Кокон хандыгындагы мамлекеттик түзүлүш жана бийлик жүргүзүү XVIII- кылымдын биринчи жарымында

kokand_karta

Кокон хандыгы мамлекеттик түзүлүшү боюнча абсолюттук монархия болгон. Хан мамлекет жетекчиси жана расымдуу негизде чексиз укуктарга ээ болчу. Хан мамлекетти башкаруу ишин бийликтеги урууга, динаятчыларга, башка уруулардын билерман-бийлерине, аткаминерлерге жана аскерлерге таянып жүзөгө ашырчу.

Окумуштуу-тарыхчы Махмуд Ходжи (Махмуд (Мамыт?) Ажы) өзүнүн “Түркстан тарыхы” деген китебинде 24 ири мамлекеттик мансаптын мүнөздөмөсүн берген.

Анын аныктамасы боюнча хандан кийинки эң омоктуу мансап – кош беги. Ал хандын баш(кы) кеңешчиси болуу менен бирге ири шаарлардын бирине өзүнчө аким болуп да дайындалчу. Тарыхый булактарда айтылгандай, Ташкенди бир топ мезгил бою кошбеги сурап турган.

Ал эми Парваначы болсо мансаптык макамы боюнча кошбегине барабар эсептелчү. Бара-бара хандыктагы биринчи мансап болуп миңбашылык санала баштаган*. Миңбашы хандыктагы баш вазир болуп эсептелген.

Хандын атына келген арыздарды Кудайычы (?) делчү аткаминер кабыл ала турган.

Ошону менен бирге эле хандын жатак башчысы (?), мирахур, аскер башчысы, наиб (?), аталык, датка, мехтар, смирахур, жүзбашы, онбашы сыяктуу мансаптар да киргизилген болчу.

Мындан тышкары дагы шариат өкүмдөрүнүн аткарылышын тескеп-көзөмөлдөгөн маанилүү мансаптар да болгон. Булар Шейх-ул-ислам, Башкаазы, Каазы, Аскер каазысы, Мупту мансаптары эле. Бул мансаптарга динаятчылардан гана дайындалчу. Хандыкта андан башка дагы шиговул, мухтасиб, дафтардор, саркор, инок (ынак?) деген сыяктуу мансаптар да боло турган.

Алым хандын тушунда жүргүзүлгөн аскерий реформаларга ылайык “баатыр” (делчү) аскерлерден турган туруктуу армия түптөлө баштаган болчу. Ар бир баатырга 50 теңге айлык акы чектелген эле.

Коканддагы хандын ак сарайы
Кокондогу хандын ак сарайы

_______________________________________________

* “Миңбашы” — айтылышы боюнча онбашы , жүзбашы, паңсат (иранча панжсад –б.а. “беш жүз башы”) делген аскерий даража-мансаптарга опокшош. Демек түпкүлүгүндө “миңбашы” да аскерий гана мансап болгону шексиз. Кийинчерээк хансарайдагы эң маанилүү саясий-административдик мансапка айланган. Бул Орусия менен хандыктын вассалдык карым-катнашына байланыштуу нерсе. Анткени Орус империясында “генерал-губернатор” мансабы түздөн-түз падышага баш ийген ири мамлекеттик мансап болуп, катардагы губернатордон жогору турчу жана ага сөзсүз аскер адиси дайындалчу.

Которгон Шаамерчем, “Сөз таануу”, “Азаттык”

Соц тармактар:

Добавить комментарий