Акбар Рыскулов (Акбар Токтомамбетов)

Акбар Рыскулов Кемин районундагы Чымкоргон айылында 1953-жылдын 4-апрелинде туулган.

1975-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинин редакция-сында корректор болуп иштөө менен баштаган. Кийин котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары,
1986-жылы гезиттин редактору,
1983–1986-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын аппаратында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы,
1987-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы,
1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси,
1993-жылдан «Кыргызкабар» Мамлекеттик маалымат aгенттигинин директору,
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин Ишенимдүү Өкүлү,
1996-жылдан Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп,
2001-жылдын августуна чейин иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы,
2004-жылдын мартынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп дайындалган.

«Көгүчкөндөр бийик учушат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан.

Акын И.Мазниндин Л.Левчевдин, Хо Ши Миндин, И.Гетенин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

«Мезгил жебеси» поэтикалык жыйнагы жана «Күрөө тамыр» поэмасы 1983-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. А. Рыскулов – “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” жана Казакстандын “Маданият кызматкери” наамдарынын ээси.

А.Рыскуловдун чыгармалары орус, казак, англис, француз, немис, хинди тилдерине которулган.

1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1979-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

“Уикипедиядан” алынды

 

Акбар Рыскулов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү (башы)

«Атакенин Акболот» – жазуучунун жана тарыхчынын чыгармачылык эмгегинин үзүрү (уландысы)

Кыргыз тилин кыргыздар бузууда…

 

Ырлар

* * *

Баягычы, сууга барганы,
тентек улан эс-эс эсинде…
Өткөндөрдү ойлойт жаш келин
төрөт үйдүн терезесинде.

Көз алдында аппак бантиги,
эселектин ойлуу кареги,
мотурайган манжаларында
«А»ны чиет мултук калеми.

Беш көкүлүн шамал сылаган,
батинкеси кызыл, татына,
көрөөр эле көлдү суктанып,
чыгып алып жыгач шатыга.

Баягычы, сууга барганы,
тентек улан эс-эс эсинде…
Өткөндөрдү эңсейт жаш келин
төрөт үйдүн терезесинде.

 

ЖАЛГЫЗ

Аалыке жалгыз, Темике жалгыз, мен жалгыз,
Алыкул жалгыз, Чыңгыз да жалгыз, сен жалгыз.
Атадан алтоо жаралсак дагы, жарандар,
ар башка келер жалгыздык деген чен жалгыз.

Толубай жалгыз, тоолуктун болгон арманы,
Токтогул жалгыз, толкуган элдин ардагы.
Жападан жалгыз Алымкул, Калык, Осмонкул,
жападан жалгыз Калыгул, Кылычтар дагы.

Акындын жолу арты да кийин ат баргыс,
ашуудан өтөт, аскага жетет тапталгыс.
Азыр биз кээде аттарын чогуу атаган
Сүйүнбай менен Сооронбай экөө жапжалгыз.

Жашаса дагы бир мезгил, бирдей ай-жылда,
жападан жалгыз болгонго алар кайгырба.
Жаралмак беле экиден Жалил, Рамистер,
жаралмак беле кыргызда эки Байдылда?!

Жоолаша калсаң, колуңан түшпөй айбалтаң,
жоо кеткен кезде… каласың кээде айран-таң.
Кыр-кырда өскөн кызгалдак эмей эмине,
кыздардан чыккан Нуркамал менен Майрамкан?!

Жаштардын жолу ар дайым булут-бороондуу,
жаш кеткендерди эскербей калсам боломбу?
Жалгыздык баркын, жалгыздык дартын түшүндүк,
жашырып көргө Табылды, Турар, Жолонду!

Аалыке жалгыз, Темике жалгыз, мен жалгыз,
Алыкул жалгыз, Чыңгыз да жалгыз, сен жалгыз.
Жалгыздап чапкын жалгыз жол тапкын жаш акын
калбасын десең Эл жалгыз.

 

БИРИНЧИ ТОРКАШКА

Менин атам “актип” аталып,
бир айылдын чоңу–“биргадир”,
Башкармадан менчик ат алып,
чабагандайт ойго, кырга бир.

Чабагандайт дейсиң чарк уруп,
куйрук улай коюу чаң калат.
Аброю толкуп, артылып,
ай-асманды челет чамгарак.

Алчактаган аттын туягы
жерди жарып өтөт дүпүлдөп.
Атам минген аттын кыялы
атамкындай
окшойт күпүлдөп.

Чаалыкканды билбес, кенебес,
ал бир оен, оен ат эле.
Торкашканын сыры
мен эмес,
“ырайонго бүтүн жат” эле.

Ооздукту кое бергенде,
атылат-ов тоонун кушунча.
Анын буту жеткен жерлерде
дүрт деп өсчү буудай, кызылча.

Дагынкысы далай,
дагы бар,
бүткөрүштү канча жумушту.
“Канча жылкы, канча жаныбар
тикесинен тике турушту
калкоз үчүн”!

 

ЭКИНЧИ ТОРКАШКА

I

Күндөгүдөй жашоо күтүрөп,
күндөгүдөй күчтүү тирилик,
картайбаган кыймыл дүпүрөп,
чарк айлантат Жерди чимирип.

Күндөгүдөй шаар кулпунуп,
рекламалар өчүп-жанууда.
Күндөгүдөй шашып, умтулуп,
кыян жолдо кыймыл агууда.

Күндөгүдөй сүрөт.
Көнүмүш–
шаар чычкылуу, шаар шашкалак.
Ой, токточу!
Кызык көрүнүш,
кыян жолдо тирүү ат барат.

…Кызыл-тазыл көйнөк кийинген
күндөгүдөй шаардын кечинде
ат баратты
октой чийилген
кара жолдун каптал четинде.

II

Айрымдары келип батынып,
жал-куйругун сылап өтүшөт,
эркелетип кээси чакырып,
кылчак кылчак карап кетишет.
Жал куйругун сылап жатса да,
унчукпастан тура берет ал,
өйдө-төмөн кептер айтса да,
үндөбөстөн уга берет ал.

Чуулгандуу ушул көчөгө
алгач ирет келсе бир башка:
бардыгына чыдап көшөрө,
бардыгына көндү Торкашка.

Таш ыргытып балдар кеткенде,
жан эмеспи,
кээде кошкурат.
Эрмек болуп өткөн-кеткенге
көп учурда минтип бош турат.

Кылганынан чыгып артыгы,
күтөт… күтөт…
күнгө какталат,
Бош бөтөлкө ташып ар күнү,
болор-болбос жумуш аткарат.

Бөтөлкөсүн ташыйт томаттын,
айран-сүттүн, суунун, шараптын.
Торкашкага эмне,
баары бир,
бөтөлкөсүн ташыйт арактын.

III

Кызыл-тазыл көйнөк кийинген
күндөгүдөй шаардын кечинде,
ат баратты
октой чийилген
кара жолдун каптал четинде.

Күндөгүдөй илкип, бүктөлүп,
кылдыр-кылдыр келет Торкашка,
өнүн хорун жүктөнүп,
шыңгыр-шыңгыр келет Торкашка,
Кыян жолдо кыймыл чак-чалак,
шыңгыракты коштойт дүңгүрөк.
Күндөгүдөй илкип ат барат,
Чокчосакал барат үргүлөп.
Торкашканы коюп эркине,
Чокчосакал барат үргүлөп.
Ой кеткендир аркы-беркиге,
чындыгында аны ким билет.

Торкашкачы?
Ал да ойлонот,
эңсейт, эңсейт… жашыл шиберди.
Чокчосакал
жерден ойдо жок
шапалакты шилтеп жиберди.

У-ут, шапалак,
Жүзүң кал куруп,
шарт оролду аттын мойнуна.
Өзөктөгү өрттү жандырып,
жылан болуп кирди койнуна!

Башты Тору чулгуп алды эми,
окторулуп алга жөнөдү.
Чокчосакал шашып калды эми…
Жаны ачыган жылкы көнөбү:

тездегенден улам тездеди,
чурагандан улам чурады,
чоктой күйүп кетти көздөрү,
шамдай жанып чыкты кулагы.

Таноосуна тааныш жыт келип,
арстандай араан ачылды.
Так түйүлүп,
каргып,
бүктөлүп,
светофорду тике качырды.

Шамдай жанып чыкты кулагы,
бөтөлкөнүн хору заматта
бычыр-бычыр…
кыйрап, кулады!..

 

КҮРӨӨ ТАМЫР

I

Оо, балалык! көркү дүйнөнүн,
чыт курсактар! ыры-чыры көп:
бири издесе нандын күйгөнүн,
бир турат нандын кыры деп.

Бири сүйөт кумдуу арыкты,
бири сүйөт суунун көлчүгүн.
Мен болсо,
машинадан түшкөн жарыкты,
көлөкөнү жакшы көрчүмүн.

II

Тээ алыстан жарык көрүнөт,
жылат анан жакын… жакындап,
келет анан бери… берилеп,
күрөө тамыр согот лакылдап.

Күрөө тамыр согот лакылдап,
күрөө тамыр согот ашыгып;
жарык келет бери жакындап,
жолдогунун баарын качырып.

Анан сага жете калат да,
дене-бойго, чачка өрүлөт.
Канатына илип заматта
кайып кетчү сымал көрүнөт.

Машинанын күчтүү сыйкыры!
Арбайт жарык сени кубулуп.
Кыйкырасың.
Чыгат кыйкырык
көкүрөктөн өзү жулунуп.

Жарык менен кошо көлөкө
келет жылып бирге алыстан.
Бөлүнбөйбү такыр ал экөө?
Эмне эгиз болуп калышкан?

Көлөкөсү көчөт теректин
эби-сыны кетип тарбайган,
алмуруттун, алма, өрүктүн
көлөкөсү жетет ар кайдан.

Көлөкөсү көчөт талдын да,
көлөкөсү өтөт тоолордун,
көлөкөсү жылат тамдын да,
көлөкөсү чыгат зоолордун.

Чоң клубга монтер Туралы
акча төлөп кино коюучу.
Биздин үйдүн аппак дубалы
акысы жок кино болучу!

Коңшу тамдар, тоолор, терек да,
өз ордунан көчүп жамырап,
биздин үйгө жетип келет да,
ак дубалда таасын чагылат.

Калың токой…танка…ок учуп,
кылыч менен кылыч чабышат.
Көлөкөлөр жатат согушуп,
көлөкөлөр уруш салышат.

“Кызыл аскер” катуу кубалап,
качырдыбы тиги–“актарды”?
Уруш ачам мен да “ура-алап”,
ушул кезде коргоп ак тамды.

Өтө берер кезде машина,
өрт жабышат менин чачыма,
өрт жабышат менин башыма,
көкүрөктө өрт калат!

Машинанын чуркап артынан
чымын-куюн боло кетемин.
Көлөкөгө неге тартылам?
Жарыкты кууп, неге жетемин?
Ушул жарык кандай кубаныч,
кандай сырдуу сезим апкелди:
так түйүлүп, каргып, кубанып,
ыргытамын көккө шапкемди.

…Келем анан, жылып келемин,
атакемдин жылуу койнуна.
Болсо керек эркелегеним–
колумду артам москоол мойнуна.

Атам сурайт: “Бүгүн үшкөлдө
кармалдыңбы мынча кечигип?”
Күйүккөнүм тынчый түшкөндө,
саймедирейм баарын чечилип.

“Ак жарыкты көрдүм!” деймин мен.
“Көлөкөнү көрдүм” деймин мен.
“Машинадан түшкөн жарыкка
чуркап-чуркап келдим” деймин мен.

Атам недир тымып калат да,
көптөн кийин барып унчугат.
“Укта уулум…” бешмант жабат да,
эки өңүрүн коет кымтылап.

Буудай жыты, искеп-жыттаймын
(күнү кечке атам кырманда).
“Укта” деди,
кантип уктаймын
күрөө тамыр туйлап турганда!

Кызык ойлор келет башыма,
оодарылам, кайра обдулам.
“Кайда кетти жарык, машина?..”
Тура жөнөйт атам ордунан.

Үзүл-кесил сүйлөйт киргени:
–Торкашкага…акыр бош экен…
–Жомок айтчы?
–Маакул… “Илгери
ат адамга ыйык дос экен…”

 

КАМЫШ АЙ КАНЫШАЙ

Ал анда күз эле. Эле күз.
Ааламда экөөбүз элебиз.
Ай карайт, жүзүңдү аймалайт.
Аралап камышты келебиз.

Камыштар шуудурап, шыгырап,
камыштар алдыңа жыгылат.
“Канышай! Канышай! Канышай!”–
кайталайм атыңды шыбырап.

Жүзүңдү аймалайт агыш Ай.
Жүрөктүн аптыккан дабышы-ай.
Камыштар кайталайт атыңды:
“Канышай! Канышай! Канышай!”

… Экинчи кезикпей бетме-бет,
эки адам бир күздү эскерет.
Камыштар ошондон ушул күн
“Канышай! Каныша-ай”–деп келет.

 

* * *

Айланайын, акын бала,
арман күүдөй атың мага,
азгырыктай көз карашың,
алыс жүрчү жакындаба.

Айланайын, акын бала,
аясаңчы, жакындаба,
аний, башым тегеренбе,
аний, жүрөк лакылдаба.

Сурабачы таалайымды,
суутпачы шаабайымды,
сымап сындуу көлкүп барам
сылап койсоң саамайымды.

Куштай конуп бутагыма,
канат болчу учаарыма,
каалап турсаң кыспайсыңбы.
кыссаң боло кучагыңа?

Айланайын акын бала,
арман күүдөй атың мага,
ак булактай имерилип,
жакын келчи, жакын мага!

Камыштын дилдирегиндей,
каакымдын үлбүрөгүндөй,
кыялда турат бир сезим
төгүлүп барып
төгүлбөй.

Булуттун буурул-көгүндөй,
булактын тунук үнүндөй,
кыялда турат бир сүрөт
көрүнүп келип,
көрүнбөй.

Чыгыштын буурул таңындай,
чымчыктын балапанындай,
чырлыйттап келип бир обон
жаңырып турат
жаңырбай.

Арзыбай туруп аныма
ак сүйүү арнабагыла,
алсаңар мейли,
а бирок,
кол менен кармабагыла!

 

КЕЛ, КЕЧИГЕЛИ!

“Сен” дебей мени “Сиз” дедиң неге?
“Сиз дечү болсоң издедиң неге?
Секелек кезден “сен” дешип өскөн
Сезимден күдөр үзгөнүң беле?

Калаанын чети, Жөө-жай барабыз.
Бурулсак мындай буудай бар аңыз.
Бурасың мойнуң кылаңгыр карап,
буулуга түшүп, суубай барабыз.

“Сен” дебей мени “Сиз” дедиң неге?
“Сиз” дечү болсоң издедиң неге?..
Кынала баспай, кылаңгыр карап,
кылыктуу мынча кыз-келин неге?

Калаанын чети. Буудай бар аңыз.
Капырай, мынча коомайланабыз.
– Кечиктик,– дейсиң.
– Кел, кечигели!..
“Сен!” дечи мени?!..

 

БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!

Тарап мүтүн, тарап туман,
таңкы шаарды карап турам.
Тереземе тушма-туштан
тез-тез узап баратты улан.

Байкап турсам басканынан,
Байымдабай, шашканынан,
жыйырманын ичиндеги
жалын курак жаштагы улан.

Жумушчудур, башка чыгар,
жумушуна шашса чыгар,
арыш керип басканында,
айтор, айкын максаты бар…

Кызык сезим арбап алат,
кылчактаймын кайра карап,
караан үзүп кеткен улан
кайда барат? Кайда барат?

Бараткандыр таш-тамына,
балдарына, жаш жарына,
багыт берип баарыбызта:
“Бакыт издей баштагыла!”

 

МҮНҮШКӨР

Кадырлап балдары бакса да,
калаада сый көрүп жатса да,
камалат мүнүшкөр балконго,
камалып калгансып аскада.
Ээндеп бассам дейт, жетсем дейт
эор токум башына жаздана!

Тарлыктан заманы курганда,
таң атпай сейилдейт бульварда.
Туйгуну тууруна кончу эле
томого колунда турганда.
“Тобо-о!” деп тоо жакка тигилип,
табынат алыскы кырларга.

Сакалы суюлуп жайкалып,
сарсаана жүзүнөн байкалып,
балкондо тан тосот мүнүшкөр
балдардын уйкусун кайтарып.
Кемпири тирилип түшүндө
“Кайталык” дегенсийт, “кайталык!”

Калаага бир кышча батпады,
камакта бүттүбү жатканы?..
Караанын узатып калышты
каргалар караңгы бактагы.
Кар кечип кеттиби мүнүшкөр
кайрылбас туйгунун тапканы?

Кеттиби түбөлүк сапарга
Кемпирдин жанына жатканы?!..

 

* * *

Катаал кездин кара нанын жеп өстүм,
карапайым курбуларга тең өстүм.
Капысынан каталышкан чыгармын,
кара санап калпты жазган эмесмин!

Кай акындын карап көрбө казалын,
каргашанын берген болот азабын.
Кайдан, качан кантип анан жаралат
кайнаткандар калптын кара казанын?!

Бул жашоого бир гана ирет жаралдык,
Көктеңирден тилегеним–адалдык.
Көрбөй билбей жаңылышкан чыгармын,
көрүп туруп жасабадым жамандык!

Көмөкөйгө калган өңдүү таш туруп,
кейийм кээде тагдырыма жаш туруп…
Жамандыкты жылан деле жасабайт,
Жан адамга кылдым бекен жакшылык?!

 

НАСЫЙКАТ

Бул насыйкат мага калган,
бул насыйкат сага калган,
калган керээз бабалардан,
өттү насыйкат
тоолордон талаалардан.

Ай кашканы азанатып,
ат жалына казан асып,
келген элдин тилеги бул,
улуу тарыхтын
чоктон ысык илеби бул.

…О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы!
Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»?

Комуз кылын бириндетип,
дирилдетип насаат ыр калдыбы.

Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен,
аппак марал, кайра табылдыңбы сен,
аппак марал туяк кагат,
журт которгон сыяктанат,
каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?

Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен,
конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен,
мөлтүлдөп аккан булак кайда,
моюндаш өскөн улак кайда,
кадырлуу журтту сагындыңбы сен?
Эй, аппак марал, эй!

Артыңдан сая түшүп жебе келет,
көзүңдө жер айланат, тегеренет,

жебе келет, жөнө демек!
Чуркачы, ак марал, жүгүрүп сен,
турбачы, ак марал, түңүлүп турба,
жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен.

Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи,
батат, батабы, батып барат өмүр кечи?

Жебе келет, жөнө демек,
чуркачы ак марал
жетти жебе…
чурка түйүлүп сен.

Эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби,
тагдыр чыркырайт, тамыр зыркырайт,
марал кубулуп,
кайып болуп кет эми!

Аппак марал, марал туяк кагат,
жебе жетпейт, жетет сыяктанат.
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат.

Бул насыйкат мага калган,
бул насыйкат сага калган,
калган керээз бабалардан:
канат байлап өмүргө,
каршы турган өлүмгө,
карылардан санжыра
аппак марал жөнүндө.

Талыбайт элдик үмүт,
карыбайт элдик ырлар.
Аппак марал неге күлүңдөдүң,
жакшылыктан асты түңүлбөдүң!

 

ЛЕЙЛЕКТИН ТУРНАЛАРЫ

Калемдешим Курбаналы Сабыровдун элесине
Күчөп турса тоолордун бурганагы,
каякка учат Лейлектин турналары,
билесиңби табият табышмагын,
билсең айтчы, жашырбай Курбаналы?

Жаңы көчтү чакырып адабият
жаткан кезде жашынсак — жаман уят
экөөбүздүн ырларды катар басып
турбайт беле «Ала-Тоо», «Маданият».

Кычап-кычап тоолордун бурганагы,
күчөп-күчөп жарааттын ырбаганы,
түтөп-түтөп кеттиби каңырыгың…
каякка учту Лейлектин турналары?

Биз өзүбүз жаштарга акыл улап,
акыл сөзгө болсок да бышы кулак,
кыйын кезде эмне үчүн боло албадык
бекемирээк, токтоороок, бышыгыраак?

Күчөп турса тоолордун бурганагы
каякка учат Лейлектин турналары,
айтсаңчы, Курбаналы?..

 

АЛГАЧКЫ ОБОН

Эң алгачкы, эң биринчи обонум —
эл алдында айтыла элек жомогум.
Эгер сенин кайрыктарың эстесем
эрип-эрип бараткандай боломун.

Жүрөгүмдө тунук сезим жатпаса,
жүрөгүмдөн тунук булак акпаса,
жаралмакпы эң биринчи обонум
жаш бөбөктүн ниетиндей таптаза?!

Эң биринчи, эң сыйкырдуу, башкача,
эгер менде тунук сезим жатпаса,
эң алгачкы жаралмакпы обонум,
эң алгачкы махабаттай таптаза?!

Эл алдында айтылууда жомогум,
эргип-эргип бараткандай боломун.

Эй, көкөлө, эй, көтөрүл бийикке,
эң алгачкы, эң биринчи обонум!

 

КОЛДО МЕНИ

Аркы жээкте — Алыкулдун кайыгы,
аркы жээкте — Алыкулдун айылы
Алыкулдун Ата-Журту өңдөнүп,
алыс кеткен Кой-Сарынын дайыны.

Аркы жээкте алтын кумдан токуган
Алыкулдун көп ырларын окугам,
Кой-Сарыга Сары-Көлдөн көз салып,
акын менен маңдай-тескей отурам.

Аркы өйүздөн жан жыргаткан жел келет,
акын ойлуу басып жүргөн өңдөнөт.
Амандашып, алын сурап кайтсамчы,
арабызды толкун бөлөт, Көл бөлөт.

Адда нечен айбат менен, сүр менен
албууттанган толкундардан сүрдөгөм.
Анда Алыкул колун жаңсап чакырат:
«Сүзүп өткүн Ысык-Көлдөн ыр менен!»

Алга шилеп кыялымдын кайыгын
ал өйүзгө — Алыкулга кайыдым…
Кой-Сарысы колдогондой акынды,
колдо мени, күнгөйдөгү айылым!

 

ЖАҢЫЛЫК

Жалгыз тамда жалгыз каалга жабылып,
жаздыгыма баш койгондо жабыгып,
жалбырагы тереземе чертилген
жалгыз дарак — жаңылык.

Сары-Көлдө сар-санаага кабылып,
санаалашты күткөнүмдө зарыгып,
сайрап ийген тереземдин тушунан
сары чымчык — жаңылык.

Дүйнө мага түйүнчөктөй тарылып,
дербиш болуп тышка чыгам ак уруп,
дабышы жок, добушу жок, үнү жок
дүлөй тынчтык — жаңылык.

Жатам кумда ак булутту жамынып,
жан жагыма жылдыз түшөт жабылып,
жаратылыш, табиятка жуурулуп,
жалгыз калуу — жаңылык.

 

ОШОЛ ҮЙДӨ

Ошол үйдө, ошол тамда жатамын,
ойлоп-ойлоп ар кыялга батамын:
ошол жигит оолугуптур деп коём,
ошол жигит жаңылганга капамын.

Келем мында, келем жылда, жайында,
Көл боюнда чолок көчө айылга,
кичүүсүнөн улуусуна чейинки
көп кишилер, көп окуя дайын маа.

Ушул үйгө чакырышып кыйла адам,
ушул үйдө меймандашып сыйлаган
жубайларга бата тилеп, бак тилеп,
узаганбыз түн оогондо кыйладан.

Ошол жигит берекеси төгүлгөн,
ошол келин ыманы ысык көрүнгөн…
Ошол тамдын ээсиз калган эрбейип,
эки-үч күнгө ээлеп жатам төрүн мен.

Ал келиндин эстегенде жамалын,
ал жигитти келет тилдеп, сабагым.
Ажырашып кеткенине ал экөө
ак дилимден, жүрөгүмдөн канадым.

Ошол төрдө ооналактап жатамын…
Былтыр күлүп, укпаганмын чатагын,
быйыл неге бөбөк үнү жаңырбай,
чардаганын угам жалгыз баканын?

Балким келин ичи күйүп жалындайт,
балким жигит отко түшүп лаулдайт.
Мыкты жөн кой керегеге кагылган
мыктын ордун экөө кантип сагынбайт?!

Ошол бөлмө, ошол тамда жатамын,
ошол тамдын тагдырына капамын.
Эс албаймын! Эртең кайтам үйүмө,
чардаганын уккум келбейт баканын!

Соц тармактар:

Добавить комментарий