Токтосун Самудинов (Т.Мидинов)

t_samudinov

Токтосун Самудинов Сокулук районунун Сокулук кыштагында 1941-жылы 5-сентябрда 1941-жылы 5-сентябрда туулган.

1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, журналисттик кесипке ээ болот.

Н.Г.Чернышевский атындагы Республикалык китепкананын басма бөлүмүндө редактор, Кыргыз телестудиясында редактор, «Ленинчил жаш» гезитинде башкы редактордун кызматтарында иштеген.

1977-жылы негизделгенден бери «Байчечекей» балдар журналынын башкы редактору болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, биринчи китеби 1971-жылы «Тоолор гана көрүшпөйт» деген ат менен жарыкка чыккан. Ырлары мурдагы СССР элдеринин бир катар тилдерине, ошондой эле англис, француз, испан тилдерине которулган.

Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы (1976) жана эки жолу (1972,1981) Грамоталары менен сыйланган. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.

1992-жылы «Кол чатыр» жана «Чаң баспасын сөздөрдү» деген китептери үчүн Алыкул Осмонов атындагы жана 1997-жылы балдар адабияты менен балдар басма сөзүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

2004-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген ардактуу наам берилген.

 Уикипедия

 

Токтосун Самудинов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Эне тил ширеси

Кырк жылдын кыйырындагы мээнет

«Байчечекей багына жаралган редактор, же КР эл акыны Токтосун Самудиновдун бейнесине сүртүмдөр

Самудиновдук мектеп

 

Ырлар

 

ЖООПСУЗ КАТТАР

Капилеттен алоолонуп бүт дүйнөң,
Кандай учур биринчи ирет кыз сүйгөн?!
Күлмүң этсе — көңүл куштай көкөлөп,
Мулжуң этсе — ыза кысып, ич күйгөн.

Сүйүү эмне? Сезбей жүрсөм бир кезде,
Чалдыгыпмын мен да ошондой илдетке.
Уяң жаным, араң бердим катымды,
Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте.

Алабарман-ай, балалык! Ай, жаштык!
Андай катты канчаларга карматтык.
Жооп күтүп… Күндөй жарык тилекти
Бир жылт эткен сезимдерге алмаштык.

Кайран каттар! Жок силердин айбыңар,
Тытылдыңар, мүмкүн отко жандыңар…
Өз милдетин курман болуп аткарган
Чалгынчыдай кайра кайтпай калдыңар.

 

АЙЫЛДАШ ЧАЛ

Бала кыял болобу адам
Карганда..

Бир абышка ынак эле
Балдарга.

Сыртка чыгат тийген кезде
Күн чубак.

Чал жанында биз жүрөбүз
Чуркурап.

Ар немени айта берип,
Күлдүрүп.

Сыначу эле ким карылуу,
Ким күлүк?

Биз ошондо күрөшчүбүз
Аянбай.

Чал отурчу мактоо сөзүн
Табалбай.

Күлмүң этет байге бөлөр
Өңдөнүп.

Баарыбызга кемпут берет
Тең бөлүп.

Эч кимде жок ыза болуу,
Таарыныч.

Демек, балбан бирөө эмес,
Баарыбыз.

Жүрөгүндө жүрөт окшойт
Көп санат.

Эрикпестен эзелкиден
Кеп салат.

Жомогу анын кайгылуу да,
Муңдуу да.

Коңур чыккан добушундай
Сырдуу да

Кулак төшөп шуулдаган
Шамалга

Биз ал түнү уктабайбыз
Далайга

Ошол жомок, ошол баян
Өмүрдө.

Көп нерсени али салат
Көңүлгө.

Ойго конгон сөздөрдү элеп
Чыпкадай.

Кээ бир түнү чыкчу болдум
Уктабай.

Билинбестен кетип калган
Кар өңдүү…

Айлыбыздан ал акылман
Чал өлдү.

 

ЖОКОНДА

Мансап өттү —
Куру сөздүү жыйында,
Байлык өттү —
Баасы арзыбас тыйынга.

Нечен кылым көргөн жанды умсунтуп,
Сен турасың Париждеги Луврда.

Кун узаткан күлкү менен, шат менен,
Оттой ысык жалындаган жаш белең.
Кээде адамды кылмыйыңкы карайсың
Аялдагы асылкечтик наз менен.

Гүлдөй аруу,
Күндөй нурлуу дидарың,
Карашыңан көп нерсени туямын.
Миң сандаган көрүүчүлөр сени эмес,
Сен аларды теше тиктеп сынадың.

Ачык асман болор-болбос жарыктап,
Көгүлтүр тоо мунарыктайт алыстап…
Кол куушуруп, түшкөн терең санаага
Бул турушуң алигүнчө табышмак.

Жашырсаң да көөнүң бир аз чөгүңкү,
Окуялар ойлонттубу а күнкү?..
Эмнени эстеп, жымыйганың билбептир
Мен гана эмес,
Леонардо да Винчи.

 

КЫШКЫ КЫЯЛДАР

Учкандай аппак аарылар
Уюлгуп жерге жаады кар.
Касиет анда, күч анда
Заматта жокту бар кылар.

Ак кайың эспейт дабышын,
Санаасын айтсак — ал узун…
Кечээги бойдон көтөрбөйт
Ийнине түшкөн шалысын.

Үмүтү аны таштабас,
Кайрылып келер башка жаз.
Сүрөткө, ырга мелтирер
Ой-тоого жайган ак кагаз.

Ушундай кыйын кышта мен
Ойлорго түркүн туш келем.
Бороонго бошоп буюкпа,
Кайдасың, курбум, издеген?

Кээ көңүл ташпы, темирби?..
Курдашты курдаш жерийби.
Жаш жааган кардай агарып,
Күн тийген кардай эрийли.

 

СУЛУУЛУК

Көлдөр сулуу кубулган күмүш нурдан,
Бирде толкуп, бирде тынч дымып турган.
Токой сулуу, токойдо булак сулуу
Теребелге шыңгыр, шат күү уктурган.

Табийгаттын татына жарашыгы
Малга, жанга байлыгы таратылуу.
Байыртадан ыр болгон, жомок болгон
Уч-кыйыры жок созулган талаа сулуу.

Конуш издеп жумшак саз, көк камыштан,
Сапарынан чаалыгып көз талыткан.
Ала моюн каз сулуу, өрдөк сулуу
Күүгүм талаш айылдан четтеп учкан.

Күн эңкейди батууга, жай алышка,
Булут болсо, албырат тээ алыста.
Жымжырттыкка чөмүлгөн иңир сулуу,
Оттоп жүргөн мал сулуу беде аңызда

Тоолор сулуу башына аяз турган,
Ар жылгасын түгөнгүс санат кылган.
Кызыгы көп ушундай дүйнө сулуу,
Адам сулуу буларды карап турган.

 

ТҮНДҮК КЫШЫ

Кайда барба, кар опоюп, кар калың,
Айланаң бүт алаң ачык, айдарым.
Аяз баатыр ар бир жандын жүзүнө
Аяр гана бүлөп өтөт канжарын.

Колго консо эритүүгө ал жетпей,
Кар бүртүгү жылдызданат сан жетпей.
Аба мында тоңуп калган муз болуп,
Зың-зың этет сынып кетчү айнектей.

Бирде жасап кардын, муздун аскасын,
Бирде жасап көркөм шаар капкасын…
Азгырмалуу нечен түркүн кубулуп,
Алды жактан көтөрүлөт ак закым.

Чырак кандай майы бүтөр кезинде,
Дал ошентип күн эңкейди бешимге.
Учкун ойнойт жерге кулап түшчүдөй
Бугулардын балбылдаган көзүндө.

Кереметтүү нурга оронуп көгүш, ак,
Түндүк кышы чынында эле перизат.
Жомогу анын жашыл жазга арналган
Карда калган чана изиндей эң узак.

 

КЫШ

Кар жамынган тал-теректер
Башын салып кыялданат.
Кереметтүү кыш келбетин
Тереземден турам карап.

Дүйнө көркөм, кубулмалуу,
Дүйнө таза периштедей.
Бул — ак деңиз, көшүй калган
Ташкындабай, көбүктөбөй.

Анан бир кез албууттанат,
Толкун каптайт сапырылган.
Бирок, ошол бурганакта
Мээрим жүрөт жашырынган.

Ошол мээрим үстөмдүгү —
Токтойт бороон азга демеп.
Тирүүлүктө болот баары,
Кыш артынан жаз да келет.

Турам карап тереземден
Кыш келбетин кумар канбай.
Үстү-үстүнө карлар жаайт
Ырлар сөздөн куралгандай…

 

КУШТАР КАЙТТЫ

Тууган жерден кетип барат куш кайтып,
Тал башында уяларын сустайтып.
Далбаң этет саргайыңкы жалбырак,
Көч соңунан ал да кошо учкансып.

Аз элеңер,
Түмөн болду башыңар…
Карк-карк этет өрдөгүңөр,
Казыңар.
Күздү чанып, жөнөйсүңөр шашылып,
Жерлерди издеп жагымталдуу жазы бар.

Башка жерлер мындагыдан сонундай,
Издегенден келесиңер корунбай.
Асман бети толуп барат силерге
Удаа тарткан миң сан жаанын огундай.

Көк бетинде кыркаар тартып, желелеп,
Куштар көчү…
Өзүнчө бир керемет.
Балапандар үйүр алып калганда,
Ойлономун: «Бул кетиши неге?» — деп.

Элим барда менин дүйнөм түгөлдөй,
Жашап келем бөлөк жерди тиленбей.
Ата журттун ар мезгили эң кымбат,
Кыйып таштап кете албаймын силердей

 

ЫР-СӨЗДҮК

Куртка

КУРТКА деген айыл бар,
Бул сөз кайдан жаралды?
Же болбосо качандыр
Жашап өткөн адамбы?
Көрсө, айтышат турбайбы
Жапыс өскөн бадалды.

Бир жолу өтүп баратып
Коен көрдүк курткадан.
Жаныбарлар көп экен
Ушул жерде кыштаган.
Чынымды айтсам, кээсинин
Атын башта укпагам.

 

Алпейим

Басмырт болсо мүнөзү,
Андай адам ким өзү?
Бул сөз эмес анчейин,
Дешет аны: АЛПЕЙИМ.
Менин мындай агам бар,
Сыйлайт билген адамдар.
Жардамы көп карганга,
Ынак ага балдар да.
Ажарланган жүзүнөн
Ак көңүлүн түшүнөм.
Бир да жолу укпадым
Үнү катуу чыкканын.

 

Супсун

Көйнөк-кече жуугаддан
Калган сууну СУПСУН дейт.
Анын өңүн агартпай
Шашма балдар “бүттүм” дейт.
Кир чыкпаса кийимден
Түсү өчөөрүн түк билбейт.

 

Көзүлдүрүк, сарапчы

“Алкагы бар алтындан
КӨЗҮЛДҮРҮК тартынган”.
Көрсө, бул сөз турбайбы
Көз айнек деп айтылган.

Жаңы жааган жаш кардан
Көз кардыгып, жаш алчу.
Көзүлдүрүк ал кезде
Кылдан тордоп жасалчу.
Көзгө тартчу бул буюм–
САРАПЧЫ деп аталчу.

 

Келтече

Жер казганга кантсе да
Жеңсиз күрмө ыңгайлуу.
Аны кемпир-кесектер
КЕЛТЕЧЕ дейт турбайбы.

Куруучуга – комбинезон,
А койчуга – тон чыгар…
Келтечени бу күндө
Көп кийишет жолчулар.

 

Жипкилен

Кеч байкалбай киргендей
Кетет мезгил алмашып.
Чыккан чөптү кылтыйып
Калат эми кар басып.
ЖИПКИЛЕН дейт эл аны,
Жазда, күздө малга азык.

 

Карскан

Жасаш үчүн бочкеге
Темир кырчоо – КАРСКАНДЫ
Соктум далай чоюлуп,
Сом балканы – барсканды.

Карскан мыктап кыспаса,
Карагайдын адаты–
Күн нурунан кагжырап,
Биригишпейт арасы.

 

Бурчак

– Эмнеликтен аркандын
Ар жеринде илмек жип?–
Деп сурады бир бала,
Болот дечи билбестик.
Козуларды байлачу
Бул – БУРЧАК деп үйрөттүк.

 

Жуушанды

Тогуз торпок жоголуп,
Түп көтөрдүк айылды.
Бул аймакта калбады
Буудай аңыз, чабынды…
Мал тоюнуп жатчу жер–
ЖУУШАНДЫДАН табылды.

 

ЖАҢЫЛУУ

Жуусаңчы дейт жүзүңдү
Турсам да таза энекем.
Көрсө чамбыл көрсөткөн
Көз айнеги кир экен.

 

Адабий пародиялар

СИБИРДЕН КАТ

Сен — анда, мен бул жакта — Сибирдемин,
Бир эвенк достун жылуу үйүндөмүн.
Бектуруш САЛГАМАНИ

Сен — анда, мен бул жакта — Сибирдемин,
Бир эвенк достун жылуу үйүндөмүн.
«Ак көңүл, ээрчип кетме жан эле», — деп,
Мен үчүн санаа тартып, күйүнбөгүн.

Аларың жанын берет дос дегенде,
Шарт түзөт айлап-жылдап кетпегенге.
Анан да биз билбеген салты кызык:
Сүйүнөт ак шейшебин тепсегенге.

Албетте, териштирип ак-карасын,
Андан соң дос суранса — аткарасың.
Бирок да, Бектурушуң оңой менен
Билесиң, ала жипти аттабасын.

Эсиңе ал «Алтын арман» романым,
Экилтик болуп дагы уланарын.
Бул жакта декабрист аялдар жок,
Андыктан келем дебей, чыда, жаным!

 

АРАШАН МЕНЕН ХОРОССАН

В Хороссане есть такие двери,
Где обсыпан розами порог.
Там живет задумчивая пери.
В Хороссане есть такие двери,
Но открыть те двери я не мог.
Сергей ЕСЕНИН,
«Персидские мотивы»

«Хороссанда бар бир укмуш каалга,
Алдына анын гүл төшөлүп коюлган.
Пери жашайт, ойлуу бардык маалда.
Хороссанда бар бир укмуш каалга,
Ача албадым, бирок чыкпайт оюмдан», —
Которгон С.ЖУСУЕВ.
«Персия кайрыктары»

Деп жазыптыр акын Сергей Есенин
Пери жаткан бөлмө эшигин ачалбай.
Сокем айтты: «Мен да ушинттим нече күн,
Ашыглыктын зарын ичке каталбай».

«Персиялык кайрыктарды» жаздырган
Есенинге кандай болсо Хороссан…
Купуялуу сырлары көп азгырган,
Жусуевге дал ошондой «Арашан».

Сүйкүм элес… Кудум эле Шаганэ…
Бак артына жашынгансып барат ай.
Сокем бакка бет алды эле жаңы эле,
Кайдан чыкты каргашалуу Анатай?!

 

ОМОРГО ОМОР ОЙ АЙТАТ

Сен кайдасың бу күндө, мен кайдамын?
Омор СУЛТАНОВ

Мен кайдамын, сен кайдасың, Зарылда?!
Жүрсөң экен жердин үстү жагында.
Омор СООРОНОВ

Мен кайдамын, сен кайдасың, Зарылда!
Сени эстесем, себеби бар анын да.
Издесе да өзүнчө эле издебей,
«Султановду туураптыр», — деп таарынба.

Болбосо да топту жарган атагым,
Толуктаймын таланттуулар катарын.
Айдан ачык акыр бир күн мен дагы,
«Сен жөнүндө поэманы» жазарым.

Кыргыз айтат: «Колко бербейт сөз тапкан».
Минтпейт элем сага чындап кат жазсам.
Адашыпмын «жердин үстү жагы», — деп,
«Жер үстүндө эсен жүр!» — деп айтпастан.

Омокеме сунушум бар атайы:
Бизге бирдей акындыктын азабы.
Экөөбүз тең мындан ары ырлардын
Аягына «Омор С.» деп жазалы.

 

БАБАЛАР! КЕЧИРИМ СУРАЙТ БАЛАҢАР

Үйрөнүшүм керек кимден, эмнени?
Кайсы акындын бийик менден деңгээли?
Омар Хайям, Хафиз, Жами, Руми…
От сезимим — ошолордун бергени.

Үйрөнүшүм керек кимден, эмнени?
Фирдоусиде анык алптын чеңгели.
Алгач мени акындыкка таптаган
Саади менен Рудакинин эмгеги.
Биримкул АЛЫБАЕВ

Үйрөнүшүм керек кимден, эмнени?
Кайсы акындын бийик менден деңгээли?
Эмне кылып жүрөт сынчы Даутов
Эсептебей ылдый менен өйдөнү?!

Алданыпмын алабарман адатка,
Саади, Хафиз барбаса да Таласка.
«Устаттарым дал ошолор» дептирмин,
Тил билсемчи парсыча, же арабча.

Китебиме Баш сөз жазган эмгеги,
Жердеш санап, мага бата бергени.
Эстен чыгып, унутупмун Сүкөмдү,
Кечирер дейм мендей аңкоо пендени.

Өмүрүмдө бир рубаи жазалбай,
Же которуп, китеп кылып басалбай…
Туура болмок башты салып жүргөнүм,
Залкарларга шакиртмин деп аталбай.

Аларга окшоп ырас, акын саналдым,
Чыгарбадым бирок даңкын каламдын.
Ачык айтсам — катуу жолдоп келатам
Бир өнөрүн… Омар Хайям бабамдын.

 

АШПОЗЧУ. БЕДЕ. БРИГАДИР.

Булутсуз асман. Теребел
Боз закым басып ныкталат.
Ашпозчу бийкеч. Беде. Жел.
Беде эмес, кесме жыттанат.

Чапжондо жалгыз атчанга
Чапкылап барат бригадир.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Булутсуз асман. Теребел.
Кесмелер жатат чачылып.
Ашпозчу бийкеч. Беде. Жел.
Беденин бети жапырык.

Бригадир кудум канатчан,
Атына барат жел жетпей.
Бийкечке келген ал атчан
Соо кеткей эле, соо кеткей!

 

УЯҢДЫ КУДАЙ ЖАРАТПА!

Энеден туума жылаңач,
Эр болсоң аны жула кач!
Карбалас БАКИРОВ

Элейип карап калыпмын,
Энеден туума жылаңач…
Андан соң эмне болгонун
Укпаса, кээлер чыдабас.

Ар түркүн ойго жорутпай,
Айтайын өзүм озунуп:
Бул ырды жаздым ал жерден
Бетимди басып отуруп.

 

АК-БОСОГО, АТЫҢДАН!

Ак-Босого! Кечир мендей уулуңду,
Баш кеңгирейт кечээги ичкен шараптан.
Кармышак ТАШБАЕВ (Аликтегин)

Абаң, сууң дартты кууган денеден,
Ак-Босого! Ак жолтойлуу жер элең.
Бу жолу да кайрат-күчүм артылды,
Кайра жаңы төрөлгөнсүп энеден.

Керемет деп ырга кошком неченди,
Күбө кылам ага акын Төкөмдү.
Кыргызымда канча сонун жайлар көп,
Көрбөгөнмүн бирок, сендей көзөлдү.

Зарыл эмес казы-карта мен үчүн,
Закускага даяр мөмө-жемишиң.
Мелтиреген бокалдардан далайды
Адеп эле көтөрүпмүн сен үчүн.

Акырында тост айталбай нес болдум,
«Кой, бүттү!» — деп, ичкиликке чек койдум.
«Кармышакпы?» — дешип кээлер сурашса,
«Кайдагы бир Аликтегин» деп койгун.

Эгер көрсө, байбичем да тилдемек,
Сүйлөй албай тилим араң күрмөлөт.
Азыр менин чаңкап турган чагымда
Гра… гра… градустуу суу керек!

 

ОКТОРКОЙДУ ОЙЛОСОМ…

Окторкойдо он күн жүрүп бир жылы,
Ой башыман, ыр оозуман ыргыды.
Эрнис ТУРСУНОВ

Жайлоо кандай?! Суктангандан «бах!» дейсиң,
Он күн жүрсөң — он мүнөттөй аз дейсиң.
Жүрөгүмдү өйүй берет алиге
Бирок, менин кетер күнкү таз кейпим.

Какай түштүм каргыш этти жутканы,
Жанымдагы бирөө жонго муштады.
Чекем ымшып, чекчейгенин көзүмдүн
Сезип калды кымыз куйган кыз дагы.

Соргок деле эмес элем, ким билет?
Кымыз менен согуптурмун сүрдү көп.
Босогого ыргып жеткен эттердин
Арасында түрмөк-түрмөк ыр жүрөт.

Капшыт жактан күбүр-шыбыр көбөйдү,
Бирөө айтты: — Кой, үйлөргө жөнөйлү!
«Нагыз акын болот десе ушундай»,
Айрымдары мени карап элейди.

Мунуңа да тооба, кудай! — деп кетем,
Андан бери куран окуйм теспечен.
Шариятта болсо дагы макүрөө,
Окшуй берем Окторкойду эстесем.

 

ЖЕРГЕ КИРСИН ЖЕЗДЕЛИК!

Жезде болуу, жигиттер,
Чоң иш, улуу атагы.
Кулак чоймой жагы бар,
Ошол гана чатагы.

Кулактарым узарды
Ошолордун колунан.
Нурпаис ЖАРКЫНБАЕВ

Жезде болуу, жигиттер,
Кулагыңдан айрылмай.
Улам бирин чакырып,
Тарта берет чамгырдай.

№5те жүргөндө,
Ырым менен наз кыла.
Ээрчитчү элем кыздарды,
Анда, кейпим жакшына.

Өзгөргөнү кепширдин
Жезделиктин азабы.
Жубарымбек жаш балдар
«Чебурашка» атады.

Кай бир кезде өзүмдү
Карап алып күзгүдөн,
«Бойдок кезим кайда?» — деп,
Капаланып үшкүрөм.

Айланайын балдыздар!
Суранчым бар аз гана:
«Асылсаңар не болот?
Кулагымдан башкага!»

 

ЫР КЕЧЕДЕН РЕПОРТАЖ

Болбосун окурмандын
Көңүлү кайт.
Ырыма кабак-кашы
Ачылсын чайт.
Тургуналы МОЛДОБАЕВ

Кечеси акындардын…
Окулду ыр.
Көп өтпөй залда бирөө
Уктады бырр.

Ал эргул эткен окшойт
Кирерде кылк.
Кармабай кашка башы
Кыйшайды шылк.

Жактырбай, деген болду
Бириси күңк.
Аңгыча, кулады бейм,
Үн чыкты дүңк!

Бул өзү деген белги:
«Үйлөргө кайт!»
Уктаган көздүн баары
Ачылды чайт.

Тарашты. Бирөө сыртка
Берди да буйт:
«Ушундай кечеңди!» деп,
Түкүрдү чыйт.

 

АРМАНДЫН БАШЫ АРАКТАН

Бербе аракты, ичпейм эми, жан достум,
Арак менен араң жатып коштоштум!
Аз өмүрдө көрдүм далай кордугун,
Кордук тургай, мокочого окшоштум.
Төлөгөн МАМЕЕВ

Сен да өтөсүң, жигит да өтөт сени өпкөн,
Көптөр ичип кетет ошол себептен.
Рамис РЫСКУЛОВ

Досум десең, кокуй, мага бербе арак!
Бөтөлкөңдү жашыра көр далдалап.
Аяшың да көңүлчөөгүм көп айтып,
«Аял болбой калганың!» — деп таңгалат.

Түн жармында үйлөр араң эстелип,
Түшпөгөнгө милийсага «өх!» дедик.
Танк алдында калса аталар, биз болсок…
Такси алдында кала жаздап тепселип.

Бардай менин бирөөлөрдөн аласам,
Пахмел издеп тамтаңдадым таң азан.
Не себептен ичкенимди билиптир,
Рамистин көз ачыгын карасаң!

Чык, көчөгө, чындык сүйгөн жан досум!
Милдет сага — митингини колдошуң.
Бардык жерде биздин ураан: «Аракты
ичкен эмес, чыгаргандар оңбосун!»

Соц тармактар:

Токтосун Самудинов (Т.Мидинов): 1 комментарий

Добавить комментарий