Токтосун Самудинов: «Жигиттер! Жигиттикти сыйлагыла! Аялды гүл менен да урбагыла!»

surat_toktosun

Акын Токтосун Самудинов менен маек.

-Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?

-«Сиздин» деп кайрылган үй — ал көптүк түрүндө — биздики, демек, жубайым экөөбүздүкү. Кожоюн деген орустун «хозяин» деген сөзү го, кыргызчасы — үй ээси. Бирок, мен үйдүн ийне-жибине чейин ээлик кылып, баарына кийлигишкенди туура көрбөйм. Кээ нерселерди — мен чечсем, кээлерин — жубайымдын эркине коём. Азыркыча айтканда — үй-бүлөлүк демократия.

-Мал сойгонду билесизби?

-Мал дегенде кой-козуну айтабыз го. Анткени, жылкы, топоз, төөнү туш келди эле киши эмес, касапчы сойгону дурус да. Ошондуктан «Таранчыны сойсо да касапчы сойсун» деген эл макалы «билгич», «адис», «профессионал» деген түшүнүктү билдирип турат. Өспүрүм кезимде, чоң атам, атам, агам жок болгондуктан, таянем бир күнү айтып калды: «Эй, жигитсиңби, сой, мынабу козуну!» «Билбейм да», — дедим мен. «Мен көрсөтүп берем, үйрөтөм!» деди ал. Өзү да кайраттуу, тамашакөй киши эле. Ошентип, кары таянем консультант болуп бир козуну эптеп сойгонум эсимде. Жиликтеринин этин ооштуруп, терисине бычак тийгизип, айтор, тердеп-кургап бүтүргөм. Бул биринчи жана акыркы мал союшум болду окшойт.Чын чынына келгенде мал союу — бул да өнөр, чеберчилик. Бычагын жонглёрдой ойнотуп, алеки саатта шалап салган шайдоот жигиттердин кыймылдарына дайыма маашырлана берем.

-Өз колуңуз менен үй салгансызбы?

-Окууну бүтүп, үй-бүлө күтүп калган ал жылдарда үйдүн кезеги оңой менен жылбагандыктан өзүмчө там курууну ойлоп, андагы борборубуз Фрунзе шаарынын Башкы архитектору Аскар Исаевич Исаев деген адамга кайрылып калдым. Анткени, ал киши, анда ал да жаш, ырга, адабиятка шыктуу экенин билчүмүн. Мен да ыр жазарымды, «Ленинчил жаш» деген эң популярдуу жаштар газетасында иштеримди бетиме кармап алып, түз эле кирип бардым. Өткөрө сылык-сыпаа, маданияттуу, ыманы ысык, жылдыздуу жигит экен. Азыр аны, улгайса да, ошо алпейим мүнөзүн сактап калган кыргыздын илгери муундагы интеллигенттеринин өрнөктүү өкүлдөрүнүн бири деп айтаар элем. Баса, анын көп ырларына сонун-сонун обондор чыккан. Сардарбек Жумалиевдин «Таң сыры» деген атактуу ырынын тексти ошо кишиники. Акыбалымды түшүндү окшойт, шагымды сындырбады. Ал кезде шаар ичинен менчик үй салууга уруксат берилбей деле калган. Ошентип, 28 жашымда 4-микрорайонго чукул 4 сотых бир участокко чамбыл-ала болуп үй салдым, көп ишине өз колум тийди. Кийин ал эски тамымды дурустап кайра курганбыз, азыр да ошол үйдөбүз. Байдылда акын агам шаардын кожоюнуна:

Үй-үй деп жүрүп агайын,
Өткөрдүм күндүн далайын.
Болбосо, шаардан орун бер
Боз үйдү тигип алайын, — деп аргасыз кайрылган убак болчу, ал кез.

-Достор менен кыз ала качууга катышкансызбы?

-Орустардын «никогда не говори «никогда» дегени ырас кеп экен. Табиятымда кыз ала качууну туура көрбөйм. Бирок, студент кезде ошондой опурталдуу ишке аралашканым чын. Кудай сактаганы, кыздын макул болуп отуруп калганы. Эгер чуу салса — эмне күндү көрөт элек? Сокулуктун этегине чукул Беш — Көөрүк-Мааке деген айылыбыздагы бир классташым «ал кызды албасам болбойт, ала качалы?» десе, баёо башым «мейли, ошентели» дептирмин . Алдап — соолап таксиге салдык да, алып жөнөдүк. Жоолукту жулуп ыргытып, жабышкан кемпирлерди төшкө тебеби десек — бир аз туйлап, анан үшкүрүп барып отуруп калса болобу. Анипа деген көлдүк кыз болучу, азыр көп бала-чакалуу аял.

-Сиз кандайча үйлөнгөнсүз?

-Ошол учурдун көпчүлүк жаштарындай эле… Ал кишинин көзү өтүп кетти. Кийинки өмүрлүк жарыма беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштум.

-Ачууга алдырып, жубайыңызга кол көтөргөн учуруңуз болгонбу?

-Аялга эмес, эркектерге, балдарыма кол тийгизбедим. Анын баары ачуунун чукулунан болот, алсыз кишинин жоругу.

-Бирөөлөр менен жакалашып, мушташкан күндөр болгонбу? Аялдар мененчи?

-Ушунча жашка келгени бирөөнү таяктап, же бирөөдөн таяк жеп көргөн жан эмесмин. Ал эми, кыз бала, аялзаты тууралуу айтсам, өзүмдүн мындай эки сап ырым бар:

Жигиттер! Жигиттикти сыйлагыла!
Аялды гүл менен да урбагыла!

-Мектепте, канчанчы атаман элеңиз?

-Нөлүнчү, нолевой…

-Ичкиликке кандайсыз?

-Терс көз караштамын. Ушундан улам «Аракечтер митингиси» — деген азил аралаш ыр жазгам:

Чык, көчөгө, арак сүйгөн жолдошум!
Митингини керек сенин колдошуң!
Биздин ураан: «Ичкендерди жектебей,
Ичкиликти чыгаргандар оңбосун!»

-Бирөөлөр мас болгондо ырдаса, бирөөлөр ыйлайт экен, сиз кантесиз?

-Кээлер эски таарынычы эсине түшүп, ызырынып, тишин кычыратса, кээлер, ырас эле ыйлайт же, ырдайт. Мен мас болгончо ичпесем — эмнени айтам?

-Азыр эркектер дагы бүбү-бакшы, көзү ачыктарга катташат экен. Сиз да барасызбы? Сизге төлгө ачкан учурлар болгонбу?

-Мен аларга ишенбейм.

-Мончонун парын жакшы көрөсүзбү?

-Жакшы көрөм.

-Жубайыңыздын көзүнө чөп салып, алажипти аттаган учуруңуз болгонбу?

-Бул сурооң аттан оодарчу суроо экен. «Жок» десем — ишенишпейт. «Ооба» десем — мактанат дешет. Ар кимге өз ыйманы калыс болгону жакшы го. Анан, сенин сурооңон улам эл оозунда сакталып калган бир имиш кеп эсиме түшүп отурат. Кадимки солто уруусунун феодалы Байтик баатырдын уулу Байсалга ок жаңылат. Жарадарды ычкыры бекем келин аттаса — ок ыргыйт деген ырым бар тура. Аттаганга айылдан эч бир келин чыкпайт. «Бу жаалынан жан, кармаганынан кан чыккан Байтик баатырдын аялы кантип эле көзүн жазгырсын?! Апар байбиче өзү аттасын, анда», — дейт бирөөлөр. Ошондо Апар байбиче: «Байсалга качан ок жаңылат деп күтүп жүрүптүрмүнбү?» деп, сөздү өзү тамам кылган дешет.

-Эркекке сүйүү бир нече жолу келет деп коёт экен. Сизде дагы ушундай сезимдер болуп турабы?

-Акын Жолон досумдун мындай бир ыр сабы оюма кылт этет: «Мени сүйгөн далай-далай кыздарга, анан дагы жалгыз сага арналат». Тирүүлүктө көп эле жакшы адамдар кездешет. Бирок, чоң сүйүү, мээри түшкөн ашыктык – талант сыяктуу сейрек касиет. Ал баардык эле адамдарга бериле бербейт, эгер берилсе — көңүлүн эч нерсе «кайт» кыла албайт, башы көргө киргенче эстеп, эзилип, эңсеп өтөт. «Саган курбан мал мен бас» деп улуу Абай бекер айтыппы?

-Сулуу кыздарга тийишпеген эркек — «жыгач» дешет экен. Сиз «жыгач» эмессизби?

-«Дөңгөч» деп айтылса керек. Мен ал курактан алда качан өткөн адаммын. Албетте, «сакалы өрттөнгүр» андайлар да арабызда жок эмес. Бир кезде айтылуу Байдылда агам жазган эмеспи:

Салыңкы тартып кабак-каш,
Сербейип күндө барат чач.
Инилер сүйгөн кыздарга
Ырсактап турсак — жарашпас.

-Тескерисинче, сизге кыздар тийишип калабы?

-Сурат, айланайын, күлкүнү келтирбечи?

-Казан-аяк кагышат деп коёт, кыргызда. Сизден кандай «косяктар» кетет?

-Казан — аяк кагышуу демекчи, менин «Проза» деген бир ырымды мисалга тартайын:

Казан-аяк кагышканда,
Шылтоо керек табышканга.
Ойлойт эри: «Ал баштасын,
Менде эркектик намыс бар да!»

***

Аял каалайт сүйүү үчүн
Эркегинин бүгүлүшүн.
Токсон ороп, болтура албайт
Күндөгү эле бигудисин.

***

Достор менен тааныштарга,
Кыл сууруган калыстарга…
(Өзгөртө албайт эч нерсени)
Мейли, арыздан, арызданба!

***

Турмуш ачып кабак — кашын,
Чайнекте суу шарактасын!
Араң турган эки адамга,
Жалгыз шылтоо, каяктасың?!

-Стресстен кантип чыгасыз?

-Стресс — биздин бүгүнкү күндөлүк турмушубуздун көрүнүшү. Анын чабуулуна туруштук бериш үчүн төмөнкү эки сап ыр жашообуздун купуя девизи болсо дейм:

Таарынчыңды — кумга жаз!
Кубанчыңды — ташка жаз!

-Түз, таамай, кызыктуу жоопторуңузга ыракмат, Токтосун аба! Бар болуңуз!

Маектешкен: Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, “Интер гезит”, 10.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий