Сүйөркул ЧОКМОРОВ: «Менин иним кандай адам эле?»

chokmorov777

suerkulАдам акка моюн сунганда бейит башында турган адамдарга карап үй-бүлө мүчөлөрүнөн же урук-туугандарынан бири:

— Кандай адам эле? – деген суроону таштайт. Маркумдун тирүүсүндө кетирген кемчилиги, жасаган күнөөлөрү болсо да жамы журт жапырт бир ооздон:

— Жакшы адам эле! – деп жооп беришет. Анан ушуга улай:

— Кимде карызы бар эле? – дейт.

— Карызы жок! – дешет.

Ата-бабам жердеп келген ушул алакандай айыл четинде туруп азыр ар түркүн ойго батам. Көзү өтүп кеткен адам туурасында ойго баткан кезде аттиң, азыр тирүү турса болбойт беле деп бир умсунуп алмай адатыбыз бар эмеспи. Чындап эле менин иним кандай адам эле? Менин инимдин кимде карызы бар эле?

“Кандай адам эле?” деген суроону азыр арадан 22 жыл өткөн кезде кайрадан калкыма бир кайрылып бергим келет:

— Оо, журт! Менин иним Сүймөнкул кандай адам эле?

Өткөндө РСФСРдин эл артисти Никита Михалковго Сүймөнкул Чокморовго тийиштүү иш-чаралар туурасында өтүнүчтөр менен кайрылайын деп телефон чалдым. Сүймөнкулдун бир тууган агасы болом десем, телефондун аркы учунан:

— Оо-й! Сиз Сүймөнкулдун бир тууган агасы болосузбу!? Сүймөнкул деген кандай адам эле?! Сүймөнкулдун искусстводогу салмагын эч ким көтөрө албайт! – деди.

Кыргыздын алакандай айылы болгон Чоң-Таштан чыгып, атагы ааламга тараган Сүймөнкул туурасында эскерип отуруштун өзү мен үчүн аябагандай оордукту жаратат.

…Бардыгы, бардыгы кайрадан көз алдыма тартылат. Ушул чакан айылыбыз. Чакан үй ичинде алышып-күрөшүп ойногон күндөрүбүз. Ойносок оюнга тойбойт элек. Сүймөнкул үйүбүздөгү эркектердин ичинен эң кенжеси болгондуктан атам Чокмордун сүймөнчүгү эле. Кызык, ошогезде атабыздын ушул сүймөнчүк уулу бүтүндөй кыргыз журтунун сүймөнчүлүгүнө айланат деп кимдин түшүнө кириптир?! Менден үч жаш кичүү Сүймөнкул бала кезде эле сүрөт тартканга кызыкты. Окууга дилгир эле. Бала чагында эле оору менен алпуруша баштаганын көрүп апабыз менен кошо биз да кейип-кепчип калар элек. Көрсө, адамдын эң чоң бактысы ден соолук тура. Ден соолук деген сөздү эстегенде Сүймөнкулду, Сүймөнкулду эстегенде ден соолук тууралуу ойго кетем. 53 жашка чыгып кан тамырларына 56 операция жасаткан Сүймөнкулдай ден соолуктун баркын ким билээр эле дейсиң!?

1992-жылдын жай айында ошол элүү алтынчы операцияны борбор калаабыздагы республикалык ооруканадан жасашты. Операция абдан оор болду. Баарыбыз инибиз аман-эсен болсо экен, Кудай ага өмүр берсе экен деп тилеп аттык. Ооруканага ат тезегин кургатпай каттайбыз. Операциядан кийин эки-үч күн өтпөй жаны кыйналып аткан инимдин палатасына башбактым. Экөөбүздөн башка эч ким жок. Мен инимди тиктесем, иним мени тиктейт. Ал-абалын сурап, колун кармап жанына отура кеттим.

— Ө-өх!.. – деди үшкүрүп кеберсиген эрди менен шыпты тиктей. Жанын жай алдырбаган дарт шордууну огобетер кыйнап, эти от менен жалын. Мындайда эмне дээриңди да билбей калат экенсиң. Зээним кейип, унчукпай жер тиктейм.

— Мен болбой баратат окшойм, – деди үнүн араң чыгарып. Жүрөгүм кысыла түштү. Мурда эч качан, эч качан мындай кеп оозунан чыкчу эмес. Чындап эле ажал аңдып отуруп акыры инимди алып тынабы? Он жыл бою бөйрөк дартынан ооруканага жумасына үч ирет каттап, канын тазалатып анан үйүнө кетчү. Он жыл бою ушундай тартипке көнүп, эрки болоттой курч Сүймөнкул бул саам ажалга багынып береби дедим ичим муздап.

— Мен болбой калдым… – деди кайрадан ачуу үшкүрүп. Селт эттим. Жүзүнө үңүлсөм мүлдө кыргыз журтунун сүйүктүү уулу делген инимдин көздөрүнөн жаш шорголоп жаак ылдый агып атат. Олда, каралдым ай! Эми кандай айла кылабыз? Эми эмне болот? Буга чейин бир да жолу эми болбой калдым деп көзүнөн жашын төкпөгөн кайраты күчтүү жан ушул ирет күч-кубаттан тайып, ажалга моюн сунуп береби!?

— Кой, айланайын, жакшы болуп кетесиң, – дегенден башка кеп оозума келбеди. Аздан кийин эсин жыйды да мени алаксытмакка ушул ооруканага болор-болбос дарт менен келип жатып алып ар нерсени кобурашып отурган айрым адамдар тууралуу сүйлөдү:

— Ыя, кандай ойлойсуң, тээтигил адам тамагым ооруп калыптыр деп ушул жерге атайы жатканы келиптир. Атаңгөрү, убакытты да ушундай уттурушабы! Кайран гана корогон алтын өмүр, убакыт.

Тамагың ооруса спорт менен машык да үйдөн эле дарыланып, анан тынбай иште! Мага Кудай ушулардыкындай ден соолукту берсе, эмне деген иштерди жасап жетишээр элем, аттиң! – деди. Биртопко отурдум. Анан убакыттын учуп атканын байкай калдыбы, айтор мага:

— Сен үйүңө бар. Жумуштарыңды бүткөр. Бул жерде жанымда отурганда не? Дагы келип кетесиң да, – деди бардыгына жаккан сүйкүмдүү жылмаюсу менен.

Тамырларына кан жакшы жүгүрбөй, денесинен эч тамтык калбаганын көрүп алып денең ичиркенет. Ийне менен алгач сол колун, анан оң колун кан жүгүртөбүз деп тешкилей берип ийиндерине чейин соо жери калган жок. Анан кезек сол буту, анан оң бутуна келип жоон санга дейре жетти. Туш келди ийне менен тешкилей беришти. Акыры эмне кылар айла табалышпай жасалма тамыр салышты. Денесиндеги жасалма тамырлардан кан жакшы чуркабай, улам далысы кычыша берет окшойт, үйүнө барып калганда далымды тырмап берчи деп өтүнөт. Ошондо колу-бутундагы тактарды көрүп алып кино үчүн, искусство үчүн, кыргыз элинин атагын алыска угузам деп ден соолугуна да кайыл болуп каржала иштеген кайраттуу адамдын чыдамкайлыгына тан берип, ушул адам бир тууганым жана бир боорум экенин эстей коюп ичимден сыймыктанам да, анан Кудай Сүймөнкулга бардыгын, өң-келбетти да, ойду да, бойду да, талантты да, даңкты да берип келип неге ден соолуктан айрып коет деп ичим эңшерилчү.

Он жылдык өмүрү оорукана менен үйдүн ортосунда өттү. Үч күндө бир ооруканага каттап, ооруканадан чыгып алып өнөрканасына жүгүрүп барып сүрөт тартып, жакынкы аралыктарда биротоло кетип калчудай кара терге түшүп убакытты үнөмдөгөнгө далбас урду. Ошол он жыл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй көп сандаган сүрөттөрдү жаратты.

1967-жылы апабыз дүйнөдөн өттү. Сүймөнкулга суук кабарды угузайын деп мотоцикл менен бир досум экөөбүз Кордой тарапка жөнөп калдым. “Караш-караш окуясы” фильмине тартылып аткан Сүймөнкулга кабар берейин десем, кино тартуучу топтогулар мени кете бер, биз өзүбүз кабар берели дешти. Үйгө келдим. Арадан эки саат өтпөй Сүймөнкул ааламда теңдеши жок апабызды жоктоп артымдан катуу өңгүрөп кирип келди. Кийин киносу экранга чыккан кезде Сүймөнкул “атаңгөрү ай, ушул эмгекти апам көрсө болбойт беле?!” деп катуу өкүнүп жүрдү. Апабыз Сүймөнкулдун кинодо жараткан эмгектеринин бирин да көргөнгө үлгүрбөй калды.

Суусамыр тараптабыз. Сүймөнкулдун “Караш-карашта” аты сууга агып кетип, таш үстүндө жатып өңгүрөп ыйлаган эпизоду тартылганы жаткан. Бир маалда режиссер Болот Шамшиев ташты кучактап жаткан Сүймөнкулга:

— Сүймөнкул! Сенин атың сууга агып кетти! Эми канатыңдан айрылдың! Азыр аябай ыйлашың керек! – деди. Бир-эки жолу айтты. Же ый чыкпайт. Саамга ойлоно калган Шамшиев:

— Сүймөнкул! Кечээ эле сен апаңдан айрылбадыңбы! Апаңды эстечи! Кандай адам эле? – деди. Чындап эле апабыз ушак-айыңдан алыс, өзүн сабырдуу кармаган мээрими күнгө теңдеш жан эле. Апабызды чындап эстей койдубу, айтор таш үстүндө жатып өңгүрөп Сүлүккара деп ыйлап ийди Сүймөнкул. Мен да кино тартып аткан топтун жанында туруп ичимден апамды эстей калып ары карап кеттим…

“Караш-карашта” атынан айрылган Бактыгул Жарасбайды жайлайм деп мылтыгын кармап алып тоодо таштан-ташка секире өрдү көздөй бараткан эпизоду тартылмакчы. Дал ошол мезгилде Сүймөнкул өпкөсүнөн ооруп бейтапканага жатып калды. Сүймөнкулдун ден соолугун мурдатан билген режиссер Шамшиев Сүймөнкул жок болсо бой-келбети окшош деп мени Бактыгулдун айрым эпизоддоруна даярдап жүргөн. Мына ошол таштан-ташка секирип бийик тоого чыккан жерине мени тартышты. Кинонун анык азап экенин ошондо түшүндүм. Ошол он-он беш секунддук ирмемди тартыш үчүн режиссер азапка салып күнү бою тоого чуркатып атып алты күн дегенде араң тартты.

Андан кийин киного түк түшкүм келген жок. Бирок, бир жолу “Уланды” тартып жүргөн режиссер Төлөмүш Океев бир эпизодго мени тартам деп кыйнай баштады. Соң-Көлдөн тартылмай болдук. Азат Майрамовдун ролун аткарып аткан Сүймөнкул ичкиликтен эртеси башы кеңгиреп ооруп түш көрөт эмеспи. Түшүндө бала чагын, жайкалган жайлоону, анан кайсы бир ат чабышта марага биринчи келип атасы эл көзүнчө сыймыктанып уулун көккө ыргытканы, анан бозүй ичинде отуруп кымыз ичип кызыганда атасы уулум чоңойгон турбайбы деген эпизоддор. Азат Майрамовдун атасынын жаш кезин аткармакчымын. Улам кайталашат. Же окшошсочу!? Ой, тим эле койгулачы дейм. Ага Төлөмүш көгөрүп болбойт. Бир убакта ары ээн жакка жетелеп барып Төлөмүш мага бир бөтөлкө арак бузуп сунуп калды. Ичтим. Уялбасын деди окшойт. Кайра келдик. Дагы эле аткара албай уялам. Жарданып тегеректешкен артисттерден тартынам. Эптеп атып бетимдин жарымын көрсөтүп тартышты. Ал эми Сүймөнкул… Сүймөнкул болсо кино тартуучу аянтта тартыла турган сюжетти бат илип алып режиссерго мындай кылып ойноп койбоймбу деп кайра өзү башка нерселерди ойлоп таап кетчү.

Сүймөнкул сабырдуулукту, чыдамкайлыкты апамдан алса, комуз чертип өнөр кастарлаганды, атка жакындыгы, устачылыгы атамдан өттү окшойт. Атам Чокмор 1914-жылы Кордой тараптан көкбөрү тартышка катышып улакты эңген боюнча ушул Чоң-Ташка чейин чаап келип айылыбызга таштаган дешет. Демек, апабыз менен атабыздагы бардык жакшы сапаттар Сүймөнкулга энчиленген…

Данияр ИСАНОВ. Маалымат булагы “Жаңы Агым” гезити,
«Кыргыз көчү», 12.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий