Журналист Бүбүкан ДОСАЛИЕВА: “Башкаларды түшүнүп колдой билүү ийгиликке көмөктөш болот”

dosalieva

Отуз жылдан ашык өмүрүн кыргыз журналистикасына арнап, коомду бейтарап жана так маалыматтар менен камсыздоону башкы милдети катары эсептеп жана аны ишке толук ашырып келаткан журналист, мамлекеттик жана коомдук кызматтарды да аркалаган Бүбүкан айым менен карьерасындагы жооптуу жана кызыктуу белестер жана үй-бүлөсү тууралуу дидарлаштык.

— Бүбүкан айым, сиздин ийгиликтүү карьераңыздын алгачкы пайдубалы эмнеден башталганы окурмандар үчүн кызыктуу болсо керек?

— Мектепти бүткөндөн кийин эмгек жолумду чарбада иштөөдөн баштагам. Анткени, ал кезде мектепти аяктагандан кийин журналистика факультетине өтүү үчүн өндүрүштө эки жыл иштеген эмгек стажы керек болчу. Ошондуктан, мектепти аяктаган соң бир жыл иштеп, анан колхоздун жолдомосу менен азыркы Улуттук университеттин даярдоо бөлүмүнө кирип, аны аяктагандан кийин журналистика бөлүмүнүн биринчи курсуна отургам. Журналистика бөлүмүн аяктагандан кийин жакшы окуган студент катары “Кыргызстан” басмасынын саясий басылмалар бөлүмүнө иштөөгө жолдомо беришкен. Бирок, басманын ошол кездеги директору ыраматылык Барктабас Абакиров “үй-бүлөлүү экенсиң, журналист болуп иштей албайсың, кыз-келиндерди албайбыз” деп албай койгон. Сулайманова деген аял редактор болуп иштейт экен. Ал киши “көзү тирүү көрүнөт, алалы” деп менин көзүмчө эле аябай тызылдады, бирок тиги киши такыр болбой койду. Ошондуктан, Республикалык балдар китепканасына библиограф болуп кирип, кийин илимий-методикалык бөлүмдүн ага редактору болуп иштеп калгам. Андан кийин Мамлекеттик телерадио комитетинин, азыркы коомдук телеканалдын жаштар редакциясынын редакторлугуна Сейит Алтымышов чакырып, чыныгы журналисттик кесипке өткөм. Башында жаштар андан кийин телевидениенин да, радионун да социалдык-экономикалык редакциясында редактор, шеф-редактор болуп иштедим. 1993-жылы Улуттук унивеситеттеги журналистика бөлүмү факультет болот, ал үчүн телерадио журналистика кафедрасын ачуу керек дешип, ошол кафедраны уюштурганга чакырып кетишкен. Ал жерде 1995-жылы телерадио журналистика кафедрасын ачып, биринчи кафедра башчысы болуп 1996-жылга чейин иштедим. 1995-жылдан баштап “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кабарчысы болуп негизги ишим менен айкалыштырып иштеп жүрүп, ушул радиодо 2010-жылга чейин кабарчы, мультимедиа менеджер, телевизиондук башкы продюсер болуп иштедим. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Президенттик Администрацияга иштөөгө чакыруу алгам. Андан кийин дагы эки жыл Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болуп иштеп, азыр жуналисттик кесибиме кайрадан жаңы күч, жаңы дем менен келдим десем болот.

— Жакынкы аралыктарда Коомдук Каналдан “Элдик рейтинг” аттуу автордук көрсөтүүңүз эфирден көрсөтүлүп жатты эле, негизи эле бул берүү менен көрөрман журтуна эмне берейин деп белсендиңиз?

-“Элдик рейтинг” берүүсүн бир жылдан ашык изденип жүрүп, Коомдук каналдын экс- директору К. Оторбаевди макулдатып, биринчи программам ушул жылдын апрель айында чыккан. Бирок, жаңы жетекчилик келгенден кийин август айында программаны жабууга туура келди. С.Жумагулов убактылуу жаап туралы, кийинчерээк кайра жандантабыз деди, балким кайра ачылаар, балким зарылдыгы жоктур, анысын билбейм,бирок мен КТРКдан ал көрсөтүүнү уюштуруу, алып баруу үчүн акысыз иштедим. Аны менен мен мамлекеттик кызматкердин, саясатчылардын, дегеле ар бир жарандын мамлекет алдындагы жоопкерчилигин аныктап, жаран катары мамлекетти бекемдөөгө кандай салым кошуп, өзү иштеген ишинде, кесибинде милдетин кандай аткарып жатат деген маселени аныктап берейин дегем. Анткени, азыр баарыбыз эле жашообуз жаман дейбиз, бири-бирибизди жамандайбыз, бирок аны ким жаман кылды, балким ошо жаман көрүнүштөргө мен дагы кайдыгерлигим менен, жаман ишим менен, өзүмчүлдүгүм менен, өзүмдүн кызыкчылыгымды мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон көрпенделигим менен, өз көйгөйүмдөн өйдө ой жүгүртө албай жаран катары мекендин алдындагы милдетимди аткара албагандыгымдан болуп жаткандыр деген ойлорду ачып берүүнү максат кылгам. Андан тышкары журналисттин да жоопкерчилигин көрсөткүм келген. Себеби, азыр журналисттер интервью уюштурууда, маалыматтар менен иштөөдө, аны элге жеткирүүдө бейтарап болбой кызыкдар тарапка ыктаган суроолорду берип, ошол тараптын гана пикирин элге таңуулаган деңгээлде болуп жатпайбы. Мындай бир тараптыктын өзү коомдогу тең салмактуулукту бузууга алып барат.

Азыр ар кайсы жерден мен тааныбаган кишилер деле телефон чалышып, эмне чыкпай калганын сурап атышат. Демек, бул маалыматтык гана эмес коомго ой таштаган көрсөтүүлөрдүн да зарыл экендигинин далили. Албетте, мен аны менен журналисттик ишимди токтоткон жерим жок. Жакында жаш лидерлердин демилгеси менен “Topnews.kg” деген маалымат порталын ачтык. Азыр анын башкы редактору болуп жатам. Алдыдагы максатым коллектив менен биргеликте маалымат порталын бутуна тургузуп, бейтарап маалымат таратуу менен жарандык салымыбызды Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө кошуу. Бул маалымат порталынын өзгөчөлүгү бар. Ал күнүмдүк маалыматтардан тышкары кыргыз коомуна зарыл жана аны кызыктырган бардык маалыматтарды берүү. Маселен, “Кыргыз ааламы” деген бөлүм бар. Анда манасчылардан баштап азыркы кездеги жаш акындардын жеке альбомдору түзүлдү. Кино, мультфильм, ыр, музыка, сүрөт, адабият, спорт деги бардык тармактар боюнча аты чыккан адамдардын жеке видеоальбомдорун топтодук. Мектеп, ЖОЖ, бизнес, НПО, саясий партияларга арналган бөлүмдөр да, аларга маалыматтардын баары топтолуп жатат.Маселен, өлкөдөгү бардык мектептердин даректери менен телефондорун да биздин сайттан тапса болот.

— Карьера жагынан көп ийгиликтерге жетиштиңиз, эми сөздү жеке жашооңузга бурсак?

— Төрт балам бар. Үч кыз, бир уул. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга     отуз беш жыл болду. Кесиби боюнча полиграфист, бирок азыр башка кызматка өтүп кеткен. Улуу кызым үч балалуу, экөө тең врач. Экинчи кызым бир баланын энеси, алар юрист менен куруучулар. Үчүнчү кызым Улуттук университеттин 3-курсунун, уулум Америка университетинин студенттери. Кыздарым кичине кезинде батирде турчубуз, кыздарымды бөлмөнүн бир бурчуна уктатып коюп, башка бурчунда өзүм таң аткыча машинкага текст терип олтура берчүмүн. Ошондо машинканын үнүнөн катуу көңүлдөрү калганбы, кичүү кызым “мен журналист болбойм, таң аткыча машинка баспайм” деп зырылдап турчу. Азыр бирөө да менин кесибимди улаган жок.

— Үйдө олтуруп калган күндөрүңүз болдубу?

— Жок, такыр болгон жок. Экинчи кызым менен 7 ай олтурдум. Бирок ошондо да кызымды коляскага сүйрөп алып, кабар издеп,жазып, аларды бир-эки гезитке же радиого берип, калем акы алып турчумун. Кээде убакыт таба калып, радиодо алып баруучу болуп турчумун.

— Үйдө кандай кожейкесиз?

— Үйдө абдан катаалмын, ар бир нерсе таза болуп орду-ордунда турушу керек. Үйдөгү ишти үчүнчү кызым жасайт. Мен күнүгө эртең менен кечинде көзөмөл кылып турам. Эс алуу күнү өз колум менен тамак жасап, бир сыйра үйдү жыйнап чыгам.

Чыгармачыл адамдарды бат эле сындырып коюуга болот деген сөздөр бар буга кандай карайсыз?

-Ооба, чыгармачыл адамдар абдан сезимтал, жумшак келишет да. Аларды сындырыш өтө жеңил. Бирок, чыгармачыл көп адамдар көр пенделиктен жогору чыгып кетишет. Мен өзүм азыр көп нерсеге бийиктиктен карап калдым. Анан адамды түшүнүү, кадырлоо, аео деген улуу касиетти бекем тутушубуз керек деген ойдомун. Ошон үчүн бардык нерсе адамдын өзүнө көз каранды. Адамдын адамгерчилиги, башкаларга жасаган мамилеси сөзсүз түрдө өзүнүн жолун чаап берет, демек иш билги жөндөмдүүлүк жана башкаларды түшүнө, колдой билүү ийгиликке көмөктөш болуп берет.

-Эмнени сагындыңыз?

-Адам сагынчу нерселер көп болсо керек, мен дайыма шар аккан сууну жана тоонун арча жыттанган жытын жана түтүндү сагынам… Булар балалыктагы эч нерседен бейкапар, баары алдыда деген түйшүксүз жана бийик максаттуу мезгилди элестетет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА, “Эркин Тоо”, 21.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий