Кыргыз биримдиги үчүн кызмат кылган

(Шабдан баатырдын Кыргызстандын түштүгүндөгү падыша бийлиги менен ортомчулук аракеттери)

shabdan

Шабдан баатырдын саясый бейнесин изилдөө эң бир бүдөмүк, бурмаланган жагдайда кала берүүсү, бул анын Кыргызстандын түштүк бөлүгүнүн Россия империясынын карамагына каратылышы мезгилине туш келет. Бул жагдай көбүнэсе кыргыздардын Россия империясынын колониясы болуп турган мезгилде Шабдан баатырдын өз оозунан жазылган өмүр жолу баяндамасынын (1885-ж.) жана ага арналган алгачкы тарыхый чыгарма катары Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарихи Шадмания” (Уфа, 1914), ошондой эле Совет доорунда калк арасында манаптарды эл душманы катары мүнөздөгөн, маалыматтарга негизделгендиги менен түшүндүрүлөт. Анткени, бул чыгармаларда ошол Россия империясынын жерибиздеги оторчулук мезгилинде Шабдандын мамлекетке өтөгөн кызматын ашкере көрсөтүүнү талаптангандыгынын белгиси бар экендиги эске алынбай, ал эми кийинки учурдагы таптык көз караштын таасиринде топтолгон маалыматтарга жетишерлик сын мамиле кылынбай жаткансыйт. Акыркы жылдарда табылган документалдык булактар, Шабдан баатырдын кыргыз элинин тарыхындагы эң бир орчундуу мезгилдеги окуяларда ээлеген ордун тагыраак, акыйкаттуу ачып берүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ушул окуядагы акыйкатчылыктын өтө маанилүүлүгү кыргыз элинин бүтүндөй биримдигине кызмат өтөй тургандыгында экендиги талашсыз. Анда эмесе документтерге назар салалы.

Шабдандын көздөгөнү – кыргыз элинин биримдиги болгон

Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин 1896-жылдын 18-мартында өзүнүн жетекчилерине жазган рапортундагы сөзү боюнча Шабдан баатырдын турмуштагы негизги көксөгөнү “мага ал нечен ирет билдирген сүйүктүү теориясы: “кыргыздар бир уюктагы аарылардай биригишип жашашы керек”1 деп жазат. Мындай ой Шабдан баатырдын саясый ишмердүүлүктүн башталышынан тартып өмүрүнүн аягына чейин дайыма көкүрөгүндө болуп, кыргыз элинин келечеги үчүн аткарган ар кыл иштеринен даана көрүнгөн.

1860-жылдын октябрында Узун-Агачтагы жана Кашкелендеги орус күчтөрүнө түркестандыктардын алгачкы салгылашууларынын катышуучусу катары жана бүлүнгөн Орто Азия хандыктарындагы саясый кырдаалы менен кабары бар Шабдан баатыр күчтүү Россия империясына чөлкөмдүн бириктирилиши кайтарылгыс процесс экендигин эрте баамдап, бүт күч кубатын мекендештерин оторчулук турмуш шартына ашкере зыянга учуратпастан өткөрүүнүн аракетин жасады.

1873-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү Лейлектин калкы Кокондун ханы Кудаярдын кол салууларына каршы туруп, алардын шаар­ларына соода иштери менен барган коңшу кыргыздарга карата алым чогултууларынын көбөйүшүнө нааразылык билдиришти. Кыргызстандын түндүгүндөгү өзүлөрүнүн уруулаштары, он жылдан бери Россия империясынын карамагында тургандыгы жөнүндө жакшы кабары бар түштүктүктөр, али чыныгы жүзүн көрсөтө элек орус бийликтеринен пайда издешти.

Анткени, белгилүү болгондой, Россия империясына жаңыдан кошулган аймактар, алгачкы 5-10 жылдын ичинде администрациясынын пайдасына төлөнүүчү салык жыйындан (налогдордон) бошотулушуп, барымтадан келип чыккан өз ара майда чекишүүлөр да токтоп, демократиялык принциптерге негизделген жергиликтүү бийликке шайлоолор киргизилип, орустардын өңдүрүшүндөгү арзан товарлардын арбын алынып келиши күч алган.

Албетте, мунун баары түштүктөгү кыргыздарга таасир берип 1873-жыл алар Токмок уездинин орус администрациясы менен достук мамилелерди орнотууда Шабдан баатырдын ортомчу болуп беришин сурап Кулакмат жана Камбар Саркер аттуу адамдарын жөнөтүшкөн.

Бул, иш жүзүндө түштүктөгү кыргыздардын түндүктөгү боордошторуна кошулууга жасаган аракеттери эле. Айткандай эле, 1873-жылдын ноябрында лейлектиктердин Кожент уездинин начальнигине жазган катында алардын умтулуулары адеп Токмок уездинин начальниги тарабынан колдоого алынды. Алардын кокондуктарга каршы туруусун натыйжалуу уюштуруп, кеңеш берүү максатында лейлектик кыргыздардын өтүнүчү боюнча Шабдан баатыр жөнөтүлгөн2. Бирок тилекке каршы, Шабдан баатырдын бул багыттагы алгачкы жигердүү аракеттерине кийинчерээк генерал-губернатордун деңгээлинде бөгөт тосулган. Бул тууралуу Түркестан генерал-губернаторунун кызматынын милдетин аткаруучу Г.А.Колпаковскийдин өзүнүн жетекчилерине жиберген рапортунда ачык эле көрүнөт: “… кокондук кыргыздардын … эл өкүлдөрүнүн маалыматын текшерип, алардын Шабдан Жантаев аркылуу токмоктук кыргыздар менен байланышууга жасаган аракеттерин тактап, эгер бул адилеттүү болуп чыкса, аларды тез арада токтотуу керек …”3.

Ыңгайлуу кырдаал колдон чыгып, эки жыл өткөн соң, 1875-жылы абал ого бетер кыйындаган. Академик Бегималы Жамгырчиновдун маалыматтары боюнча, “Жети-Суу облусунун аскер губернатору манап Шабдан Жантаевди көтөрүлүшчүлөрдүн лагеринен Болотту (Кокон ханына каршылык көрсөтүүнүн жетекчиси молдо Исках Асан уулу 1844-1876 жылдары жашаган – Д.С.) кармап келүүнү уюштуруш үчүн жөнөткөнгө аракет кылды, бирок мындай иш ал үчүн ылайыксыз боло тургандыгын токмоктук кыргыздар ага алдын ала билдиришкен”4.

Шабдан Фергана элине жакшылык жасап, куткарыш үчүн чакырылган

12-сентябрь 1875-жылы Фергана өрөөнүндөгү аскердик кызматта жүргөн генерал-майор В.Н. Троцкий, Түркстан генерал губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882-жж. жашаган, Жарым Паша деген жергиликтүү калктан алган каймана атка ээ болгон) буйругу аркылуу Шабдан баатырга төмөндөгүдөй кат жолдогон эле: ”…Кыпчак Абдрахман автабачи Кокон өкмөтүнүн жоокерлерин Россиянын аскерлерине каршы салгылашка чыгарды, анын акыры кыргыздар менен кыпчактарга кайгылуу болду. Анткени, алар Россия аскерлеринен талкаланганга чейин, анын күчтүүлүгүнөн кабарсыз болушкан, эми болсо баамдашты. Акмак Абдрахман автабачи кыргыздар жана кыпчактар менен качты, аларды генерал губернатор катуу жазалоону көздөөдө. Андыктан, Сизден суранамын, кыргыздар жана кыпчактарга жакшылык жасап, аларды куткарыңыз (алдын сызган мен – Д.С.). Андай болбосо, Жарым Пашанын (А.П. Кауфмандын – Д.С.) укуругу узун, башкача айтканда колу жетиштүү. Ошондуктан, эл өзү тезинен аны (Абдрахманды – Д.С.) алып келсе жакшы болмок, эгер муну алар жакын арада жасабаса, кыргыздарга жана кыпчактарга жаман болот”5 18-сентябрда бул катты алары менен Кыргызстандын түндүк тарабындагы Ысык-Көл, Токмок жана Аулиеата уездеринин тың чыкмалары: Базаркул Атабеков (Тогуз-Торо волостунун башчысы), Атакан Бектияров (Тоң волостунун башчысы), Эгемберди Жанбулатов (Таластагы Жети-Уруу волостунун башчысы), Баяке Күнтууганов (1833-жылы туулган кыпчак уруусунан, сарыбагыш волостунун № 11 айылынын бийи), Акмат Рыскулбеков (Кетмен-Төбө волостунун башчысы), архив документинде Денбай (К. Усенбаевде – Дыйканбай) делген адам (биздин болжолубузда бул киши Курманкожо волостунун башчысы Дыйканбай Черикчин, же болбосо Кетмен-Төбө волостунун № 11 айылынын бийи Дыйканбай Рыс­кулбеков сыяктанат), Бекболот (бий делген бирок, атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши кийин 1883-жылы Барскоон волостунун башчылыгына шайланган Бекболот Алсейитов сыяктанат), Кулмамбет (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1880-жылы Кара-Балта волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Кулмамбет Качкин сыяктанат), Шадыхан (атасынын аты-жөнү тактала элек, бул киши да 1883-жылы Барскоон волостунун № 2 айылынын бийи болуп шайланган Шадыхан Солтоноев сыяктанат), жана башкаларды бардыгы болуп 100 жигитти топтоп, 1875-жылы сентябрь-октябрь айларында барон Георгий Штакельберг жетектеген орус аскер күчтөрүнүн Кыргызстандын түштүгүндөгү Базар-Коргон, Сузак, Ботокара жана Избаскен шаарларына жакын жердеги орус аскерлеринин жүрүшүнө катышкан6. Анда Шабдандын негизги максаты тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, “кыргыздарга жана кыпчактарга жакшылык кылуу”7 болгон.

Мындагы орустардын Жети-Суу №1 жүздүк (сотня) аскерлеринин жүрүшүн жетектеген барон Г.Штакельбергдин 1875-жылдын 2-октябрындагы билдирүүсүнөн көрүнгөндөй, бөтөн жерликтер, бул тарапка, өз аскерлерин согуштук алдыңкы чеберчиликте алып барышкандарын баамдайбыз. Айтмакчы, Кыргызстандын түштүгүн Россияга каратуу жараянында, көбүн эсе Кавказдагы (түрктөргө, чечендерге каршы) согуштук аракеттерде такшалышкан аскерлер катышканын эстен чыгарбайлы. Бул болгону эки жүз орус аскерин Кыргызстандын түндүгү тарабынан барган кыргыздардан турган кароолдор (разъезды), төрт тарабынан коштоп барышкан. Ушул чакан орус кошуунуна төрт миңге жакын жергиликтүү калктын, негизинен таяктар, кетмендер (батика) жана бир аз мылтыктар менен куралданган күчтөрүнүн көрсөткөн каршылыктары натыйжасыз болгон.

“Мен, ар дайым казактардын, атышуу менен гана чектелүүгө ынанышпай, кылычтарын сунушуп каршылашкандардын атчандары көздөй атырылуусун токтотуп жаттым… Алардын мактанарлык аракеттери туруктуу каармандык менен чектен өткөн чечкиндүүлүккө (доходящими иногда до дерзости) барып жатты”8, дейт барон Штакельберг. Эгер бул кырдаалдагы эки тараптардагы кызыган күчтөрдү жайына бош койгондо эмне менен аякташы баарыбызга айкын түшүнүктүү эле да.

1 РК МБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 695. Л. 4.

2 Караңыз: Кыргызстан-Россия: История взаимоотношений (XVIII-XIX вв.) / Сб. док-тов. Бишкек, 1998. С.336.
3 Караңыз: Кыргызстан-Россия:История взаимоотношений…. С. 337-338.
4 Джамгерчинов Б.Д. Очерки политической истории Киргизии XIX в. Фрунзе, 1996. 349 б.
5 Шилтеме алынды: Молдокасымов К. Шабдан : баатырбы, чыккынчыбы?// Кыргыз руху. 1994. 27- май. 6-б.
6 Караңыз: Хасанов А. Взаимоотношения киргизов с Кокандским ханством и Россией в 50-70 годах XIX века. Фрунзе, 1961. С.129; Усенбаев К. Присоединение Южной Киргизии к России. Фрунзе, 1960. С.120. Кемел Шабдан уулу. Шабдан жөнүндө кыскача тарых… . 9-б.; РК МБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 93. Л.1-7; РК МБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 346. Л. 42-44; Өзбек Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви. Ф. И-711. Оп. 1. Д. 64. Л. 65.
7 Молдокасымов К. Шабдан : баатырбы, чыккынчыбы?// Кыргыз руху. 1994. 27-май. 6-б.
8 Өзбек Республикасынын Мамлекеттик борбордук архиви. Ф. И-711. Оп. 1. Д. 64. Л. 63

(Уландысы бар)

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башчысынын орун басары, профессор,
«Кыргыз туусу», 18.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий