Чыгып турат бир бутуң эрежеден

ryiskulov

Мен 1979-жылы Ош мамлекеттик Педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүрүп, обллитте редактор болуп иштеп калдым. Сентябрь айы эле. ош облустук “Ленин жолу” гезитинин эшигинде Ракем туруптур. Анын көптөгөн ырларын студент кезден жатка билчүмүн. Таанышып, кабинетиме алып келдим. Тынбай ыр окуп атат, бийлейт. Бир убакта токтоп, мен Фрунзеден паспорту жок эле поезд менен келип калдым,-деди. Кантип паспорту жок келдиңиз десем, -иттер деле паспорту жок жүрбөйбү,-деп күлдүрдү. Анда мен дагы үч-төрт саат окуй турган ырларымды жатка билчүмүн. Окуп кирдим. Фрунзеде Бекбосун Байтоков деген жаш акын бар, Ошто сен менин артыман келаткан эки акын бар экенсиңер деп сактап салды.

Навои паркына барып бир аз отурган соң: “Балчык кечкенди аябай сагындым”-деди. Мен мындай бала кыял акын менен мурда жолукпаптырмын. Кайра кабинетке барганда: сен кабинетиңди жаппа, ачык эле кой, мен ыр жазам,-деди. Мен кеткенден кийин түнкү саат 12лерде “Ленин жолу” гезитинин башкы редактору Асылкан Бөрүбаев келип, тааныбайт окшойт, сыртка чыгып кет дегендей сөз айтыптыр. “Ленин жолу” гезитинин корректору эртеси мага айтып атпайбы. Карасам дейт, Ракем отургучту көтөрүп алып Асылкан Бөрүбаевди коридордо кууп баратыптыр. Араң токтоттум, редактор кабинетине кирип кетип кутулду,-дейт Ракем менен ушинтип таанышкам.

Москвадагы М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтун Кыргызстандан, жалпы эле Орто-Азия өлкөлөрүнөн бүткөндөр бир топ эле. аталган институттун түптөлгөнүнүн 50 жылдыгына карата Москвадан бир китеп жарык көрүптүр. Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстандын акын-жазуучуларынын биринин да аты аталган эмес. Ракемдин фамилиясы аталып, анын стандартка сыйбаган акын экендиги баса белгилениптир. Ушунун өзү көп нерсени айтып турат.

Ыр байпагын чоёмун,
Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай
Ыр жазуу манерам
Маңка, бучук ырлар.
Маңкаят.
Асман карап аңкаят.
Бука моюн ырды
Буржуйтамын.
Текедей текебермин.
Кактус сымал какчыям.
Буктурманын сазында
Бугуп келем алиге.

“Чыгып турат бир бутуң эрежеден”

Рамис гений быйыл 80 жашка чыкты. Бирок ырлары он сегизде. Гений деген сөз башына кийген калпак нак ээсин таап, чак келип калгандай, жалгыз гана Ракеме жарашат. Анын тирүү кезинде жомокко, легендага айланганына эч кимге окшобогон чыгармачылыгы, эч кимге окшобогон мүнөзү себепкер болсо керек. Мезгил менен тең жарышып же андан озуп жүгүрүү миң акындын ичинен бир акындын тагдырына буйруса, ошол акын Рамис. Ал ырларынын аягына фамилиясын койбосо деле казыкка байлап салган тулпардай булкунган, жулкунган саптары кимдики экенин айтып турат. Адашып, тааныбай коюуга мүмкүн эмес. Өзгөчө мөөрү бар. Өзү айткандай “бурулуштан күтүүсүз чыга калган легковойду” элестетет. Мисалы:

Үйгө кирип келгенинде Роза,
Үркүп кетти,
Үркүп качты проза. Болгону ушул.

Фонтандай (атма суу) атылып чыккан саптар. “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” деген кыргыздын сөзү бар эмеспи. Саптары да Рамис болуп шаңгырап турганын кантели. Же орусча жазган ырларынан мисал келтирип көрөлү:

“Я пишу так,
Я за точные слова, даровал бы коня”.

Чынында эле анын кыйгап, талаалап кетип аткандай сезилген ырлары бутага дал тиет. Ошол бутага дал тийген бир ыры үчүн эле тулпарды акындын өзүнө белек кылып берсек болот. Кезинде Токтогул атындагы сыйлыкты токтобой эле ыйгарса жарашып калмак. Ракемдей шар акпай “онтоп” жазгандар деле алып жүрбөйбү, ал сыйлыкты.

РАМИС

I

Короолордон, менсинген төрөлөрдөн,
атыласың аянтка кар элеген.
Оркоесуң обу жок сылык коомдон,
Чыгып турат бир бутуң эрежеден.

Добул, кыян, чагылган аралашкан
талаалардан жапайы шамал аккан,
акындарды дүрбөттүң, беймарал, жай,
коен уулап келаткан арабачан.

Сен бир жоокер качырган типтик кырдан,
Уйкаштардын өлкөсүн быт-чыт кылган.
Баш аламан оңкочук аткан ырың,
Темиркулдун чачтарын тик тургузган.

II

Сындырган кокусунан канаттарын,

Куштардын аарчыймын деп көз жаштарын.
Адашып түшкөн биздин планетке,
Рамис – бир перзенти көк асмандын.

Жүгүрүп, качып чыгып жымжырт жайдан,
Жүрөгүн, чыңырыгын ыргыткан жан.
Кайтат ал качандыр бир мекенине,
Рамис – келген акын жылдыздардан.

Мен бул ырды 27 жыл мурда жазган элем. Кайсыл жерде болбосун, Ракемдин бир буту эрежеден чыгып турган убак. Эгерде ал эрежеден чыкпай тартиптүү акын болсо, балким мезгил менен жарышкан жана андан озгон ырларды жарата албайт беле ким билет? Эң башкысы ал кыргыз элинин бактысына, асмандан түшкөн акын деп айтсак жаңылышпайбыз.

Карбалас Бакиров, «Эркин тоо», 19.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий