Аалыке адабият аксакалы, унутулгус лирик

aalyi

«Тирүүлүгүм түгөнгөнчө,
Эч ким мени жеңген жок.
Албаймын деп ажал өзү,
Мага тил кат берген жок.
Ошондуктан шаша берем,
Мезгил менен жарышып.
Тил байланып, жүрөк токтоп,
Жатканымча карышып».

Белгилүү сынчы Кеңешбек Асаналиевдин сөзү менен айтканда: «Кыргыз элинин көркөм сөз өнөрүнүн жаңы доорунун башталышы, ошондой эле анын бүгүнкү күнү, азыркы учуру» болгон залкар акын Аалы Токомбаевге таандык.  «Тирүүлүгүм түгөнгөнчө, эч ким мени жеңген жок» деп жазган экен бир кезде, менимче, анын бул  дүйнө менен коштошкондон кийин деле эл  анын эмгеги аркылуу эскерип атканы», классиктин өлбөстүгүнөн кабар берет.

24-ноябрь күнү анын 110 жылдык мааракеси белгиленип, бир топ иш чаралар болуп өттү. Ал күнү эртең мененки саат 10.00дө эл Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын маңдайына жайгашкан залкар акындын эстелигинин жанына чогулуп, анын чыгармачылыгы жөнүндө кеп кылышып, эстелигине гүл коюшту.

Андан кийин, саат 11.00дө Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз Улуттук  Университетинде акындын юбилейлик салтанатына арналган илимий-чыгармачылык конференция болуп өттү.

Акындын салтанаттуу юбилейине арналган жыйын жана Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин катышуусундагы чоң программадагы концерт Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда  саат 16.00дө башталды. Мааракени КР маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов  ачып, алгачкы сөздү ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиевге берди. Ал «профессор» деген сөздү алгач Аалы Токомбаевдин поэмасынан жолуктурганын (мектепте окуп жүргөндө) кийин өзү да физика-математика илиминин доктору болгондугун айтып, акындын эсинде калган ырларын жатка окуп берди. Андан кийин КР Жазуучулар Союзунун төрагасы, белгилүү акын Акбар Рыскулов чыгып сүйлөп, Аалыкем адабият аксакалы, унутулгус лирик экендигин баса белгиледи. Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты  Майрамкан Абылкасымова 7-класста окуп жүргөндө ага алгачкы жазган ырларын алып келип көргөзгөндүгүн, керектүү кеңештерин уккандыгын айтты.

«Балалыгы 1916-жылдагы апаат Үркүнгө туш болуп, башына мүшкүл түшкөн эли менен кошо  үй-бүлөсү да Кытайга үркүп барышкан. Өз мекенине кайтабыз деген үмүт менен жашаган элдин бактысына Октябрь Революциясы  болуп, азып-тозгон эл мекенине кайта келет. Аалы Токомбаев ата-энесинен, бир туугандарынан  ажырап, томолой жетим болуп мекенине кайткан эле. Элинин тарткан азап-тозогун өз көзү менен көргөн  жаш баланын жүрөгүнө ташка тамга баскандай жазылып калган элинин тарыхы анын тагдырын чечип, кийин улуу акын болушуна жол ачкан экен»,-деп жазылгандай «Таң алдында» ыр-романында эл тагдыры таасын чагылдырылган. Өзгөчө,  «Ак-Өгүздүн ашуусу» бөлүмүн окуган окурман көз жашын агызбай окуй албайт деп ойлойм. Менимче, жүрөгү бар кишинин баары ыйласа керек.

Аалы Токомбаевдин тирүү кезинде басмадан кыргыз тилинде алтымышка жакын китеби, орус тилинде 35ке жакын китеби жарык көргөн.

Айта кете турган жаңы бир саамалык – залкар акындын «Тандалган чыгармаларынын эки томдугу» жарык көрүптүр.  Биринчи томдуктагы ырлар жыйнагы «Сезим ыргактары», «Капастан чыккан кайрыктар», «Илеби курч  шилтемдер» аттуу үч бөлүмдөн турат. Түрмөдөгү учурун чагылдырган «Мүмкүн» деген ырында:

«Бетине бермет басылып,
Ак кагаз калды чачылып.

Берметти тизген чиркин баш,
Капаста турат чатылып.
Жаркырап чындык чыкпаса,
Өлүшүм мүмкүн атылып»,-дейт.

Чындыгында акындын тагдырынын татаалдыгы анын чыгармаларына олуттуу таасир эткен. Жалпы чыгармачылыгы аны көк мейкинге көтөрүп чыккан, ал кайсыл жанрга кайрылбасын, ийине жеткире иштеген.

Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы жөнүндө айтылган ойлор толтура, бирок айтыла турганы али алдыда. «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»,-деп автор айткандай, «Таң алдында» ыр-романын окуган кыргыз аны дайыма эскерет. «Үркүн» мезгилин киного тартып калгандай, адамды ыйлаткан саптарды унутууга мүмкүн эмес.

Карбалас  БАКИРОВ, «Эркин тоо», 01.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий