Кыргыз биримдиги үчүн кызмат кылган

Шабдан баатырдын Кыргызстандын түштүгүндөгү падыша бийлиги менен ортомчулук аракеттери.

shabdan_baatyr

(Уландысы. Башталышы бул жерде.)

Андан ары Г.Штакельберг, “Туткунга алынган 15ке жакын адамдарды, аттары менен Кайка айылынын жанынан Шабдандын катуу (по настоятельной просьбе) өтүнүчү боюнча бошотуп жибердим (алдын сызган – Д.С.)” дейт. Ошол эле жүрүштө Штакельберг Шабдан баатырдын жана анын жолдошторунун пайдасын тийгизип жүрүштүн ийгилигине жардам бергендигин белгилөө менен дагы бир жергиликтүү калктан алынган туткунду ага бергендигин баяндайт.

Мындан биз Шабдандын ортомчулугу менен эки тараптуу чоң кан төгүүлөр болбогонун даана баамдасак болот. Жүрүштүн маалындагы Шабдан Жантай уулунун аракеттери орус генералитети тарабынан жакшы бааланган. Анткени бул кызматы үчүн ал кийинчерээк “кара-кыргыздардан биринчилерден болуп” 4-даражадагы аскердик Георгиев ордени, андан соң Кокон хандыгын караткандыгы үчүн күмүш эстелик медалы жана биринчи даражадагы Ардактуу чепкени менен сыйланган. Владимир Плоскихтин маалыматында, ошондо Шабдан менен бирге барышкан Баяке Күнтууганов жана аттары аталбаган жети жигит 4-даражадагы Георгиев орденине татышкан.

Ошентсе да, Шабдан бул жүрүштүн аякташын күтпөстөн, кебетеси падышанын аскерлеринин жергиликтүү калкка карата ашкере катаал аракеттерине катуу нааразы болгон окшобойбу, анткени ал жигиттери менен Түркстандын биринчи генерал-губернатору Константин Петрович фон Кауфмандын (1818-1882) өзүнөн суранып үйүнө 1875-жылдын 27-октябрында эле кайткан экен.

Кыргызстандын түштүгүндө Шабдан баатырдын жана анын жигиттеринин аракеттери, сыягы, мүмкүн болгон сыпайгерчилик чектен чыккан эмес жана алардын негизги максаты, элди бекер кан төгүүдөн сактап калуунун багытында болгон. Шабдандын мындай аракети 1876-жылы Фергана облусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси генерал-майор Михаил Дмитриевич Скобелевдин (1843-1882) Алайга жасаган жүрүшүндө даана көрүндү.

 

Алай “экспедициясына” Шабдан Мекенине кызмат кылганы барган

Тарыхчы Геннадий Кронгардтын маалыматы боюнча, бул Алайга болгон “аскерий илимий экспедиция” деп аталган жараянга: сегиз рота, төрт жүздүк, эки атчан-аткычтар жарты рота аскерлери, үч (дагы бир маалыматта – алардан төртөө болгон) тоо замбиреги жана ракета аткыч батарея катышкан. Ошол россиялык батареянын курамында үч таянактуу алты сайлуу 20 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 12 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, үч таянактуу бир сайлуу 6 фунттук ракеталар менен жабдылган алты замбирек, бардыгы 18 замбирек болгон. Замбиректердин ракеталары 1,5 км. ден 4 км.ге чейин учуп жетишкен жана өтө кубаттуу уулуу заттар менен жабдылган. Мындагы жоокерлеринин саны батареянын командачысы баш болгон 10 офицер, сурнайчы, музукачылар жана башка жардамчылар менен 363 адамды түзгөн. Жөө солдаттардан турган ротадагы адамдардын саны 90-100гө чейин болгон. Демек бул жортуулга болжол менен 1600-1700 жалаң такшалган орус жоокерлери катышкан. Бул ошол учурда, итабаран коркунучтуу күч болгондугу талашсыз. Салыштырмак үчүн, Анварбек Хасановдун маалыматында 1875-жылдын аягы 1876-жылдын башталышындагы Россия империясынын Кокон хандыгын өздөрүнө биротоло каратылышы учурунда колдонгон аскер күчүнүн саны 2821 адамдан турган. Ал эми 1877-жылы түркмөндөрдүн ордо очогу болгон Теке өрөөнүндөгү Кызыл-Арватты ээлеш үчүн болгону 1800 аскерден (9 рота, 2 жүздүк, 8 замбиректен) турган күч колдонушкан. Бирок алгачкы ийгиликтен кийин, түркмөндөрдүн каршылыгынан чегинүүгө мажбурланып, кайра аскерлеринин санын, тез арада, 12 000ге жеткизип ( 17,5 батальон, 20 эскадрон – атчан жүздүктөр, 34 замбирек) зор күч менен кайрадан киришип, басып алуучулук иштерин улантышып, көп кан төгүүлөрдү жасашканы белгилүү.

Шабдандын айтканы боюнча бул жүрүшкө аны М.Д.Скобелев чакырган, ал эми генерал-майордун 1876-жылдын 26-октябрындагы рапортунда: ”… Токмоктон эр жүрөк жана татыктуу Шабдан 25 жигитин ээрчитип, өз эрки менен келип кызматын сунуш кылды, өзүнө тиешелүү олжодон баш тартып, талоончулук үчүн эмес, кызмат кылганы келгендигин билдирди… (алдын сызган мен – Д.С.)”, – деп айтылат. Ал эми бизге белгилүү болгон, 1885-жылы түзүлгөн “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” бул жер орус чиновниги тараптан “орустарга кызмат кылганы” (пришёл служить русским…) деп, замандын ыргагына жараша, атайлап эле бурмаланганын көрөбүз. Мындан биз падыша аскерлеринин чакыруусу менен мекендештерине “жакшылык жасап”, кырылуудан “куткарыш” үчүн келишкен Шабдандын жана анын жолдошторунун көзүнчө, өз убадаларына турушпай, кыргыздарга карата ашкере мыкаачылык кылышып, алардын мал-мүлктөрүн да талоончулукка учураткандыктарына күбө болгон баатыр жаны ачыгандан, ачыктан-ачык эле, буга каршы экендигин билгизгендигин байкайбыз.

Падышанын дагы бир ыкчам отрядынын начальниги полковник Витгенштейндин 1876-жылдын 7-сентябрында М.Д.Скобелевге жазган катында Зардала жана Мазар капчыгайындагы аскердик аракеттерде “Шабдандын жигиттери жана өзү бул иште өтө пайдасы тийди”, анын жигиттеринен 8 адам жарат алып, 27сине таш тийип жабырланды, деп айтылат. Ал эми 1885 – жылы дагы “Шабдандын өздүк өмүр баяндамасында” мында ал өзү да жарат алган деп, жогоруда белгиленген максатта, ашкере күчөтүлгөн сыяктанат. Ошол жүрүштө падышанын кошууну Жоро ашуусунун жанында 51 кыргыз жоокерлерине кол салып, аёосуз бардыгын кылычтап өлтүрүшүптүр.

Бул жүрүштөгү Шабдандын жана анын бир тууганы Байбосундун (башка бир маалыматтарда Абдрахман делип жүрөт) билгичтигинен гана карама-каршы тараптардын ортосунда түзүлгөн кырдаалды дипломатиялык негизде чечүүгө мүмкүн болду. Окурманга бул жагдай даанарак түшүнүктүү болушу үчүн алайлык кыргыздардын башчысы Абдылдабек Алымбек уулу менен генерал М.Д. Скобелевдин ортосундагы кат алышууларына назар салалы. “Абдылдабек датка!

Абдулкеримбек (козголоңчулар хан кылып көтөргөн адам – Д.С.) менен чогуу силердин бизге өз ыктыярдыгыңар менен келишиңерди сунуш кыламын. Каарман орус армиясына силер каршы тура албастыгыңарга тайсалдабай ишене бергиле. Аларды эч нерсе токтото албайт – тоолор да, дарыялар да, душмандар да. Ошондуктан сен качкындыкта каласың, бирок эртеби же кечпи биз сени кармайбыз. Эгер сен өз ыктыярың менен жогорку абыройлуу жана күч-кубаттуу генерал-губернатордун (К.П. Кауфмандын – Д.С.) алдына келсең, анда анын ырайымдуулугуна ээ болосуң”, – дейт генерал 22-июль 1876-жылы даткага жазган катында.

Мындай сунушка Абдылдабек 27-июлда төмөндөгүдөй жооп жазыптыр: “Улуу даражалуу Скобелевге! Сиздин убактылуу жарашуу жөнүндөгү катыңызды алдык. Ушуга чейин Алланын жана анын пайгамбарынын жардамы менен элди чогултуп каршылык көрсөттүк, анткени сиз мойнуңузга алган милдеттенмени бузуп жатасыз.

Сиз Токмоктон тартып кыргыздарды, кыпчактарды, сарттарды караттыңыз, убадаларды бердиңиз, бирок Коконду алгандан кийин бардыгы өзгөрүлдү. Эгер сиз убадаңызды өзгөртпөгөндө, мындай көтөрүлүш болмок эмес. Эгер сиз чынында эле тынчтыкты кааласаңыз жана өзүңүздүн убадаңызга тура аламын десеңиз, анда Шабдан баатырга тапшырма бериңиз, биз дагы ага ишенимибизди билдиребиз. Биздин маселелердин бардыгын Шабдан баатыр чечсин. Бардыгы сиздин эркиңизде, бирок сиз Шабданды Ош уездине калтырсаңыз, балким ошондо сиз биздин ортобузда тартип орното аласыз”. М.Д. Скобелев Абдылдабектин сунуштарын четке кагып, эми ага ачыктан-ачык коркутуу паанайда төмөндөгүдөй мазмундагы катты, анын иниси Хасанбектен ошол эле күнү берип жиберди: ”Мурдагы катымда мен сизге дааналап түшүндүргөм, кайра-кайра түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан сиз ырайымдуулукту кааласаңыз, анда сизге жиберилген Шабдан баатыр жана Ташибек менен бирге өз эркиңизде келиңиз”.

Бирок, тилекке каршы, “Абдуллабек колго түшүүгө ниеттенип жатканда, – делет архив документинде, – башка козголоңчулар буга макул болбостон жана жаңы жаңжалдашуудан кийин, бардыгы Кызылартты карай чегинип, Шабдандын тууганын эки жигити менен кармап кетишти”. Аны куткарыш үчүн Шабдан алардын аркасынан сая түшүп кылыччан чабышып, бир туусун колго түшүргөн. Көп узабай Байбосун жолдоштору менен Хасанбектин талабы боюнча бошотулду.

Алай ханышасы Курманжан, Шабдан жана сөзүнө турбаган падышанын генералы Кемел Шабдан уулунун эскерүүсүндө Шабдан баатыр Абдуллабектин энеси, белгилүү Алай ханышасы Курманжан датканын жана генерал М.Д.Скобелевдин ортосунда ортомчулук милдетти ишке ашыргандыгын төмөндөгүчө баяндайт: “Алайдагы кыргыздарды каратканда, Курманжан датка аял падышаны орус аскерлери колго түшүргөн экен. Колго түшкөндө генерал Скобелев: “Сен аял башың менен бизге эмне үчүн ок аттың?” – деген. Аялдын жообу: «Биздин ок атуу али парз, али сүннөт», деген. Скобелев “балдарың кайда?” деп сураганда, «чынары мында болсо, чырпыгы кайда барар дейсиз» деп жооп берген. Ошондо Скобелевдин буйругу боюнча 30 казак-орус курчап турду Курманжан датканы. Скобелев генералдан баатыр Шабдан барып сураган: «мага кепилге бериңиз» деп. «Качып кетсе эмне кыласың?” – деп Скобелев айтканда, ал: «анын ордуна мени, атыңыз», – деп жооп берген соң андан кийин кепилге берген. Курманжан даткага үй тиктирип берип, бир ай багып турган. Ошол бир айдын ичинде «мени куткар орустан», деп бир дагы айткан эмес экен. Ал киши айтпаса дагы, далдалчы болуп куткарган. Баатыр ошол аялдын сыпаалыгына ыраазы болор эле. Ар күнү эртең менен Курманжанга салам айтып, үстүнө кирчү экен. Курманжан датка намаз окуп, теспе тартып олтурар эле. Мындай жакшылыкты ал көп кылган”.

Курманжан датканын чөбөрөсү болгон Турсунай Өмүрзакованын баамында даңазалуу Алай ханышасы генерал М.Д. Скобелевге жолугушууга алдын ала макулдашуунун негизинде өз ыктыярдыгы менен уулу Камчыбек жана небереси Мырзапаяздын коштоосунда Гүлчөдөгү Лянгар айылына келген. “Жолугушуу расмий кырдаалда өткөн. Курманжан датканы орус генералы Чыгыш элдеринин наркын жасап, учурдун шартына ылайык даам-татым даярдап, атайын белек камдап чапан жаап, сый-урмат көрсөтүп күтүп алган жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”. Бул жагдайды Анварбек Хасановдун изилдөөлөрү жана архив документтери да ырастайт Түркстан генерал губернатору К.П.Кауфмандын Россиянын Аскер министрине жолдогон бил­дирүүлөрүндө мындай сүйлөмдөр жолугат: “1876-жылы Алай тоолорунда чоң таасирге ээ болгон Курманжан, адегенде генерал Скобелевге, андан соң мага келген”.

Бул жолугушуу 29-июлда болгон сыяктанат, анткени андан соң 31-июлда Ош уездинин көчмөн калкы жана ичкилик уруу тобунан отурукташкан кыштактарга жакын жерлерде көчүп жүрүшкөн кээ бир урууларынын өкүлдөрү: молдо Гадай бий (адигине уруусунан), Исмандияр бий (муңгуш уруусунан, Курманжандын агасы) генералга баш ийгендиктерин билдиргени келишкен. М.Д.Скобелев жергиликтүү калктын мурдагы каршылыктарына байланыштуу каарданып Алай канышасына берген убадаларына турбай аларга салык өлчөмүн мурун белгиленген бир кой башына чегерилген 4 рублдин ордуна 6 рублдан бересиңер деп, өзүм билемдик кылып, “Убактылуу Түркстанды башкаруу жобосундагы” салык мыйзамын одоно бузуп, өкүм кылыптыр. Мындан тышкары алайлыктарды Гүлчөдөн Талдык-Даван аркылуу араба жүрүүчү жол салууга милдеттендирген. Ал эми 150 жортуулдарга жарактуу жылкыларды “контрибуция” деп бөтөн мамлекеттин согуш кырдаалындагы аскерлерине колдонулуучу шартты, дагы да мыйзамсыз дароо аткарткан эле. Ош уездинин кыргыздарын үч волостукка бөлүп, башчыларын дайындап жиберген.

Скобелев муну менен чектелбестен жортуулдук аракеттерин уланта берген. Ошол эле учурда Шабдан баатыр өзү, генерал М.Д. Скобелевден өлүм жазасына тартылган Намангандан 35 молдо, эшен жана кадырлуу адамдарга мунапыс берүүсүн сурап, өмүрүн сактап калган. Шабдандын өмүр жолу жөнүндөгү биринчи чыгарманын автору Осмонаалы Сыдыковдун маалыматы боюнча ал ар кандай кылмыштары үчүн камалган 73 мекендешинин сот жоопкерчиликтеринен бошонушуна жардам берген.

 

“Көзү кандуу” генералдын тилин тапкан Шабдан

Айтмакчы, 1881-1884-жылдардагы Түрк­мөнстандагы Россия аскерлеринин басып алуучулук аракеттерин алгачкылардан болуп дыкат изилдеген орус тарыхчысы, академик Михаил Тихомировдун ошол учурдагы генерал М.Д. Скобелев жөнүндөгү кээ бир маалыматтарын бул жерден келтирип койсок ашыкча болбос. Изилдөөсүнүн баш жагында эле: “Ар кандай жагдайларга карабастан согушууну дегдеген жана кагышууну каалап, аны эңсеп турган М.Д. Скобелевден бөлөк эч бир адамды таппайсың”, – дейт. Андан соң “Орус наркы, өлгөн жолдошторубуз үчүн өч алууну талап кылат”, деп буйрук берчү экен дейт. Дагы бир жеринде, бул генералдын мындай ырайымсыз согушчан аракеттеринен улам, түркмөндөр ага “Көзү кандуу” (“Кровавые глаза”) деген каймана ат бергендигин эскерет. Ал эми 1881-жылы Көк-Тепе коргонун Россия аскерлери согуш аракеттеринин негизинде алганын баяндап жатып, тарыхчы минтип сүрөттөйт: ”Түркмөндөрдүн теке уруусун талкалоо ырайымсыз болду, алардын качкандарын 15 чакырымга чейин кубалап жүрүп кырышты…. Теке уруусунун жоготуусу 6-8 миң адамга жетти…”. Ушундай кыргындарга жетекчилик кылган, ал учурда жаңыдан гана генерал чинине жеткен адамдын тилин тапкандыгы – Шабдан баатырдын ортомчулуктагы (азыркы тил менен дипломатияда – элчиликте) болгон ийгилиги десек жаңылбайбыз.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башчысынын орун басары, профессор,
“Кыргыз туусу”, 26.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий