Жан дүйнөнү байыткан “Камбаркан”

kambarkan

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинин түзүлгөнүнөн бери 27 жылга аяк басты. Бул убакыт аралыгында элдик музыка менен фольклор жанрын даңазалап, кыргыз маданиятына бараандуу салым гана кошпостон, кыргыз элинин фольклорун, классикалык үлгүдөгү музыкаларын дүйнө элине да таанытып келет. “Фольклор – түбөлүктүү, өлбөй турган жанр” делет. Мына ушул төбүлөктүү өнөрдү аркалаган “камбарканчылар” бүгүн Улуттук филармонияда кезектеги отчеттук концертин бергени турат. Аны утурлай, ансамблдин баскан жолуна, тарыхына кыскача токтоло кетүүнү туура көрдүк.

Кыргызстандагы алгачкы этно-фольклордук ансамбль аталган “Камбаркан” тобунун түзүлгөн максатын көптөр биле беришпейт. 1987-жылы БКнын бюросунда кыргыздын улуттук музыкалык аспаптары сейрек колдонулуп баратканы туурасында маселе көтөрүлүп, аларды тез арада жандандыруу, калыбына келтирүү керектиги айтылат. Ошондо бул милдет белгилүү комузчу Чалагыз Исабаевге тапшырылып, тиешелүү каражат бөлүнүп берилет. Анын алгачкы кадамы кыргыздарда болгон бардык элдик музыкалык аспаптарды: чоор, жылаажын, зуулдак, керней, чопочоор, жыгач ооз комуз, кыл кыяк, асатаяк, коңгуроо, добулбас, сурнай, сыбызгы ж.б. элдик аспаптарды чогултуп жана алардын жаңы үлгүлөрүн жасатуудан башталат. Ошентип, “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамбли түзүлгөн. Комуздун, кылкыяктын өркүндөтүлгөн түрлөрүнүн сырын мыкты билген көркөм жетекчи Чалагыз Исабаев К.Орозовдун “Сынган бугусун”, Эркесарынын “Эрке күүсүн”, А.Огомбаевдин “Саадак какты”, эл күүсү “Саринжи-Бөкөй” баштаган ондогон күүлөрдү иштеп чыгып, өзү сөзүн жазган “Жаштык кезге”, “Кыздын үнү”, “Фрунзенин оттору” аттуу обондорун, ырларын топтун коштоосунда аткарып чыкканы менен тарыхта белгилүү. Ч.Исабаевдинжетекчилигининтушунда “Камбаркан” элоозунаалынып, элдик фольклордук музыкаларды мыкты аткарган топ катары таанылууга жетишти.

1991-жылы Ч.Исабаев таланты ташкындап, чыгармачылыгы гүлдөп турган кезинде жол кырсыгынан каза табат. Ошондо “Камбаркан” тобуна анын ысымы ыйгарылып, Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамбли болуп кайрадан түзүлөт. Азыркы учурда ансамблди Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, дирижер Рысбек Жумакунов жетектеп, ошол эле учурда дирижерлук кылып келет. Ал эми ансамблдин уюткусун, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, Эмгек сиңирген артист Бакыт Шатенов, Улан Качкыналиев, Кундуз Таштаналиева, Аскат Мусабеков сыяктуу белгилүү ырчылар түзөт. Булар талыкпай эмгектенип, талант тартуулап, таң булбулундай таңшып ырдап, ошол эле маалда чыгармачылык топтун көркүн чыгарып келе жатышат.

“Камбаркан” эл аралык, дүйнөлүк фестивалдарга такай катышып келет. 1989-90-жылдары Алматы, Баку шаарларында фольклордук музыка боюнча өткөн эл аралык фестивалга катышып, лауреаттыкты жеңип алган. Ал эми 1991-94-жылдары катары менен Түркияда, Англияда, АКШда, Германияда өткөн Кыргызстандын жумалыктарына катышып, ал жактагы угуучулардын сүймөнчүлүгүнө алынган. Азыр да көп өлкөлөргө чакыруулар болгону менен айрым учурларда мүмкүнчүлүк жоктугунан бара албай калышаарын жашырышпайт. Анткени, чыгармачылык топ жалпысынан 20дан ашык болгондуктан, анын баарын жол чыгымдары, тамак-ашы менен камсыз кылууга каражат тартыш. “Мамлекеттик ансамбль аталганыбыз менен мамлекет каржылай албайт. Бизге окшогон башка да мамлекеттик ансамблдер, театрлар, топтор көп”,- дейт ансамблдин жетекчиси Р.Жумакунов.

“Ачыгын айтканда, биздин эл фольклордук ырларды, операны, балетти, театрларды анчалык баалабайбыз. Буларды көргөнү ашыгып барбайбыз. Ал эми башка өлкөлөрдө бул нерсеге абдан маани беришет экен. Айрыкча, кыргыз элинин комузун, кыл кыягын, ооз комузун сүйүп уккандар көп экен. Жакында эле Катар, Оман, Бельгия мамлекеттерине атайын чакырышты. Жол чыгымдарыбызды төлөп, концерттен кийин дагы 3 күн коноктоп, узатышты. Баарынан да, таң калганым, ал жактагы элдин концертке келүү, көрүү маданияты башкача экен. Биздин элдин фольклордук ырларын баалаган элдер, өлкөлөр бар экенине бир чети сыймыктандым”,-деген Рысбек Жумакунов биздин элди тарбиялаш керектигин айтат. Маселен, Японияда бир театр бар. Анда жалаң мимикаларды гана көрсөтүшөт. Көрүп отурган адам тажагандан, уктап кетет. Бирок, ошондой театрларга япондор балдарын көп алып барышат. Анткени, анын тарбиялык мааниси зор. Бизде да балдарды улуттук фольклорду угууга, көрүүгө, аны баалаганга мажбурлаш, үйрөтүш керек. Ошондо балдардын да жан дүйнөсү, көрөңгөсү байыйт, маданиятыбыз да өсөт, деп эсептейт ал.

Динар Турдугулова, “Эркин тоо”, 26.11.2014-ж.,
сүрөттөрү “Камбаркандын” өздүк архивинен алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий