Алыкул акын-жазуучуларды кызыл камчыга алганда

alykul_kol

Кыргыз элинин Ала-Тоодо ат ойнотуп өткөргөн турмушунун азаттык үчүн күрөшүү, эркиндикке умтулуу көрөңгөсүндө сөз касиетин баалоо, айткан убадасына туруу өңдүү рух уюткулары бардыгын баамдаган алгачкы агартуучу Ишеналы Арабаев аксакал туңгуч гезитти бекеринен “Эркин Тоо” деп атабагандыр. Азыр Батыштан “адам укугу, сөз эркиндиги” деп байма-бай айтылып жаткан нерселер эзелтен эле элибиздин жан дүйнөсүнө орногондугун “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, “Улууга урмат, кичүүгө ызаат”, “Жигиттин сөзү өлгөнү – өзү өлгөнү” деген орошон ойлор тастыктайт.

Дароо айтчу нерсе – “Токтогул–150” мааракеси менен ошо 30-жылдарда жарыяланган макаланын байланышы бардыгы. Алыкул Осмоновдун 1937-жылы 26-сентябр­да “Кызыл Кыргызстан” гезитине жарыяланган “Адабияттагы зыян­дуулуктун түп тамырын сууруп таштайлы” аттуу макаласы адабият таануунун көп маселесин камтыган өзүнчө бир булагы десек аша чапкандык болбос.

Ал кыргыз совет адабиятындагы бир топ кемчиликтерге токтолуп, эл адабиятына “Койчу эми ошолорду, алар бир кеп да” деп кош көңүл мамиле жасагандардын тизмесине жазуучулар башкармалыгынын төрагасы А.Токомбаев, мүчөлөрү: Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, К.Маликов, М.Дөгдүров киргизилгени жана алардын кетирип жаткан катачылыктары айтылганы кызык.

Ушундан улам “Жаныш-Байыш”, “Кедейкан”, “Эр Төштүк”, “Олжобай” жана башка элдик жомоктор чала-була, түп нускасына дал келбей жыйналганын, бул ишке атактуу эл ырчылары тартылбаганын, Токтогулга жасалган кайдыгер мамилени мисалга алган. 75 жылдыгына деп болгону 2,5 басма табакка жетпеген ырлары гана басмага тапшырылганы, акындын ким экендигин таанытуучу макалалар, изилдөөлөр жоктугуна, чыгармалары орус тилине которулбаганына басым коюлганын 1940-жылы “Токтогул–75” жыйынтыктоочу чогулушунун архивдик документтери толук ырастайт.

Тоголок Молдо, Жаңыбай Кожеков, Барпы Алыкулов борборго атайын чакырылып келсе да, А.Токомбаев баш болгон лөктөр алар менен бир да жолугушуу, сүйлөшүү өткөрбөгөнү, мындай мамиле залкарлардан элдик мурасты чогултууга чоң зыянын берерлиги жазылат да, андан соң кыргыздын ошол кездеги жазма адабиятын калыптоочулардын айрымдарынын жекече кемчиликтери жаңы маданият жолундагы терс көрүнүштөр деп саналат. Ошолордон үзүндү келтирип, комментариясыз жарыялоо менен окурмандардын, көбүнчө адабиятчы окумуштуулардын таразасына сунуштамакчыбыз.

“А.Токомбаев көп сөздөрүндө, макалаларында “бизде өскөн жаш акын, жазуучулар бар” демиш болуп, иш жүзүндө жардам берген эмес. Биздин атыбызды атап койгонго маш болуп, Аалы, Жоомарт, Жусуптарды мактап ырдап да көрдүк. Б.Жоомарттын жаш жазуучулардын далайын кабинетинен кууп чыккандыгын ким билбейт?”

“Биз кийинки күндөрдө А.Токомбаевди гана көрүп, башкаларды унутуп койдук. Басма бетинде ар күнү куру калбай чыгып жаткан Тыныстановдун жакын досу, анын кеңешчиси деп айыпталган Ж.Турусбеков жөнүндө көп сөз болуу керек. Ж.Турусбековдун Орозбековго кызыл туу карматып “авангард” кылып мактаганын эсине сала кетсек да болот… К.Маликовдун кошоматчылыгы жөнүндө эмне үчүн ооз ачпайбыз?

Жаш жазуучулардан Т.Шамшиев “Орозбеков аксакалга атайы бир китебин арнаганын жана кийинки поэмаларында улутчул Орозбековдун аты көп жерде учурарын айта кетүүбүз керек. Муну менен бирге өткөн жылы мен бир ырымда “А.Токомбаевге орден тагып” санаа чеккенимди жашыргым келбейт. Мунун баары жаңылыш түшүнүүдөн чыккандыгы ачык.

Акырында биз Б.Жоомарттын чыгармачылыгындагы ачык улутчулдукту айта кетүүбүз керек. Үмөталиев Темиркулдун “К.К.”га басылган статьяларында Жоомарттын негизги каталары, кемчиликтери унутулуп калгандыгы кызык! Коммунист жазуучу Темиркул Б.Жоомарттын каталарын көрө биле туруп, “эми катасын мойнуна алды, иш бүттү” деген либералдык пикирге чырмалгандыгы большевиктик эмес.

“Жазуучулар адам жанынын инженери” деген улуу атакты актообуз тийиш. Арабыздагы улутчулдуктун чирик тамырларын жулуп таштоо менен, жазуучулар ишин алдыга салуу ар бир совет жазуучусунун милдети. Биздин уюмубуздагы чирик тамырларды кыркууда бардык жазуучуларыбыздын активдүү иш жүргүзүүлөрү милдет” (А.Осмонов, “Кызыл Кыргызстан”, 1937-жыл, 27-сентябрь, №221).

P.S: Мезгил баарына сынчы жана тараза демекчи, ошондогу жыйырма эки жаштагы Алыкулдун, чыгармачыл чыйыры дааналана баштагандыгын адабият тарыхын изилдөөлөрү тактап алмагы алдыдагы милдет.

Кыргызстандын бардык басма сөз кызматкерлерин, “Кыргыз Туу­сунун” жамаатын ушул ноябрда өтүп жаткан 90 жылдыгы менен куттуктап, чыгармачыл шык каалоо менен өспүрүм кезинен гезиттин окурманы, күйөрман автору – Памирбек КАЗЫБАЕВ.

Кыргыз туусу”, 25.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Алыкул акын-жазуучуларды кызыл камчыга алганда: 1 комментарий

  • 26.11.2014 в 12:24
    Permalink

    Алыкул чыныгы патриот акын болгон

    Ответ

Добавить комментарий