Жолочу Рысбаев: «Эркектердин сүйлөшкөнү — токол алуу»

rysbaev

Сатирик, акын Жолочу Рысбаевди кимдер гана билбейт. Жолочу ага жакында «Бийиктик» басмаканасынан «Ачуу-таттуу аралаш» аттуу жетинчи китебин жарыкка чыгарыптыр. Куйкум сөздүү, курч тилдүү бул китеп учурда китеп дүкөндөрүнө жаңыдан сатыкка түштү. Жолочу агай менен сүйлөшүү өзүнчө бир кызык. Биздин маегибиз узакка созулса да, гезит үчүн өзөгүн алдык окшойт.

Китеп дүкөндөрүнө кирип, жаңы чыгарма чыктыбы, китеп окугандар азбы-көппү деп, элдин баары эле жазуучу болуп кеткен окшойт деген ойдо калдым. «Кой аксагы менен миң» дегендей, 999 кой болсо, арасындагы аксак кой кошулуп, 1000 болчу. Азыр китептерди карап отурсам аксагы өзү эле миң болуптур. Кишинин баары эле жазуучу, китеп деген жайнайт. Бул кандай жазуучу, эмнени, кимди жазды экен деп барактасам, чоң эне-чоң атасын, жерин, элин жазган макала сыяктанган китептер абдан көбөйүп кетиптир. Көркөм образдуу, адамдын көңүлүн ачып, руханий байлык боло турган китептер өтө аз экен. Ушинтип жазгандан ошол жазмакер эмне барк алат болду экен деп ойлодум.

Ыраматылык Ч.Айтматовдун азыркы чыгып аткан китептер тууралуу айтканын уккан элем. «Таптакыр токтоп калгандан көрө китептер жаманбы-жакшыбы чыгып, процесс жүрүп атканы жакшы. Ал эми кандай китеп көп жашайт аны убакыт көрсөтөт» деген эле…

Эми ал киши дайыма ойчул сүйлөгөн. Кырман кысыр тургандан көрө чар болсо да бир нерсе үйүлүп жатканы пайда. Рамис Рыскуловдун жакшы фразасы бар, «жаман акындын жазбай койгону — адабиятка кошкон чоң салымы» деген. Албетте, биз өзүбүздү мактабайбыз, адабиятка кирди-чыкты эмес, фанат болуп калганбыз. Бир күндө бир-эки ыр жазбасак бир нерсе жоготкондой болобуз. Мен 1970-жылдан бери чыгармачылык менен аралашып келатам. Даңкым, атагым алыска кетсе экен деп ойлобойм. Азыр даңкым чыкпайт, кайра түшүп калды. Бир жерге барып мен жазуучумун дегенден да уялам. А байкуш сен деле жашап жүргөн турбайсыңбы деп айтышат. Андан көрө бизнесменмин, баймын десең төргө өткөрүшөт. Кесип болгондон кийин чыгармачылык кан менен кошо аралашып калыптыр. Жазып, китебиң чыкса өзүңөн кубат алып каласың. Азыркы чыккан китебиме Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаров 40 миң сом которуп берип, демөөрчү болду. Ошону менен китебимдин жарымы чыкты, калган жарымына дагы бирөөлөр акча которобуз деп атышат.

Эмнегедир акыркы кезде жаш сатириктердин дүбүртүн угалбайбыз…

Эми мен деле сатирага жыргаганыман келген эмесмин. Окуп жүргөндө аркы-беркиге урунуп отуруп, сатирага аттын башы бурулуп калды. Бир жолу «Ала-Тоо» журналын окуп отурсам Мукамбеткалый Турсуналиев деген жакшы сатирик-тамсилчинин «Өгүз менен момолой» деген тамсили жарык көрүптүр. Окусам, өгүзгө карап момолой айтып атпайбы: «Лөк, лөк желип басасың, бир тутам чөптү бир эле жутуп жатасың, эгер түлкү кууса сен кургур, кантип ийинге батасың» деп. Окуп алып аябай күлдүм. Ошондон бери ушул жанр мени өзүнө тартып алды. Эң алгач «Коен конокто» деген тамсилим «Ленинчил жашка» чыккан. Гезитке чыкканда элдин баары окуп, айылга барсам сенин тамсилиңди окудук деп айтышты. 9-класста Түптөгү Жылуу-Булак деген айылдан Кара-Чуңкур айылына кыштын күнү үч километрди жөө басып окучубуз. Кышында кар тизеден түшчү. Бир күнү «Чалканга» «экинчи айылдагы мектепке кыштын күнү он чакты бала жөө барып куурап атабыз» деп жазып жиберсем, айылга текшерүү келип, ызы-чуу түшүп калышты. Ошол кезде айылга келген жаңы автобусту январь, февраль, март айы бою эртең менен алпарып, кечинде алып келүүгө бизге берди. Ошондо бир чоң ишке жарагам. Жолочунун мурду ошондо бир кайкайган. Эл дуулдап, Жолочу жазып жиберген турбайбы, эми бул чоңойсо жазып салат, абайлаш керек деген кептер чыкты.

Ал кезде баарыбыз эле ыр жазып жүрдүк. Эми эмне ыр жазарыбыз деле белгилүү. Ата мекенди, атасын, энесин, айылын жазат. Андан тышкары, сагынуу деп айылдын жогору жагына музоосун аркандаганы барып кайра келгендин ортосунда айылымды сагындым, куса болдум, кусуп атам деп жаза берчүбүз. Мен да ошолордун катарына кирип, баарын сагынып жаза берер элем. Ошондон кийин ырларымды «Советтик Кыргызстан» гезитине жазып жөнөтө берчү болдум. Же жиберген ырларым чыкпайт. Гезитке жөнөткөндөн кийин «Советтик Кыргызстан» деп кыпкызыл болгон бланкага жазылган жооп келет. Кымбатбек Укаев деген журналист «Жолочу Рысбаев, сенин жазган ырларыңды окудук, абдан жакшы экен, бирок, көркөм жеринен кичине аксап атасың, сен эми талбай эмгектенгин, сенден бирдеме чыгат» деп жооп жазат. Ал капталыма канат, көкүрөгүмө дем байлап,чын эле мен чыныгы акын болорума аз эле калган турбайбы деп ыр жазып жөнөтө берем, ал болсо жооп берет. Экөөбүз ошол учурда кыз-жигиттей кат алышып турдук окшойт. Кийин мектепти бүтүп атканда ырлардын баяндамасын Т.Үмөталиев карап, гезитке чыгарыптыр. Ичинде мен өңдөнгөн акындардын ырлары менен менин ырым да жүрөт. «Же сөзүнөн, же ишинен алдырбаган айылдык жеңелерге таңгалам» деген менин ыр саптарыман мисал келтирип, «Бах! Мына, эмне деген сап, жакшы келатып эле аягынан бузулуп кетет, мындан жакшы акын чыгат» деп жазыптыр. Ошондо ырды көрүп алып дардаңдап сүйүнгөнүмдү айтпа. Мектепти аяктаганда борборго келип, эңсегеним Б.Сарногоев, Э.Ибраев, Ж.Алыбаевге жолугуу. Ал кезде редакциянын сүрү укмуш эле. Бир-эки ыр жазып алып редакцияга барам да, эшигине бир кадам калып, туткага колум жетээрде калчылдап, бир ажыдаардын оозуна кирип кетчүдөй туруп калам. Жүрөгүм дүкүлдөп согот. Кой, эртең келейин, сөзсүз эртең келем деп кайра качам. Эртеси деле ошол кайталанат.

Ошентип акырындап көндүм. Азыр сатириктерден мен жалгыз эмесмин. Мен болсо бир жерде сатирик, бир жерде акын болуп жүрөм. Сатира деген кыйын жанр, ага башкача тил керек. Сатира — бул бүркүттүн көзүндөй курч, ысык картошкадай жабышкак, мышыктын тырмагындай ачуу болушу керек. Бирөөнү сөгүп, жектеп аткандай болбой, боорду жалап атып бүтүрүп койгон жүктөрү бар. Акырын сылап-сыйпап, кебез менен мууздап койгондой жанр. Ыр жазып атканда тилден бал тамып турушу керек. Ал эми сатира жазып атканда тилден уу тамып турушу керек. Ошондой акыбалга жетип туруп жазбасаң өтө эле кыйын. Эми ар ким өзүбүздүн акыбалга карата жазабыз. Азыр чынында сатириктер көп, бирок, алардын жазмаларын чыгарган адабий гезиттер жок болуп атпайбы.

Адабиятчылардын чыгармаларын жарыкка чыгарууга Жазуучулар союзунун «Кыргыз адабияты» гезити бар эмеспи…

Эми аларды жамандагандай болбоюн, ал жакка барсаң суу басып калгансып, туткага салам берип, тыптынч болгон кабинеттерди көрүп кетип каласың. Атүгүл о дүйнөгө өтүп кеткен жазмакерлерди да кабарлап койбойт. Мындай союздун кимге кереги бар? Же жаңы чыккан китептерди жарыя кылбаса… Жазуучулардын абалын сурап кантип атасыңар деп койбосо.

Сатириктердин көпчүлүгү аялзатынын туура эмес жасаган иштерине, кемчилигине эле жабышып калышат. Сиз көбүнчө эмнеге басым жасачу элеңиз?

Илгери биздин темабыз арак ичкендер, анан байкуш аялдар болчу. Азыр баары өзгөрүп, жашоонун өзү сатира болуп, бирок ал бааланбай калбадыбы. Сатиранын түбү тереңде, көрөңгөсү күчтүү. Анткени учурунда сатиранын башында М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, М.Турсуналиев, Б.Сарногоев, Э.Ибраев сыяктуу үлкөн адамдар турушкан. Ушуларды ээрчип, ошол кишилерден таалим алып калдым. Ошол кишилер сенин көңүлүңдө, дилиңде, көкүрөгүңдө турат. Байдыке ичсе да аракечтердей болуп жакасынын бир жери карарбайт, шымынын бир жери бырышпайт. Үтүктөлгөн, калпак башында, галстугу мойнунда, чыкыйып, өзү да абдан сындуу, назик жана өтө маданияттуу киши эле. Ал эми Ж. Алыбаев да мени учурунда бөтөлкөгө көп жумшады. Бул кишинин да мага таасири күч болду. Э.Ибраев болсо «Чалканда» иштеп турду, ак сөөк, көчөдө ичпеген адам эле. Кээ бир адамдар бала-чакасын кууп жиберип, эшикти ичинен илип алып ыр жазам деп айтышат. Чакырып алып жазган ыр — ыр эмес, ыр өзү жабалактап келиши керек. Көчөдөсүңбү, жолдосуңбу, иштесиңби, айтор, ыр сенин кулагыңдын кужурун алып, момуну жаз деп турушу керек. Анан ыр эшигиңди тыкылдатып турса, кир эми деп киргизип, башынан сылап жазасың. Сатира — бул эшиктен кирип тешиктен чыгып кетчү жанр. Кээде тентек да болуш керек экен. Тентек болуш үчүн анча-мынча жутуп да коюш керек экен. Дайыма сыланып-сыйпанып жүрө берсең өзүңө-өзүң батпай, жакпай кетесиң. Азыр өзүбүзчө топтошконго Кыялбек Урманбетов, Шайлообек Дүйшеев, Төлөгөн Карыкеев, Эрнис Турсунов бар. Биздин тамашабыз да чоң, алар менен «тырмашып» жарасын ириңдетип, таза жерин жара кылып, каткырышып бир аз жеңилденип калабыз.

Алтымышка чыгып калыпсыз, жаш өткөн сайын жашоонун баркы билинет бекен?

Кечээ эле улуу адамдарды ээрчип жүргөн жапжаш жигит элек. Ал кезде алтымыш жаш десе каяктагы алжыган неме деп карыган көрүнчү. Анүстүнө ошол кезде 40-50дөн өткөндөн кийин эле көпчүлүк эркектер сакал коюп, маасы-көлөч кийишчү. Ошондон уламбы алар көзүбүзгө абышка көрүнчү. Эми мына, мен да алтымышка чыктым. Эгерде мен деле мурдагылардай болуп сакал-мурут коюп, чапан кийсем, абышка болуп карылык басып калчудай болуп турат. Алтымыш деле жакшы жаш. Өзүңдөн кийинкилерге улуу экенсиң да, өзүңдөн улууларга кичүү экенсиң. Бирок, кээде ойлонуп отуруп чыйрала түшөм, алтымыш эмне 80-90 жашпы деп… 95 болуп калса бир жөн. Азыр алтымышка чыксам да 80-90 жаштагылардын алдында тайчабар убагым деп калам. (Күлдү)

Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү сезимтал болуп, бир нече жолу үйлөнгөндөр бар…

Азыр баары бүтүп калгансып, экиден-үчтөн аял алабыз деп чыгышты. Бир жерге барып сүйлөшкөн эркектердин сөздөрүнүн баары эле токол алыш керек болуп калды. Ыя кокуй, каяктагы токол, өзүбүз токол болуп бир жерде араң жүрсөк деп коем. Антейин десең, колунда бар кишилер, чиновниктер жалаң эле ушундай менен алектенип калышпадыбы. Болбосо мурда токол дегенди ким билиптир.Токолго кызыккандай башка нерсеге кызыксак болот беле? Токолду азыр башкалар кыймылсыз мүлк катары көрүп атышат. Анан мен тамашалап токол алып, анан аны багуу колуңан келбесе, арендага берип кой, акча сага түшүп турат деп айтып калам. (Күлдү)

Чыгармачыл, белгилүү адамдардын балдары көпчүлүк учурда начар чыгып калат, буга эмне себеп деп ойлойсуз?

Мисалы, Т.Сыдыкбековдун Гүкүн деген карындашы Көлдөгү биздин айылда 1-класста мени окуткан. Илгери 1950-жылдары Т.Сыдыкбеков үй-бүлөсүн салып, «Волга» менен келчү дейт. Балдары анда кичине кези. 3-4 жаштагы балдарына энеси бөлөк казанга тамак жасап бөлүп берчү экен. Ушинтип алпештеп өстүргөн балдардын көбү атасындай боло алдыбы? Алар жайыл дасторкондун үстүндө төрөлүп калышты, жер баспай, алаканда жүрүштү. Атасынын кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачышты. Бул бир эле мисал.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Жолочу Рысбаев: «Эркектердин сүйлөшкөнү — токол алуу»: 1 комментарий

Добавить комментарий