Чоро Думанаев, КРнын эл артисти: «Заман өзгөрүп жатат, бирок жашоо ошол эле бойдон»

dumanaev

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын түптөлгөнүнө 2016-жылы 90 жыл толот. Ушул жылдар аралыгында аталган театр кандай ийгиликтерге жетишти? Эмне утуп, эмне уттурду? Алгачкы жылдары кандай эле да, азыр кандай? Академиялык деген атты алып берген улуу муундун салымы канчалык? Ж.б.у.с. сыяктуу суроолорубузга «Маданияттын башаты – театр» аттуу рубрикабыз аркылуу жооп алып келебиз. Бүгүнкү биздин коногубуз КРнын эл артисти Чоро Думанаев өз оюн ортого салды.

– Чоро Думанаевич, сиз 40 жылдан ашык өмүрүңүздү театрга арнап эмгектендиңиз. Ушул театрды түптөп кеткен корифейлер жана жаштар менен да иштешип жатасыз. Айтсаңыз, сиз жаш кездеги театрдын абалы азыр кандай?

– Бүгүнкү күндө ар бир театр өзүнүн абалына жараша оокатын кылып жатат. Азыркы театр менен мурунку театрды салыштырып болбойт. Анткени, мурункудай драматургия жазылбай калды. Мунун эң негизги себеби баягы эле акча каражатына келип такалат. Драма жазуу көп мээнетти, чоң эмгекти талап кылат. А көңүл буруу жок болсо же каражат жетишпесе драматургдарыбыз убактысын коротуп, мээсин эмнеге оорутмак эле.

– Анда драмалар жазылбай, көңүл бурулбай жатса театрдын абалы бир топ эле оор десек болобу? Мындан аркы театрдын келечегин кандай багытта көрө аласыз?

– Уильям Шекспир: «Дүйнө бул театр, биз андагы артисттербиз» деп айткандай эле жашоонун өзү театр. Анын ичинде жакшы-жаманы, боорукер-ташбоору, акылдуу-акылсызы бар. Жаман менен жакшы өмүр бою күрөшүп келген жана күрөшө берет. Балким, жашоо ушунусу менен кызыктыр. Театр болсо ошол жашоодо болуп жаткан нерселерди тирүү чагылдырат. Адам менен карман тирүү кезигет. Ошон үчүн театр азыркыга чейин өлбөй тирүү жашап жатат жана жашай берет. Миллион жылдап келе жаткан театр өлбөйт. Кинодон, теледен эл тажайт. Ал эми театрда өйдө-ылдый болушу мүмкүн, бирок өлбөйт. Театрдын касиети ушунда, сахнада кейипкер ыйласа көрүүчү кошо ыйлайт. Ошого жеткирүү үчүн актёрдун чеберчилиги режиссёрдун эмгеги күчтүү болушу керек.

– Өзүңүз айткандай, драмалар жазылбай жатса анда театрдын репертуары негизинен жаңырбай жатабы? Мурун коюлган котормолор, классикалар эле кайталанып коюлуп келеби?

– Муун алмашкан сайын репертуарды кайрадан жаңыртып коюп туруш керек. Театрда котормолор да, классика да коюлууда. Мына Айтматовдун чыгармалары да акырындан классикага айланып келатат. Заман өзгөрүп жатат, а жашоо классиктер жазгандай ошол эле бойдон. Баягы эле жакшылык менен жамандыктын, боорукер менен ташбоордун күрөшү дегендей. Мисалы, Айтматовдун «Канткенде адам уулу адам болот» деп айткан сөзүнүн жообу азыркыга чейин чечилбей келет. Бүгүнкү күндө да аны казып изилдеп жатышат, бирок жооп табыла элек.

– Демек, театрдын репертуары коюлган спектаклдер эскирбейт экен да.

– Заман өзгөрүп муун алмашып жатат. Технология өнүктү, жашоого болгон көз караш өзгөрдү. Мисалы, биз Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын өз көз карашыбызга жараша койгонбуз. Жаштар өсүп жатат, алар да өз көз караштарына ылайык коёт.

– Көпчүлүк артисттер улуу муундун өкүлдөрүн театрдын фанаттары болушкан деп айтып келишет. Азыркы күндө театрдын фанаттары барбы?

– Албетте, театрды жанындай көргөн фанаттар бар, бирок өтө аз санда.

– Жогоруда заман өзгөрдү, технология өзгөрдү деп айтып өттүңүз. Учурдагы кайсы көрүнүш сизди капалантат?

– Көчөдөн басып баратып элдин жүзүнө көңүл буруп жүрөм. Карасаң элдин баары ойлуу, кандайдыр бир санаасы бардай кейиптенет. Мурунку биз жаш кездегидей ажардуу жүздөрдү жолуктура албайм. Албетте, жашообуз жакшырбай, айлык аз, светибиз өчүк болуп атса, кышты катуу болот деп жатышса анан жыргамак белек?! Эң негизгиси бүгүнкү жаштар китеп окубайт. Илгери биз жаңы китеп чыктыбы, сөзсүз таап алып окучубуз. Окуп гана тим болбой, аны ийне-жибине чейин талдап, тереңдеп түшүнгөнгө аракет кылчубуз.

– Жаштар интернеттен эле баарын окуп алышат. Бардык нерсенин жеңил жагына карап жатпайбы?..

– Туура айтасың, азыр компьютер деген балээ чыкты. Интернеттен китептин эмне жөнүндө жазылган мазмунун билип алат болду. Биз болсо китепти окуп аны анализдеп, ар бир каарманга мүнөздөмө берчүбүз. Өткөндө казактын Асанаалы Ашымов деген артисти менен Манас кинотеатрынын жанында сүйлөшүп отурсак жаш балдар өтүп калды. Ал балдарды көрүп Ашымов башынан өткөн окуясын баяндап берди: «Ихтымбаев (казактын эл артисти) экөөбүз бир мектепке жолугушууга барып калдык. Окуучуларды сынап көргүм келип, Ихтымбаевди нары басып тур дедим. Мага автограф алганы келген балага: «Тигине, Муктар Ауэзов турат, ошондон албайсыңбы”, – десем чуркап баратат. Мына деңгээл. Ауэзов жазуучу экенин билет, а анын каза болгону менен иши жок. Силердин балдарыңар «Чыңгыз Айтматов тигине турат» десе, чуркап барбаса деп корком», — деп кейиди. Мен болсо уялып кетип, «Ал киши биз үчүн тирүү да» деп айтып алдым.

Парахат Шукурова, “Де-факто”, 20.11.2014-ж.

Сүрөт http://www.super.kg/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий