбай, узакка кол чабышат. Болочок акын күтүлбөгөн мындай ырга жооп кылып:

-Ашыке тааныштырсам өзүмдү, туулуп өскөн жайымдан.
Ак Нарындын аркы өйүзү, Кызыл-Жар деген айылдан.
Ошол жерде төрөлүп, атым Рахматулла коюлган.
Чын эле өзүм кыргыз, атым сарт, Ашыке андан чоочубаң
Азыраак талант бар экен, жаныңда ырдап олтурам.
Өнөр алсам арман жок, өзүңө окшош дубандан.
Менин таятам чоң молдо экен, атымды алып койгон курандан,-деп жооп кылыптыр. Элдин дүркүрөгөн кол чабуусу араң басылат. Ошентип олтуруп, бир топко чейин айтышышат. Кызык айтыш соңуна чыгып, үйгө чогуу кайтышат. Үйгө келгенден кийин бир убакта караса Ашыке жок. Рахматулла агай базарга жакын жашачу. Неля ападан анын кайда кеткенин сураса: “Мен бала таптым, бүгүнкү базарлык менден болсун, өзүм жууп бербесем болбойт”,-деп базарга чуркап кетиптир. Ниети жакшы Ашыкем сүйүнүчү койнуна батпай, базардан тамак-ашын көтөрүп келип, дасторконду кенен жайып олтурушат. Ал: “Мактаганга көтөрүлүп кетпестирсиң, жамандап койсом жашырынып албастырсың. Канча эл аралап жүрөм, сендей тапан, сендей жөндүү акындар сейрек кездешет. Сенин кадамың, арышың жакшы. Сен тартынбай эле эл астына чыгып ырдай бер, балам деп ак батасын берген экен.

* * *

Кийин дагы бул айылда Токтосун Тыныбеков, Тууганбай Абдиев сыяктуу белгилүү төкмө акындар болушкан. “Ырыс оошот, жугушат” дегендей алардан көп таалим-тарбия алат. Ал Сузактан чыккан төкмө акын Таирбек Сатыбалдиев менен устат-шакирт болуп бир нече жыл ээрчишип жүргөн. Рахматулла агай борбордогу чоң айтыштарга катышып, чоң айтыштардын чоң сүрүн көрүп такшалат. Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, Т.Абдиевдердин 23 жаштагы жаш акынга назары түшүп, аны чоң акын кылып алып чыгууга ниеттенишкен. Ошондон кийин борбордогу айтыштарга тынбай катышып жүргөн. Ошол убакта белгилүү төкмө акындар саналуу гана болгондуктан, ушулардан кийин төкмө акындар деле чыкпайт деп ойлошчу экен. Р.Козукеев азыр да кыргыздын уучу кем эмес экенине сүйүнүп: “Жеңилбес Жеңишбек, эңилбес Элмирбек, Ала-Тоонун ак шумкарындай болгон Азамат менен Аалы чыкты”,- деп кубанганын жашырган жок. Булардын баары Рахматулла агайын устат деп сыйлашып, астынан кыя өтүшпөйт.

Учурда төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал-Абад шаарында коомдук ишмер, ажы Эркин Биримкуловдун демилгеси менен “Жез таңдай” төкмө акындар мектебин ачкан. Ага 6-7 жылдын жүзү болду. Өнөрүн жугуштурайын деген максатта жаңы акындарды өстүрө баштады. Шакирттеринин асты борбордогу өтүп жаткан айтыштарга келип катыша баштады.

2012-жылы Жалал-Абад шаарынын 135 жылдыгынын урматына арнап, белгилүү төкмө акын, көп кырдуу таланттын ээси Токтосун Тыныбековдун 85 жылдыгын жана казак-кыргыз элинин алтын көпүрөсү болуп жүргөн, төкмө акын Майра Керим кызынын 50 жылдыгын белгилешти. Маданият министрлигиндеги облустун өкүлү катары ал иш-чараны өткөрүү Р.Козукеевге тапшырылган. Кыргыздын жаш, патриот жигити Бакыт Адылов ага 500 миң сом бөлүп берген. Айтышка республиканын ар кайсы жерлеринен коноктор чакырылган.

Бактыгүл Кулатаева, «Эркин тоо», 17.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий