Оо, поэзияң – Алыкул, Ободон түшкөн жарык нур!

osmonov_erkintoo

Кыргыз элинин кайталангыс залкар акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин утурлап…

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Өктөм кылып: “Ай аз бердиң” дебесмин.

Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,

Мага берсе эки сабак ыр берсин.

Бул саптар залкар акын Алыкул Осмоновго таандык. Ал байлык, үй-жай, ден соолуктан эки сап поэзияны жогору коюп айтканы окурманды терең ойго салбай койбойт. Эгерде акын алдына жогорудагыдай максат койбосо, балким кылымдар менен бирге кете турган шедевр ырларды жарата алмак эместир. Баса, келерки 2015-жылы Алыкул Осмоновдун туулганына 100 жыл толот. Туулган күнү – Нооруз майрамы менен коштолгон 21-март. Анын 1935-жылы “Таңдагы ырлар” аттуу алгачкы жыйнагы, “Жылдыздуу жаштык” аттуу экинчи китеби 1937-жылы жарык көргөн. Бул учурда автор жыйырма жашта болчу. Ал жаш кезинен ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын тартканын окурмандар жакшы билишет. Ал 1925-жылы он жашка чыкканда Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынып, бир аздан соң Токмок шаарына көчүрүлөт. Алыкул Осмонов биринчи китеби жарык көргөндөн тартып 15 жыл тынымсыз эмгектениптир, аябай издениптир. 1935-жылдан 1950-жылга чейин 10 китептин автору болуп, Шекспирдин “Отелло”, “Он экинчи түн” драмаларын, грузин элинин залкар акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасын кыргызчалаткан. 1950-жылы Москвадан “Мой дом” аттуу китеби орус тилинде жарык көргөн. “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастаны котормо эмес, кыргыз эли тарабынан элдик чыгарма катары кабыл алынганын айта кетпесек болбойт. Акын 35 жылдык өмүрүндө 350 жылдык эмгек жасагандай иш кылган. Алгачкы мезгилде жазган ырларын жаратпай өрттөп койгон учурлары да болгон. Мындай сапат чыныгы залкар акындарга гана таандык сапат деп эсептейм. Алыкулдун дагы бир өзгөчөлүгү – ал мектеби бар акын. Аны туурап жазбаган, ага окшошкусу келбеген акындар жокко эсе.

Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок, чиркин, аздыгына мейли эле,

Анын октой тездигине катат баш.

Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш.

Отуз жаш деген кызыл боёкту элестеткен жалындап, күйүп турган элирип, эргип турган учур. Ошол учур Алыкул акынга негедир боз ат кейпинде көрүнөт. Боз ат боёкторун жоготкон карылыкты элестеткендей таасир калтырат. Анткени, акын бала кезинен ооруга чалдыгып, жетим өсүп, өзүнүн курагындагы эрке өскөн балдарга караганда көп нерсени эртерээк түшүнүп калган. “Өмүрдүн аздыгына мейли эле, анын октой тездигине катат баш” – дегени да чыгармачыл изденүүдө жүрүп, убакыттын учканын байкабай калганынан кабар берет. Ушул алты сапта 600 баракка батпай турган ой жатат. Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас” экенин түшүнүп туруп, кээде ажалдан Токмокко качып кеткиси келгени да кызык.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.

Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.

Акын ооруп калгандыгына байланыштуу көл жээгине көп барып дарыланган. Көлдүн таңы, кечи жымжырттыгы менен сүйлөшкөн, маектешкен. Акындын Ысык-Көл жөнүндө ырлары ойдун тереңдиги менен айырмаланат. Ошондуктан, кыргыздын белгилүү сынчы акыны Салижан Жигитов: Көл жөнүндө ыр жазайын десем кумунан башка эч нерсе калбаптыр деп бекеринен айтпаса керек. Себеби, чоң акын кайрылган темага кайрылып, андан ашык ойду айтуу кайнап турган көрөңгө жана дүйнөлүк адабияты казып окуган интеллектуалдык деңгээлди талап кылат.

Көл тууралуу ыр жазбаган акындарды жолуктуруу кыйын. Бирок, бири дагы Алыкулду аттап кеткен саптарды жарата электигин моюнга алуу парз. Ошол эле “Отуз жаш” ырында

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың жоголо бер, кете бер,

Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.

Ош беш жолу улам кайра туулуп,

Он беш жолу жашарбасам, карап тур!

Акын өзүнүн ырлары аркылуу улам жаңыдан туулуп тураарын билген. Алыкул Осмоновдун келерки жылдагы 100 жылдык мааракеси буга күбө экенин айтып турат. Кыргыз эли жашап жатканда анын 100 жылдыгын белгилеген да мезгил келээрине ишенем.

Карбалас Бакиров, “Эркин тоо”, 17.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий