Тоо кулаганда

imanbaev

Кыргыз журналистикасында Асанбек Иманбаевдин ысымы тележурналист катары көптөн таанымал. Ал эми поэзиясы өзүнүн нукуралыгы менен окурмандарга жугумдуу. “Бийиктик” басмасынын акындар арасындагы сынагында А.Иманбаевдин ыры жеңүүчү деп табылып, натыйжада анын “Ысык-Көл кайрыктары” аттуу 41 басма табак көлөмүндөгү ырлар жыйнагы 2000 нускада аталган басманын сүрөөнчүлүгү менен жарык көргөн. Мына ошол китептеги “Тоо кулаганда” ат туу поэмасынан үзүндү жарыялайбыз.

Бул жашоого кимдер келип кетпеген,
Дүйнөң түшкүр, түбүнө эч ким жетпеген.
Ким болбосун өмүрүнүн учуна
Чийилери чын турбайбы «чек» деген.

Кээ бирөөлөр келгенге эле кубанып,
«Жашоо – дешип, – шапар тебүү – бул анык!»
Айткандарын аксиома көрүшүп,
кете берет алкоголго ууланып.

Кээ бирөөндө сапаты күч адамдык,
убакытка карап катуу сараңдык,
көз ирмемди көп иш менен баалашып,
калтырышат толтура рух заман жык.

Кайып өңдүү жаралгансып жарыкка,
Чыңгыз келген жылдыз болуп тарыхка.
Жашоосунда нурдай изин калтырып,
жатып калды, кара, бүгүн табытка.

Адам руху, акылмандык жагынан,
абдан даана ашып турчу баарынан.
Тамыр жайып Жер шарына жазганы,
таасири күч, талант болчу даарыган.

Ата журтун Айга жакын жылгызды,
адамзат бүт тааныганы чын бизди.
Эр көкүрөк, зор талантты кыргызга –
Теңир берген Манас менен Чыңгызды.

Кара сөзгө канын куйган жүрөктөн,
кирпик какпай көздүн майын түгөткөн.
«Үшүк уруп кетпесин!» – деп, чыккыча,
каармандарын койнуна алып түнөткөн.

Демек, артын туюп жүргөн кеменгер –
«тирүүлүктүн акыры өлүм!» – деген эл.
Кайтыш болуп, каңырыгым түтөттү –
каармандары аза-кайгы жегендер.

* * *
Кырсык басып, жылдырбай ооруганым,
кыйла убакыт кыйналды оору жаным.
Операция төрт жолу омурткама,–
күндөн-күнгө үмүттөн оюламын.

Аялымдын азыркы түрү башка,
ай жамалдуу «жарк» эткен сүрү башка.
Тулку боюн карасам назар салып,
Кудай колдо, негедир жүүнү бош да.

– Тынччылыкпы, турасың, мисирейип,
баратасың көзүмө кичирейип? –
Көңүлүмдө ышкырып кара шамал,
сурай калдым кабагым үтүрөйүп.

– Чыңгыз кайтыш болуптур! –
– Ишенбеймин! –
– Оозум барбайт, бирок, сен ишен,
деймин! –
Титиреди ойлорум, «чарт – чурт»
«жарк – бурт…»
Аялыма: – Алып кел, ичем! – дедим…

Жаткан денем, жан кейип төшөгүмдө,
жаман ойлоп: «Ал жакка кетемин – ээ!..»
«Бомба түштү» жүрөккө… жуткан абам
ары кетпей такалды өзөгүмдө.

Эптеп жылып, текчеме бардым дагы,
китептерин Чыңгыздын алдым дагы,
жатып алып, барактап киргенимде,
өкүрүшөт каармандар алдымдагы.

Оорунуку, арак, же дарыныкы,
кошул-ташыл, окшоду баарыныкы.
Бармагымдай каармандар Айтматовдун
залга толо кайгы, муң-зары күчтүү.

* * *

«Жамыйлада» жашын төккөн каармандар,
байкап турдум, баарысында арман бар.
Майда куурчак кейипкерлер Чыңгыздын,
карап турсам аза күтүп калгандар.

Даниярга көзүм түштү алгачы,
өкүм сүрүп жаткан экен анда чуу.
Обон-ырын олда, ыйга айлантып,
оттуу көздө жаш толтура, жан ачуу;

Кайда обонум жерди уйкудан ойготкон?!
Кайда сүйүүм кара көздү ойноткон?!
Обон тургай добуш чыкпай өзүмдөн
сен көз жумуп, жалгыз сени ойлоткон.

Жамыйланы бөлөп менде жаңы ырга,
обонумду дүйнө элине жаңырта…
…Сени жоктоп угулууда – китептен,
Жамыйлабыз жүрөк мыкчып чаңырса:

Сен элимдин экинчи элең Манасым,
санга бөлдүң бүт окурман санаасын.
Кагылайын карааныңдан калдайган,
кантип гана көр түбүндө каласың?!

Ыйы менен үшкүрүгү таш жарып.
Өбөк түштү кош карегин аңтарып.
Серпип чачын Сейит чыкты секирип,
китебинен «чуру-чууну» чаң салып!

– Эсил кайран, абакем-ай, генийим,
эми кайдан көрө алмакчы сени иниң.
Жаным, аба, жалдыратып кеттиңби,
жашым тургай жан чыкканча кейиймин!

Сөзүн улайт Садык өтө муңайым:
– … айрылдыкпы, кандай айла кылайын?!
Жер үстүнө бир генийди калтырып,
койсоң эмне, айланайын, Кудайым!

Кечир мени, чыйрак талант Чыңгызым,
сүйдүрө албас – ал өзүмдүн «кылмышым».
Жамыйланы Даниярга тарттырган
мен өзүңдү жаман көргөм – мунум чын.

Ошентсе да, ыраазылык жагым бар,–
майдан барып, жараланган чагым ал.
«Мекен эмес, менин жаным таттуу,» – деп,
Ысмайылдай качпай калган – багым ал.

Мага жумшап, талантыңдын кубатын,
мени жана башкаларды кубанттың.
Өлсөң дагы өзүмө өлбөс жан бердиң,
мен каниет кылайынчы – бул бактым.

Барактары ачык «Асма көпүрө»
окуялары көз алдымдан өтүүдө:
«Кайрат минип, көпүрөдөн жээк көздөй
Нурбек өтө чымырканат жетүүгө.

Ошол «Асма көпүрөдөн» бери аттап,
Нурбек чыкты ыйга ыктыта солуктап.
Асиясы, Айнагүлү, Бектемир,
Трофимов… баары чыкты толуктап.

Китептерден – «Түнкү сугат», «Ак жаандан»
чыгып жатты көздөрүнөн «жаан» жааган.
Тирүүлүктөн алып кеткен Ажалды
тири укмуш сөгүнүшүп жаалданган.

Китептеги барактардан каармандар
көңүл айтат мурун келип калгандар.
Ойлой келсек, алда шордуу адамдар,
жашап өткөн дүйнөң тура – жалган ал.

Кейипкерлер « Бетме-бетте» башкача,
кейип жатты, көздөн агып жаш канча?!
Сакалдуулар кеп айтышат сабырдуу:
– Тобо дейли, артында өлбөс даңк калса!.. –

Ачылганда «Кыяматтын» барагы,
көп эл чыкты бизге тааныш баягы.
Калч-калч этип Бостон турат титиреп,
колго мыкчып, алган мылтык – жарагы:

– Жазмыш неге, мынча кылдың кыянат,
эми кырсык басты кайым – кыямат,
«Кайтыш болду бул дүйнөдөн Айтматов!»–
деген суук сөз кай жүрөккө сыя алат?!

«Гүлсараттан» басып келип Танабай:
– Кой, Бостонум, иш кылбагын баладай.
Ажал деген көрүнбөгөн ок болуп,
тие берет жаш, карыга карабай. –

Ойлойм: «Чыңгыз не иштерди бүтүргөн?!
Айбандын да тилин суудай түшүнгөн.
Барактарга бөрүлөрдү ээрчитип
киргизгени – талантынын күчүнөн.»

Асел чыкты «Делбиримдин» ичинен,
нуру өчкөн ай сүрдөнткөн жүзүнөн.
Боздой берип, жүрөк, боору ачышып,
бото көзү күпчөктөй көөп шишиген.

Шыгың даарып мени баштап жазганда,
көркөм башың тармал кара чач анда.
Каламыңдан кыймыл агып боюма,
«Кана… – дедиң, мага карап,– Бас алга!»

«Мейли,– дедим,– бул Чыңгыздын буйругу»,
«Бото көзүң» элдин болду сыймыгы.
Китеп тургай кинолордо жашадым,
айланайын, Кыргызымдын туйгуну!

Мамбет үнү: – Эсил кайран Чыңгыз! – деп,
Досбергени: – Эми кандай турмуш! – деп.
– Кагылайын, Кудайым-ай! – Айша апа –
пендем десең, тообуз эле, тургуз! – деп.

Жашын аарчып, жаны ачыган Иосиф:
– Жүлүн сыздап, турсак дагы үн созуп,
жараткандын мыйзамы ыйык туугандар,
өлгөн жанга койбойт бир да күн кошуп.

«Кассандра тамгасынан» ар кандай
чыгып, аза күтүшүүдө каармандар.
Ушул күнү өз Чыңгызын эскерип,
кайгы жутуп, жашын төгүп алгандар.

Чөп учунан мөл шүүдүрүм тамчылап
жаткан өңдүү кирпигимден жаш кулап,
омурткамдын оорусунан оорураак
тигилерди араң карайм жан чыдап.

Согуш деген – ал алаамат курусун,
азыр сээлдеп бараткансыйт угушум. –
– Тынчтык болгон күндө деле Жер Эне,
Теңир аяп албаса адам дурусун. –

деп, Толгонай мостоё сөз улады,
көздөн жашка нур чагылып кулады.
– Жанагы айткан кайгыларым суюлуп
калган эле мезгил өтүп, туурабы?

Өлбөйсүңөр түбөлүктүү жансыңар,
силер барда Айтматов да бар, чын ал.
Манас менен Чыңгыз чыккан кыргыздан
улуу адамдар келе турган бар чыгар! –

Залга батпай чыпалактай каармандар,
балконумдан мойнун созуп калган бар.
өзүнчө эле эгемендүү мамлекет,
көптүгүнөн Чыңгыздан жаралгандар.

Аза күтүп, ыйлагандар бардыгын
тизмесине тизсем эле ар бирин,–
тогузунчу тому болмок, аны ким
чыгармакчы, замандын көр тардыгын!

Ким билиптир Ажал огун атаарын?!
Өзүң алпсың, оор эле андан атагың.
Эң акыркы ушул роман жазарың,–
Сен билгенсип,– атар Күнүң батарын
неге «Тоолор ураганда» атадың?!
Жазганыңа караганда, жан аба,
бу жалганда аз өмүрдү жашадың,
бар эле го дагы көп жыл жашаарың!

Ар бир үйдүн мүчөсү элең сүйүктүү,
ар бир үйдө атың болчу – Ыйык Туу!
Ары карап, а дүйнөгө кеткениң
адамзаттын жан дүйнөсүн бүлүнттү.
Бүт дүйнөлүк атак, талант акылман,
Алла сага аябаптыр акылдан.

Өзүң жазган китептерде баары бар,
ар сөзүңдө сенин каның, жаның бар.
Адам тургай алкыштарын айтышар,
билген болсо Жер жүзүндө жаныбар.

«Тоолор…» эмес, Тообуз биздин кулады,
Залкар кыргыз – Жер шарынын чыгааны.
Бийлик, байлык талашкандар уланса,
кыйын болор сендей Тообуз чыгары…

СОҢКУ СӨЗ

… Баратышат көтөрүшүп,
ой, таланты күч Чыңгызды,–
он чакты адам көтөрүшсө,
Ал көтөргөн бүт Кыргызды.
Июнь – 2008, Июль – 2010

Асанбек ИМАНБАЕВ, «Кыргыз туусу», 18.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий