Султан Раев: «Ханыша Елизавета II менен жолугушуумду апам да көрсө дедим…»

raev_super

«Бир адамдын сырын билсең, бүт дүйнөнүн сырын билесиң» деп байыркы кытай философтору бекеринен айтпаса керек. Бүгүн биз менен сыр бөлүшө турган коногубуз кыргызга эмес, дүйнөгө аты таанымал жазуучу жана драматург, экс-министр Султан Раев.

– Султан Акимович, сизге көп суроо берип, арбын жооп алсак дейбиз. Окурманга белгилүү Раевдин белгисиз жактарын ачып берсек деген оюбуз бар. Даярсызбы?

– Сырымдын баарын ачып, куру-жалак калбаймбы?

– Суроо таптакыр күтүүсүз болуп чыгышы да мүмкүн. Кеттик. Сырга кандайсыз?

– Беларусь партизанындай.

– Аны кандай түшүнсөк болот?

– Беларусь партизандары кычыраган кышта үстүнө чакалап суу куйса да, ысык темирди жонуна басса да, сырды эч качан айткан эмес.

– Бир сөз менен айтканда, сырга бекеммин деңиз… Анда, сизден эч бир сырды сууруп чыга албайт экенбиз да? Бирок бүгүн айтканга туура келет. Өзүңүздүн режимиңиз тууралуу айтып бересизби?

– Мен 5:30да турам. 6:30га чейин басам. Анан 7:00гө чейин көчөгө шланга менен суу себем. Тазалыкты жакшы көрөм. Биздин айылда баары таңга маал биринчи кезекте суу себишет. Ошол салтты азыр да улап келе жатам.

– Министр болуп жүргөндө деле көчөгө суу сепчү белеңиз?

– Сепчүмүн. Азыр Көк-Жар конушунда турам. Мени көрүп коңшуларым да себе башташты. Коңшуларымдын баары жөнөкөй адамдар. Мамилебиз жакшы.

– Суу, тазалык сиздин баамыңызда кандай ассоциацияны жаратат?

– Суу – өмүр. Адам баласы бул дүйнөгө суу менен келип, суу менен кетет. Дүйнө да суу менен жаралып, суу менен кыйрайт деп жүрүшпөйбү. Айтмакчы, акыркы жазган «Топон» деген романым да улуу топон жөнүндө.

– Акыр замандын, улуу топондун келерине ишенесизби?

– Ишенем. Башталышы бардын аягы да болушу керек. Бирок ушул улуу топонго эки дин – христиан жана ислам дини эки башка түшүндүрмө берет. Христиандар аны көбүрөөк катаклизмге, табияттагы процесстер менен байланыштырса, ислам аны ыйман, адамдын жан дүйнөсү менен бекем байланыштырат. Мен исламдын версиясына көбүрөөк ыктаган адаммын, эң коркунучтуу кыямат ал адамдын ыйманы, пейили менен байланышкан. Адам ыйман менен пейилден айрыла турган болсо, ал ошончолук өзүнө акыр заманды жакындатат. Баарынан опурталдуусу – жүрөктөгү топон. Суу – ыйык. Апам бизди «сууга түкүрбөгүлө» деп урушчу.

– Тазалыкчы?

– Тазалык бул дүйнөнүн тамыры. Качан гана көкүрөктөгү, табияттагы, ааламдагы тазалык дүйнөгө өктөмдүк кылганда, мындай апааттар бизге коркунуч туудурбай калат.

– Адатта, орус элинин трагедиясы алкоголизмде, англичандардыкы парковкада (ал жерде машине койгонго жер жок да) деп калышат го. Биздин трагедиябыз эмнеде?

– Ушак менен көрө албастыкта. Кандай болгон кризистен чыксак да, бул экөөнүн чеңгээлинен чыга албайбыз го. Ушак менен кошо шайтандын бийлиги жанаша жашайт. Азыр бизди ушак бийлеп алгандай сезилет мага. Жашырганда эмне, көрө албастыгыбыз бар. Анткени бирөөнүн кубанычына өзүбүздүкүндөй сүйүнө албайбыз, башка элдердей сыймыктангыбыз да келбейт. Бир юристте эки ой болсо, бир кыргызда жети ой. Атактуу окумуштуу Рындин кыргыз элинин нравасын «аристократтык нрава» деп айткан. Дүйнөлүк өсүү жагынан оптимист болсок да, улуттук салттуулук, өзгөчөлүк жагынан консерватор болуунун талапташымын.

– 2002-жылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II менен атактуу Букингем сарайына барып, ага жолугуп келгенсиз. Чакыруусун алганда кандай абалда калдыңыз? Мындай «жылдыздуу саат» демейде түштө эле болот да?..

– Мен анда «Кыргыз руху» гезитинде башкы редактор элем. Кабинетимде отурсам эле, эшигимди каккылап орус жигит кирип келди. «Вы Раев?» деди, «да» десем, «вам письмо» дейт. Мен «От кого?» десем, «От английской королевы» дейт.«Кончай шутить, дорогой, может быть письмо от турецкого султана?» деп тамашалайын десем, ал «распишитесь о получении» деп бир кагазды сунду. Сары чоң конверттин сыртында «Invitation from Elizabeth II Queen of the United Kingdom» деп жазылып турат.

– «Дүйнөлүк №1-аристократ» менен учурашканыңызды айтып берсеңиз.

– Чын эле бул түштөгүдөй окуя болгон. «Раев Англиянын ханышасы менен жолугат» деп гезиттер өзүнчө эле сенсация кылып жиберди. Тышкы иштер министрлигине чакыртышты. Протоколдук талап боюнча смокинг кийишим зарыл экен. Чынын айтсам, смокинг эмес, галстук тагынганды жактырчу эмес элем. Акыры кыргыз чапан, калпак кийип бара турган болдум. Көрсө, улуттук кийим менен барса болот экен. Ханышанын протоколу, этикети чакырылган адамга күчтүү талаптарды коёт. ТИМдин протоколу мага кантип жүрүш керек, кантип туруш керек, эмне деп сүйлөш керек, ал гана эмес, кечки сый тамакта кантип отуруп, кантип тамак жешти да үйрөттү. Столдун үстүнө эле жыйырмадай прибор коюлат экен. Алгачкы учурашууда өтө толкундандым, Букингем сарайынын узун коридорунда дорожка-килем салыныптыр, ошол аркылуу өтүп, андан кийин гана ханыша менен жолугушат экенсиң. Узуну отуз метрдей болгон бул килем отуз чакырымдай сезилди. Катуу толкунданганымдан бутумдун басып баратканын да сезбей калдым, килем эмес, тим эле мага аркандын үстүндө басып бараткандай сезилген.

– Сыймыктануу кандай ой калтырды?

– Эмнегедир оюма апам келди. Дүйнөлүк залкарлар менен чогуу Букингем Сарайына чакырылганымды апам көрсө кандай болор эле деп ойлодум. Чындыгында, сиз сыр жашырбаңыз дебедиңизби, ушундай катуу таасирден биринчи эле Кыргызстанымды, элимди, айылымды, алыскы айылдагы карапайым, жөнөкөй ата-энемди эстедим. Ушунчалык катуу таасирденби, көзүмө жаш келип кеткендей абалда калгам.

– Сизди жеке чакырганынын себеби эмнеде?

– Мени жаш жазуучу, драматург катары чакырды. Борбор Азиядан жалгыз барганмын. Ханышанын архивинде англис тилине которулган «Ханышанын көз жашы» спектаклим сакталып турат. Бул мен үчүн чоң сыймык.

– Сиз белгилүү, таанымал инсансыз. Атактуулукту качан сезе баштадыңыз?

– МАИнин кызматкери документтеримди ачпай туруп «байке, сиз Султан Раевсиз да» деген күндөн баштап сезе баштадым. Белгилүү сатирик Михаил Задорновдун «Эгерде документиңди ачпай туруп МАИ кызматкери сенин кимдигиңди атаса, ошондон тартып өзүңдү белгилүү инсанмын деп эсептей бер» дегени бар.

– Сизди «элүүдөн ашкандан кийин ыр жаза баштады» деп гезиттер жазып чыкты. Аны акындыкка ыктайын деген ниетиңиз деп түшүнсөк болобу?
– Таптакыр андай ниетим жок. Ырларымды орус тилдүү таанышыма окутсам, «В таком возрасте человек пишет стихи в двух случаях: когда он шизанулся, или влюбился» деп жатпайбы.

– Сиз эмне деп жооп бердиңиз?

«Шизануться рано, влюбиться поздно» дедим. Ырларым бир китептей болуп калды. Ал жакында Алматыдан «Антистандарт» деген ат менен жарык көргөнү турат. Сафар Абдулло деген мыкты адабиятчы досум чыгарып бермек болду.

– Олуттуу сөздөн өңүттүү жакка өтсөк. Сизди жаш кезинде эстрадалык ансамблде ойногон деп да жүрүшөт…

– Кара-Сууда алгачкылардан болуп ВИА (вокалдык-инструменталдык ансамбль) уюштурганбыз. Жумаш деген досум бар эле, ал гитарада укмуш ойной турган. Анын феноменалдык угуу жөндөмү бар. Кайсы музыка болбосун эки-үч жолу угары менен кадимкидей ойноп кирчү. Орус эстрадасын айтпаганда да, ошол кездеги эң популярдуу группалардын ырларын кадимкидей аткарчубуз. «Битлз», «Арабески», «Абба», «Бони М», «Оттован» жана башка.

– Акыркы жолу качан ойнодуңуз?

– Акыркы жолу быйыл «Солёные орешки» группасы менен корпоративдик кечеде чогуу ойнодук. Көптөн бери ойнобой жүрүп, бир кыйла эле алыстап калыптырмын.

– Кечиресиз, сизди унутчаак деп жүрүшөт го?

– Анча-мынча бар. Бир жолку берген маегимде, «сиздин кемчилигиңиз?» десе «унутчаакмын» деп койгом. Ошондон бери «унутчаак» атка конуп калдым, кыязы. Анда мен «унутчаакмын, жамандыкты бат унутам, жакшылыкты эч унутпайм»деп жооп берген элем.

– Базарга ким барат? Жеңебизби же сизби?

– Өзүм барам, «Орто-Сай» базарына. Базарлык кылганды да, соодалашканды да жакшы көрөм. Кара-Сууда өскөнмүн да. Айрыкча, эт павильонуна кирсем эле, эки жактан эт саткан аялдар жаалап калышат, «Султан байке, менден алыңыз, менден алыңыз» деп. Алардын эч кимисин капа кылгым келбейт. Аларды кезекке тургузуп койгом. Этти бир күнү бирөөсүнөн алсам, экинчи күнү башкасынан алам.

– Адамдагы кайсы сапатты баарынан жогору коёсуз?

– Жөнөкөйлүктү. Өзүмө да ушундай талапты коём.

Эльвира Караева, «Супер-инфо», №624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий