Мекенчил өтүкчү

otukchu1

«Мекенчил- патриот» деген сөздүн маанисин көбүбүз жеткиликтүү кабылдабаган ушул кызык күндөрдө жашап туруп, чыныгы МЕКЕНчилдерди издей берген жайым бар. Ошол адамдарды издеп жүрүп, мен бир чындыкка бет келдим. Көрсө, мекенчилдикке бийликтин, байлыктын, кызмат орундун, депутаттык мандаттын, наам, сыйлык, коомдогу кадыр- барк жадесе улуттук өзгөчөлүгүңдүн кымындайда тиешеси жок экен. Болгону мекенчил болууга бүтүн өлкөң бата турган жүрөк жана «Мекениме кандай пайда алып келсем экен?»,- деген чыныгы тилек гана керек шекилдүү.

Кызыгы, мекенчилдик кесип тандабайт. Ал башта айткандай таза жүрөктөрдү гана ылгайт го кыязы. Кудум бүгүнкү каарманым болгон Алинин жашоосундай. Алинин кадамындай.

otukchu2

Али Өмүров 33 жашта. Ал көргөнгө башкалардан анчалык деле айырмаланбаган кыргыздын жөнөкөй көз айнекчен баласы. Сүйлөшө келсең, «Бала күнүмдө өтө жоош элем. Бирок тырышчаактыгым бар болчу. Сабакты кыйратып деле окубадым»,- деп өзүнчө баяндап калат. Кайсыл бир кесиптешибиз айткандай, бирок кеп анда деле эмес. Дегеним, мен көбүрөөк анын бүгүнкүсүнө, анын өмүрүн, жашоосун өзгөрткөн «жаны кадамына» кеңири токтолгум келип атат. Алгач, өтүкчү маектешимдин өз сөзүн өзгөртүүсүз сунуштайын…

«Анда студентпиз. Ашыкча деле акчабыз жок. Бут кийимден аябай кыйналып да кеттим. Кытайдын бут кийимин алсак эки күндө түшүп калат же саңырсып, сапаты жок. Чет өлкөнүн урунулган бут кийимин (секонд хенд) алайын деп арданасың. Анан бир күнү атайын тери ишканасына барып, кичинкей териден өзүмө жайкы бут кийим тигип алдым. Кийин дагы 350 сом таап, тери алдым да эки түгөй бут кийим тигип Ош базардагы эки сатуучуга эптеп койдурдум. Биринчи тиккен бут кийимдеримди, саталбай абдан убара болгом, ошол убакта элдин кабыл алуусу да башкача болчу. «Мунуңду артисттер эле кийбесе башка эч ким албайт»,- деп күйгүзүшчү. Бирок мен өжөрлүктөн тайбадым. Кадамымды улам алдыга таштай бердим…

Алгач жумушумду өзүмдүн үйүмдөн баштагам. Ошондо эстесем, бир балка анан кадимки эле нан кескен бычак менен иш кылчу экенмин.

Алгач ушул жумушту баштаганда жакын адамдарым шылдыңдагандай мамиле жасашчу эле, азыр кеп- кенештерин айтып турушат. Демек максатыңа жетем десең сабырдуулук эң башкы нерсе экен».

Маектешимдин жогорудагы сөздөрүн угуп олтуруп, «Kyrgyz Concept» туристик компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиевдин «Шоокум» журналына берген бир маегин эстедим. Анда ал: «Ийгилик жарата турган инсан эң алгач башка адамдардын шылдыңын жеңүү керек»,- деп айткан эле.

otukchu3

Биздин бир мугалимибиз ар дайым, «Күчтүү адам агымга каршы сүзөт, суунун агымы менен сүзүүнү өлүү балык, кесилген дөңгөч да билет»,- деп көп айтчу. Анын сыңары чоңбу, кичинеби кандай ийгилик болбосун аны жараткан адамдардын негизги артыкчылыгы өжөрлүккө байланган сабыр менен аракет, аракет жана аракетте окшобойбу.

Башта, мен ар дайым мекенчил адамды издей берген жайым бар дебедимби? Эми мен өзүм айткым келген ойго келейин. Дегеним, бүгүн кыргыздар базар шартына мыкты көнүктү. Эмне деген гана ишкерлер өсүп чыкты. Эмне деген гана иштер жасалган жок. Али сыктуу өтүктүн түрүн тиккен кыргыздар бар. Базары да, борбордук далай дүкөндөрү да кыргыз оюмдары басылган буюм- тайым, кийим кечеге толуп турат. Бирок алардын баарында эле бүгүнкү каарманыбыздын тилегиндей тилек, жүрөгүндөй жүрөк барбы? Билбейм…

Алгачкы маегибизде Али айтат «Менин негизги максатым- карапайым кыргызга сапаттуу бут кийим кийгизүү»,- деп. Мен алгач түшүнбөй кандайча?.. эмнеге?.. деген сыяктуу суроолорумду бере бердим. Анан ал көз айнегине жашырынган көзүн күлүңдөтүп, Кыргызстанга болгон сүйүүсүн, мекен үчүн болгон алтындай ойлорун тизмектей кетти. Өзгөртүүсүз берейин.

«Мен алгач өтүк тиге баштап кардарларга сунуштасам, адамдар мындай бут кийимди чоң- чоң дүкөндөргө кой, сахна адамдары же чет өлкөлүктөр көп алат. Көп акча табасың дешчү. Мен тескерисинче базарларга койдурдум, кытайдын бут кийими кандай баада болсо, мен да ошол баада бааладым. Акчасы аз болсо да, чыныгы тери менен тигилген бут кийим кийсин дедим кардарларымды, кыргыз туугандарымды. Кызыгы анда мага көп акча табуу биринчи орунда эмес эле. Ооба, башкалар өндүү мен үй алып, машина алып үй- бүлөмдү тың жашаттыргым келгендир… Негизинде мен мекениме бир нерсе жасагым келчү. Өтүк тигүү менен болсо дагы… Байлар ансызда сапаттууларын таап сатып алышат. Мен так ушул карапайым, акчасы аз кыргыздарга сапаттуу, чыныгы териден жасалган бут кийимди кийгизгим келген. Адамдын бут кийими жакшы болсо, адам жакшы ойлонот…»

otukchu4

Карала май болуп, бир бурчта өтүк тигип олтурган өтүкчүнүн алтын башында бул ойлор келет деп көбүбүз күтпөсөк керек. Көрсө, «Өтүгүң тар болгон соң, кең дүйнөдөн не пайда», дейт экен да кыргыздар. «Айланайын, таманыңды жылуула, баары тамандан өтөт», — деп безеленген апаларыбызчы. Анатомияны жакшы окугандар адамдын бардык органдары менен байланышкан активдүү точкалар таманда экенин да билишет. Демек каарманыбыз айткан ойдун канчалык чындыгы бар, адистерден сурадык.

Терапевт-дарыгер Жылдыз Иманакунованын айтымына караганда адамга тери бут кийим кийүү өтө ыңгайлуу. Адам бутун канчалык ыңгайлуу жана жылуу алып жүрсө анын ден соолугу бекем болоору талашсыз. Маселен таманда бүт органдардын автивдүү точкалары бар дебедикпи, негизинен бут муздап калса цистит (табарсыктын сезгениши) же бөйрөк оорулары менен катар бел оорулары күчөйт. Ал эми адам тери(кожа) эмес бут кийим кийгенде же бут кийимдин таманы жука болгон учурда таман ным тартып, сууланып анан бут муздайт. Бут ар дайым эле сууланышып жүрсө тери ооруларына да чалдыгат. Андыктан бут кийим териден болуп, өзгөчө кышкысын таманы бир элиден (1 см) кем эмес калыңдыкта тандалуусу шарт. Ал эми айымдар көбүнчө такалуу бут кийимди тандаган учурда така өтө ичке жана 3,4 см ден бийик болбосун. Азыр өтө модага айланган жай таман бут кийимдер да зыяндуу. Негизи бут кийим бир аз такалуу болсо ыңгайлуу жана дене түзүлүштүн бир калыпта жүрүүсүн шарттайт.

АКШнын Вашингтон университетинин тарыхчысы Эрик Тринакус чыгарган болжолдуу бир бүтүмгө таянсак, бут кийим 26- 30 миң жыл мурун батыш Евразияда пайда болгон. Чынында бут кийимдин жаралыш тарыхын так айтуу кыйын. Жогорудагыдай болжолдоолор гана бар. Бирок бут кийимдин туура же туура эмес тандалышына жараша адамдын ден соолугу өзгөрүүгө туш болоору далилдеген чындык. Демек каарманыбыз, «мекенчил өтүкчү» Алинин сөзүн дарыгерлер четке какпайт. «Бут кийим жакшы болсо, адам жакшы ойлонот…жакшы жашайт».

otukchu5

15 жылга кадам таштап бараткан журналисттик жылдарымда көптөр менен сүйлөшүп, көптөрдүн жашоосун радио макалага сыйдырыпмын. Кесиптик жолум башталган Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, бүгүн Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстанымда эмгектенип жүрүп, азыр дагы аягы бүтө элек далай митингдерде кыйкырган далай «Баатыроттордун» кебин угуп, Орусияда чет өлкөлүктөргө сатылдың деп кыргыз кыздарын абийирге чакырып, өзүн «Патриот» деп атагандардын тасмасын көрүп жатып да «мекенчил» деген аялуу сезимдин учкундарын толук кандуу сезе албадым. Кечиргиле… «Сүйүү кичинекей жерден, кең ааламга жайылат»,- деп акын Рамис Рыскулов айткандай, мүмкүн мен мекенди сүйүүдө карапайым өтүкчү Алинин жөнөкөй жашоосу аркылуу чагылдырылган УЛУУ сезимди жактайм. Бекеринен мыктылар «Улуулук- жөнөкөйлүктө» дебегендир… Чыныгы мекенчил жүрөк, мекен деген изги тилек гана.

otukchu6

Төмөндө Алинин эмгектери жана анын «Саресеп» маалымат порталына берген кызыктуу ойлору:

otukchu7

Ишкердикти баштоо кыйынга турбайт, пландаштыруу кыйынга турат. Ойлогон оюң менен түзгөн планың мыкты болсо кандай иштин түрү болбосун баштап кетсең болот. Ишкердикти баштоо, мөмөлүү дарак отургузган менен барабар экен, алгач сен ага кам көрөсүң анан ал сага мөмөсүн бере баштайт.

otukchu8

Азыркы убакта, кыргыз эли негедир майдачыл эл болуп кеттик, өзгөчө эркектер… Көп сүйлөөнүн ордуна көп иштешибиз керек.

otukchu9

Биз бир эле учурда, бут кийим эле эмес ар кандай буюм тайымдарды да жасап чыгууну өздөштүрдүк.

otukchu10

Иштин көзүн билсе Кыргызстанда иш деген толтура, чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин пикирине такыр кошула албайм. Андан көрө булактын көзүн ачам деген замандаштарыбызга жардам берип өнүгүүбүз керек.

otukchu11

Негизи «Силердин араңарда эң жакшыңар билгенин башкаларга үйрөткөндөр»,- деп коёт эмеспи, анын сыңарындай мен да бул ишимди үйрөтүп жаткан окуучуларым бар.

otukchu12

Учурда «Кадам» деген фирма түзүү алдында турабыз, кыргыздын оюларын түшүргөн бут кийимдер дүйнөлүк брендердин катарына кошулат деген ишенимибиз бар.

otukchu13

Учурда «Кадам» деген фирма түзүү алдында турабыз, кыргыздын оюларын түшүргөн бут кийимдер дүйнөлүк брендердин катарына кошулат деген ишенимибиз бар.

otukchu14

Жазгүл Жамангулова, сүрөттөрдүн автору Айжигит Мааткеримов, «Саресеп», 20.01.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий