Майрамкан Абылкасымова

Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында туулган.

Ал алгач өз айылындагы 7 жылдык мектепти бүтүп, Фрунзедеги кыздар педагогикалык окуу жайына кирип, 1953-жылы аяктагандан кийин В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология бөлүмүн 1958-жылы бүткөн.

1958-60-жылдары Ош шаарындагы “Ленин жолу” газетасында кызматкер, 1960-62-жылга чейин Ош пединститутунда окутуучу болуп иштеген. Акын “Ала-Тоо” журналынын адабий кызматкери (1962-70), Жазуучулар союзунун Ысык-Көл областы боюнча консультанты (1970-72), 1973-жылдан 1992-жылдардын аралыгында “Ала-Тоо” журналынын поэзия бөлүмүн жетектеп, 1993-жылдан бери “Асылзат” газетасынын редактору болуп жемиштүү эмгектенип келе жатат.

М. Абылкасымова мектепте окуп жүргөн кезинде эле адабиятка кызыгып, кыргыз акындарынын ырларын жан дили менен берилип окуган. Педагогикалык окуу жайына киргенден баштап акындык өнөрдүн түмөн түйшүктүү жолуна баш оту менен кирген.

Анын алгачкы ырлары “Жеңишбек” деген ат менен 1952-жылы жарык көрүп, ошондон баштап ырлары басма сөз беттеринен орун ала баштаган.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы “Кичинекей досторго” деген ат менен басмадан жарык көрүп, ага удаалаш эле “Чолпон” (1962), “Быйыл жаздын гүлдөрү көп” (1965), “Ишеним дайым жүрөктө” (1968), “Аскар” (1970), “Ата журт” (1973), “Сен билесиң мекеним” (1973), “Менин бүтпөс ырларым” (1977), “Гүлдөр суу сурайт” (1983), “Ата журт дайым көңүлдө” (1987), “Үшүк” (2001) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары басмадан басылып окурмандардын кызыгуусун арттырды.

Поэзияга ышкыбоз кыз-келиндердин арасынан республикалык жана союздук сыйлыкка татыктуусу М. Абылкасымова болду. Акындын “Эстелик сүйлөйт”, “Сен билесиң мекеним” аттуу поэмалары жана “Ишеним дайым жүрөктө” деген ыр китеби үчүн 1970-жылы Ленин комсомолунун сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми “Гүлдөр суу сурайт” ырлар жыйнагы үчүн М. Абылкасымова 1984-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду.

Акындын ырлары орус, украин, француз, болгар тилдерине да которулган. Уолтер Мэйдин котормосунда анын көптөгөн ырлары англис тилине которулуп, өзүнчө жыйнак болуп чыкты.

М. Абылкасымова улуттук адабиятка кошкон зор салымы үчүн “Ардак Белгиси”, 2005-жылы “Манас” ордендери, медалдар, грамоталар менен сыйланган. 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. И. Арабаев атындагы университетинин ардактуу профессору (2006-ж.) акын өткөн тарыхка кайрылып, Түлкү, Шабдан баатырлар, Курманжан датка тууралуу ырларды, поэмаларды жазып, чыгармачылыктын үстүндө талыкпастан эмгектенип жатат.

Улуттук китепкананын сайтынан алынды

 

Майрамкан Абылкасымова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Жалбырагы тонолгон даракчалар, Окулбастан саргайган бараксыңар…»

«Менин жашоом заманага байланган»

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова: «Гүл ордуна тикен кетти тукумдап, Улам кырсык тооруп калды утурлап…»

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын эл акыны: «Шайдинди сүйүп, агарам деп айран сүйкөнгөм»

Майрамкан Абылкасымованын орус тилине которулган ырлары бар сайт 

 

Ырлар

КӨРДҮҢӨРБҮ

Нугун бузуп кеткен экен таш кулап,
Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак.
Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп,
Томурайып камышы жок саз турат.

Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле,
Алар дагы келбей калган көрүнөт.
Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге,
Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк.

Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Энелери элечегин тарталбай.
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.

 

ДАЙЫМ

Сени дайым аман көрөм дечүмүн,
Баягыдай желбиреген жоолукчан.
Оңу келбей отурабы сөзүмүн,
Абалыбыз бирдей окшойт оорукчан.

Жаз кечикпей келет деген үмүт бар,
Учурашам эң биринчи тал менен.
Көкүрөктө анча-мынча бүлүк бар,
Басыш үчүн, аны намыс ар менен.

 

ҮШҮК

(Ыр түрмөгү)

Үшүк урду жеримди да, элимди,
Жүзүмдөрүм өлүп калды ылаңдап.
Үшүк менен мен да бастым демимди,
Эми кимге кубанамын ыр арнап.

Көзүңдү да көрбөй калдым байчечек,
Сени дагы бара- бара унутам.
Быйыл дагы кымбат болот жай дешет,
Быйыл анча кубандырбайт буурул таң.

 

* * *

Байчечекей үшүп калган болуу керек,
Капыстан шыбыргакка кабылганда
Кырсыкты жан жаныбар чогуу көрөт,
Жамандык жан жагынан жабылганда

 

I

Суук урду үлпүлдөгөн жалбыракты,
Кыроолор ээлеп алды тал, булакты.
Бирине-бирин каршы коё албаймын,
Мыкты деп айталбаймын кай куракты.

 

II

Ооду оомат, жаштык кетти кайрылбай,
Булбул үнү түшкө чындап кирбеген.
Жалгыз башты батыра албай жайла-жай,
Күңгүрөндүм туман түшкөн түн менен.

Эчки талдай өзөн боюн каптаган,
Кызыл гүлдөр анда өңдөн азбаган.
Өр талааны жайпап күчтүү ташкындап,
Арыгыма кана, суулар батпаган?

Дагы жаан каптап келет күндүн артын,
Май айы жылуулукка оронбоду.
Өзгөртүп салышканбы жаздын салтын,
Өспөдү жылга, кырдын согондору.

Кайың, тал көздүн жоосун ороп өтчү,
Уялап чөп түбүндө коён өсчү.
Чиесин, ит мурунун элжиретип,
Күзүндө, күздүн оту боёп өтчү.

Амансыңбы, сары гүлүм, көк гүлүм,
Сен төгүлүп жаткан кезиң жакшына
Чындыгында айтсам сөздүн ачыгын,
Туш болбогондой болуп кетем бактыма

 

* * *

Дары чачып, кең талаама ким койду.
Көрөбүз го курт жегенди ушундан.
Ичиркентип суук көрүнөт түн койну,
Чочунткан үн колдон кушум учурган.

 

* * *

Кайкып учкан жылкычыны бир көрдүм,
Ошо бойдон билинбеди кабары.
Көркү кетпейт көз алдыман гүл белдин,
Көптөн бери оюн салбай жел аргы.

 

* * *

Амансыңбы, өтөп өмүр карызымды,
Мен келатам
өзүң жакка бел байлап.
Дене-башым
сар-санаага жанчылды,
Үмүт, азап
бул тарапка келди айдап.
Бой саласың
боз плащчан камышым,
Көрчү сага
келчү жолдун алысын.
Кышы менен
ооруп жүрдүм саргайып,
Кулагыма жетпей
сенин дабышың.

Жаз кечигет артын карап кылчактап,
Жаркын досум сенин жапжаш элесиң.
Көзүң муңдуу терең турат сыр сактап,
Ачтык бекен бир өмүрдүн белесин.

Дарак кыйып, агызгандай өмүрдү,
Дарыялар чаңдак кумга басылды.
Издеп таппай, досторум ай, көбүңдү,
Муңга батып оорутамын башымды.

Соолугандай булактары тоолордун,
Сорулгандай мөңгүлөрдүн тамчысы.
Кемигендей керемети зоолордун,
Кедеринен түштү өмүрдүн жартысы.

 

* * *

Өрдөп келем, кургак, такыр жерлерди,
Кайда кеткен бадалы деп шек санап.
Анда булак мен мында деп жиберди,
Суусуз өрөөн сумсайыңкы сести алат.

 

* * *

Көк бөрүгө алгансып барат турмуш,
Кээ бир күндүн өңү жок карап тургуз.
Көңүлчөөктүк күндөрүм кайда кеткен,
Көңүлдөшкө көз артпай жадап турбуз.

 

* * *

Шумдук ай, бир нерсеге таң каламын,
Өзгөрбөйт буурул тарткан таң карагым.
Бир гана мен тааныган кээ бир адам,
Таанылтпай боёп алган чамгарагын.

 

* * *

Камыштар жапырылып сынган белем,
Шыраалжын сеңселе албай жыгылышкан.
Көк гүлдөр жабалактап тозуучу эле,
Көк көйнөк кийген кыздай бурулуштан.

 

* * *

Кайыңдын саамай чачы кыркылганбы,
Кабыгы түтөп кеткен жыртылганбы.
Көңүлдү үшүтпөсө жылыта албайт,
Көңүл кош, көйкөлбөстөн бул турганы.

Ашыгып апта сайын издеп келем,
Ай жаркын жүзүң менен тосчу кана
Сен гана сезимиңди кирдетпесең,
Тарытып кең дүйнөмдү тосту калаа.

 

* * *

Тоодо кар да, тоо этеги жаз күтөт,
Арык ичин ээлеп алган таш бүтөп.
Жалгыз аяк жолдор ооп кеткенсийт,
Бала чактан өскөн элем бак күсөп.

Кайда менин шыраалжыным, бадалым,
Булактагы камышымды оруппу?
Алда менин кырсык чалган кадамым,
Кош кайыңым буту сынып жолукту.

 

* * *

Тоо, талаага толуп кетти таз жору,
Бүлүк салып жатпаса экен кас колу.
Эрдин эри, мыктылардын мыктысы,
Бир азабым, десин элге баш болуу.

 

* * *

Мунун баары эске келбейт жаш чакта,
Заман заңын, мезгил үнүн угалы.
Биз өмүрдүн дабандарын ашсак да,
Кимге тиет жаш балдардын убалы.

 

* * *

Кимдер жарайт, кимдер ага жарабайт,
Журтун жыйнап тура турчу намыска.
Өзүмчүлдөр алдын алып каралайт,
Даяр турат элин кырып салышка.

Жаныш, Байыш, Курманбектер аз чыгар,
Чолпонбайлар, Дүйшөнкулдар өспөдү.
Көп жигиттер эл мүдөөсүн унутуп,
Мансап, арды тартып жүрөт көк бөрү.

 

* * *

Күн-түн кээде бирикчүдөй көрүнүп,
Деңиз ташып аласалып көбүрүп.
Тоо силкинип чочулатып кээ бирде,
Жер огунан кетүүчүдөй бөлүнүп.

Ажырадым жаштык кезден кечээги,
Бош күндөрүм зор түйшүккө айланган.
Оорубаган баш ооруну сезеби,
Менин жашоом заманама байланган.

 

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АРМАНЫ

Эл дегеним, элим кана күйгөнү?
Жер дегеним, жерге курган түрмөнү.
Тунук таза кабыл алдым эле го,
Жексур ушул, желмаяндай дүйнөнү.

Аппак десем, кара экенсиң жапырак,
Кайран дөөлөт кабык болуп чачылат.
Ат чабышта байге алган тулпарым,
Казыгында ээсиз калды азынан.

Жашыл десем, тикен экен көктөмүм,
Өксүз мезгил ак өргөмдү өрттөтдүң.
Көк жал бөрү жеригендей карысын,
Сай сөөгүмө өттү турмуш, өктөмүн.

Жетилсин деп, жетеледим бөбөктү,
Тайтайладым, тамтуң жүрүп бастың да.
Кайран датка ушу күндү көрөтпү,
Шар элең го, хандык барда астыңда.

Кырсык басты, кылым жылып келбеген,
Кыйласынан кымбат кыргыз эл деген,-
Эмес беле, кутуң кетти журтум ай,
Жоокер элең, жоого намыс бербеген.

Жер карайсың жетимсиреп желкемден:
«Мен куруюн, ажырадым эркемден.
Карыганда кабыргамды сындырбай,
Бирөөң аман калалбадың го төртөөңдөн».

Колдон тартып кое албаган элбизби?
Кантип чыдап көтөрүүдө жер бизди.
Өмүр өтүп аркасында из калбай,
Өчүрөбү каптагандай сел бизди.

Ичкен суумду ылайлаган сыяктуу,
Ташыркаттык ташка салып туякты.
Не кылайын, туткун болгон балдарым,
Сактагыла намыс, арды, уятты.

Ата-бабаң, жети атаң жердеген,
Кана дүйнө, тутка болуп бергени?
Уу дегенде, дуу кетет  да эл деген,
Кана сага, соогат сурап келгени.

Күнүң бүтсө, алыс болуп турасың,
Орман хандын куну калган алынбай
А Шабдандын дайнын элден угасың,
Өмүр жолу өкүт болгон кайрылбай.

Алты уул күтүп кенен Чүйдү ээлеген,
Атаке да арман кылган экен дейт.
Ошол арман, ошол күйүт, муң санаа,
Келечекти, эртеңкини бекемдейт.

Кайрат керек ар нерсеге балдарым,
Капсалаңга кабылганга кантели.
Өздөрү да бизден бетер тынч эмес,
Коңшү тууган, көп болсо да сарт эли.

Гүл ордуна тикен кетти тукумдап,
Улам кырсык тооруп калды утурлап.
Ак өргөдө алтын тактым акыры,
Жат колунан жамбы аткандай тытылмак.

 

ЭСТЕЛИК СҮЙЛӨЙТ

Гүл сеңселет таажыларын бийлетип,
Нектарына кимдир бирөө кусабы?
Куштар неге бул тарапка
Дешип турат: “Учалы!”

Бактар кыздай бой тирешет,
Сууга тигип көлөкө.
Чолпуларын шылдыратат,
Жел жорголоп жөнөсө.

Арасында ушул бактын
Таштан бүткөн таш дене,
Таштан бүткөн эстелик.
Турат дайым кандуу күндүн
Солдатындай томсоруп.

Сеңселгиле, бактар э-эй,
Жалгызсырабасын таш дене,
Камыкпасыи таш дене.
Бери учкула, куштар эй,
Ээн калбасын таш дене.
Бул эстелик адам болчу
бир кезде.

Бул эстелик
кыргыздарда жүргөн болчу
бир кезде.

Кыргында ал,
Ата Мекендик согушта ал,
Кессе да башын,
душман алдында
Ыйлабаган эч качан.
Ач калганда жан кечпеген
эч качан.
Мекенин ал сагынган
Карегине жаш кыпчып.

Жеңиш күндү
эңсеген,
музыкадай тыңшаган.
Ажал менен катар анда турса да,
Үмүттөрү чарчаган колго күч берип.
Кабагына зор айбатты чөгөрүп,
Родинаны жанынан бекем сактаган.

Оо, эстелик,
Карап турсам таш этегиң
Учуп тургандай көрүнөт,
Бизден мурда желге жолугуп,
Шинелиңден
ок-дарынын жыты төгүлөт.
Ордендериң көрүнбөйт төшүңдөн.

Сен таш денеңди
эс алдырып көнбөгөнсүң.
Чарчасаң да уйкуң келбеген

О, эстелик!
Дагы келдим алдыңа,
Эриктиңби?
Сүйлөшөсүңбү?
Дале жашсың,
жигитсиң.
Бырыш сага жолобогон өңдөнөт.
Майдандагы көрүнүшүң сакталган,
А мен,
чыны,
эркек кийсе
солдат кездеги щинелин,
Даана көрөм чың денесин эркектин.

Атайы келдим,
бүгүн көпкө отурам,
Бүгүн нени айтасың?
Дайым келсем, дайым көрөм,
Бирге жашайт,
сенде укмуш сүрөт бар.
–Согушту көрдүң беле,
Көрдүң беле согушту?
Кадам жерлер осколканын
Миң түрүнө тытылды,
Солдат анда
Ажал менен тиктешти.

Мындай кечте көтөрөсүң башыңды,
Ошол учур талап кылып тургандай.
Жер алдына бүтпөс сапар чегерде,
Адамдыктын зор элесин эскерип,
Акыркы ирет толосуң бир
Чоң дайраны бургандай.

Минуттарың тамчы терге айланып,
Көзүң анда
башкача карап дүйнөнү.
Бүгүнкүнү эртең оңдоор убак жок,
Режим жок баягыдай үйдөгү.
Өлүмдөн бүткөн токко карай басасың.

Жашаган күндөр
экранда
Кадр болуп айланып,
Эске аласың эне берген эмчекти,
Эске аласың адырдагы гүлдөрдү.
Эске аласың мектептеги күндөрдү.

Мекен үчүн жүрөк ишке киришип,
Өзүңдү өзүң шыктантасың жайгарып…
Укмуштуудай ритмика таманда,
Алтын буттун
акыркы күчүнө таянып.
Керек
керек
так ушунда.
Сенин антип басышың
Сансыз жылдар–
бир кадамдай аралык.
–Мага айттыңбы, эстелик?
Угулдубу ошондой?..

Эсимде менин,
мен ал кезде баламын,
Сагызгандан кабар сурап ырдагам.
Куштар качып, алыс жакка кеткенсип,
Асманда булут гана кылаалаган.
Үч жаштагы бала да
Сезген ошол турмушту:

Ээрчиген эмес жумушка чыккан апасын,
Жоктогон эмео алыста жүргөн атасын.
Жыңайлак өзү арыкты бойлоп ойногон,
Күзөтүп көнгөн жалкы өскөн улагын.

Мектепте биз
сочинение жаздык
илмейген кол менен,
Эрдигин баатыр аталардын сүрөттөп,
Диктант жаздык адашкан бала жөнүндө
Балалык аянычтар жүрөк тээп.

Биз гүлдү сүйгөнбүз,
укмуштай сүйгөнбүз!
Бирок согуш эркеликти тушаган
Гүл ордуна картошканы өстүрдүк.
Турмуш мында да бир жолу сынаган…
Эстелик,
сага
Болжогондой убакыт
Энең келет этек-жеңи бүгүлбөй.

Адамсыз асман не кайгымды билесиң?
Сен укпайсың өлгөндөрдүн ырларын.
Музыкасы кандан оргуп чыккансыйт,
Адашпас үмүт дайыма жолду каратып,
Жетелейсиң деген ойго берилип,
Жүз санаанын кээ биринен жеңилип,
Жер ааламга
шыбырап келет:

“Уулум бар, уулум бар
Күрмөсү да, калпагы да илинүү.
Уулу жок деп айтпагыла,
Уулум болгон! Уулум болгон…”

…Э-эй, уккун дүйнө!
Ушул эне жолугат күндө уулуна,
Ак жоолугу ак көңүлүн белгилеп.
Эне чиркин келет Күндө уулуна,
Ак көйнөгү ак жүрөгүн белгилеп.

Эне чиркин коргоп жүрөт таш уулун,
Таш болсо да, таш болсо да медерлеп.
Эне чиркин кеңешип жүрөт уулуна:
“Бүгүн сага бир иш менен келдим,–деп…
0 энеке, бала үчүн ак урган.
О энеке, бала үчүн жан кыйган,
Кезигүүгө таш уулуна жаралган,
Эки көзү таш уулуна кадалган!..
Ичтен экөө улутунуп сүйлөшөт,
Ичтен экөө
түтөп-түтөп үндөшөт,
Ичтен гана алар муңдуу, унчугат,
Ичтен кайгы жүлүндү өрттөп жулкунат,
Ичтен гана
уулу экөө сырдашат,
Ичтен гана
уулу экөө муңдашат.

Кайгы, сүйүү, ишенич
Тирилтет тура адамды!
Бирге кагып экөөнүн кан тамыры,
Бирге алды көзүнө ачуу жашты,
Таш денеге жан кирди!
Кантип кетти
эстелик?
Кантип кетти?
Таш адамга жан кирди,
Карасаң, карасаң журт,
эстеликти!
–Биз,
көптөн бери көркөм бакты көрбөдүк,

Биз,
көптөн бери булбул үнүн укпадык.
Келечектин жылдызы үчүн жан берип,
Эне ордуна кара жерди жыттадык.

Келбесимди билгенсиңби,
сезгич, апа?
Узатканда кол бердиң кабак түйүп,
Маңдайымдан өптүң, өптүң
кана өптүң.
Башка күндө антип такыр өппөгөнсүң.
Карегиңен кайгы, жаш акты ийип,
Апасың да, теңей албайм
эч нерсеге
Уулду төрөп
өстүрмөк–сенин күчүң.
Эл башына иш түшсө уулу аттанат,
Антпегенде актабайт эне сүтүн.

Жоокерчилик,
жетимсиреткен
ал күндөр,
Жүдөтүп сакалдарды өстүргөн,
Кыздар сылап эркелетер маңдайга
Ой-санаалар бырыштарын чөктүргөн.
“Эл бакты үчүн эр азбаса, эр тозбосо
болбойт, уулум”–дечү элең.
Ошол жомок ошол ырда өстүм мен.

Ал күндөрдө жылдыз качты асмандан,
Ал күндөрдө булак дагы үшкүрдү.
Кабарларга кулак салып капкайдан,
Жакшы тилек жакшылыкты күттүрдү.
Азап көргөн өңдөр кирип түшүмө,
Ичиркентти
тамга түшкөн аркалар.
Эр жигиттик намысымды күчөттү
Ачууларга бек тиштелген эриндер.

Апакебай,
Кубат тутуп медериңди,
Шум өлүмгө ишенбей жүрөсүңбү?
Али күнчө кайпактап баштыгыңа,
Мага сактап бир нерсе түйөсүңбү,

Апакеси, жерге салбай башыңды,
Жазып койбой өрүп алчы чачыңды!
Кадимкидей күлө багып,
Келчи бери жаныма.

Аарчып алчы
агызбастан жашыңды.
Мен эркелеп ак мамаңа
Койгум келет башымды…
Канткен менен өлүм оор турбайбы–
Сенин балаң келгис болуп,
Жер алдына жашынды.

Апакебай жакшы көрөм,
Жаз айынын көктөмүн.
Жактырамын жан-жагыман
Жаштар басып өткөнүн.
Жыттатып кой, жалбыз жытын,
Мен аларга жаштыгымды төккөмүн.

Кошуналар той күтүнсө,
Сен да тоскун келинди.
Конок чакыр, конокко бар–
Бош койбогун төрүңдү.
Балдар, балдар көп жолугар
жолуңдан.
Бала–бакыт, чыкпас сенин оюңдан.
Жылдыз гүлдү көрсөң арык жээгинен,
Жылдыз гүлдү уулум экен деп жүргүн
Үзүп калсаң өзөн суунун боюнан
Ыраспы апа?
Биз да ойноп күлгөнбүз
Суу мылтыкты көтөрүп,
Тилегенбиз жаркылдап:
“Эркин, эрке өсөлүк!”
Ошол ырлар токойлордо жаңырат,
Ошол ырлар өмүр күтөт жаңылап.
Ошол ырлар муундардан-муунга
Өтүп барат,
кетип барат арылап.
–Ооба, эстелик,
Дале чектеш
жашап жатат душмандар.
Чөпкө,
чөптөр окшош болгон менен да,
Али биздин эки башка көңүлдөр.
Саламдашып баш ийкешкен менен да,
Али алардын коюнунда курал бар.
Тоолор тоого уланышкан менен да,
Али биздин бириге элек адаттар.
Суулар сууга кошулушкан менен да,
Али биздин бириге элек акылдар.
Каркыралар учкан менен аралаш,
Бириге элек али биздин жүрөктөр.
Бириге элек али биздин тилектер.
Биздин кылым сүйбөгөн менен көз
жашты,
Бирок дале ый угулат четтерде.

Айрыла элек пландары согуштун
Дале-дале эл оозунда согуш бар,
Дале дале жоголо элек согуштар,
Эй, билимдүү сиңди менен инилер,
Көкүлдөрү кыркылбаган бөбөктөр,
Уктаарда да ойлоп жаткын буларды.

–Ал айтканың эң туура,
Айта жүргүн тирүүгө,
Баягычы,
Согуш… согуш…
Кааладык беле биз анда?..
О, мекеним, сумсайдың ичиркенип,
Бомба жатты чамынып сени челип.
Биз талаштык душмандан ырыскыны,
Өмүрлөрдү өлүмгө кыйып берип.

Анда курчуп сабыркап муштум түйүп,
Турган элең бүт денең отко күйүп.
“Жоону жогот, уулдарым!”–буйрук бердиң.
Шыктандырып узаттың беттен сүйүп.
Катарымды карай салсам анда мен–
Жер дүңгүрөп аттанды,
Бизден да жаш
балдарың.
Ошондо сен жоолугуңду
Жулуп алып башыңдан,
Ааламдарды таң калтырып
Кызыл желек кармадың.

Ийип-ийип жаш апанын эмчеги:
“О кулунум, турмуш минтип кетеби?”–
Мууну бошоп мончок жашын агызып:
“Алда алдыңа кетейин,
Атка минер күнүң сенин эртеби?”–
Деди армандуу
Десе дагы не айла
Өлүм, жашоо
ат салышып турганда.
Милдет турду, көп катары
Мылтыгымды октодум.
Жешилбес деп темирден өтүк кийдим,
Кечейин деп чокторду.
Демейдеги назиктикке үргүлөгөн,
Так түйүлүп жүрөгүм да шоктонду.

Оо, адамдар!
Биз күрөштө курчудук тыным албай,
Ажал менен күрөштүк жалтаңдабай.
Кээ бирибиз жаза тайдык ок жаңылып,
Ач ажалдын жыгылдык колун кармай.

Биз өткөргөн мүнөттөр күнгө татып,
Аткан октор жылдарды жула качып,
Чоң чабуулга кирерде кучакташтык,
Кылым менен жытташып, моюндашып.

Мекеним,
дарагыңдын жалбырагы,
Бөтөн жерге учпаганын көргөнмүн.
Мен да, Мекен,
бөлөк элде
Жан сактоого көнбөдүм.
Элим,
сени

Мекен,
сени
Энем,
сени,
Коргоп жатып,
Душмандын илээр туусун
жыга атып,
Максатым колдон тайбай,
өмүрдү мен
Мекендин бир саатына айырбаштап,
Жат адамга ок болду бек кадалган,
Солкулдаган гүлдөй жаш чак.

Андан бери мен чоңойгон ошол сай,
Нечен ирет көкөмерен сайыңды.
Сынган бутак дүмүрчөдөн бүр ачып,
Жагалдантып жаш чырпыкты тагынды.
Ал кездеги кетик тиштер
бүгүн жигит,
Кызды көрсө жакаларын оңдошот.
Таанышууга бактын ичин,
Бий аянтын болжошот.

Оо, гүлдөрүм,
мас кылуучу кумарың,
Дилдиреген жумшак күлкү койнуңда.
Бала жыттуу сенин назик жыттарың
Атыр болуп,
куюлуптур мойнума.
Чарчаган булут аскаларда олтурат,
Уйкуга мөгдөп кирпиктерин ирмешет.
Түнт көрүнөт түнкү жааган жамгырлар,
Жол үстүндө жыңайлак кыздай бийлешет.
Токойлордон агып кирет жаз жыты,
Көлчүктөгү көлөкөнү чочутуп.
Мен чабуулда жүргөн кыштар эскирди.
Күлгөн күндөр кучагына мас кылып,
Жүрөгүмө келип турат толкутуп.

Ал бороондор кабагыма
Ачууларын калтырган.
Мен күлкүмдү көргүм келет,–
Бороон менен кармашарда
Жылгалардын арасына калтыргам.

Оо, шамалдар, шамалдар,
Аймалачы бетимден!
Атыр сээп кет, атыр сээп бер
Адырдагы четинден.
Али күнчө чыкпас болду
Балалык чак эсимден.

Эй, адамдар,
Биз силердей күлө албайбызбы?
Биз силердей күлүүнү каалабайбызбы?
Уккулачы, селкилер,
Атылган ок
Биздин жаштар күнүбүзгө тийди.
Биздин учкул сүйүүбүзгө тийди
Бирок… бирок–
Арман эмес бул сөзүм–
Өзүм туулган мекенимде турамын.
Эли-жердин жашоодогу сырларын
Укпаса да угуп турат кулагым.

Оо, жарык дүйнө,
Күтөмүн таң атканды, таң атканды.
Түшүмдө пехоталар чабуул коет.
Санаалар кыйнап иет деги жанды,
Өткөндүн элестери болуп конок.

Мекен,
Танканын дабыштарын уккум келбейт.
Трактор, күркүрөсөң, күркүрөсөң!
Сенден мен
тынч эмгектин үнүн сезем.
Байчечек таажыларын ойноктотуп,
Бийлесе
балага окшоп күлүп кетем.

Согуш бузган жолду оңдоп, заманым,
Катарыңан эң алдыда барасың.
Мен кубана сенин өткөн жолуңдан,
Жутуп жатам
Сен дам алган
Эркиндиктин абасын.

Мекеиим, өзгөрдүң сен,
Баягыдай кайгылуу эмес күндөрүң.
Кандай кымбат, жакшысың!
Мезгил жетип ушул экен көрмөгүң:
Биздин элдин Тынчтык
Бир туугандык,
Теңдик жана
Бактысын.
Заман эй,
сен да сүйүп турасың ээ,
Айрыкча,
бүгүнкүнү, бүгүнкүнү!
Самолет булут көзөп учуп жатат,
Ичине бомба салбайт, адам салат,
Оо, дүйнө, келе бери сүйүнчүңдү.

Жеңелер түшүн кармап чочулабайт,
Эрине калп таарынып эркелешет.
Каада көп, шылтоо таппай араң турат,
Бирөөлөр гүл тиксе да той бер дешет.

Далай жыл чыйыр түшөт эстеликке,
Ырдалат эскермелер баатырды айтып.
Түбүндө эстеликтин
Ыргалат жаз гүлдөрү.
Жеңиш үчүн жан бергендер–
Уулдары мекенимдин,
Даңк жалындайт изиңерде.

Карап көрчү,
Жок, томсорбойт эстелик.
Эстеликтин жымжырттыгы бир гана
Адамдарга көп нерсени үйрөтөт.
Эске салат, эскертет.

Бул эстелик көп жылдарды эскиртет.
Өткөн күндүн окуясын
Көзгө тизет, өткөзөт.
Каардуу согуш сүрөттөрүн көргүн деп,
Каарданып сүрү чыккан бетине

Жек көрүүгө душманды
бөбөктөрдү чакырат.
“Жашоо үчүн татыктуу бол күрөштө!”–
Деген окшоп колун сунат мейкинге.
Эл келет эстеликке эртели-кеч,
жеңиш күндө.
Гүл коюп кобурашат өткөндү эстеп.
Окушат күрөштөрдүн сан барагын.
Жекшембиде эне келет эртелеп,
түйүп жанга токочун.
Жолго чыгат
уулун көздөй оп тартылып…

Күн нурлары
Жайылып улам-улам,
Уйкудан туруп басышат тирүүлөр.
Унчукпаган салмактуу оор эстелик
Каалайт а да тирүүлүктү
Тирүүлүктүн койнунда кубаныч бар,

Дайыма суулар таза кардан аккан.
Сулуулуктар тайгылдырат каректи,
Эң айрыкча чалкалаган кең асман.

Тирүүлүк тынчтыкты эркелетти,
Тирүүлүктө тулаң кырдан көгөрдү.
Тирүүлүктө көз караштар жетилди,
Тирүүлүк тынчтык күндү өңөрдү.

Ичер суулар али ичилип бүтпөптүр,
Кайрадан дүйнөдө жаз, кайрадан.
Кайрадан суунун шарын тыңшадык,
Нерв талыды, сур булуттуу кеч күздөн
Жазды эңседик
сагыныч ыры ырдалып.

Кандуу күн кайра келбесин!–
Адашты бала энеден.
Адашты эне эринен
Далай эр анда окко учту,
Акыркы взносту төлөп коммунист,
Акыркы взносту төлөп комсомол.

Куш ордуна октор учуп асманда,
Жел ордуна октор учту асманда.
Нан жебестен, суу ичпестен кезерип,
Ата журтту кубат туттук биз жанга.

Секунддары согуштун жай каккансып,
Өлүм, жашоо, чуркап жүрдү жол бойлоп.
Анда дагы түңүлбөдүк өмүрдөн,
Акылдарга аралашты тирүүлүк.

Нан заводдон ок чыгарып,
Театрдын сахнасында мылтык майлап.
Жети сааттык жумуш күнүн унуттук.
Кайтпаган иштен апасын бала сурабай,
Көнгөнбүз ошол турмушка.
Сегиз киши бөлө жедик бир нанды…
Ой, айтпачы ошол шумдук жылдарды!
Эстегим келбейт.

Бирок мүрзө ыйлагансып томсорот,
Бирок мүрзө суусунуна жаш сорот.
Бирок мүрзө гүл өстүрбөй бетине,
Кайда жүрсөк жабыша калат эсиңе.

Ой, баатырлар, баатырлар!
Бардык жерди кыдырдым.
Бардык жерден көрдүм, уктум силерди
Краснодар талаасында ташсыңар.
А Кавказдын тоолорунда…
Өлүмдөрдөн өнүп чыккан көгөрүп
Токой болуп, анда жигит, жашсыңар.
Көрдүм, көрдүм деңиздердин ичинен,
Оо моряктар, шапкең даана көрүндү.
Көрдүм, көрдүм жада калса түшүмөн
Бакыт үчүн агып кеткен өмүрдү.

Жаңылгандай айтып калам атыңды,
Кечээ эле катарымда болчусуң,
Өлөт деген, азат деген ойдо жок,
Жарк жарк этип күлө багып койчусуң.

Экөөбүз жүргөн бадал ичи, суу жээги
Баягыдай, баягыдай гүлү көп.
Жай толгондо, ат чалдыра калганда
Эстей кетип ичим гана өрттөнөт.

Аттиң дечи!
Мөндүрлөрдөн жапырылган
Чөптөр башын көтөрдү.
Ок жапырган биздин уулдар
Жерден башын көтөрбөй
Ээндетти да, жоктотту да
Өздөрү өтчү көчөнү.
Бирок, силер,
Бардык жерде, бардык жерде барсыңар,
Бардык жерде жигитсиңер, жашсыңар.
Бардык жерде өлүм үчүн өч алып,
Бардык жерде жашап жатат бактыңар!

Соц тармактар:

Добавить комментарий